(Мистикалык аңгеме)

Оорукчан жаны өлүмдү көп ойлочу. Адамзаттын бирден-бир бул жандырмаксыз табышмагына эл катары эле акылы жетпегени менен, анын өзүнө жакын калганын сезсе дагы коркчу эмес.

Ал өлүмдү тек гана түбөлүккө эч ойгонбостон уктап кетүү гана катары көрүп, артта чала бүткөн иштерим, төлөнбөгөн карыздарым, жетпеген максаттарым жаман сөз калбаса экен деп тилечү дагы, уулу менен кызына келечек түзүп бербей кете берүүдөн санааркачу. Бирок өлүм деген өлүм да. Ал ар бир пенденин бул дүйнөдөгү бүтпөгөн ташпиштерин күтүп жүрбөйт. Ажалы жетип, күнү бүтүп, ичээр суусу бүткөн кишиге кечикпей келет.

Ошентип Досмарт өлүм жөнүндө көп ойлонсо дагы анын мынчалык тез келерин билбептир. Жүрөгү капысынан кармады анын. Эртеден бери кандайдыр шалдыраган чарчоо менен жүрүп, кечте үйгө келгенинде адатынча балдарын эркелетип отуруп “Жаным жер тартып турат” деп төркү үйгө кирип, диванга кыйшаяры менен жүрөгү кармады. Демейде ала жүрчү дарысын жутуп жиберип, жүрөгүн баскан бойдон анын денесине тарашын, оорусунун басаңдоосун күтүп, анан акырындан жеңилдечү. Бирок бул жолу жүрөгү капысынан катуу кармагандыктан буту-колу шал боло, кыйшайган ордунан обдула коңшу бөлмөдөгү аялын чакырганга алы келбеди.

Бир кезде ал өзүн кайдадыр кулап бараткандай сезип, ордунан тура калайын деп обдулду эле, азыр эле кандай кулап баратса ошондой өйдөнү карай көкөлөп кеткенсиди. Ошондо гана эмне болуп кетти деп төмөнгө көз жүгүртө берип, кыймылсыз жаткан өзүн-өзү көрүп чочуп кетти да, кайрадан бой таштады. Бирок өз денесине өзү коошо койбоду, сулк жаткан дене-боюна кирпик ирмем да кыймыл бере албады. Эмне болуп кеткенин түшүнө албай чабалактап ары-бери кетти эле, төрт тараптагы дубалдарга урунуп-беринип араң токтоду, ал тургай ачылып калган оозунан сойлоп кирип, өйдө көтөргөнгө аракет кылса да денесинде өзгөрүү болбоду.

Ошондо гана тигил сулк жаткан денесинен жаны бөлүнүп, оо дүйнөлүк болуп кеткенин биле калды да, коркконунан улам кыйкырып жиберди. Бирок үнү чыкпады. Ушинтип жаналакетке түшүп жатып, ал бул дүйнөдөгүлөрдү көрүп, угуп, сезип атса дагы азыркы абалы алсыз бир үлп эткен желче эмес экенин, мына бул өзүнүн дүйнөдөн өтүп кеткенин жандуулардан биринчи биле калып дене досунун бетине конуп, көзүнө жорголоп келген чымынча бул керемет жашоого акысы жогун, ушул үй, андагы оокаттар, ойногон балдар, күйпөлөктөгөн аял Досмарт деген гана атына тиешелүү болуп, өзүнө эми алардын буйругу жок экенин бир ирмемде эле биле калды. Кыңкыстаган кыйналуусуз, жүрөк түшүргөн коркунучсуз, ал эмес эки кез келген бийиктиктен муздак сууга секиргендегидей да апкааруу жаратпай, бир бөлмөдөн бир бөлмөгө бир аттап кирген сыяктуу башка дүйнөгө өтүп кеткенине, бүткүл жандуулар коркуп, адамзат жаралгандан эле сырын биле албай баш катырып келаткан өлүм деген ушундай жөнөкөй гана кубулуш экенине айран-таң калып, ишенбей кетти. Оюн токтотуп, өзүнө өзү абай сала караса, туптунук өңдөгү тирүү пенде көзүнө көрүнбөгөн адам сымал элес экен. Оң ийнине шыптан ылдый агыш нур түшүп турса, сол жагынан жогору карай ошондой эле шоола жогору карай чагылып туруптур.

Аңгыча бөлмөгө үч жашар уулу энтеңдеп шашып кирди. Өзүнөн эки жаш улуу эжесинен жашынганы кирген наристени ак булуттай болгон үлпүлдөк нурдуу алкак курчап, анын да оң-сол ийиндерине төмөн, жогору кеткен кош шоола бар экен. Бир карап бүшүркөй түшкөн ал бул уулун курчаган ак нурлуу алкак анын жаны экенин, асмандан түшүп, асманга кетип турган кош шоола анын Кудай менен болгон байланышы экенин илгиртпей түшүндү.

— Ато-о-у! – деди уулу эркелей жанына басып келип, – мени жашынтып койчу-у!

Атасы унчукпаганда шашылган уулу жыйылуу жүк менен илинүү кийимдердин ортосуна, бул бөлмөдө жашына турган жер ушул эле болсо дагы таба албайт деген бекем ишенимде кирип кетти да кыйкырып калды:

— Жылдыз, мени тапчы-ы, каяктамын?!

Уулунукундай эле курчаган ак алкактуу, жанашкан кош шоолалуу кызы бөлмөгө акырын кирип, түз эле өзүнүн жансыз денеси жаткан диванга келип, эки жагын каранды да бурулуп, мулуңдаган бойдон барып кийимдердин арасын ачып:

— Аа, таптымбы-ы, — деди эле, уулу дегеле эжеси эки сааттан бери издеп атып араң тапкандан бетер кыткылыктап күлүп чыга келди.

Ушул көрүнүш, балдарынын баео оюну эбедейин эзип, ыйлагысын келтирди. Жумуштан чарчап келип, ушинтип кыйшая калганында же гезит окуп олтурганында балдары жашынмак оюнун баштап жиберишчү. Ичи элжиреген жаны аздан барып бала менен бала болуп ойноп, аралашып кетчү. Албетте, дөңкөйүп өзү жашынчу эмес. Уулун кызынан, кызын уулунан жашынтып аябай ырахатка батып ойношуп, үй ичин каткырыкка толтурушчу. Ошентип эки баласы бейкапар ойноп атышты.

Айласыз Досмарт оо дүйнөнүн босогосунда балдарынын оюнуна ыйлаган бойдон карап туруп, бул алардын эң акыркы кирсиз, эч санаасыз оюндары экенин, азыр эле алардын чайыттай ачык балалыгынын асманын кара булут каптаарын, моюндарына жетим деген жүк артылаарын ойлоп заманасы куурулуп кетти. Азыр колу болсо дубалды ургулап, буту болсо жер тепкилеп, көзү болсо жашын көлдөтүп ыйламак. Жок. Буту, колу, көзү, дегеле бүт денеси болсо кайдан кайгырмак?! Балдар менен тирүүлүк бакытынын кучагында ырахатка батып ойноп атышмак.

Жан менен дендин ортосунан жаралган тирүүлүк деген не деген керемет экенин, мурун менен дем алган аба, көз менен көргөн айлана, кулак менен уккан үндөр, ооз менен жеген тамак, ичкен суу, деги койчу бүт дене менен сезгендин баары ырахат, жашоонун өзү зор бакыт экенин эми билип атпайбы. Аңгыча ашканадан аялынын үнү угулду.

— Жылдыз, атаңды тур дечи, – деп. Анан: — Беймаал убакта неге мынча жатты, бардыгын кыйратып келгенсип,– өзүнчө күңкүлдөдү. Бул анын көнүмүш заар тили эле. Мына азыр эринин өтүп кеткенин билет, балдарынын күлкүсү ыйга айланат:

— Досмарт, Досмарт, – деп алгач түрткүлөгөн аялы чөгөлөй  калып жулкулдатып жиберди: — Досмарт көзүңдү ач, эмне болуп атасың? Жансыз башы шылк дей түшкөндө жаакка чапкылады: — Досмарт, — деп чаңырды. Эси чыккан эки чүрпөсү эки жактан этектеп ыйлап коё беришти. Анан бул ызы-чууну уккан кошуналар жетип келип, анан бир туугандары… Ошентип жамандык чынжырлана уланып, өзүн билгендерге бүт жетет.

— Кантип эле – деген ишенбөөчүлүк.

— Эмне болуп кетти, оорубай-сыктабай эле жүрбөдү беле? – деген түшүнбөөчүлүк.

— Кайран жигит, жашоонун жыргалчылыгын көрбөй жаш кетти, – деген аео.

— Эч кимге зыяны жок, пайдасы көп, түз жүргөн ак жүрөк жигит эле, эрте алып кете бергендей Кудайга эмнесинен жазды экен? – деген таң калуу.

— Кудайдын бар экенине деле ишенбей калдым. Болбосо ушундай жакшы пендесин мынча эрте албайт эле, — дегендерге: — Мындай адамдар кудайга да керек. Ошон үчүн жакшы кишилер аз жашайт, – деген каяша жооп.

— Жашагандай жашаш керек болчу, акыры минтип өлүп каларды билген соң, улуп-жулуп болсо дагы… — деген тымызын табалоо. Анан аза боз үйүнөн кошок аралаш чыккан аялынын:

– Досмарт ала жат, бизди ушинтип таштап кетесиңби?! Сенсиз кантип жашайбыз? – деген ыйын уккан бери жактагылар:

— Кантип жашамак элең шордуу? Эл катары эптеп жашайсың да, – десе бири:

— Жаш экен, маңдайына жазса жакшы жашоосу алдыдадыр. Өлгөндүн эле өз шору, – деп шыпшынат.

Булар демейдеги эле адам өлгөндөгү кептер, маркумду жамандабаган адат болчу. Ушинтип көңүлүнөн азыртан баштап жерге коюлганга чейинки тажиясы заматта чууруп өткөндө, ал бир нерсени түшүнө калды. Мунун баары өзүнө, Досмарт – жанга тиешеси жок, тирүүлөрдүн гана жашоодогу боло жүргөн ташпиши экен, орой ойлосо жансыз жаткан, көмбөй койсо жыттанып чирип кетээр Досмарт – денени оолактатуучу иш-чара экен, ойлосо адамдын адамдыгын далилдеген, айбандардан айырмалап турган маркумдардын алдындагы парзы экен.

Эки баласынын бир туугандарынын ыйы чыгып, кээ бир адамдардын арамза кайгысын, тойго окшоп кеткен, ичип жеген, ары жок күлкү угулган өзүнүн тажиясынан жийиркенген, ага күбө болгусу келбеген ал эми дене досунан оолактап, бейкапар ойноп жаткан эки баласын чарк айлана тегеренип, жүздөрүнөн леп эткен жел сыяктуу жумшак аймалап коштошуп, заматта ашканада тамак жасап жаткан аялынын маңдайында болду.

Аялынын сулуучумак жүзүнөн, сымбаттуу денесинен билинер-билинбес гана нур чыгып, анысына жараша эки ийниндеги кош шооласы эптеп эле көрүнүп туруптур. Эмне үчүн мындай деп өзүнө суроо салгычакты кандайдыр бир сезимдер менен анын себеби айкын боло калды. Көрсө, адам жаман ойлогон сайын, күнөө жасаган сайын анын балдардыкындай үлпүлдөк таза жаны кирдей берет экен, ийрилген жүндөй чыйрала берет экен да, булганганына жараша жанынын нуру өчүп, чыйралган сайын күнөө көтөрүмдүүлүгү арта берет экен.

Минтип жанынын нуру өчкөн сайын ийиндериндеги Кудай менен байланыштырган нурлары алсызданып, күнөөгө баткан көрпенделикке, жан кумары эмес, дене кумары канааттандырууга умтулуп калат экен. Дайыма жашоосуна нааразы, качан болсо жетпеген оокатына кейип, элчилеп улуп-жулбаган, жутунбаган өзүн күнүгө каарый берээр аялы көңүлүндөгү жакшы жашоо деген кыялынын кулуна айланып, жан шооласын ушундай булгап, чыйралган аркандай катуу пейил күткөндүгүнөн баардык күнөөлөргө барып, жамандыктын жаңыларына белен болуп калган экен. Өмүрлүк жарынын бузулган ички дүйнөсүнө үңүлүп, анын булганычтыгына жийиркене түшкөн неме эми денесиз жандарга гана тиешелүү жөндөмү менен аялынын ойлорун окуй баштады.

“Эркектин эркектей эле болгону жакшы турбайбы”, – деп ойлоду ал. “Ушунун эмнесине кызыктым экен, шордуу жаным жооштугунабы, бала кыялынабы, ак жүрөктүүлүгүнөбү? Эх, келесоо экенмин да! Не деген гана жигиттер артыман чуркады эле?! Сейдалычы, кандай өткүр жигит эле? Ошол өткүрлүгүнө карабай колумду сурап чөгөлөгөнгө чейин барбады беле? Кесир кылыпмын да! Азыр ал министерстводо бөлүм башчы экен, аялы менен ажырашып бойдок экен… Эгер анын аялы болгонумда, тирүүнүн бейишине түшөт элем” деп андан ары арам кыялдарга батты эле, денесинен араң билинген жан нуру ого бетер карайды. Досмарт — жан аялынын кыялдары менен кошо чабыттаганында ага дагы бир адамдын тагдырын алдын-ала билип койгон оо дүйнөлүк жөндөмү ачыла калды…

Бир жыл өтүп-өтпөй аялы жанагы министрликте иштеген Сейдалысына турмушка чыгаарын, ал мүнөзү өткүр, турмушка камбыл, оокатка табышкер болгону менен жаман адаттарга жакын, сол жактарга жүрөнөөк, кызыл камчы чыгып, аялына далайды көргөзөрүн, ошондо үн көтөрө “эй” деп койбогон өзүн далай эстээрин, ачуу тилин тийгизгенине катуу өкүнөрүн, бирок аны күйөөсү эки баласына өгөй болсо да өздөй мамиле кылгандыгынан улам кордуктарына чыдап дили агарып, пейили жумшарып, жакшы жубай болуп дагы эки бала төрөрүн билди. Көрсө, аялы чылк күнөөгө батып, пейили тарып, өзүндөй эркекти кесир кылгандыгы үчүн Кудай аны жесир калтырып жазалаган экен. Эки баласынын жакшы келечегин алдын-ала көргөн анын санаасы эми тынчып, ачык турган эшиктен сыртка учуп чыкты. Алгач өзү куруп далай жыл жашаган үйүн кыя албай, күнүгө баскан көчөсүндө тирүүсүндө жөө басканындай, дале болсо жетим калган балдарынан оюн бөлө албай каалгып жай учту. Анан барып оор ойлорунан арыла, ансайын ар кайсыга алаксый ылдамдады. Тездеген сайын жандын теңдешсиз күлүктүгүн билди. Бийиктеген сайын эч кандай күч жумшатпай туруп чексиз ырахатка батырар зымыроону сезди. Жыргаган сайын өзүнүн бейишке түшкөнүнө ишенди. Кудайга тобо келтирди.

