Леонард ЭЙЛЕР

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Леонард Эйлер 1707-жылы 4-апрелде Швейцариядагы Базель шаарында пастор Паул Эйлердин үй-бүлөсүндө туулган. Ага алгачкы билимди атасы берген. Ал уулун математика боюнча Я.Бернуллинин жетекчилиги менен окуткан. Бирок уулунун поп болушун каалап, Леонардды 13 жашында Базель университетинин кенже философия факультетине берген. Леонард атасынын кыстоосу менен кудай таануу, латын классиктери сабактарын, грек жана европа тилдерин үйрөнгөн. Бирок Леонард ошол сабактарга караганда математикага көбүрөк кызыгып, И.Бернуллинин лекциясына катышууга аракеттенүүчү. Университетте эки жыл окугандан кийин эң жакшы окугандыктан 17 жашында искусствонун магистри […]

Лао МА: Үч күлкү

Кытай адабиятынан АҢГЕМЕ Динчоу табиятынан катаал киши. Анын жүзүнө сүрдүүлүктүн сүрөтү өчпөс болуп тартылып калгансып дайыма кабак чытый сурданып турат. Ал эч качан күлчү эмес. Динчоунун өзүнүн айтканына караганда, ушул жашоосунда ал үч гана жолу күлүптүр. Бирок бул күлкүлөрүнүн аягы ыйга айланып кетиптир. Ошондуктан ага  “күлкү” деген сөз менен жамандык айкалышып тургандай сезиле берет. Анткени, кырсыктар ага ошол күлкүнүн айынан келип отурбайбы. Чынында эле анын үч күлкүсү тең өмүрү менен көңүлүнө өчпөс из калтырып кеткен. Анда Динчоу беш-алты жашта болучу. […]

Казак акындары Бактыгүл Чотурованын котормосунда

Олжас СУЛЕЙМЕНОВ Акылсыздын сөзү Эгерде, эненин сүтү менен Акылсыздык акса каныңда, ден соолугуң да барында, Жакшы кылыш оңой эмес, сен бар жерде, Жүргөндөй уйлар жанында… Эгер жат жерде жүрсө кадамың, Эгерде сокур болсо аялың, Мен антымды буза алмакмын өзүмдүн, Анан сага бурмакмын багытын көзүмдүн. Коркконго кош көрүнгөндөй, дилимден шумдуктардан коркуп турам бүгүн мен. – Мен катышчу дарылардын баары жаман, сыры мунун – Абышка болом кайсы кемпир болсо да, Сен чачырасаң, мен анын сыныгымын. Жолборстордун арасында жолборсмун да, Үйүндө мен маймылдардын […]

АЛЕН: Улуттук намыс – атууга даяр мылтыктай

АЛЕН (Эмиль Огюст Шартье) (1868-1951), француз адабиятчысы  Ишенимдин өзү эле Кудай. * * * Чынчылдар коомун түзсөң, эң биринчи уурулар жүгүрүп келет. * * * Улуттук намыс – атууга даяр мылтыктай.   Марсель АШАР (1899-1974), француз драматургу  Сүйүү деген бирөө үчүн тынчсыздануу. * * * Май муздак жерде көпкө сакталат. Сүйүүнү да так ошондой сактоо керек. * * * Сүйүүдө бактылуу болуш үчүн сөзсүз эле сокур болуштун кажети жок, кээде гана көз жумуп кой. * * * Ким эрте ойгонсо, […]

Олжобай ШАКИР: Топ башкарар толтура азамат бар, эл башкарар кимиси?!

Кырк чороң барбы, кыргыз? «Төбөл болуп туулуш керек. Бул жазуучулук же пайгамбарлык касиеттей эле сейрек касиет. Мен дайыма кайталайм, эл кайсы бир убакытка чейин чоң жазуучусуз деле жан сактай берет, а чыныгы журтбашысыз жок болуп кетет». Тимур ЗУЛФИКАРОВ Байыркы кытай даанышманы Мо-цзынын: «Тоо ылдый шарылдаган агын суулардын чоңу да, кичинеси да бирине-бири жийиркенбей кошулган үчүн улуу дайра, улуу өзөнгө айланат» деген философиясынын өзөгү улутту улуулукка үндөп турган жокпу? Майда-майда агын суулардын шары акыры улуу дайрага айланган сыңары биз эмнеге улуу […]

Абхаз легендасы: «Кыздын көз жашы»

Орусчадан оодарган Амирбек АЗАМ уулу Сиз Рица көлүнө бараткан жолдогу шаркыратманы байкадыңызбы? Алдагы шаркыратма эчендеген жылдардан бери агат жана миң жыл бою ага берет. Бул жөнөкөй шаркыратма эмес, суусу да өзгөчө: муздак, кыздын көз жашындай тунук. Бир тамчы көз жаш менен шамал да ойнойт, күн да ойнойт, бирок аны кургатышпайт. Бул тамчы жаш, кыздын көз жашы, ал ысык жана түгөнбөйт. Илгери, илгери, качандыр бир мезгилде, бул жерде не жол, не абхаздардын Бзыбь кыштагы, не шаркыратма болгон эмес. Жападан жалгыз там […]

Нарын АЙЫП: Динден пайда таап жаткандар чыныгы мусулман эмес

Абийирдүү азчылык чөйрөнүн өкүлү, белгилүү публицист жана журналист Нарын Айып өзүнүн чыгармачыл чыйырын илимден баштаганы дайын. 1974-жылы азыркы Улуттук университетти аяктары менен физика илимин беттеп, Москвадагы М.Ломоносов атындагы мамлекеттик университеттен стажировкадан өткөн. 1977-80-жылдары Москвадагы СССР илимдер академиясынын аспиранты, кийин ошол эле илимдер академиясында он жылдан ашуун иштеп, эгемендик жылдарынан бери журналистика жаатына өткөнү маалым. 1993-жылдардан тарта “Эркин Европа”, “Азаттык” радиолорунда эмгектенген. Узак жылдар бою аталган радиолорду Прага, Чехия, Мюнхен, Германияда жетектеп келген. Ал кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин ой жүгүртүп […]