– Өмүрбек Абдырахманов деген саясатчы эмнеге ойду-тоону сүйлөй берет?

– Себеби ал жерден алыс жашайт да.

– Кантип алыс жашайт?

– Бою эки метр болсо, анан жерге жакын, бою пас адамдардын мээсине жеткен ой, Абдырахмановдукуна жетмек беле!

* * *

Денесинин кычышпаган жери калбаган Өмүрбек Абдырахманов мончого барып келсе деле кычышкан жерлери жанын койбойт. Не кыларын билбей кожный диспансерлерге кайрылат. Врачтардын баардык аракетинен эч бир майнап чыкпайт. Ак халатчандарга кайра-кайра келе бергенде, акыры тажрыйбалуу бир врач табылып сураган экен:

– Деги сиз эмнени көп ичип, эмнени көп жейсиз?

– Текебаевдин канын көп ичем, нервин көп жейм.

– А кептин баары ошондо экен. Анда сиздин аллергия Текебаевден турбайбы. Демек, аллергияңызды күчөткөн балээ да ошол, аллергияңызды баскан балээ да ошол.

* * *

Акүйдүн алдынан небересин жетелеген аксакал өтүп баратат. Небереси сурайт:
– Чоң ата, бу жер не? Зоопаркпы?
– Жок.
– А эмнеге темир тор тосуп коюшкан?
– Бу жерде чоңдор отурат.
– Алар эмне, жырткычпы?
* * *
– Биздин саясатчылар эмнеге окшош?
– Мыкка.
– Кантип?
– Бири-бирин мык сыяктуу пайдаланат. А майрыйып калса ыргытат. Майрыйган ал мыкты башка партиялар таап алса, түзөмүш болуп, анысы да пайдаланат. Бирок мык бир-эки жолу майрыйгандан кийин – түз каксаң болбой, адатындай кыйшык кете берет.
* * *
– Кыргызстанда эң туруксуз эмне?
– АКШ доллары менен Алмазбек Атамбаев.
* * *
– Европада аялдар чогулган жерди не дейт?
– Аялдар конгресси.
– А Кыргызстанда чогулган аялдардычы?
– ОБОН.
* * *
– Кыргызстанда экспортко товар чыгарууга болобу?
– Болбой анан.
– Мисалга эмне товарыбыз бар?
– Саясатчыларыбыз. Эң эле тез сатылар товарыбыз ошолор.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *