АҢГЕМЕ

Ошол Фисун аттуу күлкүлүү чал биздин губерниянын жергиликтүү башкармалыгынын архивин жетектечү. Биздей жаш кызматташтарын анын болгон-бүткөн кебетеси, ар бир кыймыл-аракети, архив деген эски сөзгө бизчилеп мыскылдуу карабастан тетирисинче аны абдан жогору койгону, Фисун деген бир кызыктай аты-жөнү, ал тургай бул чалдын какжыйып сексенден ашкан жашы күлкүбүздү келтирчү. Боюнун өтө кодолугу аз келгенсип, бекчейген тарамыштуу бели бүкүр эле, кандайдыр түшүнүксүз нерседен тигилген этеги узун каралжын күрмөсүн үстүнөн түшүрбөчү, баскан сайын калчылдаган илмейген арык бутуна кең жана узун кончу тизесинен ашкан чоң аскер өтүктү кийип, тарпылдата сүйрөп жүрчү. “Хвисун чалдын кулагын кагылып жаткан коңгуроого такасаң дагы укпайт!” – дешип башкармалыктын кароолчулары анын калдайган менен угуусу оорлошкон кулагына каколдук мыскыл менен карашчу.

Карылыктан улам башы калчылдап турчу, ичине карай сорулгансыган оозунан өлүмсөк үнү күңгүрөнүп чыкчу, өзгөчө анын жарыгы жок көздөрүнөн катуу чарчоо менен мокок кусалыктан башка эч нерсе байкалчу эмес. Ансыз да кереңине тарткан кулагына дагы бирөөлөр катуу үйлөп жиберип ого бетер уктурбай салчудай болуп түлөгөн көрпө тумагынын кулакчындарын түшүрүп алганына чоң өтүгүнүн катталышкан бырыштарын кошуп көз алдыга элестетип көрсөңүз чындап эле күлкүлүү бир кебете жаралат. Анысы аз келгенсип мындай сырткы көрүнүшүнө ички бир кызыктай мүнөзү дагы дал келишип турат.

Катчылык милдет аткарган мурунку семинарист жөн жеринен Фисунду Харон[1] деп атабаган. Мурда айтып өткөнүмдөй Фисун кызматын абдан кадырлаган эски архивчи болучу. Ал он төрт жашынан бери карай бир гана архивдерде кызмат кылып келатыптыр.

Жогору жактагы жарык күндүн жылуу нуру алдында өткөн жашоодо не болгонун тастыктаган өлүм жыттуу жансыз кагаздарды тигип-таңып мөөр урган, тажабаган тажаалдык менен акыркы маалыматтар топтолгон папкаларды текчелерге иреттеп жыйган, эч кимге керексиз болуп калгансыган ыпыр-сыпырларга толгон ушул карт тарых катылган архивдин караңгы жертөлөсүндөгү бир өңчөй жумушу менен алектенип, жетимиш жылга жакын мезгилди желип өткөн жел сыяктуу билинтпей узатып койгон анын өмүрүн ойлосоң жүрөк опкоолжучу. Бирок Фисун өзүнүн бул тагдырынан эч кандай деле жамандыкты көрө алчу эмес. Тескерисинче, ал ар бир адамдын өмүрү архиви жок маңызсыз болорун болжолдочу.

— Эмне, маалымкат керек болуп калдыбы? – деп сурачу ал өзүнө кирген кардарлардан катаал үндө, буга терс жооп кайтарылбасына ишенимдүүлүк менен.

Так ушул жертөлөдө, ошол эле кезде китепкана иштеткен Фисундун жакынкы кошунасы катары Харон сымалданган мен дагы ал сыяктуу эле ар кандай кагаздарга көмүлүп, аяк-башымды жыя албай эртеден кечке чейин отурчумун. Бирок мен Фисун сыяктуу алтымыш беш жыл эмес, болгону үчүнчү жылы бул жайда иштеп жаткам жана дээрлик эч нерсе кылбастан отуз тогуз рубль маяна алсам дагы мындагы кызматыма ыраазы эмес элем. Ал эми Фисун агыш таңдан кеч күүгүмгө чейин кара жумуш сымал каржалткан ишинде күйпөлөктөсө дагы он үч жарым рубль айлык алып, ошондо дагы жашоосунун талабы ушунчалык аз болгондуктан мынчалык көп “алтынды” кайда кетирерин билбей калчу. Эки рубльды ал архивдеги камкорчулар кеңешинде иштегени үчүн алчу. “Акча алганда кубанычынан улам бут алдындагы жерди сезбей калганы” балдар үйүндө тарбиячы болуп эмгектенгендер төрт рублга бир аз тыйын кошуп айлык алышарын билгенден улам болсо керек, ошондон улам да буга Кудайга шүгүрчүлүк келтирчү. Өз керт башынын жыргалчылыгын ойлобогону менен ошентип архив башчысынын толук чектелген маянасына жеткен тагдырына ыраазыдай эле.

