Кытай адабиятынан

Орусчадан которгон Назгүл ОСМОНОВА

АҢГЕМЕ

Ду мырза кайтыш болду. Мен бул жаңылыкты гезиттен окудум. Андан өлгөн кишинин сөөгү эбак жерге берилгенин да билдим. Топурак салууга катыша албаганым аянычтуу болду. Ду мырза менен коштошуу аземине анын илимий чөйрөдөгү көптөгөн достору барышыптыр. Алардан сырткары дагы бир маанилүү конок болуптур, ал маркумга гүлчамбар көтөрүп келген мамлекеттин жогорку бийлигинин өкүлү экен.

Мен алапайымды таппай турдум. Ду мырза менин окутуучум болгон. Мен болгону анын миңдеген окуучуларынын бири болгон күндө да мен анын тажиясына баруум керек болчу. Бирок мен чындап эле болуп өткөн ишти билген жокмун да. Аны менен коштошмок тургай, топурак салууга да үлгүргөн жокмун. Капысынан жандүйнөмдө өкүнүү жана өзүмдү жемелөө сезими пайда болду. Эми картаң окутуучумдун алдындагы күнөөмдү жеңилдетүү жана ага деген сыйымды билдирүү үчүн макала жазуум гана калат. Бирок канткен күндө да мен буга айыптуу эмесмин. Эгерде бул гезит болбогондо, мен анын өлгөнү тууралуу таптакыр билбей да калмакмын.

Окутуучу Ду он жылдан ашык ооруду. Кээдэ карыган устатыма аябай баргым келээр эле. Бирок акылым ар бир жолу дал эшиктен чыгарымда токтотуп калчу: «Сенсиз деле ал жакта адамдар жетиштүү, бутка чалынбай үйүңдө тынч олтур!». Айрыкча жаңы жыл алдында карыяны куттуктагым келчү. Бирок түпкүрдөн чыккан бир үн кудум мени кармап турган сыяктуу. Мен кайрадан өзүмө келип, жайлуу диваныма олтуруп калар элем. Чогуу окуган досум мага бир нече ирет коңгуроо кылып, карыя менин атымды атаганын айтты. Акырында ал мага карыяга жок дегенде бир саатка баш багып, бир азга болсо да аңгемелешип отуруумду суранды. Анын үнүнөн ачык эле айыптоону туйдум. Мага эмне болгонун ким билсин, бирок дайым жумуштан колум бошобогонун айтып, андан кутулуу үчүн түркүн шылтоолорду ойлоп таап жүрдүм. Ошентип он жыл өтүп кетти.

Өкүнүп турдум. Күнөөмдү сезүү оюмду бир жерге топтоого мүмкүндүк берип, окутуучума деген сый-урматымды билдире ала турган макаламды жазууга тезинен киришүүнү чечтим.

Макаламды эмнеден баштасам? Мен чындыкты гана жаза алам: «Биз мугалим Ду экөөбүз — мурунку коңшуларбыз. Биз бир үйдө, атүгүл бир кабатта жашайбыз. Болгону анын батиринин номуру 6, ал эми меники — 7…».

Мени катаалдык менен айыптабашыңарды суранам, бирок макаламды четке жыйыштырып турууга туура келди, себеби атам ооруп жатыптыр. Бул тууралуу интернеттен билдим. Көрсө, атам эки жылдан бери ооруканада жатыптыр. Мугалимдер майрамында анын даражалуу кызматта иштеген бир окуучусу убактысын бөлүп, атамды көргөнү барыптыр. Жолугушуудан кийин алар эстеликке сүрөткө түшүшүптүр, дал ошол сүрөттөн атамды көрүп калдым. Менин атам да абройлуу окумуштуу. Маркум Ду устатымдан калышпайт. Бирок биз атам экөөбүз бир үйдө жашабайбыз. Ал мага коңшулаш кабат үйдө турат. Экөөбүздүн үйүбүздүн аралыгы балким, каза болгон Ду карыя менен менин батиримдин ортосундагы аралыктан алысыраактыр, бирок буга карабастан мен атамдын абалын билүү үчүн ага барышым керек. А Ду мырза тууралуу макаланы кийинчерээк жазамын.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *