Башы ушул шилтемеде

ТЕҢИРЧИЛИК ЖАНА ИСЛАМ

 

Оболу, САМ ысымын териштирели.

I.  aн — акк. Анум: асман кудайы; Шаму (Шаме) – асман;

II.   ыз/ ыс;

III.   акк. Шамаш: күн кудайы Шамаш.

  акк. анаку – коргошун (олово, свинец);

Көрүнүп тургандай биринчи «Шам» деген уңгу (ушунун эле өзү Сам) аккад тилинде Асман маанисин берип турат. Экинчи ыз/ыс (ысык) тамгасы менен биргеликте Шам + ыс (ас)> Шамас / Шамаш күн кудайы маанисин берип турат. Үчүнчү анаку: коргошун маанисинде да Асманды нускап турат (Хор, Хур, Кор – Күндүн байыркы аталышы). Демек, Нуктун Сам уулунун ысымынын артында чөккөн көмүскө маани – Асман.

Экинчи, КАМ/ ХАМ ысымын тэңшейли.

IV.  кам. хам; акк. 1. ерешужерди иштетүү, дыйканчылык (возделывать землю);

2. дикару – чопо идиш.

            Демек, Кам, Хам ысымдын түбүндө Жер деген маани тунат. Бул кам-чийки; камыр; ком (ор. уйуган топо) деген угумдарда жатат.

Эми, ЙАФЕТ ысымына келели.

V.  иа «5» санын билдирет.

VI.  акк. Игигу, ИгигэЭге гөг, Көк Кудайлары (небесные боги);

Ошентип «иа» тамгасында:

  1. Эге гөг – Көк Кудайы/ кудайлары; 2. «5» («беш») деген сан маани турду. Суроо туулат: Эмне үчүн «беш»? Мунун, мисалы, бул тамга катышкан «Эге» Кудайга байланышы, тиешеси канча? Абай салсак, мында, кийинки тыбыштык өзгөрүүгө өткөн «Меш» деген угум жатыптыр. Меш, Мош, Маш байыркыда шумерлерде Күн, От Кудайынын бир аталышын билдирген. Бул биздин тилде алиге «меш» (печка) угумда сакталып келет. Дагы;

VII.  «а» акк. му, ме (көпт.түр) – суу (вода); аплууул/огыл (сын);

Демек, байкалып тургандай, бул уңгунун толук угуму: ак, аг; Ак, агыл – суу; огул, угул – уул.

Айтканыбызга далил: ушул тамга катышкан сөздөрдүн баардыгында тең «суу», «ным» катышат.

Маселен:

акк. зунну – занану – жамгыр, жамгырлоо; жаан (жаг-йаг) (дождь, дождить);

абубу – топон, кыян (потоп);

тиамту, тамду – деңиз (море);

милу – ташкын (половодье);

лалларту – кошокчу; б.а. йыглаг, ыйлоо (плакальщица);

нару — агын, аккан суу (река, поток, канал);

Демек, бул тамганын өнө боюнда: аг-агыл, огул; йыг-йыглоо/ыйлоо; йаг-жаг – жааган, жаа;

йагбыр – йамгыр/ жамгыр; деген уңгу угум жатканы баамга түшөт.

Дагы;

VIII.  бит/пит; е (йэ)

Бул тамга катышкан сөздөрдүн бири; ХХХХ акк. Эа – жер асты сууларынын Кудайы.

IX.  бад/ бат; тил/тел; бут/мут;

бул тамга – угум катышкан сөздөр да кыйла. Анын бири  акк. Еллил, Енлил; ошондой эле жогорку Эа.

Эллил – Шамал Кудайы. Байыркы шумерлерде Ан Кудайдан (Диңгирден) кийинки эле кийин аны алмаштырып чыккан экинчи Кудай ушул, жана ал Асман-Жер арасын толтуруп, ушул боштукту мүлдө ээлеп өз бийлигин жүргүзүп турат. Абай салсак, Эллил деген угумдун да уңгусунда кыргыздын кадимки эле Йэл – Жел – (воздух, ветерок) деген Асман-Жер арасы айдарым сөзү катылып жатканын көрүүгө болот.

Йафетке байланыштуу маанилерди жыйынтыктап айтканда «йа», «йэ» «аг» уңгу угумдарынын түбүндө:

  1. Асман кудайларынын маанилери – Эге, Мэш/Маш;
  2. Жер асты суу Кудайынын мааниси – Эа;
  3. Асман алды, Жер үстү Кудай – Кубулуштарынын маанилери – Жел, Суу, Жамгыр, түшүнүктөрү, бир сөз менен айтканда, Асман – Жердин арасында не стихия болсо ошонун бары түгөл толуп, уйуп калгандыгын көрүүгө болоор эле.

Эми бая еврейлердин «Эски Осуяты», жана эзелки огуздардын аңыздарында чөккөн түпкү маанини түрүлтүп чечсек болот – баарына байтүп шумер чындыгында! Чечсек, байыркы Нук баба осуяты көз алдыга момундай сүрөт болуп таамай тартылып чыга келет. Ана, караңыз:

  – Көмөрүлгөн Асман – Сам падышалыгы;

  – Таманга тапталган Жер – Кам кызматы;

  – Асман-Жерди тиреген түркүк, ширеген нур – Жаппас падышалыгы.

Тамгалардын бириккен туруму:  Йав-Йаг – Жаага келет. Йавэт-Йавит, же Жаагер тукумуна, же ушунун өзү эле – Түркүк!ит» — көчмөн тилинде такай «тукуму, насили» деген маанилерди бергенин билебиз: оңгут, маңгыт, даңгыт, кэрэйит, аргынут, ж.б.) Ушунда, бул аңыздардын эң түпкү уңгусунда шумер чындыгы чөккөндүгүнө эч күмөн калбай калат. Анткени, шумер тамга – уңгулары «жаа» мазмуунга карк тололугун айтпаганда да, анда Асман-Жер арасында керилген дал ушул «Жаа» маани-угумдун өзү жаткандыгы анык болот: йаг-жаг> жаа; йагбыр-йамгыр жамгыр; йыг-йыглаг (ыйлоо)> йаг, жаа; акырында, Эа-йэа (г)> жаа. Же дал баягы Библияда айтылган (бирок кыйыр, кыйытып!) керээз чындыгы: «Кудай Йафетке кенендик берсин» («да распространит Бог Йафета»)…

«Түркүк» демекчи, Асман-Жер арасын тиреп-ширеп турган бул маани-маңыз да байыркы көчмөн дүйнөнүн улуу даңазасы Огуз Кагандын да атактуу аңызын эске салбайт бекен – Асман уулдары (Буз Ок) менен Жер уулдарынын (Үч Ок) Жаасында, Көккө жебе мелженген Огуз Каан Түркүктүн дал өзүн!

Мындан да качанкы караңгы замандары Шумерде ойноп, Мисирди жойлоп кеткен Огуз-Түркүктүн жана ал жакта өчпөй жаңырыктап калган Йафэт-Түркүктүн да тэк-генезис-маанилери бир тегиздиктен суналып ачылып чыга келбейт бекен – же, бая-баятан айтыла келген Улуу Тэңрикут Чындыгын, улуу Манас Илимин…

Арийне, санжырага баксак, Семит калкында Йафеттин кийинки тукуму өзүнчө санакталат, же алар: Гомер, Магог, Мадай, Иаван, Фувал, Метех, Фирас. Ал эми огуз санжырасында Йафеттен таралган насил мындайча тизмектелет: Түрк, Тарха, Кимери, Маник, Рус, Хазар, Чын, Саклаб. Йафеттин улуу уулу Түрк эле, андан Түтөк… Түрк санжырасы ушинтип түтөп мындан кийин улана берет, улана келет, бүтпөйт…

Биз бул кийинки эки түрлүү санжыраны колго алып: «ал-дурус, бул-буруш» деп эч айта албайбыз. Айта албайбыз, анткени, Кам, Сам, Йафет аңызы, көрдүк, тарыхый санжыра санаттан миңдеген жылдар арыда жаткан – Символ, Философия!

Ортодо улуу миф айдыңы жатыры: Демек, семит да, огуз да санжыраларындагы кийинки насил тизмеги, бул, алардын ар биринин соңку тарыхый мезгилдерин чагылдырат жана бул да салыштырыла такталат деп гана кесе айта алабыз. Жана да, биз жогорудагы саал созулуп кеткен ойлорубузду, Нук баянын, академиктерибиздин быкынына тийип, байыркы илимий-тарыхый чындыкты издеп айтканыбыз жок, баардык тарыхты-аңызды, ыйык китептерди (демек, Ыйык Чындыктарды да!) бооруна бекем басып алышкан семит тэк элдерден байыркы тарыхый-философиялык чындыкты талашып айттык.

Арийне, мындай талаш аларга жакпайт, жакпайт…бирок кызыгы, алардан да мурда, кыргыздагы кыбыр эткен сөздүн баарын эле: «бул арабдыкы!» кыла берген өзүбүздүн молдокелерибизге жакпайт, өйдөкү «Йафэт» ысымынын чечилиши да жакпайт. Эмесе аңыздагы Йафэт, Сам, Кам эле эмес, андан берки тарыхый мезгилдери түмөндөгөн түркү сөз уңгулары байыркы шумер уңгу йероглифтери аркылуу дал ошол кас калыбында байыркы аккадыктарга (семит бабалары) көчкөнүн, андан кийинки еврейлерге өткөнүн, еврей тилинен аргып арабдарга жеткенин айтсак ынанар бекен. Анын ичинде дин исламга байланышкан канча-канча бир түркүк түшүнүктөрүнүн түтөп жатканын…

Бир эки эле жылт мисал, эсеби, «Куран» деген угумдун өзү араб тилиндеги «Окуу-Чтение» дегенден эмес, «кур» — кура, кураан, куранды, куралган деген шумер-түркий сөзүнөн туруп, ал Курандын — айаттардан, сүрөөлөрдөн куралган чыныгы табиятын нускап турат. Ал эми «Чтение» – «Окуу» дегендин өзү аавалым эки уңгудан Ок Уг (окув, окуу) деген угумдардан туруп, ал Ок Угу (нук, нугу) б.а. Өзөктүн, Кан Жолдун, Жүлдүн (!) түп чындыгы, нугу, же Кудайдын Ак Жолу дегенге келет.

«Ак» демекчи, арабдын тилинде нак чечилбес «Аллах» деген угумдун өзүндө уйуган да ушул – Ак!

Ал-Ак! Ал-Чын, Ал-Бар, Ал-Бир, Ал-Тунук, Ал-Таза, ал-Акчайыт, Ал-Аруу. Суфийлердин улуу илиминин өзөгүн түзгөн Ак, Акыйкат; Ок, Огби угумдарында жаткан да ушул – Ак! Ак Илим. Кыргыздын кыраа накылы айтат: Кудайды көзүң көрбөйт, акылың менен тааны». Акыл өзү:

  1. АК Ил, Акты Ил;
  2. АК ал, Акты ал, нак ал деген бая Окуунун Өзөгүнүн өзүн дал нускап турат.

Арабий айтымда Алланын ысымынын бири ал-Хак (Ак) аталат. Ал эми бүткүл илими Акка сугарылган суфийлер ага алпаруучу нурду Жолду нускайт!

ЖОЛду – ЖҮЛгө жүлүндөшкөн… Манаска!

