Кырк чороң барбы, кыргыз?

«Төбөл болуп туулуш керек. Бул жазуучулук же пайгамбарлык касиеттей эле сейрек касиет. Мен дайыма кайталайм, эл кайсы бир убакытка чейин чоң жазуучусуз деле жан сактай берет, а чыныгы журтбашысыз жок болуп кетет».
Тимур ЗУЛФИКАРОВ

Байыркы кытай даанышманы Мо-цзынын: «Тоо ылдый шарылдаган агын суулардын чоңу да, кичинеси да бирине-бири жийиркенбей кошулган үчүн улуу дайра, улуу өзөнгө айланат» деген философиясынын өзөгү улутту улуулукка үндөп турган жокпу? Майда-майда агын суулардын шары акыры улуу дайрага айланган сыңары биз эмнеге улуу эл, улуу журт болалбай келебиз?! Кенедей кыргыз элин топ таштай чачыраткысы келген сырткы күчтөрдөн мурда өз ичибизде ынтымак, биримдикке келалбай, түндүк-түштүк маселеси өзөгүбүздө өрт, көөдөнүбүздө бөрт экенин кайда жашырабыз?!

Анысы жетпей аткансып исламчылар менен теңирчилер, мунусу жетпей аткансып «Акаев-Бакиевдин кишиси» деген саясый кландардын бөлүнүп-жарылуусу, кокту-колот колоңсосу саңырсыган улуттук мүнөзгө айланган оорубуздан кантип арылабыз?! Маселе шунда… Улуттук мүдөөбүз эмне?.. Биригүүбү? Чачырообу?!

«Кулаалы таптап куш кылган,\Курама элди журт кылган» Манас атабыздай кырк чоро топтоор кимиси бар?.. Азырынча анысын да, мунусун да кеп кыла албайбыз… Кимисине токтойбуз? Марага кимиси озуп чыгар экен? Балким бу жолку озуп чыкканы тарыхый-саясый салтты калыптандырып, кыргыз көчүн түз жолго буруп кетер…

Арийне, элге төбөсү көрүнгөн саясатчылардын башы бириккенин көргөн карапайым эл буга чейин далай ирет дем-күч байлап, ишеним артып, эки мерте үйбүлөлүк-авторитар мүнөз күткөн бийликке каршылык көрсөтүп келди. Тилекке каршы, саясый лидерлер эки мерте эл үмүтүн өчүрүп тынышты. Кыргызстан эки жолку мамлекеттик төңкөрүштөн кийин дүркүрөп өнүгөр тарыхый мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп отуруп калды.

Болуптур, 2005-жылы эл ишеними акталбады, 2010-жылы кан төгүү жолу менен алмашылган бийлик эмнеге кайра мурдакылардын жолоюна түштү? Мандем эмнеде?! Бийликке келген топ эмнеге өз жоопкерчилигин сезбеди?! Аныгында, тизгин талаш оюнда А.Атамбаевдин жеке кызыкчылыгы алдыга озуп, саясый өнөктөштөрүн биринин артынан бирин бош мүшөктөй силкип ыргытты да, айланасындагы күчтүү саясатчылардан арылды. Эмнеге? Мунун бир эле себеби – Атамбаев бийлик кумарын татаар замат айланасындагы санаалаш, идеялаш командасынан чочуладыбы?

Себеби ал команда Конституцияны АША өзү каалагандай бурмалоого көптөгөн тоскоолдуктарды жаратмактыр. Так ушул жерден тамсилдеги окуя кайталанды: жаныбарлар саздан чыккан баканы бийлик тагына отургузса, ал бака улам-улам балчыкка секирген сымал; бийлик тагына конгон АША да саздан чыккан бакадан эч айырмаланбады. Балчыкка секирди. Улам-улам. Ким ага каяша кылса, бийликтен четтетип отурду. Борбордук бийликти шоопуру менен жансакчыларына башкартканы аз келгенсип, саясый интрига жүргүзүүгө мурдатан маш болуп бүткөн А.Акаев менен К.Бакиевдин командасын дароо өзүнө илээшкер кылып алды.

Ал эми экс-президент Р.Отунбаева баш болгон мурдагы санаалаштарын баш кылып, алардын баарын мүмкүн болушунча элге суук тумшук көрсөтүп, акыр аягында Кыргызстанда эки жолку революциянын башында өзүм болгомун, а менден башкаларынын ниеттери арам, алардын өлкөнү бөлүп-жаргандан бөлөк ниети жок деген апаздагы бака чардагын бакылдатып келди. КТР аркылуу. Ошону менен өз тегерегинен өзүнөн бөлөк тыңчыкмаларды бийлик курчоосунан четтетти. Ага карт тарыхта белгилүү болуп келген тирания бийлигин орнотуунун классикалык жолу ушундай экенин Макиавеллинин теориясын окуган бирөө-жарым шыбырады көрүнөт, азыркы бийлик кадамы ошого барат. Карт тарыхтагы «тирания» термини Кыргызстанда тирилгени туру!

Орто кылымдардагы тирания түшүнүгү кийин 19-кылымда диктатура түшүнүгүнө оодарылганы белгилүү. Аныгында экөөнүн тең заадиси бир, мүдөөсү окшош экенин буга чейин жазганбыз, бирок кайталагандан келме бузулбайт деп, дагы эскертким бар. Бул эки режимди саясый күрөштөгү түркөйлөр менен зулумдар гана орнотуп келишкен. Саясый кегин алуу үчүн «ляппайды» билбегендерди камоо, сабоо, жалган жалаа менен жазалоо ыкмасын түрдүүчө колдонгон бийлик эгелери эзели тактан түшпөөнүн жолун коркунуч амал менен издешкен. Себеби алардын басып өткөн жолу жууса кеткис кандуу, кылмыштуу жосундар менен коштолгон. Тактан кулоо коркунучу уйку бербеген тирандар менен диктаторлор анан миң-миллиондогон адамдардын канына забын болуудан кайра тартпаган. Алардын ишенимдүү таянычы бир гана кара күч. А чындыкты таяныч кылгандардын зындандан баштары чыкпаган! Чындыкты оозанган жандардын тили кесилип, башын кылыч мойсогон…

Учурдагы мамлекеттин админстрациялык ресурстары президент А.Атамбаевдин «мураскерин» колдоп-буттап атказууга пайдаланылары күн мурунтан көрүнүп калды. Саясый салмагы сайдын ташындай Өмүрбек Текебаевди болсо президенттик атаандаштыкка чыгарбоонун айласын таап, аны убактылуу болсо да камап тынышты. Ал эми кыргыз саясатында экинин бири саналган салмактуу лидерлерден Темир Сариев да акүйдөгүлөрдү тынч уктатпас чоң таасирге ээ. Саясый тажрыйбасы мол фигуралардын бири. Анын да кантип эсебин табууга бийликтегилер кежигелерин кашынып аткан чыгар…

Себеби жер-жерлерде Сариевдин шайлоо штабдары учурдагы калктын кайнаган турмушу менен аралашып, электораттын ишенимин эртерээк ойготуп койгонун байкоого болот. Ал эми беделдүү саясатчылардын бири Адахан Мадумаров азырынча бийликке кур айбат көрсөтүп тил безенгени гана болбосо, президенттик таймашка болгон даярдыгы бышалектей… Негизинен президенттикке дымагы күчтүүлөрдүн көбү борбор калаанын тегерегинде гана шайлоочуларды уу-дуу кылганга жарап, алыскы дубандарда жашаган калк турмушунун күрөө тамырын кармап көрүшө элек. Албетте, Бакыт Төрөбаевдин шайлоо штабдары жер-жерлерде карапайым эл турмушун жакындан билүүгө аракет кылып аткансыйт, бирок жетиштүү деңгээлде эмес.

Аныгында саясый сахнадагы оюнчулардан күзүндөгү президенттик ат салышта озуп чыгар мүмкүнчүлүгү бар үч саясатчы болушу ыктымал. Бири – акүйдүн 7-сабатынын сүрөөсү менен «озуп» келген Сооронбай Жээнбеков, экинчиси – адатындай акчанын күчү менен шайлоо сайын саясый шоудан башкаларга шоона эштирбес Өмүрбек Бабанов, (себеби ал президенттикке талапкерлердин эң акчалуусу) үчүнчүсү – өзүнүн саясый тажрыйбасын таяныч туткан Темир Сариев.

Албетте, агерде Өмүрбек Текебаев бошотулуп, тизгин жарыш саясый таймашка катышып калса, бул үчөөнүн орундары алмашылып калышы да толук мүмкүн. Арийне, кандай болбосун, бийлик тизгини жалпы кыргызстандыктардын мүдөөсүн канаттандырар лидердин колуна тийсе болду. Ал мүдөөгө жетүүнүн бир гана жолу – саясый топтор акылга келип, кепке муюп, бирдиктүү лидердин гана айланасына топтолуунун аргасы калды. Алардын колунда азыркы бийликтин мамлекеттик ресурстарына каршы колдонор бир гана мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал – адамдык ресурстардын БИРДИКТҮҮ фазасын түзүү; шайлоочуларга жаңы идея, жаңы саясый дем берген УЛУУ КЫЯЛ, УЛУУ МАКСАТ!

Арийне, президенттик дымак менен ар кимиси кайсы муратка жетет? Бийлик тагы кимисинин шыбагасына буюрат?..

Канткен менен президенттикке талапкерлердин кайсынысы татыктуу болсо, ошонун тегерегинде баштары биригип турса, эң баарынан маанилүүсү ошол го. Баарынын башкы максаты эл-жерге кызмат кылуу болгондон кийин күч бирдикте экенин түшүнүү мезгили келген жокпу? Азырынча саясый топторду күч бирдикке чакырган лидерлерден Темир Сариев гана болду көрүнөт. «Акшумкар» партиясынын съездинде ал: «Биз бүгүн “Улуу кыргыз кыялын” жаратышыбыз керек. Анда элибиздин эӊсөөсү менен көксөөсү камтылган, ынтымак менен ырашкерликке ширелген калктын кыялы болушу керек. Албетте, “Улуу кыргыз кыялы” дегенимди – жамбаштап жатып кыялга батуу деп түшүнбөңүздөр. Ошол улуу кыялга жетүү үчүн өлкөбүздө биринчи кезекте адамдык ресурсту өстүрүү эң чоң мааниге ээ. Жааны алыска мээлесек, жебенин күүсү алыска барат. “Улуу кыргыз кыялына” жетүү дегеним: бул – реалдуу мүмкүнчүлүк», – деп баса белгиледи.

Туура, алыска мээленген жебенин күүсү алыска барат. «КЫРГЫЗДЫН УЛУУ КЫЯЛЫН» көздөгөн тилек алыска мерчемделмейин, ордубузда тегеренген айлампа саясаттан чыгалбайбыз. Саясый турмушубуздагы секириктерге жеткирер баалуулуктарды жаратуу – ириде түрдүү көзкараштагы лидерлердин баштары биригүүдөн көзкаранды. Буга чейин ар кимиси ар багытты көздөгөн өзүмчүлдүктөн кимиси ийгиликке жетти?! Адамдык ресурстарыбызды турмушка ашырууда интеллектуалдык көрөңгө, интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүбүздүн БИРДИКТҮҮ фазасы түзүлмөйүн, Кыргызстандын айкын келечегин көрүү мүмкүн эмес!

Андыктан кайсы лидердин саясый тажырыйбасы мол болсо, ошону моюндап, ошону алга сүрөө менен гана чачылган күчтөр жыйналып, бүгүнкү күндөгү бир адамдын өзүм билемдик адилетсиз саясатына каршы турар күчтөр топтолмоюн, быйылкы президенттик шайлоонун жыйынтыгы өлкөбүздүн келечек тагдырын чечээр опурталдуу кырдаалга кептеди. Себеби, азыркы бийлик башындагылардын саясаты тизгинди шарт эле артка кайрып, өлкөнү авторитардык башкаруу жолуна буруп кетти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.