АҢГЕМЕ

Аппак аткан таң терезелерди каптаган бубак-муздан араң сызыла өтүп, бөлмө ичин жарыктандырды. Жумшак диванда эки баласы менен калың жууркан жамынып аял уктоодо. Жууркан ортосу кичине дөмпөйө түшүп жерде жайылып жатат. Бир калыпта чыкылдаган саат жебеси туптуура жетини көрсөтө бергенде анын ойготкучу  жан алы калбай чырылдады эле, баягы жууркан ортосундагы дөмпөк жоголо түшүп, этегинен эки бут, баш жагынан эки кол сорок эте чыгып, бир колу саатты кайсалай издеп таап, аны тып өчүрүп жууркан алдына сойлоп кирип, баягы дөмпөк кайра пайда болду. Дагы жарым сааттай өткөндө бөлмө жымжырттыгын сырттан арсылдап үрүп, эшик тырмалаган иттин үнү бузганда жайылып жаткан жууркан жогору карай серпилип, ага кошо өйдө болуп отура калган Акжолтой:

— Паспурт! — деп кыйкырган боюнча ыргып турду.

Аны менен кошо аялы кошо чочуп, балдары чукуранып заматта бөлмө ичи жанданды.

— Ой эмне болду? Түшүңдөн чочудуңбу? – деди аялы уйкулуу түрүндө.

— Ооба… Түшүмдө паспурт алыптырмын. Шаардын чоң көчөсүндө элдин арасында өзүмдү чыныгы дакименти бар адам сезип, көпкөк жаңы паспуртумду бийик көтөрүп, сүйүнүчүм койнума батпай келатыпмын… Каап, Муктар үрүп ийбегенинде…

— Муктар деп коёт! Ал үрүп ойготпогонунда кечикмек турбайсыңбы. Тур! Бүгүн паспуртка барасың да.

— Тфууй. Кечиккени калыпмын да! Кеч барсам көпкө чейин кезекке туруш керек болот.

— Кой, кыймылдайлы анда.

Экөө шаша-буша кийинип дүрбөп эле калышты.

— Бир эки чыны чай ичип алып чык.

— Жок, шашып атам.

— Ичип ал, курсагың ачат.

— Жок, шаардан шам-шум этем.

— Ичип ал, жолуң болбой калат.

— Кечиксем даана жолум болбойт.

— Нан ооз тийип чык жок дегенде.

— Мейли, алып кел.

— Ыспыравкелериңди бүт алдыңбы?

— Бүт алдым дыйкан чарбаныкын, айыл өкмөттүкүн, айыл башыныкын, маала жетекчисиникин, көчө комитетиникин, аман-эсен жашап атат, өлбөй өмүр сүрүүдө, үйү бар, иштейт, бекерпоз эмес деген кагаздарды.

— Дакименттериңдичи?

— Алдым митиркамды, комсомол билетимди, аскер күбөлүгүмдү, атистатымды, трактиристин күбөлүгүн, нике күбөлүктү, эмгек китепчени алдым, — деп тултуйган желим баштыгын колтугуна кысып сыртка бет алды Акжолтой.

— Анда эмесе жолуң болсун. Токто, батинкеңди оңунан баштап кий.

— Ии, кийдим.

— Кийсең “биссимылда” деп астананы оң бутуң менен аттап чык.

— Ии чыктым.

— Чыксаң анда жеңил барып, оор кел. Паспурту бар чыныгы адам болуп кел, — деп бетинен өөп, бетинен өптүрүп жөн эле күйөөсүн согушка узатып аткансып: — Акчаңды алдыңбы? Эч нерсеңди унуткан жоксуңбу? Унутсаң орто жолдон кайтпа, жолуң болбой калат. Эми жакшы бар, — божураган ырымчыл аялынын батасы менен үйүнөн узаган ал аялдамага чейин артка кылчайса чын эле жолу болбой калчудай эки жагын каранып да койбоду. Бирок аялдамага жетээри менен күчүгүнөн өтүп ит болуп калган Муктары артынан ээрчип келе бергенин көрдү.

— Муктар, — деди ал ити менен адамча сүйлөшүп: — Мен шаарга паспурт алганы баратам, узатканыңа ырахмат, эми үйгө бар.