Булардын баарын жай сабактаганыбыз – молдокелерибиздин илимий сабатсыздыгынан улам. Мукамбет пайгамбар хадистеринин биринде «Илим ал, Чындан болсо да илим ал» дегени бар. Ал эми пайгамбар илиминин жердик бир учуктары, араагы, еврейлер аркылуу шумерлерге кетет; берээги – өзү айткан ошол Чынга чейин жетет. Мукамбеттин пайгамбарлык жолунда ушинтип өзүнө чейинки бүткүл шумердик, йафеттик улуу тарыхый айдың жатыры – тил аркылуу тизилип, сызылып, жышылып келген, мүлдө Арабстандын жаңы тарыхына карай…

Акыйкатта да, Асмандан агылган ар айаттын, ар сүрөөнүн экинчи учугу дайыма Жерде жашынган. Жердик себеби бар! Анткени Мукамбеттин бир боор эли, уруулары баштан кечирген кыйгас заманы, 360 түрлүү буттуу-кудайлуу уруулардын 360 түрлүү айла амалдуу кырдыбычак кырылышы, бытыраан элдин татыраан согуштарынан тууган жай калктын – катын-бала, карып-мискин, жетим жесир муңзары; чал-кемпири, наристе кыз, боз бала ыйы боздоогу; Мукамбеттин өзүнүн жаш башына келген миң санаа, пайгамбар жолуна жиберилген миң сыноо, ж.б. д.у.с. баары, баары, Асмандан агылган ар айаттын, ар сүрөөнүн Жер суроосу болуп жаңырып турган. Зарылып турган, сабылып угулган! Куран мына ушунда, араб көйгап турмушуна, араб чыңырык суроосуна жооп – Асман Чындыгы болуп Жерге түшүрүлгөн.

Куранды мына ушул жаны ачынган, миң чачылган муңзар араб ыйынан ажыратып кароо; миңдеген ажалдуу абалдарда Жолдон тайыбай, сандаган жан азабын жеген сыноолорго муңбай туруштук берген Мукамбетке акыры Алла сыйынын сыналган-төгүлгөн жемиши катары түшүнбөө – Мукамбет пайгамбардын пайгамбарлык жолунун баасын жеңилдетип коет. Аны Хира тоосуна эртели кеч эригип чыгып алып, агылган айат-сүрөөлөргө даяр канып, анан алынган дайындуу сүрөөлөрдү тек декламациялап койгон көп пайгамбарлардын биринин даражасына түшүрүп коет. Маселен, Моисей пророк Сион тоого бир чыгып, Кудай менен беттешип, Он Осуятты бир алды го, күрр алды го, 23 жыл бою жан казабында эмес! Жок, Мукамбетте, мисалы, Айып пайгамбардагы – тагдырдын миң калчап өкчөгөн тажаал сыноолоруна түткөн, жан азабынын жарыгында акыры талчоку сабырды күткөн зылдык; Сулайман пайгамбардагы — акыл, кайнар булактай мөлдүр сүйүүсүнөн киши эмес жан-макулук дүйнөсүнө жайылып кеткен мээрим; Ийса пайгамбардагы — жер көтөргүс азаптан жабыгып, бирак арууланып, арылып … жарылып чыккан жанар сүйүү, ж.б. баары, баары, бар, бар, бар…

Бирок Мукамбеттин баарынан айырмасы – анын арабдын бүткүл азабы-казабынан, еврей калктын аларга анти бүткүл айла-амалынан, жөөтү пайгамбарларынын бүткүл талуу жайларынан суурулуп чыгып, акыры арабий Жердик Тарыхты Асмандык Рухий Тарыхка айлантып жибергенинде! Ал чыны менен араб гана эмес, мүлдө семит дүйнөсүнөн аргып чыккан Акыркы Пайгамбар! Ислам – акыркы дин!

Бул узун сабак сөздү неге айттык? Кашайган молдокелер үчүн айттык. Динфанат кыргыздар үчүн айттык. Ооба, эстеңиз, Асман падышачылыгы, Асман Илими, Сам насили – еврей, араб элине берилди. Бул – Пайгамбарлык Жол.

Ал эми, муну да эстеңиз, Асман гана эмес Жердин да падышачылыгы; Жер илими гана эмес Асман Илими кошо Йафэт насили – Шумер, Огуз, Түрк тукумуна берилди. Бул – Манасчылык Жол!

Семит насилинен аавалым замандан акырыга чейин эчен түрлүү пайгамбарлар чыкты. Акыркысы Мукамбет. Бүттү!

Йафэт насилинен, Огуз тукумунан эчендеген манасчылар чыкты. Акыркысы … бүтпөйт!

Бүтпөйт, анткени, Манас илими өзү чексиз. Ал … аңырган түпсүз МЕЙКИНде жаңырган чексиз МЕЗГИЛдин али жашала элек ЖАҢЫлыгы…

Баарыбыз – Сам тукуму, Кам тукуму, Йафэт тукуму аттап өтө алгыс акыркы чындык ушул, баарыбызга Нук бабадан калган акыркы керээз ушул (керээз-ыйык, ал сөзсүз аткарылат!), акыркы Топон Суудан бери карай, акыры доор кыяматка чейин…

Ошентип Теңирчилик дегенибиз не?

Монотеизм! Өзгөчө монотеизм! Асманга да анык, Жерге да канык боло-толо монотеизм!

Мунун жөнү, бая, сөздүн башы башталып, сөз ортосу ташталып кеткен бир кеп бар эле – Бүтүлүү Көк, Бүкүлү Көкүрөк тууралуу. Алкысса, аавалым башы, МЕЙКИН-МЕЗГИЛДЕ Өзүндө Өзү, Боло-Толо чылк уйуган ТЭҢ ТЭҢиринин транцендентал маңызы – дал эле ушундай өзүндө өзү боло толо Манас Аңдан эманациаланган манаскайып нурунда аргып Жер Төбөдө көөлгүп төгүлүп турган эле. Жан Жаратылышта мүлгүп-балгып агылып калган эле. Баш аяксыз, учсуз-түпсүз, тил-оозсуз Учан-Теңиз Улуу Эс… Манас! Бүтүлүү Илим Бүкүлү Көкүрөккө гана берилмек, Бүтүлүү Илимди Бүкүлү Көкүрөк гана кабыл алмак.

Бүтүлүү Илим бүркүлгөн жай Кан Тэңири чоку төр болду – Төбөсү ачык!

Манас эли Тэңири тандаган ошол эл болду – Эси ачык!

Кайыбы илим түшүрүлгөн жан ошол манасчы болду – Сөзү ачык!

Болоорду боолгоп, келээрди көзөп айткан ошол кайыпчал болду – Көзү ачык!

Көккө багып – Көк Илимин алган, Жерге бакып Жер Илимине канган, Манас илимин эң биринчи ирээттүү санжапка салган манасчы мындан беш миң жыл мурда жашап өткөн касиеттүү атабыз Кыргыз каан эле! Төбөдөн көөлгү төгүлгөн Манас Ааламын, Жерден балкы агылган Манас Илимин…

Эми ушул жерден саал кылчайып, бая, Нук баба жайын кайра эстей кетүү орундуу. Нук Баба баяны дүйнө элине негизинен семит калк китептери («Тоорат», «Инжил») жана аңыздары аркылуу таралгандыктан, соңу – семит тарыхы чылк, семит духу жынс өрүлүп калгандыктан бул баян дүйнө – элинде көбүнесе семит элдеринин гана тарыхындай, энчисиндей кабылданып кеткен. Калгандардын тиешеси кыйыр… Акыйкат чын эле ушундайбы, же бул дагы семит калкы үчүн кийин өздөштүрүлгөн супсун тарых, «сулуу» сөзбү, ага чейинки чыныгы, алгачкы, башка да улуу баян барбы? Бар! Ал – Шумердин мифинде!

Шумер-Йафет-Түркү тилиндеги түпкү киндиктештик жайы бая – Адам, Кам, Сам, Жаппас ж.б. сөз-ысымдардын чечилишинде жылт айтылып кетти. Жылт эле… А чынында бүткүл семит дүйнөсү шумер музунда калтаңдап турат. Шумер чындап болк этсе – семит дүйнө солк этет! Муну кыраа туйунган жөөт аалымдары, күнү бүгүн, Алдыңкы Азия, Эки Суу арасы тууралуу сөз жүргөндө: «семит эмес элдердин тили, тарыхы» («языки не семитских народов Передней Азии») деп гана жымсал табышмактатып, жылдырма жазышат. Желдирме суроо чыгат дароо: «анда бул деги кайсы элдин тили, тарыхы? Семит, хамит болбосо, индоевропа деги болбосо, кайсы тил бул? Башка кайсы эл бар?!…

Буга жоопту — билгилери келишпейт, билишсе – бергилери келишпейт. А чыныгы жооп мыкжазуунун так өзүндө (клинопись) мыктай кагылып жатыры! Кезин күтүнүп… Эмесе, байыркы Шумер казыгы, байыркы Алтай жазыгы арасында байыры улуу байланыш дүйнө жатыры, байыркы Огуз каан бабабыздын Эки Суу арасын арытып, араб чөлүн карытып, арты Мысырды ойрондоп кайткан айланыш жолу жатыры. Демек, дал ушул улаңгайыр мейкинде байыркы улуу тил да, тарых да, аңыз да, дүйнөтааным да кыт … жок, кут чөгөрүлүп калып кеткен экен да, ачылар өз саатын, күнүн күтүнүп…

Дагы, байыркы аңыздарда: Адам Атанын сөөгү Индостандын түндүгүндөгү Улуу Тоолордо эле делет Адам» — Ат-Ата; Ум-Умай деген уңгуларда уйуганын эстеңиз); Нук бабанын кемеси Казыгурт бөксөлөрүндө (Түштүк Казакстан) калганы айтылат. Мындан да Чыгышка – Алтайга карай да жылдырышат (Арарат – «миф» экени мурдатан айтылып келет), буга шумерлердин өзүнүн: «биз, түбү, Чыгыштан келген элбиз» деген жазылган тарыхый аңызын кошуп эстесек, анда, бая-баягы Кам, Сам, Жаппас баяндарынын, Түркүк, Огуз окуя окшоштуктарынын изи бекер эместиги, кандайдыр бир тектелип чыгаары билинет. Дүйнөнү ак көбүк жайпап жаткан бир рухий топондун жалпылыгы айкындалат.

Демек, бул – эң биринчи, эң байыркы Асман-Жерди Бир уйуткан, Түркүк кошкон Улуу Манас Илиминин да байыркы жалпылыгы эле деген сөз! Бар, жашап келген, тэңирий бир Улуу Илимдин – бар, жашап келген, тэңирчил бир Улуу Элдин тарыхында! Тарыхында, салтында, наркында, тилинде, дилинде, зилинде, ЖҮЛүндө – МАНАСта уйутулган! Кыргыз каан ошол агыл-төгүл илимди биринчи жолу ирээттүү санжапка алган (системдеген) биринчи кайыпчал манасчы! Ооба, ал Көккө багып Көк Илимин алган, Жерге бакып Жер илимине канган, жигинде системдүү Манас Илимин түзгөн, «Купуя Манасты» – байыркы кытай жазуусуна «Ицзин» деп катталып калган…

Эмесе абай салыңыз, бул, бая Нук керээзи – Йафет Түркүккө берилген Асман-Жердин падышачылыгы эмеспи, Асман-Жердин илим-билими эмеспи? Дал өзү! Жаки, Нук керээзи – Сам (еврей, араб) насилине берилген жалаң Асман падышачылыгы, Асман Илиминен өзгөчөлүгү, артыкчылыгы да эмеспи? Дал өзү! Өзгөчө монотеизм – Боло-Толо!

Анткени, эми Түркүк Манас Илиминде абстракт семит монотеизиминдей Асманга аныктык гана эмес Жерге каныктык да жатыры, зыл уйуп! Кебелбей! Асман-Жер арасы шай тэңдээлип! Же манасчылардын дилинде дирилдеп айтканда:

Айың менен Күн кошулуп,
Алтын менен Күмүш жошулуп,
Асман менен Жер тозулуп –

түтпөй… Бүтпөй, бүтпөй, бүтпөй … Бул – аабалкы бир илим, чулу илим. Улуу Илим! Же бул мерчем — илим, философия, дин болуп али жиктеле элек кезең; же дагы тактап айтсак, илими да өзүндө, дини да өзүндө, философиясы да өзүндө; же мындан да тактай айтсак, дини илиминде эрип, илими философиясында кеңип, философиясы илиминде агылып, илими дининде аңырып жаткан транцендентал феноменал практикал – Ал Абал!

Ошондуктан көчмөндөрдүн Манас илиминде калган дүйнө элдеринде бытыраан чачылып калган миң бир талаа-салаа илимдер таң каларлыктай түрдө бир гана тоомдо мөлл табышып, сом уйуп-муйуп калган: дарыгерлиги, жылдыз санагы, жайчылыгы, төлгөчүлүгү, далычылыгы, күзгүчүлүгү, бүбү-бакшылыгы, эмчи-домчулугу, демчилиги, ырым-жырым жөрөлгөлөрү, көзү ачыктыгы, кайыпчылдыгы, мазар бакмагы, Жер-Суу тайыганы, Көккө табынмагы, киши, тууган, жек жаат, куда сөөк, элдик мамилелери; сырткы салты, ички наркы; устачылыгы, узчулугу, мүнүшкөрлүгү, тайганчылыгы, сайапкерчилиги, эр таймаштары; санжырачылыгы, ырчылыгы, комузчулугу, миң кыл аспапчылыгы, дастанчылыгы, кошокчулугу, кайчылыгы, көөмөй күүсү… акыры соңу МАНАСЧЫЛЫГЫ!

Эми булардын кайсынысы учур табигый илими да, кайсынысы көкүрөк илими; кайсынысы даанышман акыл да, кайсынысы мантра накыл; кайсынысы философия чөгөрүлгөн оюм да, кайсынысы искусствого айланып кеткен буюм; кайсынысы кайгай күүдө Көккө калкып кеткен дин да, кайсынысы карандай Ички Эркте коломтого Көктөн көөлгүтүп түшүрүлгөн кут-дил? Кайсынысы!

Диниң кайда, философияң кайда, илимиң кайда? Муну биле аласыңбы, бөлө аласыңбы, — молдоке, аалым, монах, кечил, раввиним? Төгө аласыңбы илимиңди – өзөгүн как жарытып!

Жок, төгө албайсың, көрө албайсың, бөлө албайсың. Анткени, анткени… бул, бая сөздүн башы башталган, сөз ортосу ташталган – Бүтүлүү Дүйнө киндиги Бүкүлү Аңда гана ажырабаган деген аавалым туу чындыктын бир калктын (Кудай чыныгы тандаган!) тагдыры, турмушу, мүлдө жашоо гөйү аркылуу кармалган, сакталган, асыралган, улам соңкуларга манасталып улантылып отурган дүйнөлүк фактысы! Силерде жок! Муну түшүнүш өтө, өтө кыйын, түшүнгөндөн кийин да – моюндаш, андан да азаптуу, казаптуу, кыйын…

Айрыкча, «мен – өзгөчөмүн!», «мен – монодиндин ээсимин!», «мен – тандалганмын!»… деп келген, көнгөн элдер үчүн. Эмесе ушул жерден, кыйгас кези жанды, дегеле дин дегенибиздин өзү эмне, түпкү табияты, маңызы, диндердин айырмасы? – деген эч кимибиз чындап деле ойлонбогон, биз үчүн бирөөлөр тарабынан эчак ойлонулуп коюлган даяр бир жооптун үстүндө дагы бир жолу ойлонуп көрөлү. Бул бизге, баягы учугу чыккан кептин – «өзгөчө монотеизм» жайын таасындап алууга мүмкүндүк берет. Бул үчүн кайра эле дүйнөлүк биринчи монотеизмдин мекени саналган семит дүйнөсү байланышкан жайларга чабыт керели.

Оболу «дин» деген сөздүн өзүнүн тегин теңшейли. Түп дүбүрүн угалы. Анткени, термин теги кайдан келсе анын түп маңызы да ошол жактан чубалат. Эмесе, арабдын тили, сөзү деп таанылып келген бул угумдун да уңгусу андан аркы шумерде жатат – Дэңгир, Диңгир деген туу сөзүндө, араб калкы тарыхый айдыңдан али уругу-жыты угула, билине электеги, б.з.ч. үчүнчү миң жылдагы…

Шумер жазуусу аркылуу байыркы Аккадыктардын (семит теги) тилине, шумер уңгу сөз таанымдары өрүп кирип кеткенин айткан элек. Ошонун бири, ушул – Диңгир. Мык жазуудагы тамгаланышы:  «Мыкка» чейинкиси, жөн эле  тамга – төрт чыйыр, төрт кыйыр; тогузунчусу – тоом ; онунчусу — төгөрөк, бүтүндүк . Асман-Жердин биримдигин шумерлер Ан (Ата) жана Нинлил (эне) деген угумдарында берген. Экөө биригип Бир Диңгир (Тэңир) маанисине келген. Муну кийин эртеги Аккаддыктар, соңку Вавилон, Ассирийликтер маанисин бузуп, тарытып, Ан-Асманды гана «Диңгир» деп түшүнүүгө өтүшкөн, б.а. анын бир Түгөйүн гана. Азыркы илимий адабияттарда алиге ушундай жаңылыш жорупталып келет. Семит жоруптун жана бир жаңылыштыгы, бул, «Ан» дагы эмес, чынында, «Аң» деген сөз.

Бул кыргыздын «аң-сезим» деген эле каадими сөз айкашында жатат. «Аң» – акыл, аңдоо, (разумное начало), андыктан ал Эрбашат (От-Ата-Асман); ал эми «сез» – сезүү (чувственное начало), андыктан бул Үрбашат (же Ин, Эне, Жер). Ушинтип шумердин «Аң» мааниси семиттерде «Ан» угумуна өтүп кеткендей эле «Диңгирдин» биринчи муун «диң» угуму да буларда «дин» угумуна өткөн. Кийин келе, бул, Асманга (Диңгирдин Түгөйүнө) сыйынуу, табынуудан улам ал ишеним маанисине кеңиген. Бул эми «аты» боюнча кеп, ал эми «затычы»?

Буга да жоопту саал нараактан издейли. Эски Египеттен.

Эсеби, байыркы Мисирде, кумдак кыйырсыз чөлдөрдө улуу пирамидалар эмнеге курулган? Мунун эң тереңги жообун илим бере элек али. Тек, инженердик керемет кубат, жаки, Асман Жылдыздарына жебе октолгон астрономиялык жете билимге гана тогоп тим болушат. Ал эми психо-физикалык, рухий-эзотерик өңүткө байланышкан эң башкы суроо – жоопсуз… Эмесе, зыл пирамидалар, бул – фараон кабырыстаны гана эмес, андан да ириде, – кыйырсыз кызыл чөлдөгү кылкылдап аккан нур закымды биринчи октолоо айласы эле (нур физикалык да, психикалык да, руханий да, кубулма – «кут» маңызга купталыш-жупталыш). Улуу Тоонун (жасалма!) жан жагына ийирип-кайырып! Улуу пирамидалардын боюнда-огунда уютуп! Улуу фараондордун жанын-жасатын Обого ооштуруп…

Үлп эткен жел жок, бүлк эткен кыймыл жок, улуу хаос боштукта ошондо биринчи ирээттелүү жүргөн. Бейжай агылып-жайылып жаткан чөл закымы, ошондо, биринчи ноктолонгон! Ийирилген! Заңгар пирамидалардын өнө бой, айланасында чөл закымы-агымы байыр алган. Айлампа агым пайда болгон. Ошондо, Төбөдөн шаалдап Асман аккан. Уйулгуп Асман Ноосу ачылган. Жел кернейи тартылган Жерден! Киши өзөгү – өзөңдөгөн. Бул – Тэңирге Уйуунун (Тэнгри Йога) Кан Тэңир тоодон качантан карт дүйнөгө жайылган-сыналган Кан Жолу эле… Огуз тулпарларынын туягында жеткен, Мисирге… Хан Тэңирден! Ушинтип, ичтей – улуу фараондордун жанын-жасатын Обого ооштуруу айласы изделген. Фараондордун гана эмес, сырттай – жанга аза (жаназа!) окушкан жрецтердин канын-жанын кошо коштоол Обого уйутуу ырасымы иштелген. Ушинтип гана оо дүйнөгө учкан фараон жанынын бир учугу бу дүйнөгө үзүлгүс-сүзүлгүс тепчилген. Асман-Жер арасында фараон түркүгү орнотулган. Рухий! «Пирамидал – дем алат» («пирамиды – дышат») дешкен байыркы мисирликтердин кеби ушул.

Байыркы хамит мисирликтер менен дайымкы байланыштагы семит калкы алардын көңкү маданиятына кыйла маңыган. Бекеринен Моисей пайгамбар кулдуктан чыккан жөөтү калкын кырк жылы кызыл чөлдө каңгытып алып жүргөн эмес – мисир рухун күбүш үчүн… Бирок күбүлбөй да турган нерсе бар эле – дин өзөгү, ишеним көзү. Эртеги египеттиктерден, соңку копттордон семит дүйнөсүнө оошуп калган. Эски египеттиктердин тилинин жоголушу, эски копттордун семиттерге сиңирилиши менен копт сөзү гана эмес көңкү ишенимдин көзү да еврей, араби дүйнөгө жылжып кеткен.

Еврейлер Сион тоого чыгышып, арабдар оазистеринде чөгүп, көкүрөк демин Көккө өтөктөткөн чактарында, өзүлөрү да билип-билбей, ошол байыркы пирамидалардын философиясынын бийлиги – жетегинде турушкан. «Пирамидалардын демин» ооштуруп турушкан, демек, байыркы Хан Теңир көчмөндөрүнүн да улуу Тэңирге Уйуу чындыгын

Арабдардын Мукамбеттен канча мурдагы Каабаны чарк тегеренме салты – Асман Ноосун Жерге чакырган ошол Айлампа Агымдын изи эле, жаңырыгы эле …

Баятан «Ан» эмес – «Аң» дедик, «дин» эмес «Диң» дедик. Эмесе «диндин» да эң түбүндө «аң» жаткан, сокур, көр, карандай ишеним эмес – аңдалган акчайыт ишеним же, ишеним — аңдалган. Айтса, «Аңдын» өзү да карандай акыл (рассудок) эмес – Аң-Сезим (Разум). Аң-Ишеним биринен бири ажырагыс, куйрук улаш кууша жүрүшөт, биринде ал биринде бул, алдыга озук. «Ишеним» – карандай кайып, каңгып-бозуп, тозук (фанатизм) кетпеши үчүн ал ар бир жолу Аңда бекемделип, бышыкталып турат. Аңдалган Ишенимге айланып турат; «Аң» өз кезегинде карайлап баспай, карандай саздап калганында аны Ишеним ичинен нурлайт. Сырлайт! Көккө өрлөтөт! Ишеним-Аң ички бир улуу айланышта – байланышта ыргакталган. Дүйнөдө бир да бир чөп-чар-жалбырак, бир да бир кум-таш-кесек бирин бири кайталабагандай, эки эгиз жан бири бирине эгерим түгөл окшобогондой, бир Элди да, экинчи Элден айныксыз айырмалап турган эң түпкү, эң башкы бир касиет бар. Ал – дал ушул Ички Ритм, Жан Ыргак.

Бул Ыргак ар бир элдин ичкен суусу, жеген ашы, жуткан абасы, көргөн түсү, уккан доошу, сезген жыты, миң-кыл, миң-кыл көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн, эске илинип-илинбеген Жашоонун Дэм-Илебинен түзүлөт. Жер гана эмес Космос мүлдөм катышат мында! Бул Ички Ритм, Жан ыргак биринчи ирээтте ошол элдин абазында ачылат, күүсүндө чачылат. Сөзүнө чыгат, тилинде тебилет. Мантраларында маңыйт! Тил, дил, зил, дүл, жүл – жүлүндөш, өзөктөш, Төбө Көккө! Жалгыз Киши, не жалпы Эл мына ушул өзүнүн гана Жан ыргагында, т.а. тилинде, дилинде, зилинде, көкүрөк күйүндө, көңүл нурунда өзүнө гана түшүрүлгөн Жолдо-Жүлдө Ааламга жүлүндөшкөндө, Дүйнөгө өзөктөшкөндө, мына ушунда ал – Кудайга табышат. Мына ушунда – Дин чыгат. Ишеним – Аң, жаки, Аңдалган Ишеним! Дал ушуган тетирисинче, ички ыргагы бузулган эл ирип кетет. Башка элге (ички ыргагы жеңип кеткен элге) сиңип кетет. Дал ушул Ишеним – Аң (Вера–Разум) жиксиз уйуп калган Абал, бул – Манас (Божественный Разум). Ушул деңгээлине чыкканда улут – жеңилгис улуу Күчкө айланат. Төбөсү шаалдап Көгүнө ачык калат. Тескерисинче, башка дин башын чүмкөп турганда ал, – төбөсү туйук, Тэңирине жабык калат. Карайлап сокур ишенимдин капканына чабылат. «Эй, момундарым, ашыкча эле динчил болуп кетүүдөн сактаныңыздар, анткени диндин артында да динден бөлөк нерсе бар» деп айтылган хадис сырынын ачкычы как ушерде, же карандай, көр ишенимди жеригенинде!

Өз Эне тилинин ыргагында, өзүнүн ой-бой ыргаалында, өзүнүн көкүрөк күйүндө Тэңирине жалганып турган Эл – бактылуу! Саякбайдын жарым добушун укканда, Эл селт этет! Бул бир гана Манастын, бир гана манасчынын, бир гана сабынын сыйкыры. Ал эми биз жолдо жоготуп алган миң манасыбыздын, дин-мантрабыздын, сан санжырабыздын – жан ыргагыбыздын санаты, дүмөгү, жомогу канча эле – ээй, дүнүйө!… Муну ким өлчөйт, ким төлөйт?! Ким?! Кайсыл «согушчул дин» да, кайсыл «согушчан атеизм»? Кимиси!…

Өйдөтө, «бактылуу эл» дедик. Араб – бактылуу эл. Курандын кубулжуган мукамында, өзүнүн эне тилинде, өзүнүн ички жан ыргагында, отуз эки мүчөсү балкып-чалкып, жетимиш жети тамыры көлкүп – Аңдалган Ишенимде Аллахына жалганып турат! Курандын жарым добушу жадыда жаңырганда ал – Көккө көөлбүй баштайт. Ал! Араб! А сенчи?

Карагым боорум, кыргызым, жан ыргагыңда жаңырбаган (жок, билинбей ичтен иритип-эритип бараткан!), дилиңде чоочун – термебеген, тилиңде түшүнүксүз – тирилбеген, өзүң бир-ак сөзүн түшүнбөгөн, тек, ооз учу гана тотукуштай мурду учу киңкил кайталаган касиеттүү айат саптарын даап айтып жатканыңда төбөм Аллахка ачылып кетти деп ишенесиңби? Тескерисинче, так МАНАС абалың төбөңдө чылк жабылып калган учур эмеспи бул? Бар каналың буулуп-куруп.. Эми муну да кой, касиеттүү Курандын сөздөрүн куп келиштирип бузуп, былжыратып, кыргызчалап айтып жаткандыгың үчүн качандыр Аллах алдына барганыңда жооп берериңи билесиңби? Түркөй көөнүңө илесиңби?! Аң-Ишенимим аңырып кетти, жадымда Чындык жаңырып кетти деп айта аласыңбы? Бул, жаңы, XXI кылымдагы эң жаңы маңкуртчулук экенин ойлойсуңбу? Эх, момунум, момунум, чыныгы момун кыргызым…

А чынында сен ар бир жолу араб ыргагына маңырың замат – ар бир жолу сен аркылуу кыргыз рух канаты талып турат. Кыргыздын архетиби – аркы түбү алсырап муңдап турат, арабдын архетиби – аркы түбү ансайын гүрүлдөп-гүүлдөп жыргап турат. Кыргыздын ата арбагы – эгрогору муунуп – араб эгрогору куунап турат. Кыргыз касиети сен аркылуу жашкындап, араб касиети сен аркылуу ташкындап турат! Ар бир кыргыз баласынын деми, дили, зили, жүлү аркылуу оошук – Ичте Ыргакталган!

Ооба, ар бир элдин ички ритми аны курчаган чөйрөсүнөн, жан жаратылышынан, көзгө көрүнгөн-көрүнбөгөн сан салаа нур тамырларынан миң жышылып-сызылып келип түзүлөт, Көк Нуруна тепчиле калыптанат дедик. Ал аавалым, Элдин көкүрөк күү-музыкасында ачылаары-чачылаары айтылды. Эмесе, Курандын муңзар абазында да мүлдө арабдын жан сыры, жан ыйы мөлл уйуп калган. Кай бир аалымдардын айтуунча, арабдын ийри кылычы кеспей калган жерде курандын мукамы элдин жүрөгүн эзген. Ислам ушинтип ичтен, жүрөктү жымыратып ритм менен да жеңген. Арабстандын өзүндө, Африкада, Алдыңкы Азиянын араб ыргактуу элдеринде, Иран, Батыш Индияда, акыры цыганбоздоок Испанияда да – араби ийри кылычка айкаш!

Бул – чынында, биринчиден, алардын да өз стихиясы эле, жантабиятында жаңырган эриме чөлдүн ыргагы эле; экинчиден, бул, шейитчил-бейишчил жалаңтөш кылычка, жалоон рухка каршы коер өзүлөрүндө да рухий тосмо (бир – зардушчул Ирандан башкасында) жок эле. Андыктан араб дини, араб монотеизми бат эле ушунча улаңгайыр мейкинде өз тили, өз дили, өз дини болуп арабдан ашып, ашык, улуттук мүнөз күтүп калган. Ал эми түркү дүйнөсү, айрыкча көчмөн мейкини түк башкача эле. Жөнү бөлөк. Буларда араб монотеизмине анти – аабал күндөн аягында нык, рухий улуу тосмосу бар, өзгөчө калыптанган өз монотеизми жашап жаткан. Боло-Толо!

Ооба, өзгөчө монотеизм! Анткени араб монотеизми арабдын кыйырсыз кызыл кум учкан чөлүнүн мээңе бир бүдүр-күдүр илээшкис-илингис кезээри мейкиндигинин анын ансыз да асманчыл рухунда (Нук керээзи) андан да аңырып калган абстракт монотеизм катары көрүнсө, Алтай монотеизми түк андай эмес. Ал Тэңирдин Бирлигин, Баарылыгын – чуудадай аппак булуту түрмөктөлүп калкыган, ансыз да түпсүз түпкүрү дагы арылай качып чаңкыган Көкө Тэңирдин (Ата Асмандын) көөлгү кубатын – ошончо балкып боюнда жыйып, ошончо мээримде ийигип чалкып, Кара Жердин (Ум-Умай) Көккө көөлбүп-калкып кеткен тэңдээл Сүйүүсүндө тааныган!

Асман – Жердин куптугунда,
Эр-Үр башат жуптугунда –
Биринде бири анык-канык,
Биринде бири күүгүм-жарык,
Биринде бири күмүш-алтын,
Биринде бири күлгүн-салкын – Манаста канган!

Ал – ТЭҢири дин, ТЭҢири илим, ТЭҢири философия эч качан жок болгон эмес, жок болмок эмес! Анткени, ал анын рухий көкүрөк күйү гана эмес, бүткүл практикалык жашоо гөйү аркылуу да сакталып отурган МАНАС АБАЛ эле, байыркыдан – дайымкыга … илгээриден – илгериге…

Ооба, кыргыздын дайым Төбөсү ачык – ошон үчүн Көкө Тэңири көөлбүп төгүлүп турат;

Ооба, кыргыздын дайым Эси ачык – ошон үчүн манасчыларынын тилинде Манасы агылып турат.

Ооба, кыргыздын дайым Көзү ачык – ошон үчүн кайыпчалдарынын дилинде кайып илими алынып турат;

Ооба, кыргыздын дайым Ойу ачык – ошон үчүн Көк Түркүгүндө зымырык бойлоп турат;

Ооба, кыргыздын дайым Бойу ачык – ошон үчүн кан тамыр, ар муунунда «Кара Жорго» мойноп турат;

Ооба, кыргыздын Аңы-Ишеними канык – ошон үчүн маңкурт-сокур ишеним Манас Жолунда сойлоп турат.

Ооба, ооба, ооба… анык-канык монотеизм – Теңирчилик!

Мейкинде ЖАЛГЫЗ, Мезгилде – ЧЕКСИЗ. Көк касиети түгөл Жер насыятына чачылган, Жер касиети түгөл Көк Осуятында ачылган БААРЫ-БИР Илим.

Жараткандан тыш Жаралыш жок, Жаралыштан тыш Жараткан жок! АЛ – Ичте дагы, Тышта дагы, Учта дагы, Түптө дагы. Өзүндө-Өзү! Боло-Толо! Ийненин көзүндө АЛ, наристенин сөзүндө АЛ, куштун тилинде АЛ, таштын эсинде АЛ – түпкү ыргактарында! Жетинчи кабатка чыгып алып, жеткилең такка минип алып, жети күн бою эрикпей-зерикпей (же, түйшүккө малынып!) жетимиш миң түрлүү жандуу-жансызды жасап, соңунда Адамды, соңунда Айалды, соңунда Алманы мөмөлөтүп-чөмөлөтүп өстүрүп отурган эмес АЛ – Асман Кудайы Егов Бог сымал. Жок, ал бир ЭГЕ, Бир ЖАРАТКАН бир ТЭҢИР-Дүйнөнүн Сыртында гана эмес Өзүндө дагы. Ачылган ТАҢ, жашынган ИҢИР – Капыя-Купуя маңызында Бир, МЭЙКИН-МЭЗГИЛДЕ түбөлүк аңырып-жаңырып бараткан…

XXI кылым жаңыдан башталды, Жерде. Ал эми Ааламда Тэңрикут доору жанды. Батыш, орус-астротөлгөчүлөрү айткандай бул доор Водолей – Суу Куйду эмес, акыйкатта, Тэңирдин Куту ийиген улуу доор. Байыркы Хэттэй – Алакчындан (лагзын-лагдынлатын) Европа жайыгына жеткен сөз: «водород – суу тэк» эмес, түбү, «хуоддороум – кут тэк». Демек, Тэңрикуту көчмөнгө ыбаа караган заман жанды деп билели.

Азыр адамзаты бир жагынан ирилешип бүтүндөлүп (глобалдашуу), экинчи жагынан иритилип күкүмдөлүп өз башынан бир татаал кезеңин кечирип жатат. Саясый, экономикалык, маданий, руханий, анан албетте, диний өңүт – бар салаада. Буларды жалпы бир дүң уйулда баш коштуруп, планетардык көйгөйдү талкуулоого (чечүү эмес, талкуулоого эле!) чакырык салуучу дүйнөлүк илим-окуулар табияттаануу, философия, дин баштары бирикпей (ар аймактагы ит тартыштары, – бияк өзүнчө бир көйкап!) ар салаада андаалап жатыры. Мунун эң башкы онтологий-гносеологий себептеринин бири — миңдеген жылдар ичинде Адам Аңы өзү үздүктөлүп (дискрет) кеткени. Кыргыздын кыраа мүнүшкөрлөрү айтчу: «Буудайыктын көзү кайнап турат, тогуз катар асманга толгонуп чыккан кезеңинде Жер топтомолок болуп ирмелип алаканына чогулуп калат».

Кыргыздын ушул бир сөзүнүн азыр дүйнөлүк мааниси жанып турат. Бүтүлүү Дүйнөнү Бүкүлү Аңдоонун зарылдыгы! Дин, философия, табигый илиминде – Бир! Динин, философиясын, табигый илимин Бүтүндөп – Бир Эсте! Же бул, бая кайра-кайра какшап-какшап айтылган Асман-Жерди БИРге уйуткан аавалым МАНАС чындыгы, МАНАС АБАЛ!

«Биз – дүйнөлүкпүз», «биз – дин атасыбыз», «биз – цивилизация ээсибиз» деп кербез менсинген элдер мына ушул улуу касиеттен кол жууп калышкан. Байыркы Алтай көчмөндөрү, анын ичинде – ыры Ордодо ырдалган, сыры Ордодо кармалган Манасты сактап келген Ордо Ээси Кыргыз Эл Тэңирдин Эрки менен өзүндө Аң Бүтүндүгү үздүктөлбөй кармалып калган – кайра эле ушул МАНАСЫ аркылуу, касиеттүү эл!

Бүгүн Дүнүйө Эси бытыраан абалда турганда, төтөн, диндердин ич ара тиреши күчөп (баягы эле бир семит тэк – иудаизм, христианчылык, ислам кабыш!) ар биринин жеке кербез менсингени эгерим бирин-бири кабылдабас кыл чекитине жеткен кезде – Дүйнөнү Дин-Ишенимден (Вера) да бийик деңгээлде – Аң-Ишеним (Вера-Разум) бирлиги МАНАСТА чулу уютуп калган Элдин тарыхый сабагы, руханий абалы көрүнөө үлгү болуп бермеги бар!

Айтса, бир эле семит дүйнөсүнө эмес, дегеле, карт-дүйнөнүн калган калктары үчүн да.

Маселен, соңку Кытайдын – Лао, Куң-зы дааналары бир, бөлүнгүс, байыры Тэңирчиликти эки айрып (даосизм – табигыйлыкка, куңфучулук – мамлекетке) өнүктүрүп кетишкени;

аркы индуизм, берки буддизм арий мурасы – Бир МАНАС илимин жетээр жерине че АҢдаштырышып (Идеялаштырып), Орто-Уйулу мында да оошук калганы;

исламдагы ушул эле Орто Оошуктун «жалган – чын дүнүйө» философиясында абсолютташтырылышы, жана өзгөнү абсолют кабылдабаган абсолют – кербез;

иудаизмде, дал ушуга тетирисинче, Идеяга идеалдуу көшөгөлөнгөн тыкыр камбыл прагматизм;

христианчылыктагы азаптуу Сүйүүнүн артында чөккөн бүдүр Эго;

мына ушунун баары, баары – Бир МАНАС Илиминде идеалдуу шай ТЭҢдештирилген эле.

Жердик Дүнүйө бүгүн бул чындыкты моюндабаса, моюндагысы келбесе, Космикалык Дүйнөнүн мыйзамы иштейт эртең.

Жалпы ориентириң болбосо, өз ордуңду Дүйнө эмес, өз өлкөңдө туура аныктай албайсың. Демек, жогорудагыдай озуйпалуу ордубузду боолгоодон соң эми Кыргызстаныбызга түшөлү. Теңирчилик менен исламдын учурдагы мамилесине учкай тыналы. Жетимиш жыл бою согушчул атеизмде жашаган элдин бир катмары ишеним эркиндигине ээ болору замат динге ачыгып кирип кетти. Биринчи жылдары, баштагы эле – Элдик салттуу жолдо исламий ишенимин улуттук дөөлөт катары түшүнүп, аны чын нээттен аркалап жашашкан биринчи муун кыргыз бусурмандарын бат эле Арабистандан окуп келишкен экинчи муун мусулмандары алмаштырды. Алардын билимине, исламий тереңдигине, тилинин араби тактыгына шек кылаалат жок. Бирок дал ушул кийинки тили так, такылдак, ошол эле кезде өз улуттук маданиятынан тумтак куржалак нигилист муун (араб болуп туулбай калганын армандаган!) кыргыз коомун кыйла арабдаштырып жиберди.

«Улуттун канча зарылдыгы – Аллах алдында баары бирдей;

тилдин канча зарылдыгы – араби тил куран турса;

кийимдин канча зарылдыгы – пайгамбарыбыздын сүйкүмдүү сүннөт кийими турса;

улуттук салттын канчасы ширк – шарийгат так эрежелери турса;

ата арбагын оозануу ширк – колдой албайт, Алла турса;

ушинтип, жүзү ачык кыз – ширк, даамы ачыг кымыз – ширк; тайынсаң – мазар ширк, «халалсыз» – базар ширк; Тэңири Асман – ширк, тэңирчи Дастан – ширк; акыры Ала Тоо аянтына Манас эстелигин орноткон Президент Алмаз Атамбаев – ширк, «жихад!», ширк, ширк, ширк…

Улуттун эң башкы ыйыгы – Манасына, эң башкы адамы – Президентине акааратты дале, чымын чаккандай тоотпой койгон кайран кыргыз, Лөк эле, лөк, лөк, лөк!…

Ушинтип жергебизде ислам, оболу унутула түшкөн философиясын ойготуп, анан идеологиясын жандандырып, акыры билинбей саясый исламга айланып чыга келди. Акыркы жылдары өз алдынча иши өрүп кеткен исламий окуу класстары, бетине беш катар паранжы жабылган наристе кыз (эртеңки шахидка!), кыргызды жардырууга даярданган кыргыз жанкечтилеринин арбышы, мына ушунун баарынын тамыры бирөө эле — саясый ислам! Ушинтип ислам айыпсыз элдик ишенимден саясый исламдын чегине өттү. Момун, ак көңүл, биринчи-экинчи муун бусурман-мусулман молдокелерибиз муну моюндайбы, же жокпу, буга карабайт, рынок заманга ыңгайлашкан, коркунучтуу, үчүнчү муун – эң билимдүү, эң илимдүү, саясы кыраакы, эч нерседен тайбас, кайтпас, фанат, жаңы толкун ишмердүүлүгүн баштады.

Президентибиз А.Атамбаевдин да акыры муфтият өзү ээ боло албай калган, чегинен чыгып бараткан бу маселени Коопсуздук Кеңешинде кароого аргасыз болгону ошол. Демек, муфтият мамлекеттик дин коммиссиясы менен бирдикте өзү тыкыз аракеттенип дин-исламий баш аламандыкты жоюп, саясий исламдын коркунучтуу кадамдарын салттуу диндин чегинде өзү тыкыр чектеп күрөшпөсө, мамлекет биримдигинин ичтен алсыздандырылышын бейтарап карап тура берсе, «Ноорузду майрамдабагыла» дегендей нонок саясатын уланта берсе, анда акыры бир күн Элдин каарына калат! Анткени, кыргызда «Эл» жана «Мамлекет» деген түбүндө бир ыйык түшүнүк, жана жыйырма жылдык чалды-куйду, баш аламан демократиялык (анын ичинде диний!) жашоосунан соң, кыргыз эли акыры өзүнүн түпкүлүктүү ушул чын маңызынын өрүнө чечкин өсүп барат. Ханафий мазхабынын өзүнүн деле башка мазхабдарга салыштырмалуу кеңирээк жайылыш себеби – ал барган жеринде жергилик шарт, салт менен мамыры жуурулушуп отурганы эмеспи.

Эми силер, ата-жотоңор: «Тэңир!» деп бир ооз айтканда дили дирилдеп кеткен ыйык түшүнүктү бийик көтөрүп чыгышкан теңирчилерге келсек, алардын бул аракети, жогоруда айтылган – исламий баш аламандыкка жооп, исламды жамынган арабдаштырууга, радикализмге, фанатизмге, жаш муунду тотукуш-маңкуртташтырууга каршылык, улуттук рухий коргон катары каралышы керек. Силерге салттуу диндин сакчылыгында туруп, элдин (өзүңөрдүн!) салт-санаасын сакташууга чакырган кыргыз санаалаштык катары билишиңер керек.

Өткөндө кыргыздын эң белгилүү, кадырман адамдары: Эл Баатыры, Академик, Эл Акыны, Эл Артисти – М.Мамытов, И.Айтматов, Т.Койчиев, А.Эркебаев, О.Султанов, К.Сартбаева ж.б. «Президентке Кайрылуусун» (баса, айрымдарыңар бу улут сыймыктарына шылдың да атып үлгүрдүңөр. Деги анткидей силер өзүңөр кимсиңер, пайгамбардын заместителисиңерби? Токтот, түркөй бейкыргыз молдизмиңди!) улуттун келечеги, анын ичинде Илими, Маданияты үчүн улуу тынчсыздануу катары түшүнүшүңөр керек. Анткени, буга чейинки кеңири баянда Теңирчиликтин бир эле учурда өз заманына жараша элдин табигый илими да (астрономия, медицина, жайчылык, силерге жакпаган олуячылык! ж.б), философиясы да, дини да, мүлдө салт-санаасы да болгондугун көрдүк.

Андыктан, Теңирчиликти бир эле учурда дин да, философия да, табигый илим да, катары карай берген кыргыз – бая Бүтүлүү Дүйнө – Бүкүлү Эс феномени! Дининде Илим, Илиминде Дини. Теңирчилик – жеке дин деген түшүнүктөн бийик! Буга эч теригип кереги жок, Молдоке. Арийне, сиздин дамамат айта келген даяр дооматтарыңыз бар: «Анда Ыйык Китебиң кайсы? Пайгамбарыңар ким?» — деген. Пайгамбарлык – Асман Жолдун семиттерге шыйгарылганын көрдүк. Ал эми Манасчылык Асман-Жер Жолдун Йафет-Түркүк тукумуна ыйгарылганын да билдик. Ооба, туура, Молдоке. Биз да Сизге кошулабыз. Ислам акыркы дин. Акыркы диндин чыгышы менен диндердин келип чыгуу жолу өзү бүттү. Башка дин чыкпайт. Дин чыгуу өткөн чакка айланды. Бирок, МЭЗГИЛ да бүтпөйт. Анткени ал – Тэңирдин МЭЙКИНГЕ айкаш бир атрибуту!

Демек, ар бир жаңы мезгил өз заман-дооруна жараша жаңы илимий ачылгаларын суна берет тынымсыз — табигый илиминде. Кыргыз Эл Аң Бүтүндүгү үздүктөлбөй, Асмандан Киндиги үзүлбөй калган Кайыптуу Эл катары ала берет ачылгаларын түптүз — Манасий Илиминде! Демек, Теңирчилик да – илим катары да, дин катары да, философия катары да, баарынын жыйындысы МАНАС илим катары да, келээр Мезгилдин баарына ачык, өзөгүндө жатат! Жүзү келечекке бурулган. Ал, дагы бир ирээт баса кайталайбыз, көндүм «дин» деген түшүнүктөн бийик, бул калыпка ал сыйбайт, батпайт! Же «дин» маани – улуу Теңирчиликтин бир гана өңүрүн, кырын мүнөздөйт. МАНАС – Ачык Илим! ТЕҢИРЧИЛИК – Телегей Жол!

Ал эми китебине келсек, Кыргыздын Китеби – Жер-Суу өзү, Тоо-Таш өзү, Булут менен Жел өзү! Мемиреген Теңиз өзү, мелтиреген Көк өзү.

Жараткан жараткан Жаратылыш өзү, Жаратылышында уйуп чылк жаткан Жараткан өзү! Жараткандан тыш Жаралыш болбойт, Жаралыштан тыш Жараткан турбайт. Барында – ЖОК, жогунда – БАР. Таңында Иңгир, Иңгирде Таң -ТАҢ-ИҢГИР-ТЭҢГИР! Андыктан кыргыз Тэңирди абстракт араб монотеизминде эмес, АЛ жараткан Жаратылыштын өзөгүнө өсүү, өтүү аркылуу боло-толо тааныйт! Эмесе, ушул аавалым чындыгы түшүрүлгөн Ыйык Китеби да бар – Купуя Манас! Кыргыз Каан атабызга түшүрүлгөн, беш миң жыл мурда. Кези келет, ачылат!

Бүтүлүү Дүйнө – Бүкүлү Эс…

Жомогу жолдо айтылган,
Жоругу – ЖОЛдо камтылган
– деген эмеспи эсил Арстанбек кезинде, арстандардын Арстаны, сырттандардын Сырттаны кайран гана булбул-дулдул! Бул деген, Тэңирдин ачылып бүтпөс чындыгы – булактап агылып калган Манас Илиминде дегенди билдирет; Тэңирдин телегей чындыгы дин, руханий салаадан артылып – жашоонун бардык сүртүмдөрүндө көнөктөп төгүлүп калган дегенди билдирет.

Андыктан Кыргыздын баардык жомогу — Жол Сөзүндө айтылган; Кыргыздын баардык жоругу – Жол Жосунунда камтылган: салтында, наркында, ырым-жырым, жөрөлгөлөрүндө, узчулугунда, устачылыгында…

Ошондуктан кыргыз:

Кереге керип, түндүгүн тиреп турганда — Тэңир Жолунда Ал;

Кергичке керип, кештелеп сайма сайганда – Тэңир Жолунда Ал;

Ала жип эшип, тушоосун кесип, турмушка там-туң басканда – Тэңир Жолунда Ал;

Көк Дөбөдө эргип, күңгүр күү чертип муңганда – Теңир Жолунда Ал;

Бакшылык баргып, түңгүрдө оргуп кайгайлап Көккө тунганда – Тэңир Жолунда Ал!

Акыры, балканак бөбөк бешикте балкып, байыркы баба ыргагында чалкып,

«Алдэй Ырында» Асманга калкып кеткен чагында да – Тэңирдин Жолунда Ал.

Салтында – дини, дининде – илими, илиминде – билиги.

Бүкүлү Дүйнө – Бүтүлүү Эс!

«Ата-бабаңдан калган Жолдун бар экенин билип туруп аны тутпоо – коркоктук; ал эми билип туруп аны башка Жолго алмаштыруу – ата-баба арбагына чыккынчылык, Тэңирге кыянатчылык» деген, мындан эки жарым миң жыл мурда Кытай даанышманы Конфуций дөө.

Ошол күндөн ушул күн Конфуций осуятын туу тутуп жашаган Кытай калкы өз абийиринин алдында Асманга ак, тукуму өсүп, дүйнөлүк улуу державага айланып турат бүгүн. Биздин ата-бабаларыбыз да көчмөндүн көңкү Жолун – теңирчилигин, чындыгында эч качан эч бир жолго алмаштырган эмес. Араб жолуна да! Анткени, «дин» деген эң тереңги маңызында, эң түпкү чындыгында Аң-Ишеним Бирлиги экенин көрдүк.

Ал – тил да, дил да, зил да, жүл да Ички Ыргак Бирлигинде өтөрүн билдик. Ата-бабаларыбыз мына ушул Аң – Ишеним Бирлигинен эгерим ажыраган эмес, аны эч бир динге алмаштырган эмес! Кечээги ислам эле эмес, андан аркы бутпарасчылыкка, манихейчиликке, христианчылыкка да (орто кылым уйгурлары – бутпарас, кийинки кэрэйлер баштаган кыйла көчмөндөр христианчылыкты тутунуп кетишкен деген да саясы келжирек кеп бар!).

Жок, бул диндер көчмөндөргө ички «дин» катары эмес (Аңдалган Ишеним – Высший Разум), тек, сырткы маданият деңгээлинде, «маданият» катары кирген. А бул экөөнүн айырмасы, чоң. Агэр, азыркы кыргыздын «исламдык» аталган канча бир салт-санаа, ырым-жырым, жөрөлгөлөрүнөн (анын ичинде сөөк коюу ырасымынан) «куран окулган» жалгыз фактыны алып салсаң ар жагынан кызылдай эле сайрап кыргыз теңирчилиги ачылып чыга келет.

Кыргызчылыгы! (Айтса, «кыргызчылык», «кыргызчылыгы бар экен», «кыргызчылык кылат экен» деген жөпжөнөкөй бир сөздүн артындагы – не тереңдик?!).

Ооба, араби ислам бу мейкинге «кирди» дегениң менен кирген эмес, «жеңди» дегениң менен жеңген эмес. Көчмөн дүйнөнүн улуу ички мейкиндиги, кайталангыс ички ыргагы, өзгөчө монотеизми өзү киргизген эмес! Бул жакта киргенге өзү орун да жок эле, ич бош эмес эле. Ал эми «кирди», «жеңдиге» келсек, бул, байыркы түрк каганатынан кийинки өзү эбегейсиз ичтен кеңип кеткен, жан-жакка чабыты өрүп кеткен, жаңы кеңейген заманына жараша Күн Батышка жайылып-жаңырып чыккан, «жаңы аймак» саясатына байланышкан маселе. Ошол замандары күрүлдөп өсүп, жөн эле эмес руху кыйла бутпарасташып чыккан ( чань – буддизм) Таң династиясынын көчмөн дүйнөгө карай башталган татаал саясатына байланышкан маселе. Ал эми мындай геосаясий кызыкчылыктардан чыккан мамиле, ошого тең, маданий алакалардын тыкыздалышы – бул, ээзел замандардан, баардык элдердин, баардык мамлекеттердин тарыхында боло келген маселе.

Ырас, ислам оболу Орто Азиянын батыш аймагына – Эки Суу арасы, Эдилге кылыч менен кирген. «Өзбек (чынында огуз, «өзбек» деген аталыш агезде жок) Азиретаалынын кылычынан эки жолу өткөн» деген кеп бекер айтылбайт элде. Элди кырып, жоюп кирген. Үй башына бирден араб кароолчу коюп, таңда намазга жыгылбагандын тал моюнун кыя чаап отуруп кирген! Байыркы балбал таштарын сулатып, рун жазуусун чегип өчүрүп, тери китептерин өрттөп, сапырып, жок кылып кирген. Аал, түрктөрдүн «исламий тарыхы» кийин гана башталган. Араб баскынчыл согушунун адепки от деми суугандан соң … Сөзгө бек, шертке бек, ишенимге бек каарман түрк бектери, тегиндери, султандары исламды кабылдашкан соң, анын канатын кеңири жаздырган ушулар болгон. Исламдын кийинки, т.а. IX кылымдан берки 700-800 жылдык мүлдө тарыхын түркий калксыз элестетиш мүмкүн эмес. Арабдын гүлдөө заманы саналган абассид Харун ар Рашид (766-809) тушунда, халиф өз ордосунда элүү миң түрк черүүсүн кармап халифатты тынчытып турганы; Исламдын Мекке-Медийнадан кийинки экинчи борбору саналган Багдадда исламдын коргону, дин зулпукору атыккан каңды Тогрул султандын (1017-1063) ысымына багышталып ар кез кубулжуп кутба окулганы, баш аягы эки жүз жылга жуук созулуп кеткен, тырмагынан тишине чейин куралданган, бүт Европа күчүн Жер майыштырып бир жерге жыйган кресттүүлөрдүн жортуулдарынан селчоктордун бүткүл ислам дүйнөсүн калкалап (бул кезде арабдар чилмийип «Куранды» жамынып, Кудай Түркүнө жалынып, көзү жашылданып отурган), христиан коогасынан коргоп турганы эмнеден кабар айтат?

А биздин сабатсыз Молдоке исламдын эң эле аавалым монобашаты кайда тунаарын тумтак билбесин айтпаганда да, исламды ислам кылып сактап калган кийинки эле өзүнүн бул даңазалуу тарыхын айтпайт (т.а. билбейт), анын ордуна арабдын кайсы бир бозгун уруусу менен экинчи озгун уруусунун ортосундагы райондук деңгээлдеги чатагын экинчи кенже эпос кылып кечке эрип-эпчип сайрайт. Төх, төх, Молдоке… А чынында сиз чечинип салып эргип сүйлөөр чыныгы тарых, ана ушуякта! Адигине, Тагайдан беркини билбеген маңгы башым арабдын аркы караңгы тарыхын каңгы башыма урамбы?!

Эми өзүбүзгө жакыныраак келсек, Карахандар дөөлөтү исламды кабылдагандан кийин (бул да эми калың элде эмес, башкаруучу жогорку чөйрөдө өтөт) бул аймакта араби ислам маданиятынын тез өрүштөй башташына, ошондо да, илимде жана архитектурада (баса, архитектуранын рухий негизи кайрылып көчмөн дүйнөдө жаткан, арабдарга бул философия сасаний Ирандан өткөн) – эмне себеп? Бул, так ошол түркий калктардын өзгөчө Тэңирий монотеизмине арабий Алла монотеизминин башкы маңызында дал келиши эле. Түрктөрдүн ислам доорундагы үч башкы китебинин тең тереңги өзөгү бүт теңирчилик! Баласагундук Жусуп бабанын «Кут этки Билиги», Махмуд Кашкаарынын «Түрк сөз жыйнагы», канча жеринде өзү «Тэңир», «Тэңир!» деп какшанып зикирлеген Кулкожоакматтын «Экметтери» (суфизмдин нак теги теңирчиликте. Ортодоксал исламдын суфизм философиясын кырчылдашып такыр кабыл албай жүрүп акыры араң макулдашына, ушул себеп!) акыры, алыскы Анадолудан баштап Ортолук Азияга чейинки зор мейкинде бир түрдүү ханафий мазхабынын жайылып калышы эмнеден кабар айтат? Бул да түрк көчмөндөрүнүн изи. Ханафий мазхабы башкалардай фанат эмес (м: салафизм) өзүнүн коймаарэк-толеранттуулугу менен айырмаланган, ал жергиликтүү элдин салт-санаасы, шарты, тили, дили менен эсептешип жумшак жуурулуша билген. Тэңирдин Бирлигине Баарылыгына эзелтен моюн сунуп жашап келген түркий калк эми да ага Алланын Бирлигин, Баарылыгын табигый айкалыштырып ханафий мазхабын алып жүрүп кетишкен. Демек, ашынган арабист молдокелер үчүн мындан да эки сабак чыгат.

Биринчи. Арабдын жериндеги түпкү ханафийлик жана түрк дүйнөсү башында кабылдаган ханафийлик;

Экинчи. Түрк элдеринин ичиндеги айырмалуу ханафийлик. Мисалы, ушул эле түркмөн же берки өзүбек, болбосо, түркий эмес тажик менен көчмөн кыргыз, казак ханафийлиги – айырмалуу. Арийне, исламдын эң башкы түркүк жоболору баарында бирдей, бирок айттык, ханафийлик ар бирине улуттук салт-санаа өзгөчөлүктөрүн терең урматтап, сыйлап кирген. Мисалы, кур эле дегенде, азыркыдай, мурутун тасырайтып кырып салып (Күмөндөр куудул айтмакчы: «киндик алдын дырдайлап салган ургаачыдай көрүнүп калат экен, итиңки!») сакалын сапсайтып жайып жибербей … кыргыздын шаптай мурутун сактап! Кэллэге сэллэни кейкейтип илбей шаңкайтып ак калпакты кийип! Түрктөр түрбанчан, малайзиялык малакайчан жүрү го…

Бул эми, көзгө дароо түшкөн жагы, чынында көзгө түшпөгөн жагы маанилүү. Молдокелер адисинен ашынып арабчы болбой, ата-баба арбагына чыккынчылык кылбай, Тэңир Жолуна кыянатчылык кылбай («Элди мен сап жараттым. Момундарымдын жамаат, эл менен болгону – мени менен болгону». Хадистен.) кыргыз молдолору экенин кылымда унутушпаса – кыргыз ичи тынч болот. Кыргыз канына жат ар кандай радикализмге, фанатизмге, терроризмге жол жок!

Демек, молдоке өс, өс, ханафийлик жолунда түз – Аң-Ишеним Бирлигиңе, Ички Кыргыз Ыргагыңа, ошондо балким, бир күнү, кыргыздын төртүнчү, бешинчи … жетинчи муун молдокеси кан-жаныңдын чакырыгын угарсың, ички ыргагыңды туярсың, жалаңкат карандай ишенимден кайтып, аңдалган ишенимге тунарсың. Ошондо балким, кайтара айтсак, исламдын эң башкы түркүк түшүнүктөрү делген:

«Аллах» деген угумдун соңунан – Ак, Ал-Ак, Ал-бар, Ал-чын; Уллуг, Улуу;

«аллоухакбар» угум соңунан – Ал-Ак, Ак-бар;

«куран» угум соңунан – кур, кура, кураан, куранды;

«жаназа» угум соңунан – жан аза (жанга аза – Элдин өз тилинде гана түшүнүктүү, чын азалуу жана ыргактуу окулат. Буга келет, Эл!)

«Адам» угум соңунан – Ат-Ата; Ум-Умай;

«Обо» угум соңунан – Эне-Жердин төшүнө тирсийип эмчек өстүрүлгөн Оболор – Тэңирге сыйынган көчмөн Дөбөлөрү;

«Нук» угум соңунан – нугу, негизи, түбү, алды («Ной» деле ушул – нойу) ж.б. д.у.с. түпкү өз тилиңди-дилиңди угарсың. Жараткандын бул чындыгы араб деген калктын али аты-жыты жок кезеңде, сенин тилиңде жаңшанып сайрап турганы, оо кийин-кийин гана, арадан үч миң жылдар өтүп, сенин теңирий бул чындыгың, мына-мына жок болуп кете жаздап, чачылып жаткан кайырдин араб калкына Көктөн ырайым кылынып, Мукамбет аркылуу – араб турмуш чындыгында, араб тилинде, араб мукамында, кайтара, экинчи ирээт жиберилип, араб калкы элдигин сактап калганын билерсиң, ханафийлик менен тэңирийликтин кесилишкен чектерине чыгарсың – Тэңирдин БИРЛИГИНЕ, БААРЫЛЫГЫНА…

Ал эми ушунун баарынан соң тэңирчил санаалаштарыма да кайрылып, Тэңирчиликти «дин» деп каттатуунун зарылдыгы барбы деп собол салгым келет, эгерде:

  1. Диндердин келип чыгуу жолу эбак бүткөн жана өткөн чак болсо;
  2. «Теңирчиликти «дин» деп каттатарың замат бул эбегейсиз улуу УҢГУЙУЛ дүйнө дароо көп диндин биринин катарына пас түшүп калар болсо;
  3. Теңирчиликтин келе элек МЕЗГИЛДЕРГЕ ачык (МЕЗГИЛ – Теңирдин бир атрибуту!) алгы келечеги «дин» деген калыпта чектелип, камалып, жабылып калар болсо;
  4. Теңирчиликтин дин да, философия да, илим да катары манасчыл маңызы, алдыда – МЭЙКИН (МЭЙКИН – Теңирдин бир атрибуту!) аңырып жатса… мына ушунун баарынан соң, тэңирчиликти «дин» деп беделин түшүрүп каттатуунун зарылдыгы барбы деп собол салгым келет жана ага өзүмдүн таккесер жообуму айткым бар: жок, жана бир жолу, жок!

 Тэңирчилик – динден бийик Тэлегей Эс! Аңдалган Ишеним!

Ал «дин» деп каттатууга эч муктаж болбой эле өзүнүн бар ырасымын жасап, анын ичинде диний да, толук кандуу жашоого укугу бар жана буга эч ким тоскоол боло да албайт. Бул кезең келет, келатат … арийне, Тэңирчиликтин улуу Кайра Жаралуусу аркылуу. Акыйкатта, дүйнөнүн азыркы илими көчмөн шаманизми, тотемизми, анимизми, язычествосу ж.б. деп бытыраан атап алган термин-түшүнүктөрдүн бири калбай жасалма, ойдон чыгарылган, жалган. Баарын бириктирип турган солк эткис бир улуу илим гана бар – Бирдиктүү Теңирчилик! Анын ар салаасы, бүгүнкү тил менен айтканда: жазуу-сызуусу, эстетикасы, этикасы, укугу, философиясы, табият таануусу, ритуалы, магиясы, йогасы, Купуя Манасы ж.б. баары-баары, заман бийигинде, заман илими менен бирге кайрадан жаңырып ачылуу алдында турат. Улуу Дүбүрт – босогодо! Бир гана кыргыз айдыңда эмес, мүлдө түркү-алтай мейкиндигинде! Буга тоскоол болуучу күч жок – Жердин касиети, Элдин кудурети жеңилгис! Ал баары бир эртедир-кечтир өзүнүкүн алат!

Аал, бул арада Теңири ыбаа караган Тэңрикут доору жанды. Кыргыз Ренессансына сапар алынды! Акыркы эле жылдары, бир мезгилдери кыргыздын руханий да, материалий да, салттуу өнөрү бар салаада күр жанганы эмнеден кабар айтат.

Манасты дээрлик толук, анан да жаңыча байытып айта башташкан манасчылардын жаңы кыркаары;

кечээ эле жаш, бүгүнкү ак таңдай акын, төгүлгөн төкмөчүлөрдүн эми экинчи, эң жаш мууну чыгышы;

кыргыздын жан ыргагын безеп калган байыркы аспаптарын бирдей тирилтип рухий тарыхты мүлдөм сүйлөтүп чыга келишкен жаш күү чеберлери;

жердиктин баардык түрлөрүн жете сүйлөтүп узанган, асем буюмдун аталарына айланган уста, кол өнөрчү, зергер ж.б. жаш армиясы;

оюм-чийимдин уңгусунда уюп катылып калган сыр-символду бирден чубап аруу буюмга жан салган кайкач бармак уздардын маш армиясы?;

эр өнөр, сайапкерлик, мүнүшкөрлүк, тайганчылык, жалпы салбуурун, табыпчылык, санчылык, сынчылык, жылдызчылык… ж.б. д.у.с.,

азыраак эле жылдары «кайтпаста калып кетти» деп эсептелип калган улуттун улуу өнөрлөрүнүн, жок, өнөр эле эмес, алардын уңгусуна уюп чөгүп калган орошон илиминин, көрөсөн философиясынын чындап ойгонушу, бул – улуттун Улуу Кайра Жаралуусунун батыл башталганынан кабар айтат! Анткени, бул, бая айтылган улуттук эң тереңги мөлл Ички Ыргактын улуттук эң сезгич өнөр салаасы аркылуу сыртка ээ жаа бербей жанары атылып, жарыя ачылып чыгышы! Демек, байыркы Теңирчил Демдин Элдин бүткүл жашоо гөйү аркылуу Кара Тоодой оор козголо башташы бул. Ушул зыл фондо мен, башканы коюп, элдин эртеңки (күтүлгөн!) теңирчил деминен айрыкча шоорат каккан үч кубулуш-көрүнүшкө арналуу кайрылып, сөз этегин түргүм бар.

Алар:

Биринчи. КАЙЫПСЫР. Акыркы кездери айрыкча жанданган, элди ар кыл ойлорго салган, төтөн, молдокелердин таза тынчын алып маза кылган маселе – көзү ачыктык.

Кыргыз – Кайыпка Жолу ачык Эл, анткени, ал АҢ бирлиги МАНАСтан (Вера-Разум) эгерим ажырабай калган Эл дедик. Бүл бүтүндүк, Киши эмес Аң дүйнөсүндө сакталган, арийне, чектелүү. Эсеби, жер үстү – куш баласы, ит баласы, кайберен баласы, мал баласы; жер асты – курт-куш, кыбыр, сойлоок маң баласы, кандайдыр болуучу апаатты, келүүчү жамандыкты күтүлгөн өзгөрүүлөрдү канча күн эрте, алдын ала туят-сезет. Жылкы мамысынан, доңуз далысынан…

Анда, бар жандуунун паашасы саналган Киши Баласына эмне болду? Кайсы шайтан азгырды (чын эле кайсы шайтан, ибилис…)? Эмесе, Киши Баласы так ошол биртуташ киндигин үзүп алган, Аң бирлигин сүзүп алган, кэрээтин бузуп алган. Ал эми баардык туйгу-санаасы өзүн сактоо инстинктине өзөлөнүп чогулуп калган Аң баласы аны Дүйнөгө уйуп (эми йогдолуп десекпи?) сактап калган. Бир, Жер бурчекке байланбай (отурук) улуу кыйырларда көчүп дүңгүрөгөн, Көккө ачык көкүрөгүндө Манас илими күңгүрөгөн Эл гана (көчмөн) ошол түпкү тутумун аяр тутуп калган – кайып кабарында, айан сырларында… Улутту улут кылып кармап турган бая аялуу Ички Ыргак, мында, эң бир ничке аяр туйум жолдордо Кудуреттүү Теңирине сапар алган. Анткени мында, Кайыпчал табиятында, бир эле учурда:

  1. Улуу ИШЕНИМ да;
  2. ОЙДУ бир нокотко уйутуу да;
  3. Ишенген Ойду кудуреттүү ИЧКИ ЭРКТЕ сырды жандырууга бир тарап багыттоо да түзөт.

Б.а КАЙЫПКАБАРГА чыгуу.

Бул, Киши Баласынын Тэңрикут МАНАСКА кайыпжол сапары. Теңирге уйуунун Ички Жолу.

Мындай байланыш каналынын бар экендигин азыркы-акыркы илим да ачып, моюндап баратыры улам. Мисалы, С.Кадыровдун «Уңгуталаасы», П.Гаряевдин толкун генетикасы, акыры, эң соңку экспериментте дадил алынган Кара Материядан кабар жеткирген, Хиггстин бозон бөлүкчөсү (бул үчүн Хиггс өзү 2012-жылы Нобель сыйлыгына татыды).

Келе элек МЕЗГИЛдерде Тэңирим бизге дагы не ыроолойт, үмүттүү күтөлү («үмүтсүз – шайтан», молдоке айтмакчы). Демек, кыргыздын соңку кездери тереңинен демеген кайыпчал касиетин да анын чыныгы табиятынын чукуранганы, Бирдиктүү Эстин ойгонгону катары билмек эп, арийне, бардык замандары боло келген шарлатандардан айырып, жана… жана Куран сөзүнө да эч чатыбай!

Анткени, анда, айат – 360 түрлүү бутка берилип-табынып, чалынып-жыгылып, бирин-бири жоюп-кырып, акыр заманы башына көрүнөө тууп калган араби калкын Мукамбет пайгамбар бир монотеизм – Аллага уйутуп жаткан чактары Анын Ак Жолун бууп чыкмакчы жандими шайтааний көзү ачыктыкка каршы түшүрүлгөн!

VI кылымдагы араб чөлүндөгү чындыкты Асман Кайыптары – Манасы, Бакайы, Кошою, Чыйырдысы, Каныкейи, Айчүрөгү, Семетейи, Төбө Көктөн түбөлүк бакып турган түбөлүк кыргыз чындыгына телип кереги жок. Манас баштаган кыргыз кайып-жылоосун тааныбоо – кыргыз рухуна каршы иштелген түздөн түз жана эң башкы кыянатчылык!

Экинчи. ТЭҢИРБИЙ. Акыркы кездери кыргыз турмушун аралаган дагы бир жаңылык – «Кара Жорго»! Кара Жорго бийи кыргыз гана эмес канаатташ казак, артылып боорубуз Алтай калктарында да бир учурда аргып чыкканы нени айтат? Байыркы жалпылыкты! Байырлуу улуу айдыңда байыры Теңирчиликтин текши козголушунан кабар айтат. Акыйкатта, бул, бир казакка, кыргызга, жаки, хакас, тува, жакутка, болбосо, аркы кара маңгулга эле эмес, байыркы Алтайдын баарына тан дүнүйө! Теңирчилик жалпылыгындагы, үч – беш миң жыл мурдагы. Анан да бул көндүм түшүнүктөгү табияттан көчүрмө бий да эмес, бул – терең сакралдык маңызга карк, ритуалдык мазмуунга чылк, күүдө эрип, күүдө мээнип Көккө-Жерге жуурулуп-суурулуп кеткен бий… «Күү» демекчи, Аалам өзү күү-шаа түшүп агылып-сапырылып жаткан күү ыргаалынан (кыт. ци; яп. ки; будд. дхарма; суф. нур; илим. квант) турат. «Киши» өзү да – «күү» насилдүү («ки»-«ши» күү баласы, күү тукуму демеги). Комуз суканы – уйуган киши (йог), комуз күүсү ТЭҢ (оң, сол, ичкилик) кайрык… Демек, бул учурда бая Ички Ыргак:

  1. КӨК ЫРГААЛЫН туйуу;
  2. КӨКҮРӨК ЫРГАГЫН далдоо;
  3. Ички ИШЕНИМДЕ Ой-Бой күүсүн сыртка агызып, кыймылга салуу; жан-тэнин нурлап АГА жалгануу аркылуу өтөт.

