Улак менен козу экөө таштан-ташка секирип, куушуп ойно жүрүп ата-энелеринен алыстап кетип, адашып калышты. Күн бата койчу кой-эчкилерди короого айдап кетет. Тиги экөө ой-кырды аралап жүгүрүп, түн кирет. Айдын жарыгында караандардын бардыгы коркунучтуу көрүнүп, экөө бир бадалдын түбүнө жатып калышат.

– Тиги дүңкүйгөн  кара нерселер апам айткан карышкыр болсо керек,– дейт улак козунун кулагына шыбырап.

– Ошондой болуу керек, мага да апам түнгө калба, карышкыр жеп коёт, – деген дейт козу.

– Карышкыр жегени келсе кантебиз? – дейт улак денеси калтырап.

– Качабыз да, – дейт козу. – Сен кыйын чуркайсың, мен кантем?

Аңгыча шамал жүрүп, куурай-чөптөрдүн башы кыймылдап, бадалдын көлөкөлөрүнө жан киргендей сезилди. Козу менен улакка булар  карышкыр болуп көрүндү. Экөө бадалдын түбүнөн атырылып чыгып, туш келди качып беришти. Айткандай эле улак алдыга кетти, козу артынан баратат. Экөөнү туш-тарабынан карышкырлар камап алгандай туюлду.

Бирок алар карышкыр кандай болорун билчү эмес, апаларынын айткандары боюнча элестетишчү. Алар ар кайсы жерде дүңкүйүп жатып алып, козу, улактар жакын барганда кармап алып жеп койсо керек. Бир билгендери — алардын тиштери курч, өздөрү коркунучтуу, күчтүү жана тойбос окшойт.

Экөө көпкө чуркашты, алды-артындагы дүпүйгөн карышкырлар буларга жетпей калды көрүнөт. Бирок карышкырлардын караандары азайган жок, туш тарабында бөгүп жаткан боюнча кала беришти.

Тынбай чуркай берип чарчагандан мурдагыдай тез жүгүрө албай калышты. Бир кезде жайык жерге туш келип, карарган караандар артта калды. Анан алды жактан иттин келатканын көрүп, экөө сүйүнгөн бойдон жүгүрүп барып:

– Биз көп карышкырлардан качып келатабыз, сен бизди коргоп кал,– дешти.

– Алар кайда жүрөт? – деп сурады ит.

– Биз жеткирбей качтык, тигил жакта аябай көп,– деди улак келген жагын көрсөтүп.

– Мен аларга көргүлүктү көрсөтөм! Силер коркпогула, жүргүлө менин үйүмө, – деп ит экөөнү ээрчитип, бир үңкүргө алып келди.

– Сенин үйүң апам айткан карышкырдын үйүнө окшош экен, – деди козу.

– Бул менин эски үйүм, жаңы үйүмдү салып бүтө элекмин, ал кой короонун четинде, – деп ит айыл тарапты көргөздү.

Аңгыча таң атып, жерге жарык түшө баштады. Иттин кебетеси даана көрүнүп, ал өңү-түсүн  козу менен улактан жашырып, сүйлөгөндө тескери карап тургандан улам козу менен улак шектене баштады.

– Сен сүйлөгөндө эмнеге тескери карап каласың? – деп сурады улак.

– Менин көзүм ошондой кыйшык, жаш кезимде карышкыр менен кармаша кетип, көзүмдөн жаракат алгам, – деди ит.

– Карышкырдын кебетеси кандай болот? – деп сурады козу.

– Жаман. Силер качып келген турбайсыңарбы, ошондой коркунучтуу, – деди ит тескери карап. – Бул тоодо карышкыр көп, үйгө киргиле. – Өзү үңкүргө баштап кирди.

Улак менен козу астананы аттаар менен куурап калган көп сөөктөрдү көрүштү.

– Бул эмне сөөктөр? – деп сурады улак токтой калып.

– Булар карышкырлардын сөөктөрү, – деди ит. – Көп карышкырлар менен кармаша кетип, бардыгын жеңип чыккам.

– Ой-ий, анда сен баатыр турбайсыңбы. Сага жолукканыбыз жакшы болбодубу, эми коркпой калдык, – деди улак.

– Силер жогору, төргө өткүлө, мен үйдүн оозун таш менен жаап коёюн, болбосо, карышкыр кирип келиши мүмкүн, – деп ит өзү сыртка чыгып, чоң ташты тоголотуп үңкүрдүн оозуна алып келди.

Ошол кезде итти бет алдынан көрүштү; анын көздөрү кыпкызыл, курч тиштери узун, итке анча окшош эмес экен…

– Сен эмне үчүн итке окшош эмессиң? – деп сурады козу.

– Мен карып калбадымбы, – деди ит адатынча тескери карап. Анан ал чоң ташты тоголотуп келип, үңкүрдүн оозуна койду, бирок өзү ичкери кире албай, сыртта калды.

– Бул карышкыр окшойт,– деди улак козунун кулагына шыбырап. – Бизди алдап, жегени жатса керек…

– Анда канттик? – деди козунун денеси калтырап.

– Сен шек алдырба, азыр биз сыртка чыгып, өзүн камап салабыз, – деп улак үңкүрдүн оозуна жакын келди.

– Баатыр ит, үчөөлөп ташты түртүп, өзүңдү үйгө киргизип алалы. Биз козу экөөбүз кичинекей жылчыктан батып, үйгө киребиз,– деди улак.

Үчөө ташты артка тоголотуп, үңкүргө итти киргизишти. Ташты кайра түртүп келишип, жылчык калтырбай, үңкүрдү бекитип салышты.

Ушул кезде улак менен козунун энелери издеп келип, карышкырдын үйүнүн жанындагы балдарын көрүшөт.

– Мен силерди күтүп олтурам, досторум, – деген үн чыкты ичкериден. Ал өзүн итмин деген карышкыр болучу.

– Карышкырдын үйүндө эмне жүрөсүңөр, баарыбызды жеп салат! – деди энелери чырылдап.

– Биз аны ит экен деп ойлогонбуз, карышкыр экенин билгенден кийин үңкүрүнө камап салдык, – деди улак куйругун чычайтып.

Анан козу менен улак энелери болуп, мылтыкчан койчуларга барып, аларды кабанаак иттери менен кошо карышкырдын үңкүрүнө ээрчитип келишти.

– Досторум, келгиле, үйгө киргиле, карышкыр келип жеп коёт силерди, – деди карышкыр ийиндин ичинен.

Анын үнүн угуп, койчулардын иттери арсылдап үрүп, карышкыр коркконунан  дене бою калчылдап, бурчка кыпчылып, дымы чыкпай калды.

– Ийнинде жатып ачкадан өлсүн, – деп койчулар мурдагыдан да чоң таш тоголотуп келип, карышкырды чыккыс кылып камап салышты.

Жылкычы ЖАПИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.