Бирок Муктары өзүн укпагандай болуп автобусту зарыгып күткөндөн бетер окчунураак отура берди.

— Мейли анда, — деди Акжол өзүн укпаган итине жеңиле. – Автобуска салсаң салып жибер иттин тилеги жакшы болот деп атпайбы тиги… – деп аялы итине ким болорун билбей ойлоно түшүп анан: – Апаң, – деп жылмайып койду.

Аңгыча автобус да келди:

— Болуптур, — анда деп адам менен коштошконсуп коштошуп түшкөнүндө Муктары арсылдап үрүп, “жакшы бар” дегенсип кала берген. Бирок ошол арсылдагы автобустун дүркүрөгүн коштой кийинки аялдамага чейин барганында терезеден башын чыгара: — Муктар, болду эми, рахмат узатканыңа жакшы кал, — деди. Демейде айтканды адамдан бетер түшүнүп калчу Муктары бул жолу өзүн укпады, кийинки аялдамага чейин жанагыдай арсылдабаганы менен автобус артынан коштой чуркап келе берди. Ошондо ал итинин чындап ээрчип алганын түшүнүп, ачуусу келе кыйкырды:

— Кал деп атам, шаардан жоголуп кетесиң!

— Түшө калып таш менен чаап кубалабайсыңбы! — деп шоопур кийлигишти.

— Кал, кал дей бербей биротоло эле калыңыз деп айтпайсыңбы? Хи-хи-хи…-  арт жактан бир жүргүнчү күлкү аралаш үн катты.

— Итти деген кет деп эле катуу айтчу эле. Калды да ит түшүнчү беле?! – деп дагы бирөө нааразы.

— Бул деген жөн ит эмес чыныгы немис апчеркасы. Кал демек тургай үйгө бар десем да түшүнөт, — деп каяша айтуу менен кошо итин мактап алды Акжолтой.

— Акылдуу болсо калат эле да.

— Ошону айтсаң.

— Акылдуу болсо шаардан жоголбойт. Тим кой келе берсин. Чарчаганда өзү эле калып калат.

— Эй, элди каппаса салып ал, бир кишинин жол киресин төлөп, -деди тыйынды ойлогон айдоочу машинесин асталата. Сүйүнүп кеткен Акжолтой эшикти шарт ача:

— Кир Муктар, кир батыраак, — деди. Ушуну эле каалап келаткандай Муктар автобуска секирип түшүп бурчка отуруп калды.

— Оо, чын эле акылы бар окшойт! — дешти жүргүнчүлөр.

Улам аялдама сайын түшө берип элдер автобус ичине толуп чыкты да, Акжолтой ити экөө оозду карай сүрүлүп калды. Кийинки аялдамада жоон топ киши түшүп, автобуста тыгылыш башталды.

– Биякта адамдар батпай атса итти да, битти да салып алат, — деди бир аял кыжыры келе.

— Ит болсо да акча төлөгөн, — деди мындайга жедеп көнүп бүткөн айдоочу кенебей.

— Акча төлөсө атты деле салып аласыңбы? – деди бирөөсү мыскыл аралаш.

— Акча төлөсө атты арабасы менен кошо салып алабыз керек болсо.

— Силер ага деле барасыңар!

— Жолдош жүргүнчүлөр, — деди шоопур үнүн жасай сүйлөп, — шаарга эмне үчүн баратасыңар? Эстедиңерби? Ии эстесеңер. Акча үчүн жумушка баратасыңар да, туурабы? Эгер силерге акчанын кереги жок болсо үйдө отурмаксыңар же такси кармамаксыңар да. Туурабы?

— Эй шопур, — деди отуруп бараткан орто жаштагы интелигентче кийинген киши. — Пул пул эле дейсиң, пулду эле ойлобой жолду да карап коюп тур анда-санда, биздин өмүрүбүз сенин колуңда го акыры.

— Жолду карабаганда эмне сенин колуңду карап баратамбы? Бердиң го берчүңдү. Беш сомуңду!

— Сен жигит жаман текебер сүйлөйт окшойсуң. Номуруңду жазып туруп берчүлөргө берип коюп жүрбөйүн?!