Бул Киши Баласынын Теңрикут МАНАСКА Ишеним-Ыргаал сапары.

 Теңирге Уйуунун Сырт-Ич Жолу.

Белгилер нерсе, азыркы бийленип жаткан «Кара Жорго» бийи, бул, бир гана учурдагы бир гана аталыштагы бир гана бий. Чынында, чебер уз колундагы саналуу көчөт үлгүлөрүнөн көз жоосун алган сансыз оюм-баяндарын түрлөнтүп түзүп кете бергендей, бий да кесип, мүнөз, маңыз, учур, кырдаал, абалга жараша саналуу кыймыл элементтери аркылуу сансыз «сюжетте» бийленип кете берет. Ушуга тең, мунун аталыштары да баяндаган мазмуунуна, аны аткарган кыймылына, коштогон күүсүнө карай түмөн түрлөнүп аталып кала берген: бүркүт бий, арстан бий, жылаан бий, жаа бий, быргы түлкү, бугу чалыш, тайтайлак; калмак бий, кара бий, талма бий, жинди бий, бакшы учкан, бүбү учкан, аңчы бий, жоочалыш; муун бий, сынма бий, күйшөмө; шылкыма, салкыма, оргума, каалгыма, ж.б. д.у.с.

Түпкү маңызы бирөө – Көк Ыргаалына Көкүрөк Ыргагын кыймыл, күү аркылуу далдоо; жанын Жан Жаратылышка, анын Ээси Жан Жаратканга жалгоо. Көккө жалгануу Жолу канчалык чексиз болсо – бий да ошончо чексиз. Анткени ал сакралдык чыныгы маңызында, дал ошол гана мөрттөгү Ааламдан нур жаап ци, ки, дхарма агылып турган Улуу Сырткы Эркке – дал ошол гана мөрттө өзүнөн өтөктөп агылып чыккан Ички Кичи Эркин далдап (!) кармап (!) жалгап табышуу! Жанын – Тэнин агызуу! Тэңирге уйуу. Андыктан мунун жалпы бир аталышын «Тэңирбий» деп койсок да туура. Алтайдагы «бакшы учкан», кытайдагы «тайцзи» ыргаал ошол байыркы тэңирчил доордун жаңырыгы…

Алдыда, кыргыз рухунун жайдары «Кара Жоргонун» бир баскычынан айдарым ритуал бийлердин миң баскычына аргыыры күтүлөт. Теңирчилик дегенибиз, ушул дагы…

Үчүнчү. ТЭҢИРКҮЙ. Алдыдан демеп күтүлгөн, алгачкы учкундары тутанып да калган үчүнчү орчун кубулуш, бул – кайчылык, көөмөй абазы (горловое пение). Кыргызда: «кайлап», «кай-гай»лап «ышкырык күү», «көмөкөйүнөн күңгүрөп», өңдүү сөз айкаштарында сакталып калган. Демек, бул керемет өнөр да азыр Алтай калктарынын басымдуу көпчүлүгүндө сакталып тургандай, экинчи өмүрүн жаңшанып жашап баштагандай эле, бир кез биздин да түптөн келген төл өнөрүбүз болгон. Суроо туулат, анда кандайча жоготуп алганбыз? Менимче, буга себеп:

Биринчиден, Алтай конушубуздан тамырыбызды биротоло ажыратып кеткен акыркы 300 – 400 жыл ичиндеги тарыхый шарт (оболу калмактардын, кийин казактардын Алтайдан арабызды шынаа бөлүп салышканы) болду.

Экинчиден, улуттук өнөрдүн, айрыкча манасчылык менен комузчулуктун болуп көрбөгөндөй өрлөп-гүлдөп кетиши. «Көөмөй күү» аткара келген озуйпа бизде «ачык манас» жана «күңгүр күүгө» эки ажырап кеткен. Улуттук аспаптары жана айтуучулук өнөрү биздегидей өркүндөбөгөн элдерде көөмөй күү өз озуйпасын аркалап, дурус сакталды. Көөмөй күү эле эмес, биз бүгүн Манастын кара сөз менен, же кара сөз-ыр аралаштырып, болбосо, жалаң жамактатып да айтылган кезеңдери кечээ эле өткөнүн да такыр унутуп салдык. Шаабай атанын Манас айтуусунда көмөкөй ыкманын сакталганын көрүп-угуп турубуз. Мында – көөмөй күүдөн ачык тексттин үзүлүп чыгып бараткан маалы бар. Мынчалык улуу баян-дастанды, орошон окуяларды туйук күңгүр айтууга эч мүмкүн эмес эле, манастекст ошон үчүн кийин ачык ажырап чыккан.

Үчүнчүдөн – ислам. XIX к. аягы, ХХ к. башында бүбү-бакшылыкты кожо-молдолук биротоло сүрүп чыккандай эле көөмөй күүнүн акыркы үздүк-сыныктарын да куран, зикир тумтак сүрүп таштаган. Анткени, көөмөй күү жөн эле кайгайлаган күү эмес, анда домчулардын дому, б.а. «кара диндин» (эски) мантралары айтылган.

Байыртан элибизде бар, жашап келген, бул керемет сакраль өнөрдүн соңку тарыхый замандары бизде изи сууп кетишине себеп – ушулар. Эми эки миң жылдык мамлекеттүүлүк тарыхы-философиясына кол созуп турган элибиздин эзелки керемет өнөрүнө суусап кайрыла башташы – бул өтө жышаандуу-кубанычтуу, жана мамлекеттик мааниси бар зор окуя.

Эми көөмөй күү, андагы абаз менен тексттин катышына, табиятына, өзгөчөлүктөрүнө азыраак баам салалы. Түрлөрү: каргыраа, кыркыраа, сыгыт, көөмөй, эзенги. Кыргыз «Манасы» менен якут «Олоңхосу» (айтса, илимде этимологиясы эмгиче так чечмеленбей келаткан «Олоң-хонун» чечилиши өзү: «Өлөң күй», б.а. өлөңдү күйлөп айтуу, же күйдө өлөңдөтүү деген эле кеп) эпикалык кубаттуу жанрга айланып баштаганы – буларда көөмөй күүдөн текст ачык суурулуп, бөлүнүп чыккан. Тува, монголдордо, тескерисинче, текст тереңге биротоло жутулуп, каңгырап кара күү өзү гана калган. Ал эми Алтай кайда көөмөй күү менен тексттин бир бирине керемет оошуп-коошкон кыймылдуу тең салмак абалы бар. Телегейи тегиз, шай. Бул, али, күүдөн – сөз, сөздөн күү ажырай элек психо-физикалык архетип. Киши баласы Аалам Бүтүндүгүнөн ажырай элек кезең. Же, бая жол бою улам айтыла-айтыла бүтпөй келген Көкүрөк Аалам менен Көк Ааламдын, Бүтүлүү Дүйнө менен Бүкүлү Эстин киндиги биртуташ чагы. Манас Абал!

Тарыхта алтайлык (алтайцы) деген эл жок, Алтай деген жер бар. Ал жерди эмгиче мекендеген төдөш (бизде төрдөш), дөөлөс, могол, мундуз, төбөй, өңдүү ж.б. кыргыз уруулары бар. Жер касиети – Эл касиети киндиктеш! Демек, биз, Ала Тоо кыргыздары качандыр кысталаң замандары жоготуп алган, мааниси эбегейсиз бул тарыхый баалуулугубузду канчалык тез кайрып келсек, ошончо ийги. Бир өнөр менен бүтүндөй Бир Доор кайрылат. Кыргыздын жаштык кубаты, аруу дили, тарыхый эси, аабалкы рухий-сакраль деми, жөн гана эмес жаңы деңгээлде, заман бийигинде жаңшанып-жаңырып кайрылат!

Эмесе, Элдик Ички Ыргак да мында:

  1. Ааламдын өзү КҮҮ ЫРГАКТАН турса;
  2. Ал ыргак аавалым башы АҢ СЕЗИМДЕЛГЕН (Жараткан!) болсо;
  3. «Кайгайлаган» (кай-кайдалаган) Көкүрөк Күйгө – Көк ИШЕНИМ болуп агылат ал, жаңырат ал Табылат АЛ! Бул, Тэңирге уйуунун Ич-Сырт Жолу.

Ушинтип жыя айтканда, теңирчиликтин кыялдагы эмес турмуштагы кудуреттүү үч салаа сапары башталды.

  1. I. Ички – ОЙ-СЕЗИМ дүйнөсү аркылуу;
  2. II. Ич – Сырткы – ҮН-ДОБУШ дүйнөсү аркылуу;

III. Сырткы – КЫЙМЫЛ-АРАКЕТ дүйнөсү аркылуу – Киши Эркин Көкө Тэңир Эркине далдоо,

жалгоо.

Же, баярак айтылып кеткен байыркы Хан Тэңир чындыгы – уйулгуп Асман Ноосу ачылган, жел кернейи тартылган Жерден, Киши Өзөгү өзөңдөгөн Тэңирдин БИРЛИГИНЕ, БААРЫЛЫГЫНА Жол…

Арийне, улуу Тэңир Билиг – Ишеним муну менен чектелбейт. Булар, тек, кайыпчылдыкты айтпаганда, негизинен ритуалдык гана өңүт… жана бу Жолду да эч ким сырттан таңуулабады, атайын да идеологиялаштырбады (мисалы, саясы ислам, же батыш демократиясындай), элдин тереңи өзү козголду. Каны кызыды, жаалы ойгонду. Кандын – Жандын чакырыгын тыйыш, жолун бууш мүмкүн эмес, ал – сел, жолундагыны жууп таштайт. Бир эле «Кара Жорго» бийдин бирар мезгилде кыргыз, казактын рухун дүрр аргытып салганы эмнеге тең! Арийне, булар азыр аздан-аздан, унутулган этникалык өнөр катары, искусство катары өз жашоосун жаңыдан жашап баштады. А эртең?… Жок, буга жоопту азырынча бизге чейинкилерден, сыналган тарыхтын өзүнөн ала туралы. Улуу МЕЗГИЛ өзү бергичең…

Имманнуил Кант – Жаңы Европанын калкагары, транцендентал философиянын атасы:

«Канчалык сүңгүп ойлонгон сайын ошончолук жан эргиткен жана сүрдөнткөн эгей-шыгай нерсе экөө – төбөңдөгү Жылдыздуу Аалам жана көөдөндөгү Мундуздуу Дүйнө…»

(«Две вещи наполняют душу всегда новым и более сильным удивлением и благоговением, чем чаще и продолжительнее мы размышляем о них – это звездное небо надо мной и моральный закон во мне»).

Кыргыз Эл:

Каары келсе калың Эл
Каардуу бороон Күнгө тең.
Касаптаса бирөөнү
Караңгы Айсыз Түнгө тең.
Чайпалганы козголуп
Чалкар деңиз Көлгө тең.
Жайдын мээри ачылып
Жайкалып турган Гүлгө тең.
Берекеси эң артык
Белден чыккан Кенге тең.
Сабыр кылса бир ишке
Салмагы оор Жерге тең.
Санжыргасы элимдин
Сары Арка тоо Белге тең.
Бет алып жүрүш кылганы
Уюлдун мүзү жарылып
Удургуп аккан Селге тең демекчи эми, ушул «Эл» деген стихия, анын мүлдө деми-руханы канткенде бир жерге уюп топтоло алат, кандайча бир дене – мүчөгө айланып укуктук материалдаша алат деген маселеге келсек болот.

ТЭҢчил (руханий-светтик) Мамлекетке!

Чоюн ӨМҮРАЛЫ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *