Кытай адабиятынан

АҢГЕМЕ

Динчоу табиятынан катаал киши. Анын жүзүнө сүрдүүлүктүн сүрөтү өчпөс болуп тартылып калгансып дайыма кабак чытый сурданып турат. Ал эч качан күлчү эмес.

Динчоунун өзүнүн айтканына караганда, ушул жашоосунда ал үч гана жолу күлүптүр. Бирок бул күлкүлөрүнүн аягы ыйга айланып кетиптир. Ошондуктан ага  “күлкү” деген сөз менен жамандык айкалышып тургандай сезиле берет. Анткени, кырсыктар ага ошол күлкүнүн айынан келип отурбайбы. Чынында эле анын үч күлкүсү тең өмүрү менен көңүлүнө өчпөс из калтырып кеткен.

Анда Динчоу беш-алты жашта болучу. Ошол күнү атасы экөө үстөлдө балык жеп отурушкан. Капысынан эле атасынын алкымына балыктын кылканы тура калбаспы. Ал кылканды нары түртүп кетет деген үмүттө нанды бурдай сугунуп, чала чайнап жута баштады. Бирок ал мындан жеңилдемек турсун, кайра көздөрү чакчайып, бети-башы кызарып-татарып кетти. Ал сөөмөйүн алкымына сойлотуп бул балээлүү кылканды алып чыгуунун далбасасын кылды. Ошондо ал окшуп кетип ашказанындагы тамактын баарын кусуп салды.

Бирок алардын арасынан балык кылканы көрүнгөн жок. Динчоунун атасынын абалы болсо барган сайын кыйындап баратты. Ичке ийнедей курч кылкан чоң эле кишини акырындан муунтуп баратты. Ушул учурда анын бүткүл аракети менен ой-тилеги балекет кылканды кандай болбосун алкымынан чыгарууга багытталгандыктан сырттан караган киши ага жин тийгенби деп ойломок. Атасынын чоктун үстүндө бийлеген маймылдай болуп ары-бери секиргенин, аары талаган аюудай болуп ач айкырыкты салып өзүн өзү чапкылап чабалактаганын карап турган Динчоунун күлкүсү келе баштап, анан өзүн кармай албай каткырып күлө баштаган. Өзү айласын таба албай жатса уулу каткырып жатканын көргөн атасы катуу жинденип, кутуруп кеткендей аны жаактан ары катуу тартып жиберген. Динчоу көмөлөнүп кетип кайра тура калып катуу ыйлап ийген. Бир аздан соң ооруган жаагы басылганы менен бир кулагында зыңылдаган катуу үн калып, ал бара-бара кулагын уктурбай салган. Атасы болсо алкымындагы кылканды эптеп нары жутуп, жаны жай алган.

Динчоунун экинчи өзүнө зыян алып келген күлкүсү башталгыч класста окуп жүргөнүндө каткырык болуп чыкты. Бир жолу ал өзүнүн кулагынын катуулугунан улам сабак башталганын билдирип кагылган коңгуроо үнүн укпай калып мугалимге далысын салган бойдон арттагы кандайдыр шүк отуруп калган классташтарына кыйкыра сүйлөп жаткан. Мугалим аны бул тентектиги үчүн жазаламакчы болуп, артынан акырын келип эки муштуму менен бирдей аны төбөдөн ары берип калганда — класс толо балдардын баары терезелерди титирете каткырып жиберишкен. Ал эми байкуш Динчоу уялганынан жерге кирип кеткиси келген. Кылганына маашырланган мугалим артына бурула берип, өзүнө ыраазы болгон тейде ордун карай жөнөп баратып, кайсы бир тентек жерге таштап койгон дарбыздын кабыгына тайгаланган бойдон чалкасынан кетип, окуучу кыздын тизесине далысы менен түшкөн. Муну көргөндө бүткүл класс корккондорунан бир ордунда дымырап туруп беришсе, Динчоу гана каткырыкты катуу салып, бир топто барып араң басылган. Жыйынтыгында, мугалим менен окуучу кыз колу-буттары сынып, ооруканага жеткирилсе, Динчоу мектептен чыгарылган.

Кийинчерээк Динчоу көп акча коротуп кулагын дарылатып, “ыялабай” эл катары өмүр сүрө баштады. Буга жараша, аскерге чакырылып, кайтаар кайткыча аскер телефонисти болуп кызмат өтөдү.

Жигиттик милдетин өтөп келгенинен кийин үйөздүк башкармалыкка кирип кадрлар бөлүмүнүн кызматкери болуп иштей баштады. Ушул убакыттын ортосунда эч ким анын күлгөнүн көрө албады. Өзү дагы өңү жумшарып күлбөдү. Өзгөлөрдөн бөлүнүп сумсайып турган сүрдүү жүзүнөн улам иштешкендеринин арасында “Босс Динчоу” деген ат менен белгилүү болучу. Көптөгөн кесиптештери анын күлгөнүнө ашык болуп жүрүштү. Бул үчүн ар түрлүү чараларды да жасап көрүштү. Ал тургай бир жолу алар Динчоуну кармап алышып, көтөрүп чаап баардык жагынан кытыгылап киришкенде ал күлмөк тургай, тетирисинче, өңгүрөп ыйлап кирсе болобу. Аны күлдүрөбүз деген кесиптештери бул күтүүсүздүккө түшүнө албай шалдайып туруп калышкан.

Динчоунун үчүнчү күлкүсү абдан кайгылуу болду. Бул каткырык аза жыйынында капыс чыккандыктан чындап эле кесепети катуу тийди. Күндөрдүн биринде алардын башкармалыгынын жетекчиси аракка ууланып өлдү. Анткен менен аны кызмат убагында эрдик көрсөтүп эл үчүн курман болгондой, акыркы сапарга узатуу зыйнаты уюштурулду. Сөөгү жашырылып келгенден кийин шаардын мен деген жыйын залында эскерүү кечеси болду. Качан башкармалыктын жогору жактан жаңы бекитилген жетекчиси маркумду эскерүү баяндамасын окуп, алардын мурунку башчысы тирүүсүндө кандай асыл адам болгонун тизмектеп киргенде, отургандардын баары катуу таасирленип дымырап отуруп калышты. Динчоунун деле өңү баягыдай эле сустайып турган. Ал жаңы жетекчинин ар бир сөзүн талдай угуп отурду. Бир маалда ал өзүн азыр боло турган жерде эмес, башка жерге түшүп калгандай сезе баштады.

Бир туруп бул киши жаңылышып башка бир болуп жаткан окуяга коошпогон эскермени окуп жаткандай туюлуп туруп алды. Анын акыркы өзүн жоготуусуна: “Биз бүгүн заманыбыздын улуу баатыры, ак ниет, камкор, алдыңкы адамы менен коштошуп жатабыз”, — дегени  чоң түрткү болуп берди. Ушундан соң ал ого бетер өзүн жоготуп, такыр эле эч нерсеге акылы жетпей калды. Ал айланасында отургандардан сураштыра баштады: “Бүгүн канча киши курман болду? Деги биз азыр кимди эскерип отурабыз?” Кесиптештери Динчоунун бул жоругуна жана акылдан айныгансып берген суроолоруна абдан катуу таңгалгандары менен аны кабак чытый карап алышып, айла жоктон тынчтыкты сактоосун суранып тим болушту.

Анан Динчоу капысынан эле көңүлүнүн түпкүрүнөн акырындан көтөрүлүп келип анан жанар тоодой атырылган жапайы күлкүсүн тыя албай калды. Ал тургай, катуу күлкүдөн улам эңкейе берип тизелеп отура калып, бөкчөйүп барып жер сүздү. Каза болгондун туугандары ага катуу жинденишип, сөгүп-сагып тепкилей башташты.

Буга карабастан, ал баары бир эле өз күлкүсүн тыя алган жок. Акылга сыйбаган уятсыз күлкү бул азада отурган адамдардын көңүлдөрүн кытыгылап жаткансып зал толо элге заматта тарап, анын ар кай жеринен чыдамсыздардын бышкырыктары чыгып, бырс күлкүлөр атылды, алардан камырабастардын кабалтең каткырыктары калышпады. Ошентип бул жугуштуу күлкү жулунуп ар бир адамга жетип, баардыгы күлө башташты…

Тилекке каршы, бул окуядан кийин Динчоу башкармалыктагы жумушун өз эрки менен таштап кетти. Кийинчерээк ал кичинекей дүкөнчө ачып жашылча-жемиш сата баштады. Анда ал баягы эле сумсайган сүрдүү кебетесин кийип отурчу. Жакындары ага кардарларды тартыш үчүн катаал кебетеден кайтып, жумшак маанайда жылмайып отуруу керектигин көп айтышты. Бирок Динчоу мындан караманча баш тартып, баарына бир гана жоопту берип жатты: “Менин кырсыктарым бүт күлкү менен келет”.

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.