— Бермектен бер! Колуңан эмне келет?!

— Мен сага көрсөтүп коём! Экинчи руль кармагыс болуп калып жүрбө…

— Жаман крутойсуң го ээ? Бирок крутойлор автобуска түшчү эмес эле!

Ошондо арт жактан экөөнүн айтышын чорт бөлгөн кыйкырык чыкты:

— Эй адамдар, итче ыркырашпай тиги ээсинин алаасында тынч кетип бараткан иттен үлгү албайлыбы?! Кудай урбадыбы кан жолдо баратабыз го. Бири-бирибизди тааныбасак да неге мынча ит жебеген бокту жешебиз?! Адам болбойлубу!

Жүйөөлүү сөздөн улам баарынын жаагы жап болуп, мотордун дүрүлдөгү, дөңгөлөктөрдүн шуулдагы угула калды. Ошону менен тынчып калышат беле, бара бергенде автобустун алдын машина тороп койду белем, ылдамдык чукул асталап жүргүнчүлөр алдыны карай чайкалды. Бул тыгылышта тынч бараткан Муктардын бутун бирөө катуу басып алды окшойт, ал аянычтуу кыңшылап, анан ыркырап, үрүп жиберди. Аялдар чайылдап, эркектер сөгүнүп, автобус ичи ызы-чуу түшүп эле жатып калды.

— Түшүр итиңди, түшүр!- деп чаңырды бир аял. Аны башкасы коштоду да айласыз Акжолтой ити менен түшүп калды. Ошентип жөө-жалаңдаган Акжолтой шаар ортосуна түш ченде араң жетти. Элеттиктерче кийинип, эки жакка энөө элеңдей карап көчөнүн жан жолунда келаткан жигитти көчө тартибине көз салган эки милийса каныккан баамы менен дароо байкашты. Анын үстүнө экөө алдынан чыга калганда Акжолтойдун буту чалыштап, бир кылмышы бардан бетер корккондугун билдирип алды.

— Сиздин документиңиз, — деди бирөө колун чекесине тийгизе берип.

— Паспортуң барбы? — деди экинчиси корс эте.

— Дакименттерим мына… Паспуртум болсо мм… – деп мукактана түшүп колтугуна кыскан желим баштык толо кагаздарын копшоп койду.

— Паспортуң кана! — деди экинчиси жанагыдай эле орой түрдө.

— Паспуртум жок эле, — деди эми Акжолтой чынын айтып.

— Паспортуң жок болсо сен кимсиң?

— Мен Акжолтоймун.

— Акжолтойсуңбу, Көкжолтойсуңбу биз кайдан билебиз паспортуң болбосо?!

— Паспортум чын эле жок… Бүгүн алмакмын. Ошого бараткам, — деди жалтайлаган Акжолтой.

— Сен негедир шектүү шекинет болуп турасың.

— Анан калп айтып атасың паспорт алган эмесмин деп. Ушул жашка келгиче бир да жолу паспорт алган эмес белең?

Акжолтой эмне дээрин билбей туруп бергенинде:

– Сени текшериш керек экен. Кана, жаныңда эмнең бар? — деп бирөөсү чөнтөк башын тинтчүдөй болуп жөөлөсө, экинчиси:

— Жакшылап кара, жанында курал же наркотик болбосун, — деди. Бирок тиги Акжолтойго бир аттап жете бергенинде тишин ырсайтып ыркыраган итти көрүп кетенчиктей берди:

– Омээй итин кара! Кет де эй! — деп жан жагынан ырзинка союлун сууруй калып тап берди эле, Муктар ого бетер арсылдап үрүп кирди. Өзөлөнүп үргөн иттин ачуу үнүнөн улам ары-бери өткөн шаарлыктардын көңүлү буларга бурулуп, эл чогула түштү. Ээсинин кой, кет дегенине болбой, эки милийсага катуу каршылык көрсөткөн итке таңыркай да, кызыга да караган бул топтун ичинен кара шляпачан, узун кайыш күрмөлүү, колунда папкеси бар бир топко барып калган киши буларга кийлигишти.

– Кана балдар, кандай чырыңар бар?