Кең асманда бир зуулдап Досмарттын жаны эми шаардын көчөлөрүн аралай учту. Жылып кирген караңгылыкка жараша жылдыздар акырын жылт-жулт жанса, Адам жараткан жасалма оттор жарк-журк этип олдоксон күйүшүп, асмандагы күн капыс жалп деп өчүп, түн күтүүсүздөн басып калгандан бетер адам аттуулар далбасага түшүп унаачаны унаачан, жөөчөну жөөдөй үйлөрүнө шышылып, ансыз да кымгуут шаар көчөсүндө кыймыл күчөгөн кез эле.

Чарчаган, көбүнүн жолу болбогон, эртең мененкисине караганда үмүтсүзүрөк, Кудайды азырак эстеген адамдарды аралап баратып алардын жан шоолалары ушундай кирдеп, күңүрттөнүп, пейилдери таштай катып калгандыгын көрүп, жалаң жаман кылмыш кылган түрмөдөгү канкорлорго аралашкандай үрөйү учту. Чыйралып бүткөн, абийири бүткүл дүйнөнүн жамандыктарын көтөргөндөй, жаны денеси менен кошо ден болуп кирдеп бүткөн, баардык терс адаттардан баш тартпоого жетишкен пенделер кадам сайын кезиксе, жаны бала кезиндегидей аппак, үлбүрөк бойдон калган, абийири бир сомдук карыз болсо дагы көтөрө албагандай адамдар (наристелерди кошпогондо) кара тору жылкылардын арасындагы ак боз бээдей анда-санда гана кезиге калып атты.

Мындай наристедей таза адамдардын оң ийниндеги Кудайдын мээр-нуру ашып-ташып, айланасындагыларга шарапатын, ал эми жаны картайган күнөөлүүлөргө каргыш-нур жаап жанындагыларга кесепетин тийгизээрин Досмарт жаземдебей түшүндү. Качан гана адамдардын баары булганып бүткөндө кудайдын мээр-нуру үзүлүп жерде кыямат-кайым болорун, азыркы болуп жаткан жамандыктар адамдардын көбүнүн ички дүйнөлөрүнүн карайып кеткендигинен экенин баамдады. Албан түркүн адамдарды көрүп, алардын ар кандай түшкөн тагдыр жолдору менен таанышып, кызык ойлорун окуган Досмарт бир кезде жаңы кырсык болгон эки көчөнүн кесилишинде тургандарга келип калды. Бул котологондор жаңы эле бетме-бет кагышып кеткен эки машиненин биринен суурулуп чыгарылып, чабалактап жаны чыгып бараткан адамды карашып, жакаларын кармай Кудайды, өлүмдү эстеп турушкан экен.

Оо дүйнөлүк көз менен караганда күнөөгө баткандыгынан улам карайып кеткен, дене менен дене болуп бүткөн жан көкүрөктөн чыгып кете албай катуу кыйналып жатты. Эгер бала кезиндегидей таза жана жумшак болгонунда жан ийне көзүндөй көзөнөк болсо да сызылып чыгып, бул маркумга айланып бараткан адам көп кыйналмак эмес экен. Ушинтип чабалактап атып жан денеден акыры бөлүндү да, оор кыймылдап төмөндө сулк жаткан дене-досуна бир караганга да шайы келбей, жогору карай көтөрүлө баштады. Досмарт-жан бул адамдын жаны да денесинен бөлүнгөндө өзүнө окшоп түзсүз өңүн кийим ийкемдүү, күлүк болуп калат ко деп ойлогон. Бирок тигинин жаны баягы көкүрөгүндө кандай кир болсо ошондой бойдон калды да, кайырмакка илинген балыктан бетер кыйналуу менен, оор кыймылдоо менен асманга тик көтөрүлүп, бийиктеген сайын үнсүз кыйкырып, онтоп кыйналуусу күчөп баратты. Ошондо Досмарт-жан бул пенденин жаны тозокко түшөрүн билди. Анткени жандар канчалык кир, катуу болсо Кудайдын нурун ошончолук өткөрө албай тирүүлөй куйкаланып күйүп, жашоодо адам көрбөс азапты тартат экен. А жан канчалык тунук, таза, ак болсо ошончолук кудайдын мээр нурун кабыл алып өткөрүп, жанжыргалга батып бейиште жашайт тура.

