Биздин айтар сөзүбүз бар: Эже-сиңди деланилердин биринчи жүз жылы    

Сара Делани, А.Елизабет Делани, Эми Хиль Харт   Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу I-БӨЛҮК Ажайып Сэди Падыша Бэсс Экөөнүн тең жашы жүз жаштан өйдөдө. Сара (Сэди) Делани жана бир тууган сиңдиси  Анни Елизабет (Бесси) Америка тарыхынын карт күбөлөрүнөн. Алар Жарандык Согуштан кийин алдыга суурулуп чыккан өлкөдөгү белгилүү ынды кара үй-бүлөлөрдүн тирүү жүргөн эң кары мүчөлөрүнүн бири да.   Мындай чоң ийгиликке мынчалык кыска мөөнөттө аз гана адамдар жетишкен. Эже-сиңдилердин атасы Генри Биед Делани кулдардын үй-бүлөсүндө туулган, бирок ал акыр […]

Кенжаалы САРЫМСАКОВ: Сөз сабаттуулугу деген эмне?

1930-жылдардан берки сексен жылдан ашык мезгил бою элибиздин эне тилинин айтылбаган чоло жери калган жок. Андагы ой, сунуш, курч сын пикирлерди топтоого алсак, нечен том-том китеп болор эле. Эл, коом, мамлекет турмушунда кыргызга так, таамай, таза, сабаттуу, таасирдүү сүйлѳѳнүн зарылчылыгы барбы же бул анчейин эле маселеби? Сѳз байлыгыбыз муундан муунга кемип, эки сѳздүн бири орусча айтылып аткандыгы жакшыбы же жаманбы? Мындай кесепеттүүлүк жок кылыныш керекпи же кѳнүмүш кѳрүнүш боло берсинби? Эне тилибиздин табиятын, байлыгын, элестүүлүгүн, баа жеткис баалуулуктарын сактай албасак, […]

Сергей Есениндин поэзиясы Кожогелди Култегиндин котормосунда

* * * Сен мени сүйбөйсүң да, айабайсың, Же анча сулуу эмес деп ойлодуңбу? Нестейе, жүзүмдү да карабайсың, Ийниме арта салып колдоруңду.   Жаш селки, даарып сезим – энтелепсиң, Өбөм же сөгөм – билбейм кантеримди. Эстечи, канчаларды эркелеттиң? Эриттиң канча колду, канча эринди?   Өттү бүт көлөкөдөй, каран калгыр, Туш келбей жалыныңа – итеңдесең. Олтурдуң тизесинде далайлардын, Олтурсуң азыр менин тиземде сен.   Көзүңдө көп иш жатат чала жумук, Ойлонуп жатасың го башка жанды. Жалындап сүйбөй мен да – айлам […]

Азамат ТӨКӨРОВ: Хемингуэйдей алдыма улуу максат койгон эмесмин

Маектешибиз Азамат Төкөров Россияда жүргөн мекендештерибиздин бири. Анын азын-оолак ырлары «РухЭш» сайтына жарыяланары менен дароо адабий сынчылар менен белгилүү калемгерлердин назарына илинип, бизде да А.Төкөровдун чыгармачылыгына болгон кызыгуубуз арткан. Бу саам Азамат менен маек куруп отурбуз… Ал эми буга чейин жарыяланган чыгармаларын береги шилтемеден толук окуй аласыздар: «Бактысыздан экөө болсо, бирөө мен»  – Азаке, обол турмуш жагдайдан кеп кылалы. Мекендештердин абалы кандай? — Кудайга шүгүр, баары жакшы. Же тагыраагы жакшыдай сүрөт сызып жүрөбүз эл катары. Турмуш-тиричилик жакшы эле. Москвадагы мекендештер […]

Жантөрө Сатыбалдиев элден кечирим сурады (1-маек)