Муну жактыра бербеген, бирок анысын билгизгиси келбеген экөө аргасыз актана кетишти:

— Шектүү көрүнгөнүнөн дакиментин текшерели десек, ити жакындатпай…

— Шпиондой деле кебетеси көрүнбөйт. Кана жигит, берчи документтериңди, — деп жылуу жылмайып Акжолтойго жакындады эле, албууттанып аткан ити тап бермек тургай жоошуй түштү.

— Ооуу, ушунун баары документпи? Мунун баарын көтөрүп алып каякка?

— Паспурт алайын деп бараткам, — деди Акжолтойго тил бүтүп.

— Балдар, — деди эми ал милийсаларга кайрылып: — Бул жигитти кармай турган жөнүбүз жок экен, баардык документтери бар тура.

Энөө немеден тыйын-тыпыр өндүрүп алалы деген жаман ойлору бар экөө жолдору болбой калгандарын билип окчундай беришти.

Үйдөй балээден кутулгандай жеңилдей түшкөн Акжолтой эми жолун улайын дегенде, булардын жанына спорт кийимчен орус чал пайда боло калды.

— Красавчик, — деди ал Муктарды аңтара-теңтере карап, каап алат деп коркпой сылап-сыйпап, айлана чуркап: — Чистокровная немецкая овчарка! Он самый! Рост, цвет, уши даже лапы все, все соответствует. Просто красавчик! Это ваша собака да?

– Ооба меники, — деди орусча түшүнсө да сүйлөй албаган Акжолтой.

Орус чал дагы кыргызча түшүнгөнү менен сүйлөй албайт белем, кайра орусча сурады:

— А у него есть паспорт?

Паспорт дегенде Акжолтойдун денеси дүр эте үркүп, селт чочуду да, бул чал дагы эмненин башын кылтыйтып атат деп анын жүзүнө тигилсе, эч кандай жамандыгы жоктой жылмайып турган экен, көңүлү жайлана түшүп:

— Ит мында эмес, адам менде паспурт жок, — деп күңк этти Акжолтой.

— Надо получать, надо! И немедленно. А то…

— Итти коюп өзүм алып алайынчы паспуртту. Кой, мен кеттим досвидания.

— Подожди дорогой, подожди. Я вижу у тебя отличная собака. И уход хороший. Откуда это красавчик у тебя?

— Көчөдөн таап алгам, күчүк кезинде.

— Оо, тебя крупно повезло! Понимаешь дорогой, у нас есть общество собаководов, в которой я являюсь председателем. Входи в наше общество. Хочешь, тебя включу и сразу твоему питомцу паспорт выпишу.

— Даа! — деп Акжолтойдун оозу ачылды.

— Да, да прямо сейчас. Пойдем в наш двор тут не далеко. Вас долго задерживать не буду. Быстро отпущу, — Акжолтойду ити менен кошо ой-боюна койбой ээрчитип жөнөдү.

Алар көп узабай эле ошол арадагы бир чакан короого келип киришкендеринде орус чал көңүлдүү түрдө зоңкулдады:

— Борис, ты смотри какого красавца я привел?!

Нары жактагы ит кепелердин алдына байланган түрдүү иттер менен алек болуп жүргөн узун бойлуу орус жигит анда-мында бир аттап жетип келгиче шаштырып жиберди:

— Борис, наши гости торопятся, их надо быстро отпустить. Давай побыстрее против бешенства укол сделай, а я выпишу паспорт, — деп Акжолтой менен итин бир топ машакаттан өткөргөн соң, орус чал экөөнү салтанаттуу түрдө куттуктап турду:

— Поздравляю, дорогие мои за членство нашей дружной семье. Будьте всегда счастливы, красивы и удачливы.

Бул чалдын жылуу мамилеси менен кызык жоругуна оозу ачыла таң калган Акжолтой кайрадан кайдасың паспортстол деп жолун кайра улады. Ошол адамдын атуулдугун тастыктаар заңгыраган кеңсени издеп таап, эшигинин алдына итин калтырып “биссимылда” деп эшигин ачып кирери менен дагы бир эшикке капталбаспы. Аны түртсө бек болуп чыгып, абайлай караса “Тыныгуу” деген жазуусу бар кагаз илинип туруптур. Шаабайы сууй түшүп, ошол далистеги орундукка күп эте бой таштап, дагы бир саат күтүшкө туура келээрин ойлой оозун аңырдай ачып эстеп, чарчаганын сезди. Ушинтип отуруп көшүлүп кеткенин, канча уктаганын билбейт, бир кезде иттин катуу үргөнүнөн, кишилердин “Кет, кет!” деген катуу кыйкырыгынан ойгонуп кетти. Эмне болуп кеткенин түшүнүп-түшүнө бербей ордунан обдула калып эшикти катуу түртүп ачты эле, көчүгүн такап алып үрүп аткан Муктарга тийген каалга жарым-жартылай ачылды. Андан кыпчылып чыга калып чогулган элди, алардын алдындагы милийсача кийинген кишини көрдү. Тапанчасын белендей кармаган ал:

— Кимдин ити бул, кимдин ити?! Алгыла! Албасаңар азыр атып салам, — деп жиндене кыйкырып атыптыр. Муну көргөндө Акжолтойдун жүрөгү шуу этип:

– Жат, Муктар жат! — деп итин баса калды.

— Эй, сен эмне келесоосуңбу же итиң кутуруп кеткенби? Эмне үчүн паспортстолдун алдына итиңди калтырасың, ыя?!

— Байке, кечириңиз, мен итимдин минтерин билбепмин.

— Эй, анан эмнени билесиң! Мындай адамды капкан ит менен көчөдө жүргөнгө кандай акың бар? Балким мунуң кутуруп кеткендир!..

— Жок, байке, итим кутурган эмес, таптаза.

— Таза экенин кайдан билем?!

— Таза, мына, — деп баягы орус чал берген кызыл тыш китепчени суна калды.

Милийса кунт коё карап, капысынан каткырып жиберди:

– Ха-ха-ха! Хи-хи-хи! –өзүңдүн атың иттикиндей, итиңдин аты кишиникиндей экен… Хи-хи-хи! Анан өзүн бир, итин бир карап алып:

— Чын эле итиң адамдай акылдуу, өзүң иттей маңыроо көрүнөт экенсиң, — деп жанагындан да катуу каткырып кайра сурады: — А өзүңдүн паспортуң барбы?

— Жок эле байке, бүгүн алайын деп…

— Ушундай деп ойлогом да хи-хи-хи… Өзүнүн паспорту жок, итинин паспорту бар ха-ха-ха!- каткырган бойдон кеңсеге кире жөнөдү эле, чогулган эл артынан топурады. Акжолтой итин окчун алып барып байлап, ичке кирсе эл толуп калган экен. Эки-үч эшикке сагаалаган кезектин эң акыркысы болуп туруп, оо бир далайда кагаздарын паспорт алууга даяр кылып начальникке кирсе, жанагы өзүн  шакабалаган кишинин кабагы бир топ бүркөлө түшкөн экен өзүн көрүп, бурк этти:

— Аа, сен жанагысың да! Сени элдин аягында кабыл алам. Күтө тур!

Күүгүм кире начальниктен акыркы адам чыкканда Акжолтой кирип, начальникке бир колтук документин сунуп турду.

— Таак, — деди ал Акжолтойдун кагаздарына көз жиберте берген ал: — Паспортуңду качан жоготтуң эле?

— Жоготкон эмесмин, ала элекмин.

— Кандайча? Ушул жашка чейинби?

— Ооба. Албаптырмын.

— Албаптырмын деп коёт дагы… Эмне эшек такалап жүрдүңбү буга чейин!

Акжолтой жооп бере албады.

— Чооң айып төлөйсүң.

— Кантип?