Ал дээрлик башкармалык түзүлгөндөн бери мында иштеп келатат. Иштегенде да кандай! Анын качан ойгонорун чынында билбейм. Ошентсе дагы бул кишинин таңкы төрт боло электе турарын болжолдой алам, анткени ал шаар ичинде эмес анын алыскы четиндеги жар түбүнө салынган жаман тамында түнөчү, жылтырата тазаланган чоң өтүгүн шырпылдата сүйрөп, балдагын оор шилтеп жай кыбырап басканы менен туптуура таңкы алтыда жумушта болчу. Бул кезде айлана араң агарып, күңүрт көлөкө менен шүүдүрүм баскан бактар күндүн күмүш нурларын күтүп турган болот, көтөрүңкү көкүрөктөрүн текеберлене чайпалткан какол катындар кош чакалуу бакандарын ийиндерине артып, чопо көнөчөктөрүндөгү ынак сүттөрүн буркуратып, себет толо алчаларын албырта колтукташып, базарга барыш үчүн жанжолдорго жарыша чыга элек болушат.

Таңкы базарлардын ээндиги менен тынчтыгын бузуп, али таза көчөлөр менен кончу колжойгон өтүгүн сүйрөп шаар аркылуу шопойгон төбөлүү көрпө тумагын шодоңдото шашыла басып башкармалыкка кирип келүүчү. Ушинтип карга бок чокуй электе келип, эшикти каккылаганында таттуу уйкусу бузулган башкармалыктын нөөмөттөгү кароолчусу секирип туруп, сыртка атып чыгып аны как желкеге урчудай болуп жини келчү. Анткендери менен ал өздөрү сымал кароолчу болбогондугунан, кантсе дагы архивариус деген улук аты бар экендигинен улам ага катыла алышпачу, катуу кетпей карманышып, аны мунусу үчүн ызырына сөгүп, уяткарып тим болушчу. Бирок бул чал ашынган кежир болгондуктан аларга жеңилип бербестен ушул жоругун күн сайын кайталай берип, акыры өзүнүн таңкы такылдатуусуна аларды көндүрүп койгон.

Мына ушундай кызматтык жанталашуу менен кечке иштеген анын башкармалыкты качан таштап кеткенин элестете да албайсыңар! Мына жайдын узак күнү аяктап баратат; кеңседен үстөл кучактаган башкаруучулар тургай дайыма эле бирдемелерин жазып үлгүрбөй күйпөлөктөп жүргөн жазгыч-катчылар кетишти, пол жуугучтар бош калган бөлмөлөрдөгү үстөл-отургучтарды калдырата жылдырып, өз иштери менен алектенишүүдө, каалганы карс жаап, өзүн бул жердин түнкү башчысы сезе түшкөн кароолчунун үнүн калбаат жана эркин угулду. Анткен менен үч бүктөлө бүкчүйгөн Фисун дале болсо өзүнүн караңгылык баскан ээлигинде кара түтүнү буркураган чырагын куяңдан улам калчылдаган какжыйган колуна жаркырата көтөрүп, каңгый басып кагаз таңгактары жыйылган текчелерге көзүн камкордук менен кадап, эмненидир издеп карбаластап жүрөт. Сыртта болсо уясына отуруп кеткен күндүн акыркы нурлары жаркыткан асманды жаңыртып, айлананы титиретип кагылган чиркөөнүн коңгуроосу майыптар менен карыларды кечки сыйынууга чакырууда, үй чатырлары менен бак-дарактардын көлөкөлөрү жерди карай жыгылып, ушул салкынына тарткан ажайып кечтин алдында рахаттануу үчүн кечки тамагын ичкен шаардыктар кеңири ачылган терезе кырларына отурушуп, теребелге телмирген көздөрүн кадашса андан уйкунун үргүлөгөн элеси үлбүрөй көрүнөт. Ал эми Фисун болсо тумагынын кулакчынын көнүмүш кыймылы менен булкуй тартып, балдагы менен тамандырыктын тактайын такылдатып, өзүнүн кол алдындагысын бүгүн эртең менен саатты жетиден өткөрүп, өз башчысынан топтолук бир саат кеч келгени үчүн кактабай канын сорууда:

— Мен… Мен сенин… жооп… жоопкерчиликсиздигиңди!.. – деп ачуусуна муунганынан улам сөздөрүн бөлө-бөлө мукактана кыйкырып, экинчи кабатка көтөрүлчү жазы тепкичтин алдында ачуу менен куса аралаш карылык карыктырган көзүнөн заарын чыгара аны теше тиктеп турат.

