БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Леонард Эйлер 1707-жылы 4-апрелде Швейцариядагы Базель шаарында пастор Паул Эйлердин үй-бүлөсүндө туулган. Ага алгачкы билимди атасы берген. Ал уулун математика боюнча Я.Бернуллинин жетекчилиги менен окуткан. Бирок уулунун поп болушун каалап, Леонардды 13 жашында Базель университетинин кенже философия факультетине берген.

Леонард атасынын кыстоосу менен кудай таануу, латын классиктери сабактарын, грек жана европа тилдерин үйрөнгөн. Бирок Леонард ошол сабактарга караганда математикага көбүрөк кызыгып, И.Бернуллинин лекциясына катышууга аракеттенүүчү. Университетте эки жыл окугандан кийин эң жакшы окугандыктан 17 жашында искусствонун магистри деген илимий даражага ээ болгон.

1726-жылы университетти бүтүрүп, математика боюнча иштегиси келгендиктен кызматка орношо алган эмес. Ошол мезгилде Петербург илимдер Академиясы жаңы ачылып, ал жерде достору И.Бернуллинин балдары: Николай жана Даниил Бернуллилер иштей башташкан эле. Алардын чакыруусу менен 1727-жылдын жазында Эйлер Швейцарияны биротоло таштап Россияга келген. Бир да орусча сөз билбеген 20 жаштагы жигиттин математикага болгон жөндөмүн байкашып, аны ишке кабыл алышкан. Үч жылдан кийин Эйлерге профессор, 26 жашында математикада ири ачылыш жасагандыгы үчүн академик наамы ыйгарылган.

1735-жылы академик картографиялык максат үчүн тез арада астрономиялык эсептөөлөрдү аткарууга тапшырма алган. Бул үчүн бир нече ай керек болчу. Бирок Эйлер муну 3 суткада гана иштеп бүтүргөн. Ал катуу иштегендиктен нерв системасына таасир этип, натыйжада 1738-жылы оң көзү көрбөй калат. Ошого карабастан мурункудай эле иштей берген. 1966-жылы сол көзү да көрбөй калган. Ошентсе да эмгектерин айтып берип жаздырып, ишин уланткан. 1741-66-жылдары Берлин ИАда иштеп, 1766-жылы кайра Петербургга көчүп келген.

Ал 800дөн ашык эмгек жазган. 1783-жылы 7-октябрда небересин ойнотуп отуруп эле каза болуп калган. Анын эмгектери туулган күнүнүн 200 жылдыгына карата Швейцарияда толук басылып чыккан. Ал ар бири 600 барактан турган 72 томду түзөт.

Эйлер Петербург, Берлин, Париж академияларынын, Лондон королдук коомунун ж. б.  ири илимий коомдорунун мүчөсү болгон. Эйлер математика менен механиканын бардык тармагы боюнча иштеген. Атайын функциялар теориясын негиздеген. Вариациялык эсептөөлөр менен дифференциялык теңдемелер теориясын түзгөн.

Математиканын башка бөлүмдөрүндө да анын эмгеги зор. Эйлер интегралы, Эйлер саны, Эйлер формулалары, Эйлер функциясы ж.б. эрежелер жана формулалар Эйлердин ысымы менен аталат. Ал математикалык физика, оптика, музыка теориясы, деңиз илими ж.б. боюнча да эмгектенген.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.