«Карапайым эл менен баарлашууну каалаган кеменгер өз тилинде эмес, элге жеткиликтүү тилде сүйлөөгө тийиш. Тил бул – көп маанилүүлүк, анын ичинде элге жугумдуу тилде сүйлөө баарынан кыйын». Жан-Жок РУССО Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жантөрө Сатыбалдиев менен болгон бул маегибиз көпчүлүктү ойго салар омоктуу ойлор менен коштолду. Маектешибиз агынан жарылып отурду. Өкүттү жагдайлар туурасында мамлекетибизде кетирилген кемчиликтердин айланасында ой бөлүштүк… – Жантөрө Жолдошевич, Сиз бүгүн журт башкарып, эл башкарып келген белгилүү мамлекеттик ишмер катары айтар сөзү бар инсансыз. Мамлекетибизде эки жолу […]

Мусулман санаттарынан: Ичи тарлар эмне үчүн дайыма нааразы? Себеби…

АБУ-ЛЬ-ФАРАЖ (1226-1286), Сирия жазуучусу жана илимпоз Эси жоктор өзүнөн башкалардын изги сапаттарын эмес, бир гана кемчилигин байкайт. Алар кудум денедеги кызарган жаратты көрө койгон чымындан айырмасы жок. * * * Акылга төнбөгөн жан – өлүк. Эгер аны окутуп-чокутса, тирилет. Тирилгени – какыраган жерге жамгыр жаагандай кеп. * * * Эси бар ар бир адам жосунсуз жоруктарга ырайымдуу болууга тийиш. * * * Сабырдуу адам болор болбоско уялып, өзүн-өзү ичинен жебейт. * * * Адамдын төрт сапатын эң мыкты аныктаган күч […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Жомоктоймун, дүйнөм жомок дагы эле…

Жомок «Сиз да кичинекейиңизде жомок укчу белеңиз?» — дейт кичинекей кыз Айпери Топчу сымал, жүрөгүмө кадалган Жомогум көп, айтып берем өзүңө. Сендей кезим, Сендей бир кыз божурап, Мени кайра, жомок кылчу өзүмө. * * * Жомоктоймун… Дүйнөм жомок — дагы эле… Дагы деле жомокторду угамын. Жомок сымал, жаралгансыйм жашоого Жомок болуп… Анан бир күн узаймын. 13-август. 1999-жыл. Кезек «Таңдын атмагы бир тозок болсо, кайра кечтин кирмеги дагы бир тозок болуп калды…» — деди зээни кейип бир карыя Бир сулуунун жыттагыча […]

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Диний көсөмдөр Куранга шек келтирген президентке неге үн катпады?!

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев менен учурдагы кырдаал тууралуу баарлашуу… – Каныбек байке, биз бүгүн мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз деп ойлойсузбу?.. Менимче, мыйзамдык да, моралдык да жагынан алганда азыркы бийлик ушул эки баалуулукту тең тебелеп-тепсеп салгандай, кандай дейсиз? Дегеним, Башмыйзамдагы президенттин, парламент менен өкмөттүн милдеттери акүйдүн 7-кабатындагы бир ууч топтун эле өзүм билемдиги аркылуу аткарылып калды. Мындай көз көрүнөө жасалган саясый ыпластыкка чуу көтөрчү күчтөр да жок сыяктуу болуп туру, көтөрсө да коомго таасир этпей калганын эмнеден көрөсүз? – […]

Капар ТОКТОШОВ: Ак калпактын акыркы кылымы

Журналисттик иликтөө Адегенде айтарым: улуттун энбелгиси болуп саналган ак калпак жайын иликтеп баштаганыма жыйырма жылча убакыт болду. Уламыштан улантып, анча-мынча тарыхый артефакттарга таянып “Теңирден тийген ак калпак” аттуу макала жазгам. Анымды бүткүл аалам окучудан бетер кайсы бир жылы “Аалам” гезитине жарыялаган жайым бар. Ошентип, ал макалам архивимде жатты кыйла жыл. Колго илинген фактыларды кошуп отуруп, кечээ-жакында анализдеп карасам бечара ак калпагыбыз өзүнүн акыркы кылымын баштан кечирип жаткандай жыйынтык чыкты. “Аттигиң, мындай болорун билгенде ак калпак тарыхын аңтарбай койбой не болдум!” […]