— Кантип деп коёт эй. Кантип төлөштү мен сага көрсөтөм! Мобулардын бири да жарабайт. Эмкиде буларды кайра чогултуп, үч миң сом айыбыңды кошуп алып келесиң, — деп Акжолтойдун кагаздарын будалай кармап, ооз жактагы таштанды челекке карай ыргытты. Ийининде кош жылдызы жаркыраган бул начальниктен башканы күтсө дагы муну күтпөгөн ал саамга дел боло түшүп, эшиктен эки аттап чыга жөнөдү. Ушул ирмемдерде Акжолтойдун жүрөгүнө бир нерсе тык деп тийгендей болду да, өзүнүн кылт эткен жерин кайра баспаган, ак жеринен күйгөндөгү ызадан пайда болгон көктүгү кармаганын, эми экинчи минтип паспорт алганы курал менен коркутуп айдаса да кадам таштабасын сезип, узун далис менен жөнөп баратканында артынан тигинин үнү кайра угулбаспы:

— Эй, документтериңди албайсыңбы?!

Документтери үчүн аргасыз кайрылган Акжолтойду бул жолу негедир заматта өзү да, сөзү да жумшара түшкөн начальник күтүүсүз сөзгө тартып.

— Айтсаң досум, мен дагы жанагы сеникиндей ит багайын деп жүрдүм эле, азыр булардан беш-алты айлык күчүгү канча турат?

— Билбейм, -деди Акжолтой алчусун алып, артка бурула берип токтоп:

— А сен муну каяктан алдың эле?

— Таап алгам.

— Таап алгам? Каяктан?

— Муштумдай кезинде көчөдөн.

— Оо укмуштай жолуң болгон экен, — деп чындап Акжолтойго суктанган начальник олуттуу тарта түшүп, ордунан туруп аны каруудан ала көзүнө тигиле карап: — Досум, өзүң эстүү эле жигит көрүнөсүң, жакшы  акча берейин, итиңди мага сатчы. Жок, өзүм деле базардан барып башка ит сатып алат элем, бирок дагы начар чыгып калабы деп корком. Жанагы иттин жаман-жакшы чыгышы ар кимдин босогосунан деген чын окшойт, мен ит баксам эле жопжоош же маңыроо чыгып калат. Ошон үчүн итиңди мага сат, ал мага аябай жакты, — деп начальник чындап чечилди. Жакшы көргөн итин сатам деп өмүрү ойлонуп көрбөгөн Акжолтойго бул чоң күтүүсүздүк болгондуктан, ойлонуп калды да анан чечкиндүү түрдө:

— Жок, саталбайм! – деп кесе айтып, артка кетенчиктей берди.

— Бекер кыласың, сен бул акчага бир эмес эки ит сатып алмаксың… – деди начальник шаабайы сууй түшүп, кайра жандана:

— Паспортуңду азыр эле жазып берейин сатасыңбы?

— Жок, — деди жанагы ызасы жазылбаган Акжолтой: — Ит адамдын досу дейт. А мен эч качан досумду сата албайм!

Ушуну менен сөз бүттү дегендей эки алаканын жая берип шак бурулуп, эшикти шарт жаап чыга жөнөдү. Далай жылдап органда иштеп адамдарды окуп бүткөн начальник мындай ак жүрөктөрдүн сырын да жакшы билчү. Акжолтой чыгып кетери менен мыйыгынан жылмайып алган ал эбак ойлоп койгон дагы бир амалын ишке ашырууга киришип, таштанды челектин жанында жаткан Акжолтойдун кагаздарын чогултуп келди да, алардын бырыштарын алаканы менен сылагылай жазып, үстөлүнүн суурмасынан жаңы паспорт алып чыгып жаза баштады…

Ити менен эч кандай унаага илине албасын жакшы билип, курсагы ачканына, чарчаганына карабай иштен үйгө шашылган шаар кыймылынын шарданында адымдап бараткан Акжолтой кызыл күйгөн светофорго токтолгонунда, кандайдыр жеңил машина сигнал бере келип алдына токтоп эшигин ачты дагы:

— Акжол, — деди кимдир бирөө аяктан. «Бул кайсы таанышым болуп кетти» деп бүшүркөй машинеге баш баккан Акжолтой жанагыл начальникти таанып эмне дээрин билбей калды.

— Акжолтой, түшчү машинага, жакшылап сүйлөшөлү, — деди тигил аңгыча.

— Итимди сата албайм дедим го!

— Итиңдин мага кереги жок. Мага өзүң керексиң. Түшсөң машинага.

— Мен шашып бараттым эле. Жол алыс.

— Жеткирип коём, кел отур.

Ошентип Акжолтойдун өзүн алдына, итин артына салган начальник чоң жолдо агылган машинелердин катарына тизилгенинде акырын, бирок олуттуу сүйлөп:

— Акжол, менин көп эле досторум бар,- деди кеп чылбырын алысыраак таштап, — бирок көңүлүмө толгон бир да досум жок. Баарынын тең кандайдыр бир менде кызыкчылыгы бар, менин да бар аларда кызыкчылыгым. Ойлоп көрсөм, бул чыныгы досчулук эмес экен. Кокус эле эртең кызматтан бутум тайып жыгылсам, жөлөп-таяшарына ишенбейм. Эгер жанагы сенин ордуңда ошолордун бирөө болгонунда жанагынча акчага итин ойлонбой эле сатып жибермек. Демек, досун да сатмак. Сен антпедиң. Ушул адамгерчилигиңе тан бердим, кол койдум. Ошон үчүн сени менен достошкум келет, — деди ал сөзүн чорт бөлүп, машинасын асталата берип, өзүнө күлмүңдөй карап, кош колун суна. Жана эле өзүн үстү жактан менменсине карап теңсинбей, эми дос бололу деп дирилдей сүйлөп турган начальникке таңгалган, ишенкиребеген Акжолтой айласыз сунган колду суута албады. Бир аздан соң төш кагыштыра досчулукка ниеттенишкен экөө кафеде түркүн тамак жайнаган, мөлтүрөгөн арагы койкойгон дасторкон боюнда отурушту.

— Досум, — деди өзүн Акматбек деп тааныштырган начальник: — Бир азга көзүңдү жумчу.

— Эмнеге?

— Жумсаң анан көрөсүң. Көзүн ачкан Акжолтой жаңы досунун колундагы көпкөк паспортту көрүп:

— Бул меникиби?! – деп оозу ачылып көзү чакчайды.

— Сеники досум! Кыргызстандын чыныгы паспорту бар атуулу болушуң менен чын жүрөктөн куттуктайм!

— Оо, рахмат досум, рахмат! — деп жаңы досун кантип алкаарын, эмне кылып жакшылыгына жакшылык менен жооп берерин билбей калды. Бир аздан соң эч качан окшошпогон, эки башка кыртыштан жаралып, жашоо деңгээли, кызматы, түшүнүктөрү асман жердей айырмалуу бул эки адамдын ортосуна ичкиликтин күчтүү угуту аралашып, бара-бара чыныгы достордой бажакташтырды, кучакташтырды… Акжолтой жаңы досунун паспурттуу кылган жакшылыгына жооп кылып жанындай көргөн итин тартуулап, аны каңшылаткан бойдон байлап берип, таштап кеткенин эртеси күнү гана бармагын барча тиштеп, өкүнүп отуруп элес-булас араң эстеди, бирок кеч болуп калган эле…

 

Жазгы таңдын агыш шоолалары терезе пардаларга ээ-жаа бербей, ашып-ташып кирип келип, бөлмө ичин жарыктантканда таңкы таттуу уйкуда жаткан үй-бүлө даана көрүндү. Мемиреген эки баласын ортосуна алышкан Акжолтой менен аялы жеңил жуурканды талашкандай, эки жакка эки бурчунан тартып таарынышкандай уктап жатышканы менен төшөк этегинен алардын төрт буту айкалыша чыгып турат.

Сырттагы жанданган жаныбарлардын жаңырган үндөрүнө, чымчыктын чыркылдагаганына, бактектин гүүлдөгөнүнө, уйдун мөөрөгөнүнө коошпой, чоочун бир шылдырт, шылдырт эткен дабыш жакындап келип, бир кезде так терезе туштан иттин кыңшылоо аралаш үргөнү бөлмө ичине жаңыртып жиберди. Ордунан атып турган Акжолтой:

— Муктар, — деп кыйкырган бойдон уйкулуу түрдө сыртты карай атылып, иттин үнү кайра арттан угулганда эки аттап терезеге жетип, парданы серпип ачып, сүйүктүү ити менен тиктеше түшүп:

— Муктар, кечир мени, итчилик менден кетти, кечир! — деп жиберди.

2006-жыл. Бишкек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *