Кыргыз «кулактардын» антисоветчил пьесасы

Жогорудагы сүрөттө Украинанын Одесса облусунун Новодаровка кыштагында совет өкмөтү тарабынан сүргүнгө айдалган кыргыздардын өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин артисттери. 1932-жылдын апрель айы. Херсон облустук мамлекеттик архиви. Бул Сталиндик репрессия кулач жайып, эл совет бийлиги тарабынан өз жана душман болуп, эки жаатка жиктелип турган кездин бир икаясы. Окуя 1931-33-жылдары Украинанын Одесса облусундагы Ново-Троицкий районундагы Новодаровка кыштагында болгон. Бул жерде бай-манап деп сүргүнгө айдалган кыргыздардын өздүк көркөм чыгармачылык ийрими түзүлүп, ошо кездеги актуалдуу темаларды чагылдырган ондон ашуун пьеса койгон. Өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин […]

Таштанбек ЧАКИЕВ: Күйүттүү өмүрүмө кулак төшө

Калемдешибиз Таштанбек Чакиевдин «Сүйүү лабиринти» деген аталыш менен ыр китеби жарыкка чыкты. Автордун айтымында, аталган китеп «Айат» басмасынан 300 ныскада жарыкка чыкты. Китептин өзгөчөлүгү — түпнуска менен бирге орусча, түркчө котормосу да коштолуп берилген. Бу жыйнак негизинен «Бегимай ыр түрмөгүнөн» турат. «РухЭш» сайтынын окурмандары менен аталган китепке кирген акындын махабат музасын тааныштырууну эп көрдүк… 1 Коңгуроо күмүш шыңгыр күлкүң сенин, Күйүттүү угасыңбы акын кебин. Сүйүүдөн кайт болгондо агаң көөнү, Күн болуп, чыктың кайдан жаркып, Бегим?! Өмүрдө миң кубулат адам көөнү, […]

Токутоми РОКА: Эки жүз иен

Жапон жазуучусу Токутоми Рока (1868-1927), чыныгы аты – Кэндзиро. Хёго провинциясында туулган (азыркы Кюсюга жакын Кумамото аймагы). Досися университетинде окуп жүрүп көп кырдуу билим алган. Атасынын таасири астында байыркы кытай жазмаларын окууну өздөштүрүп Конфуций жана Будда осуяттарын үйрөнгөн. Кийин Токиого барып, агасы Токутоми Сохо чыгарган «Кокумин-но томо» («Элдердин достугу») журналына ишке орношуп, ал жерден тез эле мыкты журналист жана публицист болуп чыккан. Кийин «Жашабай койгон жакшы» (1899) аттуу тунгуч романы менен адабий атагы чыккан. Которгон Амирбек АЗАМ уулу АҢГЕМЕ Эмендин […]

Чиркөөдөгү сүрөт же Батый менен кошо Европаны чапкан кыргыздар

Жогорудагы сүрөттө Гостин тоосунун этегиндеги монгол-татар аскерлери конушун таштап качууда. Ыйык Гостин чиркөөсүндөгү панно. Чехиянын чыгышындагы Гостин тоосунун төбөсүндө төбөсү көк тиреген чиркөө бар. Заңкайган чиркөөнүн төрүн Ыйык Мариянын мозаика-панно жана монгол-татар аскерлеринин барельеф сүрөтү кооздойт. Азиядан эчендеген миң чакырым алыстагы чиркөөгө эмне үчүн Чыңгыз хандын аскерлеринин сүрөтү түшүрүлгөн? Алар 13-кылымда Европаны чапканда, алардын катарында кыргыз урууларынан жоокерлер бар беле? Албетте, жортуулга Чынгыз хан курган империяга кирген уруулар азыр кыргыздарда бар. 6-ноябрь 2011-жыл. Гостин дөңүнүн төбөсүнөн орун алган Ыйык Гостин […]

Чала молдокелер XXI кылым деңгээлиндеги жаңы тотукуш-маңкуртчулугунан гана кабар айтат (уландысы)

Башы ушул шилтемеде ТЕҢИРЧИЛИК ЖАНА ИСЛАМ   Оболу, САМ ысымын териштирели. I.  aн — акк. Анум: асман кудайы; Шаму (Шаме) – асман; II.   ыз/ ыс; III.   акк. Шамаш: күн кудайы Шамаш.   акк. анаку – коргошун (олово, свинец); Көрүнүп тургандай биринчи «Шам» деген уңгу (ушунун эле өзү Сам) аккад тилинде Асман маанисин берип турат. Экинчи ыз/ыс (ысык) тамгасы менен биргеликте Шам + ыс (ас)> Шамас / Шамаш күн кудайы маанисин берип турат. Үчүнчү анаку: коргошун маанисинде да Асманды нускап турат (Хор, […]

Кыргызды ким башкарыш керек же азыркы чиновниктер «сормо саздан» сууруп чыга алабы?

Белгилүү публицист жана жазуучу Абдыкерим МУРАТОВ агабыз менен буга чейин эне тилибиздин тагдыры туурасында кеп кылган элек. Бул сапар Мекен тагдыры туурасында кеп козголуп отуру. Андыктан мурда жарыяланган маектерди береги шилтемеден табасыз Кыргыз маселеси: Бар болуу керекпи же жок болуу керекпи?!; Кыргыз маселеси: тил тагдыры!  жана Мекен тагдыры 4-маек «Төбөл болуп туулуш керек. Бул жазуучулук же пайгамбарлык касиеттей эле сейрек касиет. Мен дайыма кайталайм, эл кайсы бир убакытка чейин чоң жазуучусуз деле жансактай берет, а чыныгы журтбашысыз жок болуп кетет». Тимур ЗУЛФИКАРОВ – Мына […]

Лао МА: «Сүйүү жараткан» 1 юань жана 5 мао

АҢГЕМЕ Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ Университетти бүткөнүбүздүн жыйырма жылдык мааракесине бирге окугандар чогулуп келдик. Салтанаттуу жыйындын алып баруучусу студенттик жылдардагы кызыктуу окуясын айтып бериши үчүн бир кишини сахнага чыгарууну чечти. Анан капысынан эле менин атым аталып, баардыгы кол чаап жиберишти. Мен дароо көпчүлүк жөн гана көңүл ачкысы келип жатканын түшүндүм. Анткени мындагылардын баары менин эл алдына чыкканда өзүмдү жоготуп алактап каларымды жана сөзгө жоктугумдан улам ар кайсыны тантып айтарымды жакшы билишчү. Сахнага чыгышымды талап кыла кол чаап күүлдөгөн көпчүлүк мени катуу толкундантты. […]

Орхан КЕМАЛ: Эки жарым лира

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу Түрк адабиятынын роман жанрындагы атактуу өкүлдөрүнүн бири Орхан Кемал (өзүнүн чыныгы аты-жөнү Мехмет Рашит Өгүтчү болгон) 1914-жылы, 15-сентябрда Аданада жарык дүйнөгө келген. Романдан сырткары ыр, аңгеме, драма жазуу менен алектенген. 1938-жылы аскердик кызматын өтөө маалында Максим Горький менен Назым Хикметтин китептерин окуган үчүн чет элдин көз карашын түрк элине таңуулап жатат деген күнөө менен беш жылга эркинен ажыратылган. Абакта отурган маалында алгачкы “Дуварлар” (Дубалдар) аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. 1945-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоодо окурмандар тарабынан эң мыкты […]