Ошентип оо дүйнө өлчөмү менен караганда бири түссүз – күлүк, экинчиси кара — кашаң эки жан улам жогору карай алгачкысы бейишке жыргай, экинчиси тозокко кыйнала көтөрүлүп баратышты. Досмарт-жан баягы тирүүлүктөгү боорукерлиги менен өзүнүн бейишке чыгаарына сүйүнбөй эле тигинин тозокто куйкаланарына кайгырып, анын азабын кантип азайтышты билбей баратты.

Ушинтип Досмарт-жан түбөлүк бейиш жыргалына зуулдаган бойдон бой таштап кирип кетет беле, эгер арт жактан, улам алыстап бараткан жерден кимдир бирөөнүн Кудайга болгон кирсиз, таза жалынуусунан, сыйынуусунан жаралган үзгүлтүксүз аппак нур бул Жараткандын тозогу менен бейишине карай кетип бараткандарды жарык кылып өтпөсө…

Жердеги жабыккан жандын бул сыйынуусу куйкаланып, күйүп бараткан тиги күнөөлүүнү желпип-желпип өткөндүктөн ал кыйналуудан сеп ала түшүп дагы-дагы сайынса экен деп тилеп жиберди. Көрсө тирүүлөр канчалык кудайга ишенишсе, чындап сыйынышса тозоктогуларга ошончолук жеңилдик болот тура. Жердеги сыйынып аткан бул адам Досмартты аябай кызыктырып, анын жан дүйнөсүнө үңүлүп көргүсүн келтирип кайра жерди карай боюн таштады. Жанагы үзгүлтүксүз ак нур чыгарып сыйынып аткан адам отуздан өткөн аял болуп чыкты. Ал шаардын чегиндеги жепирейген эки бөлмө топурак тамда колдорун бооруна ала чөк түшүп, көзүнүн жашын он талаа кылып көлдөтүп Кудайдан перзент сурап атыптыр.

— Оо, Кудуретим, оо, касиетиңен айланайын улуу Кудайым, жарыкчылыгыңан айланайын Жаратканым, телегейге теп-тегиз караган Теңирим, оо он сегиз миң ааламдын Эгеси Алла Таалам – деди Кудайдын канча аты болсо ошончосун миң кайталап айтып чыгууга, канча пайгамбары болсо баарын атап чыгууга даяр боло:

— Мага бир эле перзент берчи, өз чүрпөмдүн жытын жыттатчы, элге берген балаңды менден аябачы, суранам, наристелүү кылчы бизди. Ал өзү түпкүлүгү жакшы адам. Бизге бир эле перзент берсең бардык күнөөлөрүнөн арылып, тетири жакка баспай калат эле. Оо, Жараткан, бир перзент буйручу – деп кош колдоп боорун баскан бойдон көз жашын он талаа кылып бүткүл дени менен солкулдап ыйлап жатты.

Бул ушул жепирейген тамда он жылдап бала күткөн, күйөөсүнүн далай кордугуна чыдап келаткан аялдын жаны күтүүдөн улам саргайып кеткени менен жаман адаты жоктугунан пейили дале кебездей жумшак экен. Тар бөлмөнүн бир бурчунда шордуу аялга кандай жардам беришти биле албай Досмарттын айласы кетип турганда жогорудан келиндин оң ийнине түшүп турган кудайдын мээр-нуру өзгөчө аппак боло түшүп, бөлмө ичине жаш баланын элесиндеги тунук өңдүү жан пайда болду.

Келиндин жалынычын кабыл алган Кудайдын бул үй-бүлөгө жиберген баласынын жаны экенин илгиртпей түшүнгөн Досмарт сүйүнүп кетти. Балажандын мүнөзү жаңыдан там-туң баскан, ар нерсени кармап, оозуна салып көргүсү келген, бирок, чоочун үйгө киргендигинен кичине тартынып турган наристеникиндей экен. Ал төшөгүндө чөгөлөп олтурган аялга батына албай эшик жакты улам кылчактап карап, бирөөнү күтүп аткансып окчун турду. Мунусунан улам бала-жан азыр келээр атасын күтүп атканын, энесинин боюна бүтүшү үчүн болочокку ата-энесинин бири-бирине болгон сүйүүсүн, бүткүл жан-дендери менен айкалыштырып кетүүсү керек экенин биле калды. Досмарт жана денеден жандын бөлүнүшүн көрсө эми экөөнүн биригүүсүнө күбө болоорун билип күтүп калды. Көп өтпөй эшик катуу тарсылдады. Жүгүрүп барып эшикти ачып жиберген келин күйөөсү менен беттеше түшүп, анын сурданган жүзүнөн сестене туруп калды.

— Эмне үчүн ким экенимди сурап туруп ачпайсың? – деди ал корсулдаган үнүнөн ички ачуусун даана билгизе. Анын карайып кеткен ички дүйнөсүн көргөн Досмарт, аялга көрсөтөөр аяр мамиледен үмүтүн үзсө, бала-жан корккон бойдон бөлмөнүн бир бурчуна тыгыла түштү.

— Сенин кандай тарсылдатаарыңды билем да – деди аял жумшак гана.

