ЖОМОК

Мурдагы бир заманда жылкы, уй, кой, эчки төртөө шерик болуп, чогуу жашаптыр. Бардыгынын туяктары ача экен. Алар жайкысын жайлоодо, кышкысын кыштоодо болушат. Жети тоо ашып, жети суу кечип жайлоого жетип, кайра кыштоого кайтышканда да жети суу кечип, жети тоо ашып, күндөп-түндөп жол жүрүп, туяктары жешилип аябай азап чегишет.
Мезгил күзгө таяп, жайлоонун жайкалган тулаңы куурап, кыштоого көчүүгө кам ура башташат.
Ошол жайлоонун башында бир уста жашоочу экен. Анын колунан көөр төгүлүп, каалаган нерселердин бардыгын жасаган укмуштуу өнөрү болуптур. Ал устага бөлөк, алыс жердегилерден бери айлап-жылдап жол басып келип, керектүү буюмун жасатып алышчу экен. Ошол укмуштуу устанын дайнын угуп, бир күнү жылкы жайлоонун башын көздөй жол тартат.Үч күн-үч түн тынбай жол жүрүп, акыры устаны табат. Уста көмүр өчүрүп, көөрүгүн токтотуп, шаймандарын жыйнап жаткан учурга туш келет.
– Уста аке, – дейт жылкы жалдырап, – алыстан арып атайын келдим. Кыштоого көчкөнү жатабыз. Жол аябай алыс, жети тоо ашып, жети суу кечип анан жетебиз. Туяктан туяк калбай жешилип, ачасын таш тилип, басалбай мөгдүрөп калабыз. Ылаажы болсо ушул төрт туягымды оңдоп берсеңиз экен.
– Эртең саар менен туруп мен да кыштоого көчөйүн деп мынтип шаймандарымды жыйып жатпадым беле. Кап, келбесең болот эле, убара тартып келгенден кийин болбостур, – деп уста көөрүгүн кайра орнотуп от үйлөтүп, көмүркөйдөн шаймандарын алып чыгат. Анан кум сыяктуу бир майда заттарды алаканына салып өлчөп аралаштырып, отко эритет да аны калыпка куят. Алиги калыптагы нерсе муздаган соң жылкынын ача туягын чечип салып, беркини кийгизип, каңдап салат. Ошентип, аны төрт аягына тең жасайт. Жылкынын таманын таш тилбей, жыргап калат. Устага ыракмат айтып, кайра күнү-түнү жол жүрүп үйрүнө жетет. Келсе, кой, уй, эчки үчөө жылкыны издешип, суй жыгылып отурушуптур. Жылкынын аман-эсендигин көрүп, аябай сүйүнүшөт.
Жылкы болгон окуяны беркилерге айтып берет. Үчөө кийинки жылы жайлоого кайтып келишкенде алиги устага барып, туяктарын оңдотуп алмак болушат.
Ошентип, кыш да өтөт. Төртөө күн жылыганда жайлоого чыгышат да өргүп эс алган соң, жылкы досторун ээрчитип алып, устага жөнөйт. Нечен жол басып, жайлоонун башындагы устага келишсе, журту калып, өзү жок. Төртөө устаны ана келет, мына келет менен кыш түшкүчө күтөт, уста кыш түшкүчө келбейт. Анан кыштоосуна ээрчишип барышат, кыштоодон таппайт, аерде да журту калып, өзү жок. Кийинки жылы кайра жайлоосуна келишсе, уста дале жок экен. Төрт шериктин шайы ооп, алдан-күчтөн тайып чаалыгып отурушса, асманда учуп бараткан каркыралар өргүгөнү конуп калышат. Тиги төртөө устанын жайын ушулар билип жүрбөсүн деп каркыралардан сурайт. Алар устанын учу-кыйры жок көз жетпеген чоң деңиздин ары жагына кетип, кайра бул жакка жеталбай жүргөнүн айтышты.
– Ал жакка биз кантип жетебиз? – деди төртөө.
– Силер ал жакка бара албайсыңар, деңиз үстүнөн учуп гана өтүш керек. Деңиз аябай чоң, үcтүнөн эки күн, эки түн тынбай учуп өтөбүз. Арабыздагы чабалдар деңиздин аркы жээгине жетпей сууда калышат. Аякка жетиш кыйын. Уста кайык жасап жатат, бүтсө өзү келип калаар, – дешти каркыралар.
Уй, кой, жылкы, эчки төртөө жыл сайын деңиз жээгине келишип, устаны күтүштү. Бирок уста келбей койду. Кайыгын жасап бүтө элек ко дешти.
Ошондон бери жылкынын туягы туюк болуп, берки үчөөнүкү ача бойдон калган экен. Уста деңизден өтүп келип калса беркилерге да туяк жасап берер. Үчөө ушул күнгө чейин деңиз артына кеткен устаны күтүп жүрүшөт экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.