Жигитов менен Абдуразаков тууралуу Нуралы Капаровдун эскерүүсү

«Кандай гана полемика, талаш-тартыш маселе болбосун Салижан Жигитовдун оппонентинен жеңилгенин көргөнүм жок. Билимдүү, чечен, чынчыл Салижан агадан көптөр жалтайлап качып турчу. «Кың» десе баса калмай кыраандыгы бар эле. Ошол мен билимдүү, чечен, чынчыл, кыраан деп жүргөн Салижан Жигитов агабыз дагы бир билимдүү, чынчыл, чечен, кыраан агабыз Ишенбай Абдуразаковдон эки-үч ирет аягына чейин «кармаша албай», жалтайлай түшкөнүнө күбө болгом. Жалтайлагыдай деле маселе эмес эле, кызыл-чеке түшүп аягына чейин талашса, балким, өзүнүн чындыгын далилдеп коет беле, бирок Салижан аке сөздү ырбатпай дароо […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Атамдын махабаты

ЭТЮД 1993-жылдын октябрь айы. Самарбек атам экөөбүз колхоздун койун кайтарганга тийген, Мырза тору деген атка учкашып “Асан сарайга” жөнөдүк. Үйдөн экөөбүз тең капа болуп ээрчишип чыкканбыз. Жолдон энем жөнүндө талкуу башталды. Атам мени өз теңтушундай көрүп сырын ачты. Энемди кантип сүйгөнүн, кандай ала качып алганын. Анан турмуш өз энчисин бөлүп берип 4 эркек, 4 кыз бергенин. Машинага тебеленген наристесин, эсинен танып кала турган тубаса оорулуу иним Жанарды айтып каңырыгы түтөп баратты. “Астра” деген аты гүл болгону менен жыты сасык тамекисин […]

Төөсоёр аке

АҢГЕМЕ Бала кезимде Төөсоёр деген аксакалдын көзүн көрүп калдым. Бир күнү казанда кайнап аткан эт бышканда жаңыле колубузду жууп, дасторконго отурарда сырттан аттын дүбүртү угулду. Баарыбызга эт тартыларда булоолоп турган чарадагы эттен көзүмдү алалбай турганымды байкаган атам мага ачуусу келдиби же менден чоңдоруна бекен: – Сыртка киши келди, мени жечүдөй болгон атаңдын оозун урайындар, чыгып атын албайсыңарбы! – дегенин укканда, үйдөн атып чыктым. Жаңыле ээрдин кашына тизгинди байлап аткан Төөсоёр акенин түшүүгө камданганын көрүп, ылдамдап жетип, колтуктан алдым. – Чылбырды […]

Назгүл ОСМОНОВА: Сен берген гүлдөр тирилбейт…

* * * Дилдеги сөздү айталбай, Карадың неге тайсалдай? Өткөнүн жылдар карачы, Ирмемдей болуп байкалбай. Эстетип эбак өткөндү, Жылдарга терең чөккөндү Эңсетип кайра башынан, Жадымдан чыкпас көктөмдү. Алдымдан чыксаң жаркырап, Аптыгып, жүрөк тартынат. Сезимдер толкун — ал сенин, Жээгиңе карай тартылат… Ак карда аппак махабат Ырларда баары айтылган, Ырларга сүйүү катылган. Эстетип таттуу күндөрдү Чакырбай жүрчү артымдан. Сен сүйдүң сүрдөп тартынып, Мен сүйдүм сага тартылып. Келгеним сага билдиңби, Кылымдын жүгүн артынып. Сен сүйгөн ошол деңизмин, Ар качан толук, тегизмин. Жаралып […]