Ооба, кантип гана күлкүлүү эмес — Фисундун дагы кол алдында иштеген баш ийүүчүсү бар болучу! Анан ошол кызматчысы аны кээде олуттуу түрдө эзүүчү залим атачу. Бул сөз жөн жерден айтылбачу, анткени Фисундун мүнөзү оңой эмес болучу. Анын жашоосунан азын-оолак кабары бар башкармалыктын карылары бир ооздон анын жеке турмушунда абдан катаал экенин айтып келишип, мунун өмүр бою өзүнө өтө берилген коёндон бетер коркок аялы бар экенин, аны кирпинин терисинен тигилген мээлей менен бекем кармаган сымал катаалдыкта башкарып келатканын айтып беришип, залимдигин тастыкташчу. Базарда майда-чүйдө бирдемелерди сатып соода кылчу бул кемпири анын алиги чоң өтүгүн ар бир таңда жумушка жөнөрүндө жонунан тер чыкканча тазалаганы сыяктуу жагалданууларды жасарын, ушинтип апасынан бетер камкордук көргөнү менен эселек кызы сыяктана айбыгарын, ашыкча сөз айта албай коркорун кеп кылышчу. Анан кантип жогоруда айтып өткөн Фисундун кол алдындагы Луговой аттуу кызматкери андан өлөрчө коркпой койсун? Фисундун оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып тилдегенинде ачуусуна жараша башы көтөрүлүп түшүүдө, балдагы тактайга такылдап, ан сайын бели бекчейе бүкүрүңдөп, жаман күрмөсүнүн этеги өтүгүнүн кончун чапкылап, ээги тизесине тийчүдөй болуп экчелүүдө. Ал эми тигил уруш жеп жаткан неме болсо көзүн жерден көтөрүүгө шайы келбей, үндөбөстөн үңүрөйө жер тиктөөдө. Бул модалуу люстрин кездемесинен күрмө кийген түнт мүнөздүү, алыбеттүүсүнөн келген какол болучу. Ал почтодо жөнөтүлүүчү жүктөрдү ороп-чулгап, арчындап, тигип, мөөр баскан кызматта көп жыл иштеп акыры башкармалыктын архивине “архивариустун жардамчысы” кызматына капыс келип калган мужук эле.

Анда Фисунду бир чертип жалпайтып коёр күч-кубат бар, бирок алмустактан бери эле белгилүү го, кудуреттүүлүк кара күчкө эмес өзүн башкарган бийликке багынары. Ошентип Фисунда бийлик бар эле жана ал өзүн эң катаал жетекчи катары кармап, мунусу менен Луговойду кыңк эттирбей башкарып алганы алардын ортосундагы мамиледен оркоё көрүнүп турчу. Абийир ченемине салып айтчу болсок, архивде иш абдан аз (аларды шашылбай деле бүткөрсө болот болчу), бирок Фисундун аларды кайдан-жайдан таап чыкканы аз келгенсип, түйшүктөр менен тапшырмалар кекиртектен ашып тургансып шашыла жана көшөрө бүткөргөнү биз сыяктуу сырттан байкагандарды таңгалдырбай койчу эмес. Ал жумушка баш оту менен кирип кетчү жана Луговойду өзү менен кошо зорукчудай кылып иштетип, өзгөчө күзүндө жергиликтүү чогулуштар кычап, башкармалыкта (архивке алардын эч кандай тиешеси жок болсо деле) окуулар өтүп турганда аны ого бетер кыңк эттирбей башкарып, жумуш артынан жумушка чегерип турар эле.

Аз-маз акылы барга айтпаса деле түшүнүктүү болуп тургандай, какжыйган карылыгынан жана мансапкорлугу күчтүүлүгүнөн улам ал өзүн бийликтин бийик бир бутагында отургандай сезчү. Анткен менен өзүнүн бутка чалынып, тепкичтин алдында дайыма эле бир нерсеге жолтоо болуп басып жүргөнүнө чыдай албай сөккөн, кыйкырган кароолчуларга каяша айтып катуу кетчү эмес, анан дагы ал Луговойду дайыма эле калчылдата кармабачу, күнүмдүк түйшүктөн оолактап түштөнгөн кездеринде, кийинки иштер үчүн күч топтош үчүн эс алып отура калышып, чылым түтөтүшкөндөрүндө, чай уурташкандарында Фисун менен Луговой дээрлик түрдө теңеле түшкөн деңгээлде мамилелешишчү. Ушул эле тепкичтин алдындагы үстөл боюнда алар жөн-жай аңгемелешип, кургатылган балыкты кылкандарынан тазалашып, темир чайнектеги чөп чайдан ууртап, кара нан чайнашып, тең укуктуу кадимки мужуктарча же жөнөкөй адамдарча кобурашып отурушчу. Бул жерде негедир Луговойду анча аябаган жана жактырбаган кароолчуларга карата жаралган окшош жек көрүүлөрү ал экөөнү бир ынтымакка бириктирчү, анын үстүнө башкармалыктын башка адамдарынан аларды архивдин өзгөчө иши жана өзүнчөлүгү айласыз бөлүп турар эле.

Мындан башка дагы башкармалыктын бөлөк бөлүмдөрүнүн архивдин оолагырак турганы бул эки карт жана кексе “келемиштердин” элге коошпосун ого бетер тереңдетчү. Өзгөчө Фисун жогорку жак менен төмөнкү дүйнө бирикпесине, алар таптакыр эле башка ааламдар экенине, ал тургай бир кыртышка түшкөн эки дан бирдей өспөсүнө, дүйнөдө улук жана кичик, бийлик менен баш ийүү дайыма болуп келгенине бекем ишенчү. Андыктан бизге окшогон бокмурундар бекер эле өздөрүн шылдыңдап күлүп жатканына көздөрү жетип, көңүлдөрүнө алышчу эмес, кандай болгон күндө да ушул ынанымдарына бекиген экөөнүн бири кыңк этпей баш ийсе, бири аны катуу кармап башкаруу менен өмүр сүрүшчү.

Бул караңгы адамдар абдан кежир болчу! Эңгиреген эскичилдиктерине баш тарпаган ушул экөө өзүлөрү кабылган жаңы жашоонун эч нерсесин билгилери келишчү эмес. Анан биз, андагы суумурундар, бул камкорчулардын кеңешинен чыккансыган неменин күлкүлүү жана таңкалыштуу кылыгына ийин куушуруп түшүнө бербей тим болгонубуз менен ичибизден кыжырыбыз кайначу. Албетте, ал кезде адам түркөй, заман дүлөй болучу, буга жараша каарманыбыз дагы эскинин терс жорукчулу болчу. Анткен менен биз эс-акылдуу адамдардан элек. Анын үстүнө жашаган жергебиз жөнөкөй эмес болчу; бүткүл Орусияга эркиндикти сүйгөнү, деморкратиялуулугу менен атагы чыккан аймак эле. Ошол кезде мен дагы аларчылап жертөлөгө камалганым менен андан чыга турган болуп босогосунда тургам жана эптеп күн көргөн кайсы бир тескейге эмес, күнөстүүлүгүнөн күкүк таңшыган статистика бөлүмүн көздөй көкөлөгөнү калгам.

Ошентип байкаганыңардай эле мен деле дөөлөттүү төрө эмес элем, бирок азыр эле айтканымдай, архивдеги “Крымды караткан Очаковдун заманында”кала берген Фисун менен Луговой үчүн чоочун жана кол жеткис болуп калган жогорку ак сөөк дүйнөгө аралашып, алардан көңүлгө көп коошо бербеген башкача бир идеяларды уккам, ал тургай төраганын иш бөлмөсүндө болуп, анын дубалдарындагы кундуз жүнүндөй кулпурган бакенбард сакалчан “зор өзгөрүштөр доорундагы” улуу ишмерлердин сүрөттөрүнүн сынай тиктегендеринен өткөм, бул эле эмес кош чырак менен жарыктандырылган жыйналыш залынын жалтыратыла лакталган полунан керме шыбына чейинки дубал бетин ээлете бүткүл турпаты менен тартылган падыша-куткаруучунун пенде аттууну сүрдөнткөн сүрөтү менен тиктешкем, ушул эле Фисундун күлгүн курагы болгон алтымышынчы жылдарынан ушул азыркы какжырай карыган кезине чейин өкүмдар сымал башчысы болуп келген, “даңктуулардын тобунун акыркы алптарынан” болгон төрага Станкевичтин жакшылыкка, акыйкаттыкка, боорукерликке, “орус атуулдугунун таштак жол, тайгак кечүүсүнөн тайбай” басууга кызуулана чакырган сөзүн уккам, ошолорго таасирленген тейде түшүп келаткан мага мына бул тепкичтин алдындагы архивчинин өтө сүйкүмсүз жана байкуш кебетеси анан кантип абдан бир чоң ыңгайсыздык жаратпасын, кызыктай бир абалга калтырбасын.

Дагы кайталайын, ошол башкача бир жогорку дүйнөгө аралашып, анан кайтып түшүп келатканымда өзүмдүн кошуналарымдын мындай эскичил кебетелерине караш мага жагымсыз жана күлкү келтирерлик болучу. Кээ бир кездерде ал тургай күлмөк тургай кыжырым кайнар эле, ошондо Фисунга басып барып кандайдыр бир чокуга чапкандай болгон жалгыз сөз менен же колун карыштыра кармаган бир белги менен пенделердин дүлөйлөнгөн дүйнөлөрүнө дүрбөлөң салып, өз коркунучтарына жашынып алып жогоркуларга калыс баа бербей жаткандарын алардын беттерине айткым келчү. Бирок буга эрким жетпестен өз китепканамды карай шылкыя басып өткөн мен алардын ушундай бир суук көз караштарына кабылууга аргасыз болчумун. Ары-бери өткөндөгү анын минтип карагандары дагы эч нерсе эмес эле, иштин башка өңүтү мындан ашып түшө жагымсыз болчу: Фисун мага бир гана жек көрүү менен же душмандык сезим менен карабастан өзүнүкүндөй эле кызматтын эң пас тепкичинде болсом дагы мени көргөндө эрксиз түрдө ордунан тура калып бүкүрөйгөн боюн түзөп, колдорун ылдый түшүрүп, кең кончу тизесинен келген чоң өтүктүү калчылдаган буттарын оңдой калчу. Мына ушунусу менен ал менин итиркейимди чегинен ашырчу.

Ага менин жогору жакта болуп келгеним аскарлуу тоодон түшкөндөй бир укмуш көрүнсө керек, анын үстүнө төраганын өзү мага эмнегедир жакшы салам берерин билчү, катчы менен теңтуш сымал сүйлөшүп тамеки чегишип турганымды көрчү. Анан жогорудан түшүп келген менден ошол өзү ушунча жылдар бою алдында бөйпөлөңдөп келаткан бийликтин кандайдыр бийик демин сезип тургандыр. Ага сүр берип турган өзүмдөгү өктөм демдүү бул кебетем өзүмө көп деле билине бербесе керек. Ошентип бул кежир жана күлкүлүү чал менен бир жетөлөдө жанаша иштегенибиз менен бири-бирине эч коошпогон “архивдик” жашообузда ар кимибиз өзү түшүнүгүбүздү бербей, ынанган ишенимдерибизди бек карманып өмүр сүрүп келатканбыз…

Анан эле капысынан бул чал өлүп калды. Албетте, анын кокусунан ажалынын жетиши башка өлүмдөр сыяктуу эле күлкүнү жараткан жок. Ал тургай кемпири анын чоң өтүгүн кадимкисинче эшигинин алдында тазалап атып, алардын ээси ордунан туруп көнүмүшүнчө архивине жөнөп кетеринен үмүттөнүп, табыты жаткан тарапты кылчактап карап алып анан эч качан андай болбосуна көзү жетери менен буркурап-боздоп ыйлап жиберген дешет. Анан дагы Фисундун бул өлүмү өмүрүнөн да сырдуу болгонуна азыр аны баяндап бергенимден кийин баарыңар эле ынанат болушуңар керек. Бул жагымсыз окуянын болуп кетишине бир эсептен биздин дагы кандайдыр бир кыйыр түрдөгү күнөөбүз бар. Неге дегенде биз азырак убакытка болсо дагы анын кежирлигин жеңип, өзүбүздүн эркиндик жана теңдик деген ээн баш ойлорубузду беймарал көңүлүнө жуктуруп, дүрбөлөң салып койдук окшойт. Ооба, ошондой болду, бирок бул кишинин табиятынан эле эң бир коркок жаралганын, башкармалыктын экинчи кабатына чыкканында эзелтеден берки көнүмүшүнүн күүсү менен алактап өзүн жоготуп коёрун, анан капысынан эле эркиндиктин баардык чек араларын кесип өтөрүн, мунун арты өлүм менен аяктарын ким билип коюптур? Ал өлүмгө мындайча учурады.

Мен бир жыл иштегем, экинчи жылы иштедим, үчүнчү… Ал эми Фисун алтымыш алтынчы, алтымыш жетинчи жылы кызмат кылып жаткан. Дагы бир жолу кайталап коёюн, заман абдан оор болучу. Жөн жеринен опкоктугу жана аракечтиги бар, бирок калыс сүйлөй алган губерниябыздын жергиликтүү ооруканасынын дарыгери минтип айтпаса керек: “Мындан да жаман кездер болгон, бирок алар эки жүздүү эмес болучу…” Ооба, заман караңгы эле, бирок белгилүү го “түн канчалык караңгы болсо жылдыздар ошончолук жарык жанышат” жана “түндүн эң караңгы кези — таң алдындагы учур”. Анан биз ошол “таңдын атарына” бекем ишенчүбүз. Ал эми Фисундайлар болсо өздөрүнүн “эки дан эч качан бирдей өспөйт” деген чолок ишенимдерине дале болсо бекем ишенип жүрүштү.

Анткен менен эки тизгин бир чылбырды кармаган Фома ишенимсиз түрдө жылдан жылга жеңилиштин артынан жеңилиш ызасын тартып, ал ансайын алардын ордун алмаштыруучу жергиликтүү эски күрөшчүлөрдүн үндөрү сергек жана кайраттуу чыгып бара жатты. Мына анан акыры биздин башкармалыктын кош чырактуу залында жылдагыдай эле ноябрь айында чогулчу жыйынга катышуучулардын дээрлик баардыгынын көңүлдөрүн баягы “жазгы кыялдануулар” башкарып алды. Ал эми качан гана суюлуп бараткан кыштын жамгырлуу булуттарынын арасынан жазгы күн жаркын жүзүн көргөзгөндө, буга жараша алгачкы келгин куштар асман тереңинен кыйкуулаганда, дарыяны мелтирете каптаган музду эркин аккан дарыя суусу качырата жарганда, баягы кыялдар жүрөктү канга толтуруп, анан сыртты карай жаңы дем менен жаңы ураан-чакырык, каалоо-тилек, суроо-талап жана катуу каршылык болуп, ошондой эле албуут айтылган кеп болуп атырылды.

Башкармалыктын караңгы жертөлөлөрүнө чейин бул жазгы жылуу нур атырыла кирип барганда Фисундун мындай жарыктан картаң көзү карыгып, дендароо болуп өзүн жогото түшсө дагы эми бет алдына келгенди көрбөй коё алмак эмес, чындык катары алдынан чыкканды танып, көпчүлүктүн көзүнчө күмөндөнө албайт болчу. Ошентип башкармалык бул жазда аарынын уюгундай гүүлдөп турду; эшигинен төрүнө чейин көбүнчөсү тааныш эместерден турган элдин арасында бекерпоздордон баштап студенттерге дейре, дарыгерлер менен мугалимдерден карапайым жумушчуларга чейин толуп, алдамчылар менен чөнтөкчүлөр эле жетишпей тургансыды. Айтор баары биригип бийиктик менен төмөндүн, жогору менен пастын айырмасы жок болуп калгансыды.

Мурду менен тынып буту менен баскандын баары бул жерге толуп, чириген байлар менен итке минген кедейлер катар туруп, губерниянын мен деген магнаты менен акыркы кароолчусу кол кармашып, дворянчылыктын башчысынан Луговой сыяктуу архив жумушчусуна чейин мында чогулушуп, эзелтен бери сагынышып жүргөн сымал кучакташышып, бир максатты карай күргүштөгөн күчтүү агымга айлануу менен күүлөнө жүрүш жасагана турушту. “Эркиндик, эркиндик! – деген кыйкырыктар туш-тараптан чыга баштап, акыры алар бир тартипке келе биригип жалпы ураанга айланып кетти.

Эл өз ураанына өзү дүүлүгүп, удургуй түшкөндө анын арасындагы Фисун сыяктуулар дагы эл дүрбөсө эшек кошо кетет болушту. Ал шамдай учтуу эки кулагын бүктөлгөн кызыл жоолук менен таңып, күрмөсүнүн этегин улам кончуна чапкылата бүкчүңдөй басып, жертөлөсүнөн суурулуп чыгып, эни жазы кызыл нооту төшөлгөн тепкич менен кыбырай басып, тез-тез тына калып жатса дагы өжөрлүк менен экинчи кабаттагы кош чырактуу жыйын залынын бир жак дубалынын тең жарымын ээлеп, тамеки түтүнүнөн улам көгүш туманданганы менен өзүнө деңиздей толкуп күргүштөй кирип келген элди чагылдырган күзгүнү карай умтулду. Ошентип экинчи кабатка чыгып эле ал күрү-гүү түшүп бир муштумга биригип, көздөгөнүн уруп түшчүдөй жаалданган элге аралашып кетти да, алардын шары менен ээн-эркин түрдө узун дализ менен ары-бери басып, ар кайсы бөлүмдөргө кирип чыгып жүрдү. Ал тургай биздин башчыбыз Златоустук Станкевичтин иш бөлмөсүнө да баш багып көрдү.

Аах десең! Станкевич ошол күнү кандай сүйлөдү эле! Чечкиндүү жана сыймыктуу түрдө ураан таштай сүйлөп, эски дүйнөнүн катаалдыгына каршы чыгып, аны кулатуу маселеси бышып жетилгенин айткан анын алтын шилекейи мелт-калт толуп кырынан ашчудай болуп араң турган нааразылык көлүн ташытып жиберчүдөй туюлган. Жыйналыштын төрагасына айланган дворянчылыктын башчысы падышанын жалтырак сырлар менен жаркырата тартылган сүрөтүнүн алдынан оор козголуп, көгүш түтүндүү залдагы кылкылдаган миң сан баштардан араң көрүнгөнү менен көтөрүңкү жана шаңдуу үндө сөз Алексей Алексеевич Станкевичке берилгенин жарыя айтканда дароо эле дымыраган үнсүздүк орноп, эбегейсиз узун үстөлдүн боюнда отургандардын арасынан “орус атуулдугунун арстаны” атагы бар алп денелүү, буурул чачтуу адам ордунан турду. Ал сыртынан дагы арстанга окшош болучу. Анткен менен жылдар менен ойлордун таасиринен кызыл өңдүү жүзү картсымак тартыптыр, мокой түшкөнсүгөн олуттуу көз карашында кандайдыр муң катылып тургансыды, ордунан оор козголуп, калтыраган кызыл манжаларынын учу менен жашыл нооту капталган үстөлдүн кырын таянган тейде ордунан калбаат турду дагы сөзүн акырын баштап, бөлүп-бөлүп сүйлөп кирди…

Бирок бул акырын жана бөлүндү болуп чыккан сөздөрдө кандай гана ишенимдүүлүк бар эле, сүйлөгөн сайын башын артка силккенинде боз кыроо чалган тармал чачы жөнөкөй кара күрмөлүү ийинине төгүлө калып жатты. Анан чечендиги артыкча анын үнү улам барган сайын бекемделип, урулган курч болоттун зыңкылдагындай ишенимдүү чыгып, эч күмөнсүз жана коркунучсуз түрдө баардыгын күрөш менен алга жүрүүгө чакырык таштап жыйын залына толуп-ташып жаңырыктатып өттү эле, залга дымыраган үнсүздүк өз өкүмүн жүргүзө калды, анан аргасыз таңгалуудан улам шыпшынуулар орун алды, мындан соң колдоп-коштогон жапайы кыйкырыктар ээ-жаа бербей атырылды. Муну сүрөттөп берүү мүмкүн эмес!

Өз сөзүнө өзү шерденген жана ошого удаа шалдырай түшкөнсүгөн, дүркүрөгөн кол чабуулардын алдында калган жана гүлдөргө көмүлгөн Станкевич өз ордуна акырын отурду дагы, маанилүү маанайда, кубарган өңдө, эч нерсени көрбөгөнсүгөн тейде, орундукка чалкалай кетти. Анан бир аздан соң кайра ордунан туруп, урматтоо менен жол бошоткон жергиликтүү жана башка адамдарды аралап, карылык камарабастыгына сала жай басып залдан чыгып кетти.

Ушул убакта Фисун кайда эле? Кептин баары мына ушунда болчу! Бир аз мурдарак Фисун дагы Станкевич көздөгөн максат менен ал бараткан тарапка кеткен эле. Ал залдын кире беришин тоскон элдин артында көпкө туруп, ичкериде сүйлөнгөн үндөр жакшы угулбагандыгынан улам зериге түшүп, турмуш кыстаган ички муктаждыкты сезип, узун далис менен жай, бирок эркин басып анын аягына чейин барган. Дал ошол жерден бир аз ойлоно түшүп, анан ыргылжыңдыгын жеңген чечкиндүүлүк менен бир гана төрага жана башкармалыктын айрым төбөлдөрү кире алган эшикти туткасына кол сунуп ачып, ичине кирип илгичин илип алып, ал жерде бир далайга чейин отурду. Ал байкуш кереңдигине кошул-ташыл кыла кулагын таңып албаганында сырттан кимдир бирөөнүн тутканы бир-эки жолу жулкканын, өзүндөй болгон картаң бирөөнүн катуу нааразы болгон үнү чыкканын укмак эле. Буга жараша анын шымдангандагы, үстү-башын иреттегендеги кыймылы абдан жай болчу. Ошентип шашпай жеңилденип, кийимдерин оңдонуп анан ажааткананын эшигин ачканында гана дал маңдайдан Станкевичтин өзүн көрдү!

Бул күтүүсүздүктөн улам биринчи абышка таңгалуудан жана жинденгенинен ордунда катыса экинчиси коркконунан селт этип алып турган жеринде селейди.

— Кандайча? – биринчи чал мойнун созо берип, кареги тегеренген көзүнүн төбөсү менен акшырайды. – Кандайча? Шүмшүк! Баятадан бери сен отурдуң беле мында?

— Эч качан андай эмес, — деп көз көрүнө калп айткан экинчи чал дагы мойнун созуп каректерин айланта берип бирдеме демекчи болду, бирок айтчу сөздөрү чындыкка коошпосун сезип, мындан улам ого бетер коркуп унчуга албай калды.

— Кандайча? Сен улуу урматтуу мырзалардын ажаатканасына кантип кирдиң? – деди жайырак бирок опурула сүйлөгөн биринчи чал кубарган жүзүнө каны тебе.

— Эч качан андай эмес, — деп булдурай жооп беримиш эткен экинчи чалдын өңү арбактыкындай кубарып, дубалга жөлөнө берип, талыган буттарын ого бетер кең кончтуу өтүгүнө чөгөрдү.

— Эй деги сен өзүң кимсиң! – деп биринчи чал күчүнүн болушунча бакырып, жини менен жер тепкилеп жиберди.

Бирок экинчи чалдын буга оңдуу жооп бермек тургай бирдеме деп булдуруктоого эрки жетпеди, кулагын таңган жоолуктун делдейген учтарынан улам ого бетер коёнго окшошуп алайган бойдон туруп берди…

Бул кайгылуу окуянын аягын сиздер билесиздер: ошондон бир саатча убакыт өткөндөн кийин үйүнө эстен танган боюнча жеткирилип, төшөгүнө жаткырылган соң, биринчи жана акыркы жолу башкармалыктын экинчи кабатында болгон жана алгачкы жана соңку ирет ат араба менен өз үйүнө кайткан Фисун жанын Жаратканга тапшырып жиберди…

Албетте “жазгы кыялдарды” ишке ашыруу учурунда башка болуп өткөн окуялар сыяктуу эле анын өлүмү биздин идеяларыбызды өзгөрткөн жок, бул максаттарыбызды ишке ашарына болгон ишенимибизди бөксөртө албады. Бирок ал кимдир бирөөлөрүбүздү, алардын ичинде мен дагы бармын, кандайдыр оңтойсуздандырып койду, уялтып кетти. Муну мен моюнга албай коё албайм. Күндөр күргүштөп өтүүдө, жылдар жылып кетүүдө, мен болсо ошол өлүмдү улам-улам эле эстей берем, унуткара албай келем. Ошондон улам ортодон канчалык көп убакыт өтсө дагы көңүлүмдүн түпкүрүндө аз эмес күмөндөнүүлөр жашап келет. Мисалы, мен Фисундун архив кызматына болгон терең урамат-сыйын түшүндүм жана ага толугу менен кошулдум.

Теңдик теңдиги менен, ал эми анын архивсиз жашоо маңызсыз экенин, андыктан аны сактоо керектигин, архив кызматы болбосо бул жашоого Фисун сыяктуулар жаралбаса азыркы байкуш бир какжыраган карт архивчи тууралуу жазып жаткан баяным кантип сакталып калат эле? Ал эми Фисундардын колуна түшкөн ал албетте сөзсүз түрдө сакталып калат жана кийин канчалык кеч болсо ошончо жакшы, жаңы адамдардын көзүнө даана урунат. Фисун мындай дечү: “Маалымкат керек болуп калдыбы?”

Мына ошентип кимдир бирөөгө маалымкат керек болуп калганда балким менин ушул ал жөнүндөгү жазгандарым көзгө урунар.

Одесса. 21 июль. 1914-жыл

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

[1] Грек уламыштарында Харон өлгөндөрдүн сөөгүн Стикс дарыясы аркылуу алып өтүүчү болгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *