Котормочудан

Байыртан өз жазуу маданияты жок элдерде элдик оозеки чыгармачылык алардын табигый көрүнүштөргө жана түрдүү окуяларга болгон мамилесин, жашоо мүдөөсүн, ой-тилегин чагылдырган. Адабий тил менен айтканда, фольклорду улам кийинки муун өз тажрыйбасы менен байыткан, андан таалим-тарбия алган. Ошон үчүн фольклор- мифологиялык элементтер менен сугарылса да, кайсы бир деңгээлде тарыхый чындыкты камтыгандыктан, андан тарыхый окуяларга байланыштуу айрым бир маалыматтарды табуу мүмкүн. Бирок да элдик оозеки чыгармачылыктын маанисин ашыкча көкөлөтпөстөн, изилдөөнүн же окуянын кошумча булагы катары караган жөндүү. Буга бир мисал — сиздерге сунуш этилип жаткан абхаз легендасы деп ойлойбуз.

УЛАМЫШ

Кайсы бир мезгилде адамдар эсептегенди билишчү эмес. Алар эсеп билбегендиктен өлүмдөн да бейкабар жашаган. Мур-Абаа айылындагы тогуз жүз жаштагы жаш жигит алты жүз жаштагы бийкечке үйлөнмөкчү болот. Береги айыл бийик асканын башында жайгашып, сепил менен курчалган экен. Жигиттин жашы улгайган атасы — төрт миң сексен жаштагы карыя уулунун досу менен чогуу барып, кызга куда түшүп келгенге жөнөтөт. Алар кыздын үйүнө келишип, жигиттин күйөө жолдошу болочок келиндин атасына кайрылат.
— Бул жигит, — дейт, — сенин кызыңа үйлөнгүсү келет.
Кепке кыздын апасы аралашат.
— Сөзүмдү ук,- деди ал,- менин кызым али жаш, ал сенин чарбаңды жүргүзө албайт.
Күйөө бала жылмайып, башка сөз айтпайт. Кыздын атасы карапайым адам болгондуктан, кызын күйөөгө бергенге макулдук берет. Жигит үйүнө келип, атасына кудалашуу кандай болгонун төкпөй-чачпай маалымдайт жана кыздын жаш экенин угуп, жылмайып койгонун да унутпай айтат.
— Мында күлө турган эмне бар? — таң калып сурады атасы. — Ал, чындыгында али жапжаш кыз да.
Уулу жооп берди:
— Мен сага эмне үчүн жылмайганымдын себебин айта албаймын.
— Сен эмне мага ишенбейсиңби? Ушундан кийин менин өлүп эле алганым оң, — деди жигиттин ызаланган атасы.
— Ата, айтып бер дебе, — деп суранды жигит. — Сага ачуу чындыкты уккан оор болот.
Жигиттин атасы канжарын сууруп алып, уулунун көкүрөгүнө такайт.
— Андай болсо, мейли, — деди жигит терең улутунуп. — Эмесе, уккун: апасы мындай жаш кыз чарба иштерин жүргүзө албайт дегенде, мен кыз канча жашта болду экен деп ойлодум. Жана алты жүз жаштан кем болбосо керек деп чечтим. Анан өзүмчө эсептей баштадым: Эгер биз азыр алты жүз жаштагыларды жаш деп карачу болсок, бир мезгилде жүз жашты жашоонун жакшы мөөнөтү дечү да убак келет; ал эми Абхазияга өлүм келчү болсо, анын биринчи курмандыгы сен болосуң.
Айткандай эле болду. Себеби, жигит эми гана эсептей баштаганда, ар кандай чен өлчөмдүн зарурат жыйынтыгы — аягы, башкача айтканда, өлүм келди.
(Уламыш 1969-жылы Чики Пачулиа деген санжырачыдан жазып алынган).
* * *
Мур-Абаа чеби орношкон Поквеш айылынын улгайган карыяларынын бири, жашы 130 курактагы Жат Начкебиядан айылдаштары канча жашта экенин сурашканда, ал тамашалап: “Мен өлбөстүктүн чеби Мур-Абаа менен теңмин,” — деп жооп берчү. Таанымал абхаз окмуштуусу, “Абхазиядагы сейрек узак жашоочулар” деген макаланын автору С.П.Басариянын маалыматына ылайык, поквештик Мафусаилдин энеси абхазиялык аялдардын арасынан узак жашоо боюнча рекорд койгон: ал 200 жылга жакын жашаган. Ал жөнүндө: “Жата Начкебия карыянын апасы бир жолу асмандын дарбазы кантип ачылганын көргөн үчүн өлбөйт,”- деп айтышчу экен Абхазиянын Абжуй аймагында (азыркы Очамчир районунда).
Абхазия узак жашоочулары менен даңкталат. 500 миңден бир аз ашык калкы бар аймакта үч миңге чукул узак жашоочулары бар.
Физиологдор менен геронтологдордун байкоосу боюнча, Абхазиянын карыялары өздөрүн жакшы жана сергек сезишет. Алардын көбүнүн кыймыл аракети шайдоот, акыл-эси тунук сакталган. Көпчүлүгүнүн көзү да кадимкидей көрөт. Мисалы, Лыхны айылынын жашоочусу, 1960-жылы 126 жашында кайтыш болгон Осман Жениа өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин колхоздо эмгектенген. Узак жашаган аялдар арасындагы экинчи рекордсмен, Кутол кыштагынын 138 жаштагы тургуну Хфаф Ласуриа өмүрүнүн соңку жылдары чай чогултуп гана тим болбостон, узак жашоочулардын дүйнөгө белгилүү “Нартаа” ансамблинин активдүү мүчөсү болгон.
(В.П.Пачулианын “Падение Анакопии. Легенды Кавказского Причерноморья ” деген китебинен. М.: Главная редакция восточной литературы, издательство “Наука”, 1986.)

Орусчадан оодарган Амирбек АЗАМ уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.