— Дагы кимдин кандай тарсылдатаарын билесиң? Же алар акырын тыкылдатып келишеби? – деди эркек болбогон сөздөн уруш үчүн кыйкым издеп, кекээр аралаш.

— Өзүң мени жүдөгөн, баарынан артта калган немесиң, сени менден башка эч ким карабайт деп чанасын дагы, анан кызгана бергениң кызык Жүзөн.

— Чын эле мен сени неге кызганып атам деп тына түштү да:

— Кийимдеримди салыштырып берчи, мен сенден биротоло кетип атам – деди сөзүнөн эч кандай сезими, толкундоосу билинбей.

— Бүгүнбү, азырбы? – селт этти келин оозунан кеби түшө.

— Ооба, мен бат эле келип калам деп чыккам… Күтүп атышат.

— Акыры кетип тынат экенсиң да – деди келин ички көтөрүлүп келаткан ыйын араң басып.

— Андан башка жол калбады бизде. Мына жашым кыркка келип калды. Мен деле бала жыттайын да дүйнөдөн тукумсуз өтпөй – деди ал эми кетем деп бетин ачып алган соң жумшара түшүп.

— Жүзөн, сени түшүнбөйт деп турасыңбы? Мен деле сени тукумсуз калбасын дейм. Бирок, эки балалуу аялдын үстүнө кирем дегениң мага жаккан жок.

— Эки балалуу болсо эмне экен? Ал мага төрөп берем деп жатат.

— Жүзөн, суранам кетпе, бирөөнүн үстүнө кирсең мендегидей эркин боло албайсың. Же мен сага жаман мамиле кылдымбы? Бастың, турдуң дедимби?

— Аздегим, сенин мага төрөп бербегендигиңден башка эч дооматым жок. Бирок, азыр мен кетишим керек – деп ал кийимдерин алыш үчүн төркү бөлмөгө өтүп барды да:

— Андан көрө мага жардам берчи – деди.

— Жүзөн – деди ээрчий баскан Аздегим:

— Бүгүн мен врачта болдум. Ал мени төрөйсүң деп айтты. Кетпе, Жүзөн, кийин өкүнүп каласың. Мен сага төрөп берем. Сөзсүз төрөп берем. Ишенип кой! Түндө түшүмдө раматылык атам мага маки берди. Буюрса эркек балалуу болобуз Жүзөн, — деп акыркы сөздөрүн ички ый-ызасы атырылып чыккыча айтып калайын дегендей тез-тез айтты да буркурап ыйлап жиберди.

Кийимдерин чоң чаар баштыкка сала баштаган Жүзөн артына бурула берип ички ачуусу менен:

— Аздек, бул баягы эле он жылдан берки сөзүң да! Мен эбак эле бул жомокторуна ишенбей калгам. Мага неге мынчалык жабыштың, билбейм? Далай ирет көңүлүңдү калтырдым, көрбөгөндү көргөздүм, ачуу сөзүм тургай колумду да тийгиздим. Менден жалкыбай, көңүлүңдү калтырбай койдуң. Анда эмесе угуп тур! Сенден кетип аткан чын себебимди айтып коеюн. Жанагы мен үстүнө кирип аткан аял сенден сулуу, сенден жаш, билимдүү, акылдуу, сенден тыкан, жароокер, сенден бай, алдында машинеси, үстүндө заңгыраган үйү бар. Анан ал мага төрөп берем деп жатат, төрөп берем деп… Жетиштүүбү? Же дагы айта түшөйүнбү? Эми менден көңүлүң калдыбы, мени жек көрө баштадыңбы? Мен деле сени өз жашоосун баштап, бактылуу болсо дейм. Менден башка деле кишилер бар айланаңда. Ушул үйдү сага калтырып атканыма сүйүнүп кала бербейсиңби?

Аздегимдин эми сөз айтканга алы келбей, уламдан улам ыйынан күчүн чыгарып, өз кайгысы менен өзү жалгыз калгысы келе Жүзөн чоң баштык кийимин көтөрүнүп чыгып баратканына кайдыгерлене, анын:

— Кош, Аздек, жакшы кал! Бактылуу бол! – дегенин укпагандай, бүткүл денеси менен солуктап ыйлап диванда олтура берди. “Аялдын бир куралы ый, кылчайсам эле кете албай калам. Тим кой, менден көңүлү калсын, акыры кете турган болгон соң” – деп ойлогон Жүзөн бүт жан дүйнөсү менен кайтпастай карайып эшикти карс жаап чыгып кетти.

Ушинтип эркек жолуна түшкөндө, аял кайгысына катуулай батып, көз жашынан күчүн чыгарып, жалгыздыктан бүткөн жашоосуна баш ийгенинде, бала-жан жаңы жашоо бактысы буйрубаганынан какжыраган каалганын кайсы бир тешигинен сызылып чыгып көздөн кайым болду.

Кудайдан берилген баланы билип-билбей кесир кылган аял-эркек чоң күнөөгө баткандарын, мунун арты жакшылыкка алып барбасын, ошон үчүн кандай болсо дагы туш тарапка ажыраган бул үчөөнү бириктирип зарыл экенин түшүнгөн Досмарт-жан не кылар айласын таппай калды. Эгер эле азыр Жүзөн артына кайтып келбесе, бечара Аздегим кайгыдан башын эч качан көтөрө албай, Кудайга да жанагинтип ишенип, сыйынбай, андыктан Жаратканга үнү жетпей өмүр бою ушул топурак тамда жапжалгыз жашап өтөөрүн билген Досмарт каалга жылчыгынан атып чыгып, Жүзөңгө зуу коюп жетип барды.

Жүзөн арттагы жагымсыз коштошууну ойлогусу келбей, өзүн алдыдагы жакшы жашоосу менен сооротуп, алдап, колундагы кыйла эле салмактуу баштыгын сезбей кетип баратыптыр.

Досмарт-жан жетип эле анын колун кайрып, арт жагына дегдеңдетип сүйрөп келчүдөн бетер жабыша калды. Кандайдыр бир күч тапчудан бетер артка тартып көрдү. Бирок, Жүзөң мунусун желп эткен желче да көрбөй ойлорун уланта берди. “Бүттү, эртеңден баштап, жок, азыртан баштап жаңы, бактылуу жашоо баштайм. Менин да жакшы жашоого акым бар”. Анын бул ойлорун окуган Досмарт күйүп кетти, жөн эле Жүзөн эшитчүдөн бетер оо дүйнөлүк үнүндө кулагына кыйкыра берди: “Жүзөн кайт артыңа, алдыда сени бактысыздык күтүп турат. Кайт артына, кийин катуу өкүнөсүң. Кайт!”

Бирок, Жүзөн анын бул үнсүз кыйкырыгын кулак түбүнөн учуп өткөн чиркейдин зың эткен үнүнчөлүк дагы көрбөдү. Ошондо өзүнүн алсыздыгына, денесинин жоктугуна, бул дүйнөлүк эмес экенине катуу өкүнүп алды. “Эх, азыр денем болгонунда бул кемпайга айтып түшүндүрмөкмүн. Эгер түшүнбөсө, күчкө салып артка сүйрөп бармакмын… Жок, жанагы шордуу келинди буга кор кылбай өзүм бөпөлөп багым бактылуу кылмакмын деп ойлоду ал айласы кеткенде.

Ушинтип чарасыздык кучагында калган ал бир кезде ушул эки дүйнөнүн ээси, он сегиз миң ааламдын Эгеси Жараткан Теңирге бүткүл жаны менен агылып-төгүлүп жалынып-жалбарып ийди. “Кудуретиңден айланайын улуу Кудайым! Мендей байкуш жаныңа жардам кылчы, мобул пейили бузулуп, жаны карайган пендеңди артына кайрычы. Анын оюн оңдочу, дилин агартып, жан дүйнөсүн жумшартчы – деп.

Кирдеп бүткөн, күнөөгө баткан жаны араң үлбүлдөгөн, эки ийининдеги Кудай менен байланыштырган кош шооласы алсыз гана агарган Жүзөн бир далайга узап кеткенче Жаратканга жалынгандан башка аргасы калбаган Досмарт жанга бир жакшы ой келе калып сүйүнүп кетти. Бул ойду бир байкуш болуп турган өзүнө Кудайдын кылган жардамы катары түшүнгөн ал көз ирмемде Жүзөнгө зып этип жетип барып, анын бети-башына оролуп тарткан деми менен кошо ичине, өпкөсүнө кире баштады.

Бир аздан кийин Досмарт-жан Жүзөндүн денесине дээрлик кирип, жаны менен жан болуп, анын ой-тилектерине өзүн аралаштырып, Кудайга сыйына берди, жалына берди, Аздегим жөнүндө жакшы ойлорду ойлоп, аны аяй берди. Асмандан күчтүү нур – колдоо алып аткан Досмарт жан бат эле жер түшүнүктөрү, дене кызыкчылыктары менен жашап, көрпенделиктин ыпыластыгына алдырган Жүзөндүн жан дүйнөсүнө үстөмдүк кылып, Кудай менен байланыштырган кош-нурун кошо тазарта баштады. Мунун кайтарымы көп өтпөй эле болду. Тээ чексиздиктин кайсы бир түпкүрүнөн  Жүзөнгө түшүп турган Теңирдин мээр-нуру күчтүү кубат менен куюлуп, анын жан-денин жарыктантып жиберди. Бул учурда чоң жолго жетип, автобусту күтүп туруп калган Жүзөндүн жан дүйнөсүндө төңкөрүш болуп атты: эзели башына кирбеген ойлорду ойлоп, кийинки кезде эсинен чыкпаган жаңы жашоосу эч нерсеге татыбай калгансыды. “Байкушум!” – деп буулуга ойлонду. Кандайдыр бир куса көөдөнүн тирей, анан өзүнө-өзү таңгала: “Эмне болуп атам, кимди аяп атам деди да ага жооп иретинде – Аздегим”,- деп жиберди угуза. Анан эркинен тыш ойлору алып уча Аздегинин жанагы аянычтуу абалда калганын эстеп, бүткүл сезимдери дирт эте чоочуп, он жылдай чогуу жашаган алсыз аялзатын эч күнөөсүз эле тагдыр ташбараңына таштап кетип баратканына абийири чыдатпай баштады. Аны менен таанышкан, сүйүшкөн, баш кошкон, чогуу жашаган жакшы күндөрүн эстеп, жүрөгүнүн түпкүрүнө жашынган сүйүүсү ойгонду. Анын көңүлүнө “кайгысына чыдабаган Аздегим жашоодон кечип жибербесин” – деген ой келе калганда чаар баштыгынын түбү булганыч экенине карабай ийнине так көтөрө коюп, артына, үйүнө, Аздегимине шашылып жөнөдү. Оо дүйнөлүк көз менен караса денеси аппак шоолага чулганып, асман менен байланышкан кош-нуру жаркыраган, ал эми жалган дүйнө көрүнүшүндө караңгы көчөнүн как ташын качыратып катуу шашкан караан көчө четиндеги топурак тамга келип кирди. Капыстан шарт ачылган каалга шарпасынан дале болсо диванда бүк түшүп жаткан Аздегим селт эте чоочуй баш көтөрсө, сүйүктүүсүн тирүү көрбөй калчудай болгон Жүзөн баары жайында экенин биле “өө-х” деди. Көп жылы чогуу жашап, бири-бирин билип бүткөн экөөнүн көз караштары кезигише түшкөндө Аздегим Жүзөндөн качантан бери өзүнө төгүлбөгөн, сагындырган жылуу мээримди байкаса, Жүзөн Аздегимдин көздөрүнөн сүйүнүч коштогон кечиримди сезди. Босогодон аттап саамга кармала калган Жүзөн баштыгын топ эттире полго таштай эки-үч кадам шилтей Аздегимге жетип колунан кармай берип чөгөлөгөнүндө максаты орундалган Жүзөңдүн экинчи жаны сыяктуу денесине кирип алган Досмарт-жан андан ажырай берип оолактады.

— Кечирип койчу, Аздек, мендей кемпайды?! Сенден кете албайт экенмин. Сени чындап сүйөт экенмин!

— Оо, Кудайым ай… Неге кечирим сурап жатасың менден? Кайсы күнөөң үчүн? Андан көрө жакшылап ойлондуңбу?

— Ойлонбогондочу?! Сен менин кызымсың, уулумсуң! Сен турганда мага баланын дагы кереги жок экен…

— О-ок, антпе! Баланын кереги жок дебе! Мен сага сөзсүз төрөп берем, буюрса! Сени мага кайрып берген Теңириме миң мертебе ырахмат!

— Төрөп бергениңен сенин! Бала жыттаар күнүбүз кайда?! Анда мен сенин кулуң болмокмун!

— Жүзөн! Мен сезип атам, Теңирим бизге ушул түндө бала буйруйт. Кел, бүгүн экөөбүз кадыр түн тосолу?! Кудайдан бала тилеп чыгалы! Ал бизди сөзсүз угат!

— Мейли Аздек! Мейли! Сен айткандай эле болсун…

Ушундай сөздөрдү шыбыраша айтышып, аймалаша жытташып, сыга кучакташкан сайын сагынышкан экөөнүн дени-денине, жаны-жанына айкалышып, биригишип, кумардын кызыл-жашыл шооласына чулганып баратышканда Досмарт-жан катуу шашып, алапайын таппай калды. Анткени буларды кошкону менен экөөнө келечекте бала болчу жан жок эле. Тар бөлмөгө батпай ары урунуп, бери урунуп далбастап сыртка атып чыгып, айлананы чабыттап, өзүнөн башка жан көрбөгөндө бир жакшы ойдон чукул чечимге келе калып, Теңирге шашылыш сыйынып жиберди:

— Оо, Кудурети күчтүү улуу Кудайым, Сен мага оо дүйнөдөн бейишиңди ыроолодуң, ал үчүн өзүңө чексиз ыраазымын! Эми жабыркаган мына бул эки жанга жардам кылганга мага жол бер! Аларга бала болууну буйру! Туура эмес кылсам мени кечире көр? – деп тиги дүүлүккөн эки ден менен жалбырттаган кош жандын ортосуна бой таштады. Аздан соң жандуулардын тукум улоосунун ыйык майрамы, ургаачы менен эркектин улуу бактысы – сүйүү оюнунун туу чокусуна алар менен кошо чыгып баратып өзүнө Теңирден таза ыйман менен кемтиксиз денди тиледи да өзүн жоготуп, бул үйгө, ушул дени да, жаны да биригишкен келечекки ата-энесине асмандан баланын дагы бир жаны келип кошулганын билбей калды…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.