НОВЕЛЛА

“Ош-90” окуясында шейит кеткен кыргыз-өзбек жарандардын жаркын элесине эстелик”.
Автор

Сайкал кемпир 76 жаш курактан өтүп калганда асырап алган жалгыз уулу Сүйүндүк үчүн жер которуп келгенине жараша, “багы жокко дагы жок” болуп өзбек менен кыргыздар да минтип урушуп калбаспы…
Уулун аскер кийимчендер алып кеткенден бери көп эле күндөр өттү. Алардын эмне деп сүйлөшкөнүн анча түшүнө албай калган. Анын үстүнө кулагы да жакшы укпайт. Көзүнүн көрүүсү да начар. Өзү менен өзү сүйлөшүп, Сайкал кемпирдин эки көзү көчөдө.
Дөңгөчкө отуруп алып, ары-бери өткөндөрдөн:
— Оо-уу бала, сен Сүйүндүктүн досу белең? Сүйүндүктү көрбөдүңбү! — деп сыртына чыгара кыйкырып жибергенин да сезбей калат. Бир нерселерди кобурап, бирөө менен сүйлөшүп жаткандай улам көз айнегин оңдоп кийип, жолдон өткөндөргө көзүн кадайт.
Кемпир көп күндөн бери жалгыз. Өткөн-кеткен өмүр өксүктөрү Сүйүндүктүн гана жоктугун күтүп тургансып, ансыз деле карылыгы желкеден басып турган Сайкалды басмырлап алды.
Ой-санаадан арыла албай турган кемпир: “Ой-тобоо десе, Сүйүндүк болбосо, күнүм эмне болмок я!” — деп алат .
Аны асырап алган акылына ыраазы. «Кудайга шүгүр, уулум эстүү чыкты. Эми келин алсам үйү балага толуп, неберелүү» болом дегенди элестетип, бир эсеге кубаттангансып, кайраттанды. Бирок эс-дарты уулунда. Бейчеки баспаган уулунун минтип көп күндөрдөн бери кабарсыз экенине түшүнбөй айраң-таң. Үйгө батпай кыжаалат.
Сүйүндүктү орус тергөөчүлөрү алып кеткенин коңшусу Зулайка байкап калган эле. Сайкалдын асыранды баласы экенин да укканбы, айтор кемпирди аяп кыйлага айтпай жүрдү. Ал эми Сайкал кемпир болсо “асыранды баланы айылчы катын билдирет” дегендей өзүнчө эле кеп-сөздөн корунабы, ким билсин, коңшу-колоңдор менен анчейин кириш-чыгыш кылбайт.
Күндөгү отурган дөңгөчүндө бүжүрөп отурган кемпирге Зулайка жакын басып келип:
— Арыбаңыз, эне! — деп кол берип учурашты.
Кемпир чочулаган түрдө, бошоң гана анча жактыра бербей, жакшы эмес кабар айтарын сезгендей:
— Аманчылык, айланайын,  — деп ордунан козголо, Зулайканын сунган колунан колун чыгарбай кармап, өйдө болду. Коңшу келиндин бир нерсени айталбай тайсалдап турганын сезди.
— Кел, келегой. Эмне кабарың бар? Айтагой, — деп кулагын жоолугунан чыгарып, анын оозуна тутту.
Коңшу келин эки жалгызды аяганы менен айла канча, уулун “өзбек-кыргыз жаңжалына катыштыгы бар” деп тергөөчүлөрдүн алып кеткенин айтты.
— Эми каякка бармакмын?.. Кимге?.. Эмне дейм?.. Накта шорум каткан экен го… — деп ою онго, санаасы санга бөлүндү.
Болду болбоду, бул Ош жаңжалы эки шорлуу үчүн болгон окшойт. Айтам да, бу кезге чейин байлап койсо да турмак эмес деп. Окуянын маанисине анча түшүнө бербеген кемпирдин оюна заматта нелер келип, нелер кетпеди.
— Балаа болуп, баламды тууган шуркуя табылып калбаса болду деген ой кемпирди эндирете койду. Жүрөгүн ачуу бир нерсе чапчып алгандай алдастатты.
Жо-оок. Кемпир 20 жыл мурдагы окуяны эске салганга кудурети жетпей турду. Мына жалгыздык накта көзүнө сайылып жан-дүйнөсү сыздап думугуп баратты.
Алы куруп, таягына сүйөнө оор үшкүрдү. Кайдадыр бир жакка жөнөмөксөнүп, жанагы коңшу келинден бир даректи сурамак болду. Бирок антпеди… Илкий басып үйүнө кирип, түйүнчөктөн бир нерсени издеп, Сүйүндүктүн тумары колуна урунду.
— Бизди кудай өзү колдойт. Каралдымды ар балээден сактай көр?.. Ээ-ээ кудай жараткан аллаа, — алаканын жая өйдө карады. — Жалгызымды суук көздөн, жаман сөздөн сактай көр. (Көпкө бир нерселерди оозун кыбыратып сүйлөп тумарды кыска сапдалдуу чачына кыйлага убараланып жатып байлады.) Буулугуп турган көкүрөгүн бир нерсе жара тепкенсип, көз жашын тыя албай отурду.
* * *
Кемпир район борборуна милицияканага келди. Ала-була кийингендердин, автомат асынып сан миңдеп жүргөндөрүн, 41-жылдагы герман согушу тууралу кинодогу көргөн танкаларды карап, оозу ачылып эле калды.
Кудай бетин салбасын, бири-бирине түкүрүнүп, ызырынган эле аялдар. Колу артына байлангандардан бирин түртүп киргизсе, экинчисин тепкилеп алып чыгып, баш көргөндү көз көрбөйт. Уулуна окшоштура кармай калайын десе, алар унчукпайт. Апа дебейт. Тааныбайт. Сураганы оозун камдап барып тим болот. Коңшусунун айтуусу боюнча демек Сүйүндүк да ушул жерде. Эки-үч кадам артка басып туруп:
— О-о Сүйүндү-үү-үк!.. Сүйүндүк — аа-аай! — деп кыйкырды.
Чогулуп турган аялдардын ичинен бир өзбек аял суурулуп чыгып, кайсыл бир жерден уулунун үнүн укчудай болуп тыңшап турган кемпирди чачтан алды:
— Үнүңдү бас-сс, канчы-ык! – тартылган чачына кыйшайып турган кемпирди эки-үч тээп жиберди. Башынан шыпырылып түшкөн жоолугун тиги аял бутунун учу менен кемпирди көздөй тээп койду. Ал чачындагы уулунун тумарын мыкчый кармап, чөгөлөгөн боюнча нес болгон немедей жалдырап тура берди.
Жалтыр-жултур жасана кийинген аялдардын тамаша кылып жаалап тургандарын Сайкал түшүмбү-өңүмбү деп ажырата албай, тигилерге бир нерсени айтмакчы болуп оозун камдап жатканда, кайдан-жайдан:
— Ап-а-а!.. Апаа-ааа!!! — Сүйүндүктүн үнү угулду.
Чаңда уйпаланып жаткан кемпир алдастап, колун ар тарапка узатып, көз айнегин издеп энтигип:
— Апаң айлансын, үнүңдү уктумбу?!.. Ооба, бул  Сүйүндүк?!.. — деди тиги аялдан тепки жеп ыза болгонун заматта унута калып. — Каралдым… тирүү барсыңбы деги… апа деген үнүңдөн!..
Кемпирге жер астын-үстүн болгондой ою чачылды. Апалап кыйкырган жакка карай колун сунуп, бир караган адамга айнып калган адамдай эле. Кулагын тосуп, саамга тыңшап турду.
Уулунун апалаган үнүн кулагы жаңылыш уккан жок. Чын эле уккан болчу.
* * *
Маскөөлүк тергөөчүлөр Сүйүндүктү милицияга барып бир-эки ооз суроого жооп берип эле кайта келесиң деп алып кетип камап койгон боюнча отурат. Көрүнгөн тергөөчү ойду-келди суроолорду беришип, ал эмес сени ким алып келди, кунөөң болбосо неге отурасың деген ур-токмокчу тергөөгө ушул күнгө чейин түшүнбөйт. Бир колдо алпештелип өскөн бала акыйкатсыз чөйрөнү кабылдай албай кыйналды.
Күндө эле баягы сурак. Колго тийген менен атып урмай.
— Сен кимди өлтүрдүң эле? Тоодон шаарга неге келдиң? Ошону айт! — Сүйүндүк болсо эч кимди өлтүргөн эмесмин деп, айласы кеткенде карганат.
Орусча тың сүйлөгөнүн билип турса да, котормочу ал деп кыйнайт тергөөчү. Себеби котормочулар да жалдап тандалгандыктан, ур-соккудан жүдөп тургандарды сөздөн жаңылтып, кайсыл бир окуяны оп-оңой эле моюнга илип, күнөөлөп салуунун ыкмалары өздөштүрүлгөн эле. Болбосо, “досторуңдун аты жөнүн айт, коңшуңдун атын жазып, ошол тополоңго катышкан болчу деп жазып бер, кутуласың!” — деп колуна эмне тийсе, ошону менен урат. Бала болуп шапалак жеп көрбөгөн немеге таза эле кордук болду. — “Эгерде бул талапка көнбөсөң, өзүңдү күнөөлөп камайбыз!” — деген тергөөчүгө айран-таң…
Дагы ушундай сурак башталат деп зырылдап турган убакта сырттан “Сүйүндү-ү-үк!” — деген апасынын үнү угулуп калбаспы. Караса, апасын бир аял тепкилеп жатат.
Сүйүндүк кабинеттен туруп кыйкырат да эшикти буту менен тээп сыртты көздөй учуп жөнөйт. Артынан автоматчан солдат:
— Стой!.. — стреляю!.. Стой!!!..
Ок атылат..
Сүйүндүк апасына боюн таштап жыгылат.
Арызданып жүрүшкөн өзбек аялдар Сайкал менен Сүйүндүктү биринен сала экинчиси чаап, тепкилеп киришет. Бири-бирин коргогону менен, көпчүлүк экөөнү ит талаган бөрүдөй кылышты. Аялдардын бири Сүйүндүктүн башындагы калпагын жулуп алып, жерге чапты.
Апасын кучактап турган Сүйүндүк бир колу менен апасын коргоп, экинчи колу менен калпагын кармап:
— Калпагымды тебелебегиле! Апама тийбегиле! — деп кыйкырып тура бергенде, башка коюп, бутка тээп жыгышты. Оозу-мурдунан кан жайылат. Көйнөгү мүрүсү ылдый айрылып, батинкелери эки жерде, башын мыкчып араң өйдө боло берип, көзүнөн жашы мөндүрдөй төгүлгөн Сайкал баласынын оозу-мурдун жоолугу менен аарчып, бирине-бири жөлөнүп, автомат кезегендин күзөтүндө милицияканага кирип баратканында карап турган карт мунарадан өзбек-кыргыздын муңдуу музыкасы сызылып чыгып, адам баласынын тамыр зыркыраткан тагдырын көтөрө албай калчылдап тургансыды.
Күндөгүдөй тергөө башталды. Жанагы эшикте тепкилегендер жабылып эле кирип келишти. Кемпирдин жүрөгү шуу дей түштү. Тиги аскер кийимченди эш тутуп, ордунан ага жакындай жылды. Дагы бойго жетип калган үч-төрт жигит кирип келип, тигилердин катарына туруп калышты.
Колуна дело көтөргөн аябай модалуу кийинген, чачы кыркылуу жаш кыз кирип келип, эки-жагын эч нерсе болбогондой карап, оозун чормоңдото сагыз чайнап, кыска көйнөгү көчүгүнө жабышып, сандарын бултайта отура кетти. Тергөөчү кылыктанып, кылтактап отурганга аябай эркекче карап туруп, анан анын колунун үстүнө колун коюп, бир белгини түшүндүргөнгө окшоп:
— Гуля! — деди да ишти баштарын билдирди.
Гуля алгач котормочулукка иштегени келип, анан тергөөчүлөргө жагып, секретарь, керек болсо сот аткаруучу да болуп калган. Ал түндүктө төрөлүп, түндүктө өскөн. Ал өзүн оштук кыргыз эмес, тек гана түндүктүк деп сезет. Эзели кыргызча сүйлөбөйт. Кыргызча сүйлөгөндөрдү жек көрөт: “Түшүнүгү жок, баран” дейт. Чолжуктап бүтүп:
— Жабырлануучу Мухтаров кандай дооматыңыз бар? — деди.
— Менин атам жана иним өлдү.
— Бул жигитти тааныйсыңбы? — деп сурады Жандаровду колун кезеп көрсөтүп.
— Жок.
— А сен бул жабырлануучуну тааныйсыңбы? — деди Жандаровго карап.
— Жок.
Чөчөйүп отурган бурчтагы кемпирди тигилерге көрсөтө:
— Бул аялды тааныйсыңарбы? — деди.
— Бир ит кыргызда, ал ким болот эле, — дешти кемпирге тап берип.
Кемпирге карап:
— Сизчи? Тааныйсызбы бул аялдарды?
— Жок, айланайын, тааныбайт экенмин, тааныганда эмне тааныбаганда эмне — бир аялбыз. Менин жалгыз эле бир уулум бар. Агари чымчыктын баласына тийбейт. Акыйкат сөзүңөрдү айта көргүлө, айланайындар!.. — ыйламсырап, жалбара баштады.
Сүйүндүк апасын убара болбо дегендей токтоткону сүйлөмөкчү болгондо, жанагы жабырлануучу Муктаров Сүйүндүктү жакадан алды:
— Анда менин атамды ким өлтүрдү? Иттер десе, силер өлтүрдүңөр! Болбосо өлтүргөндү таап бер!
Берки балдардын бардыгы Сүйүндүктү тырпыратып басып калышты. Тээп жатышат. Кемпир тиги тергөөчүгө караса, дегеле кебелбейт. Акыры башы шылкылдап, буттары калчылдап, кызыл жаян канга буланып жатып калганда, жеңдерин түрүп, үстү-баштарын түздөп, чарчаган демдерин ичине алып, чеке-терин аарчышып, тиги аялдар да маашырланып, “ылайым өлүп калса экен” дешип, тиги балдардын колу-башын кармалашып, “өл!”, “өл!” деп канжалап жаткан Сүйүндүккү бирден барып бетине түкүрүштү. Кемпирдин кан басымы көтөрүлүп, көзүнө кыпкызыл кан толуп, жүрөгү араң согуп калган. Ошентсе да дубалдарды чапчып, столдорго өзүн уруп:
— Куда-аай! Тарткылыгың болсо, кыйнабай аа-аал!.. Кандай жазыгыбыз бар эле?! О-о-о Куда-ай! — Мас немедей темтеңдеп, ары-бери теңселип, жинди немедей шалкылдап, итке окшоп “аа-ааауу-аааа!!!” ый аралаштыра улуду. Бакырып жүргөн кемпирден өздөрүн качырып, тигилер таң калып турушту.
Кемпир чалкасынан эси ооп жаткан уулуна артылып жыгылып, аркы-терки болуп сулап жатышты. Кемпирдин бүлкүлдөгөнү бөлмөнү муң-зарга бөлөдү. Армандуу эненин жанын сабап ыйлаган үнү угулат. Тегерете тиктеп турган аялдардын ичинен бир аял чыгып, тигилерди тургузмак болду. Ыйлап алган…
— Акыры энебиз го… Акылыңар кайда качты силердин? Эмне болдуңар деги?..
— Оо кудай-ай десе, бу — кыргыздын аялы. А сен жантартасыңбы? — билек түрүп кирди бир-экөөсү. Калгандары тарткылап, “кой-ай!” кылып калышты.
— Ооба, — деди тиги аял аркы-терки жаткан эне-баланын жанында тизелеп турган калыбында.  — Мен өзбек экеним үчүн күнөөлүү эмесмин да туурабы? Гыдыр буюрган экен, кыргызга турмушка чыктым. Он балалуу болдум. Кайсыл жерде менин күнөөм бар? Кана, айткылачы. Мен эмне аял болгонум үчүн күнөөлүүмүнбү?!. Же он баламды кечейинби?! Силер кечесиңерби балдарыңарды?! Мен да силердей эле энемин, кала берсе өзбекмин. Улутумду танбагандай эле, мен балдарымды да танбаймын. Анткени мен — энемин. Кыргызга турмушка чыксам эмне, жаман болупмунбу. Эл катары жашап, тууган уруктун ичинде ким-биз болуп келатабыз. Ошол күнөө болсо, анда мени өлтүргүлө эмесе. Эгерде кегиңер биздин өлүм менен бүтсө, мына бизди өлтүргүлө! — деп кыргызга турмушка чыккан өзбек аял ушинтет.
Тергөөчү ишти эртеге улантарын айтып, жабырлануучуларды чыгарып жиберди.
Көйнөгү тытылып, далысына илинип, бети-башы көгала болгон Сүйүндүккө тергөөчү бир нерселерди колун жаңсап айтты:
— Апаңды жөнөт. Сенин ишиң бүтө элек. Так что, келбесин! Мына бүгүн көрдүң… Тергөө убагында эшикке жүгүрүп чыкканың үчүн наказания аласың. Сага көйнөк-кече берип жиберсин. Давай кетсин! — деди.
Сүйүндүктөн көзүн албай жалдырап отурган апасына карап:
— Апа! Сиз эми тез кетиңиз. Келбеңиз. Мен өзүм барам. Мени тополоңго катышкансың деп күнөөлөп жатышат. Баары бир чындык болот. Мен эч кимди өлтүргөн эмесмин… — деп мукактанып, келтектен кийин алы куруп отурган апасына кайрат болуп, өзүн оңдоп-түздөп, акыйкатсыздыкка күйгөн ичтеги ызалыгын сыртка чыгарбай жашырып турганын карт кемпир байкап отурду. Айла жок. Аңгыча уулу чөнтөгүндөгү паспортун алып, “кыргыз” деген жерин сөөмөйү менен көрсөтүп, ушул жазуу үчүн (башына муштумун такап: “келтек жедим, үйгө ала барыңызчы?” деген белгини берди.) Ага кемпир дароо эле түшүндү. Түшүнгөндө да көзү умачтай ачыла түштү. Абдырап турган байкуш уулунун башындагы калпагын көрсөтүп, “аны деле бер, ала кетейин” деди.
Ага Сүйүндүк макул болбогондой башын чайкап, калпагын колуна алып, чаң болгон жерлерин тазалап, көкүрөгүнө, бетине басып, кайра кийип алды.
Ал үчүн да келтек жейсиң дегендей белги берсе, кайыл боло мейли деп колун шилтеп койду.
Кемпирдин көңүлүнө“кыргыз болгонум үчүн келтек жедим” деген Сүйүндүктүн сөзү түйүлдү да калды. Уулунун паспортун жек көрүп да кетти. Асыранды баланы айылчы катын билдирбей эле, мындан 20 жыл мурдагы окуяны аргасыз эске салган таш боор тагдырга үшүп отурду. Уулун асырап алганын эч кимге билдирбес үчүн из жашырып, жер которуп келген кемпирге эми анын улутун да бөлүп айтуу асманы алдына кулап түштү. Жан дүйнөсү жабыркап, заманы куурулду. Мындайдын айласын тапчу арга болсо азыр. Кемпир өмүрүн бергенге даяр турду.
Түн бир оокумда Сайкал үйүнө жетти. Алы жок немеге күпүлдөгөн аялдын тепкиси жан этине жетип, баласынын кыргыз болгондугу үчүн минтип темир тордо отурганы койчу, өлүктүн тириги болуп, жүрөгү бирде токтоп, бирде согот. Кайдандыр ала мышык куйругу менен жер шыпырып, шыйпаңдап, Сайкалды тосуп чыкты.
— О-о байкушум десе, түзүк, күтүп алар сен бар экенсиң. — Кемпир ачкан эшигин кайра ичинен жапкан да жок. Кыңкайып калган эшиктин ачык жеринен бирөөнү күткөндөй отура берди. Чачына байлап барган тумарын уулуна бербей унутуп келгенине өзүн өзү каргап-шиледи.
Чекесине колун коюп, акылын жыйнап, таш боор тагдырдын таразасында өзүн сынап ойлуу отурду.
Сүйүндүктүн колу-бетиндеги кызыл тактар, анан тергөөчүнүн колундагы токко сая турган нерселер жөнүндө бушайман жей баштады. «Сүйүндүктү камап алып эле токко сайылган темирди колу-бетине басып кыйнайт окшойт. Эми эмне кылчумун?.. Аатаңдын көрү-үү десе…» Бул күн кемпирдин чымындай жанын сурап келген ажал менен арбашуудан да кыйын болду. Маңдайына келип отуруп калган мышыгы экөө бири-бирин тиктеп, мышыктын кырылдаганы тунжураган тынчтыкты бузуп турду.
* * *
Арадан дагы бир канча күндөр, айлар өттү. Кемпир кейпинен кетип, ого бетер бүкчүйдү. Ал-күчтөн тайыган маалда тагдыр менен соттошуу акылынан адаштырып алсыратты. Оюна келгенин жасап, туш келди жакка басып кеткиси келди. Беш-алты самсаны базардан сатып алып, баягы милициякананы эптеп тапмакчы болуп, уулунун “келбеңиз” дегенине көнбөй дагы жөнөдү.
Эки жагын элеңдеп, бир нерседен корккондой болуп, сүйлөшүп турушкан формачан кыргыз жигиттерге жан тартып, жакын басып келип:
— Э, балдарым, уулума келдим эле… — Кай жакка барарын сурады эле, тиги кыргыздар ага карап да койгон жок, суроосуна жооп бермек турсун:
— Эшикке чык! Бул жакка киргенге мүмкүн эмес! — деди бирөөсү одураңдап.
Кемпир ыңгыранып, чыккысы келбей, колундагы самса түйүлгөн түйүнчөктү суна көрсөтүп:
— Мынаны өз колум менен берип кетейин дедим эле, ал кургур ачка калды го. — Жаны жанына баткан кемпир ички күйүтүн кыйкыра айткансыды.
Тиги кыргыз милиция жигит кемпирдин колундагы түйүнчөктү сууруп алып, эшикти көздөй ыргытты. Самсалар босогого чачылды. Түйүнчөк менен бүт ырыскысы кошо ыргытылгансып, кемпир чебелектеп барып, ары-бери өткөн милициялардын буттарынын арасынан самсаларды терип кирди. Тээп жибербесин деп жалтаңдап караган кемпирдин самса кармаган колун ооздо турган милиция буту менен басты. Колун таман алдынан тартмакчы болуп караганда, тиги экинчи бутун кемпирдин бетине жакындата кесеп:
— Жогол!.. Тез жогол! Биздин министр келатат. Жолдон кач! — деп айкырды.
* * *
Сот залы. Колу артына кишенделген Сүйүндүк эки аскер кийимчендин коштоосунда сот залындагы темир торго киргизилди. Сот процесси орус тилинде жүргүзүлгөндүктөн, залда отурушкан өзбек-кыргыз бардыгы эле Сайкалга окшоп соттун оозунун кыймылдаганын тиктеп отурушту.
Орусча сүйлөй албагандары болсо сот аткаруучулары эмне десе ошого башын ийкегенден башка айлалары жок. Сайкал кемпир болсо “кыргыз” деп эле соттой турган болсо, асырап алганын өлүп кетсем да айтам деп сөзүн камдап отурат. Булардын сотко парага берер пенсиядан башка акчасы жок. Ал дагы өз убагында тийбейт. Сайкал үчүн асырап алганын ачык айтуу өлүмдөн катуу болсо да, акыркы айла-амал үчүн табылган жандалбас эле. Узакка созулган соттон үмүт кылып, күндүр-түндүр көз ирмебей асмандагы кудайдан акыйкаттык, чындык сурады. Күйөөсү Жандардын арбагына жалынып, куран окуйт. Көчөдө отурган тилемчилерге токоч жасап карматат. Алардан бата тилейт. Көзү көргөн, кулагы уккан төлгөчү-теспечилерден калбайт. Кичине болсо да жакшы сөзгө алданып, саал болсо да тыңыраак басып калат. Бүгүн соттун өкүм чыгарар күнү, ага жакшы түшүнбөсө да сот аяктап калганын билет.
— Сот келатат!.. Ордуңардан тургула!
Сот отурган столуна жамбашын такап, чарчагандай өкүм кагаздарын көңүлсүз, бирде үнүн жогору чыгарып, бирде бастатып окуп жатты.
“Сүйүндүк Жандаров 15 жылга эркинен ажыратылды”, — деген өкүм кемпирдин кулагына аткан октой жаңырды…
Оозу-мурду титиреп, башы калчылдап, кемпир ордунан турду. Жерди оё басып, сот менен уулунун ортосуна барып, залдагыларга карады.
— Мени уккула! Мени уккула! Адам баласы болсоңор, бизди уккула!..
Зал саамга тымтырс боло калды.
— Уулум үчүн мына мени камагыла! — Көкүрөгүн тытмалап, — Мына мени аткыла!..
Кемпир караса, залдагылар аны тыңшап, ырайым кыларга окшоп көрүндү…
— Сүйүндүк кыргыз эмес!.. – Залдагылар копшоло түштү. Сайкалдын кекиртегине таштай катуу нерсе тыгылды. Тагдыр ызалыгы аны муунткандан муунтуп баратты. Ошого карабай каргылданып, какап-чакап: — Муштумдай этти ит көрбөгөн күндү көрүп чоңойтуп алдым эле. Уулум адам эмес, кумурскага зыяны жок. Эми минтип эр жетип, мени сүйүнтүп үйлөнөрдө, мага ыраа көрбөйсүңөрбү?.. Мен, мен, ме-е-н, эмшеңдеп араңдан зорго сүйлөп, — мен, мен асырап алдым эле…
Анан кемпир эки колун эки жакка керип, жыгылып кетчүүдөй теңселип, көз жашын жамгырдай төгүп, соттун бутун кучактады:
— Кыргыз болгону үчүн эле камап жатсаңар?.. Ушунча жыл сактап келген сырымды ачайын. Ал — өзбектин баласы эле…
Сүйүндүк темир тордун ичинде капаздагы бөдөнөдөй тыбырчылап, темирлерди биринен сала экинчисин мыкчый кармап, апасына бир нерселерди үнсүз айтып жатты… Зал тымып калды.
— Карыганда алжытып мени!.. Төрт сырымды төктүргөн ушул окуяга убалыбыз жетсин ылайым! Ушуну ойлоп тапканды көрү өрттөнсүн ылайым!..
Сот залдан чыгып кетти.
Автозектин күзөтчүлөрү Сүйүндүктүн колуна кишен салып, алып чыгып кетээрде, эки-үч жолу “Ап-а-аа-аа! Апаа-аа!” — деп бакырып алды.
* * *
— Кечир мени уулум! Сени мен куткара албадым! — деди Сайкал акыркы күчүн жыйнап. — Сенин жүрөгүңдү оорутуп, өмүрү укпаган сөздү да угуздум. Чындыкты айтсам, бир айла болобу дебедимби. Мен алжыган какбаш… Ушуларда да чындык болчу беле?.. Мен алжыдым!..
Кемпир өзү менен өзү сүйлөшүп, акылынан ажырагандай сот залынын муздак дубалдарын кармап тура берди. Эне-баланы бириктирип койгонго жердеги кудай жардам бербеди. Армандуу коштошуу… Сот залы будуң-чаң болуп жатып калды.
Адам өлтүргөн деген кагаздагы жаза Сүйүндүктүн ыйманга ширелген мүнөзүн кескилеп өлтүрдү. Катуу нерсе кармап көрбөгөн Сүйүндүккө сот зордук менен кан забынын мойнуна коюп, кылмышкерлер дүйнөсүнө жөнөттү.
Сайкал кемпир бош калган темир тордун алдына сулап жыгылды.
* * *
Сүйүндүктөн кыш чилдесинде дарегин билдирген кат келди: Сайкал кемпир үй менен бир болуп, толуп-ташып, каттагы жазылгандарды Сүйүндүк өзү окуп берип жаткансып эчкирди. Кайра-кайра катты тырмалап окуй берип, тамгалары көрүнбөй калды. Эрмеги баягы кат. Көзүнө басат. Өбөт, жыттайт. Азыр эле баласын көздөй жөнөмөк болот. Каякка?.. Кантип?..
Дубалда илинип турган Сүйүндүктүн кичинекейиндеги сүймөнчүк сүрөтүнө карап, жалгыздыктын азабын тартып калганын ички билдирүүсү менен бышактап, эмшиңдеди. Сагынычы толуп-ташып, балдар бакачасына бөйтөйгөн колунан жетелеп келатканын элестетип, кыялданып, бир аз болсо да жеңилдеп алды. Мындайда жакшы элестер деле жанга кубат болот окшобойбу.
Ош-Бишкек-Казакстан.
Балкаш түрмөсү…
Эми эле тийип турган күндүн бетин туман каптап, атайын баш ылдый бирөө челектеп суу куюп жаткандай жамгыр нөшөрлөп төгүп кирди. Кемпирге түрмөнүн сырткы кебетеси көз ачырбай жаап жаткан жамгырдан, ала-була самсаалаган тумандын арасынан өтө эле үрөйү суук көрүндү. Жаагын таянып жаан сейилдегенче кыймылдабай, түрмөдөн көзүн албай карап отура берди.
Жол азабынан кыйналган кемпир бутун тартарга алы жок, чарчаган. Аны байкаган түрмө күзөтчү жанына келип орусчалап:
– Свиданияга келдиңизби? — деп сурады.
Кемпир баш ийкеди.
— Мен кеткени жатам, начальникке кол койдурдуңуз беле? — деп сурады.
Кемпир аны жек көрүп карады.
Баягы уулун үйүнөн алып кеткен орусту көргөндөй акырая тиктеп:
“Кимге келдиңиз эле деп коёт, уяты жок десе. Мени сынагансып. Балама келем да. Сага келмек белем. Өзү кылгылыкты кылып коюп, билмексен болот”. Кемпир ичинен күбүрөнүп алды.
Түрмөдө иштеген неме айттырбай түшүнүп, кемпирдин баштыктарын көтөрүшүп, кагаз жазчу бөлмөгө ээрчитип жөнөдү. Ал да түшүнгөнсүп бара берди.
– Фамилиясы ким?
– Жандаров Сүйүндүк! – катуу кыйкырып айтты, жамгырдан суу болгон бетин аарчып жатып.
Азыр эле бурганактаган жамгырды жер бетинен сыйпап кеткендей, күндүн шооласы кемпирдин көзүнө чырак болуп, түрмөнүн жалгыз терезесинен суурулуп кирди.
– Жандаров, свиданкага. Сага Кыргызстандан бирөө келди. Комната свиданкада күтүп отурат. – Зона үн күчөткүчү заңылдады.
Эзели Жандаровду свиданкага чакырбагандыктан, зектер ага сүйүнчү айтып жатышты.
– Апам!.. – деди. Башындагы шапкесин колтугуна кыскан бойдон “апам” деген сөздү гана кайталап учуп келатты.
Эки-жагын шашылбай карап, таң калып турган апасын өпкөсү көөп жүгүрүп кирген Сүйүндүк көрдү да, бакырып жибере жаздап, жаш баладай кучактап бооруна баса так көтөрдү… Апасынын арыктап, көпөлөктөй жеңил болуп калганына ого бетер эзилди. Сагынышкан эне-баланын жүрөктөрү кабынан чыга жаздап согууда. Кемпир ээ дээрге эби келбей, уулунун бакубаттуу билегинде илинип эчкирип ыйлап жатты. Сүйүндүктүн көз жашы кемпирдин көйнөгүнүн көкүрөгүн алма-чөлмө суу кылып, ичи-койнуна арыктаган кабыргаларын аралап агып жатты.
Баягы түрмө күзөтчүсү бири-бирин аяп турган эне-баланы көпкө тиктеп туруп, булардын тагдырынын чоо жайын түшүнгөнсүдү. “Тү-ү-үү!..” деп түкүрүнгөн боюнча ушул күн, ушул сааттан иштегенден баш тартып, түрмөнү таштап кеткенин эне-бала билбей калышкан эле…
Сайкал:
– Уулум, мен сени көтөрүп турайынчы… – уулунун башынан жыттап, чачтарын сылап айланып, үрүлүп жалбарат. Сүйүндүк эки тизесине апасын жаш балача отургузуп, анын көз айнегин алып, алыбеттүү манжалары менен апасынын бетиндеги көз жашын сүртүп, ак саамайын жыттап, бул мүнөттөр эне-бала үчүн не бир бактылуу да мүнөттөргө окшоп кетти. Алар түрмөдө отургандарын эстеринен чыгарып да коюшту.
Кемпир баласынын батинкесин чечип, тер жыттанган жылаңач манжаларын өөп, солуктаган демин сыртка чыгара, сагынычы тарабай, көйнөгүнүн көкүрөгүн ачып, арыктап шилинген этине баласынын бутун басты. Колунан келсе, уулун ушу турушу менен ичине салып, катып алгысы келди.
Түйүндөрүн чечип, улам эсине келгенин айтып, майга жуурулган токочту сагынгандыр деп жаш балача оозуна тутуп жегизди. Сүйүндүк апасынын эркелеткенине көнүп, койнуна колу-бутун катып, эне мээримине балкып уктап кетти.
Кемпир да санаасы саамга тына калганга жаны жай ала түшкөнсүдү. Түбү түшкөн тепшиден бетер көмөрүлгөн ырайы суук түрмөдө ушинтип отурам деп Сайкалдын он уктаса түшүнө кирбегендир? Ананчы!..
Бактысы аттын башынан чоң аял эле бир кезде. Раматылык Жандар менен жашаган күндөрү эч бир нерсеге салыштыргыс болгон экен. “Эгер арбак билер болсо, алда кургур Жандарым кыйналып жаткандыр?..” деп өрөпсүп коёт.
Жандардын Сайкалга болгон сүйүүсү ишенимдүү экенине көзү жетчү. Бирок бири-бирин кыйбаган жубайлардын балалуу болбой калуу тагдырына тууган-урук, дос-жардын сөздөрү кошул-ташыл болуп, акыры ажыратып тынган.
Анда Жандар бир райондун прокурору. Оозуна нан бышкан кез. Ошондо Жандар ушул жанындай көргөн Сайкалы ушинтип түрмөдө ыйлап, бала деп зарлап калат деп ойлобогондур.
“Ким билет, пендечилик менен туура жолдон адашып каргыш-илкишке калдыкпы же бир кесирлик кылдык бекен!..” деген ой да Сайкалдан кыйгап өтүп кеткен жок.
Жандар кызматтан көтөрүлгөн сайын анын баласы жок экени, кем бакты болуп, тукумсуз өмүрү өтүп баратканы нан жегендей эле отурган жерде көп айтылчу болду. Ажырашуу маселесин ортого салуу экөө үчүн тең оор эле. Бири-бирин кыйбаган улуу сезим бар болчу. Акыры бала асырап алуу чечимине келүү «ажырашкыла» дегендерди убактылуу болсо да алаксытуу болду.
Туш-тарапка, жакшы санаалаштарга прокурор Ташбаев Жандар бала асырап алат экен деген сөз тарады. Уккандын баары прокурорго жакшы наристени туш кылып сүйүндүрүү аракеттери болду. Анткени ал адам катары ак пейилдүү, улууну улуудай, кичүүнү кичүүдөй ажырата билген, негизинен кишиликтүү жан болгон. Жандардын жардамчы прокурору өзбек Рустамжан анын жубайы Ранохандар менен бир туугандай эшиктеш коңшу турушчу. Анда ал өзбек, бул кыргыз деп бөлгөндү ким көрүптүр.
«Биздин мындай масилетке келгенибиз аларга аябай жагып, биздин үй-бүлө бузулбай калганына кубангандарын айтпа. Алардын төрт уулу бар эле. Буйрук чечип алыскы райондун төрөт үйүнөн эркек баланын кабары келди. Мен алгач Раноханга кабарлап, тез үйгө келип кал дедим. Адамдан башкача аял эле шашып-бушуп эшикти кагып, Сайкал эже сүйүнчү уулду болдуңуз окшойт деп мен төрөгөндөй ичимди жылытып койду. Жүрүңүз андай болсо, бизден мурда бирөө алып кетпесин тез баралы» деди.
Сайкал ниет кылып камдап койгон бала орончуларын жая, Жандарга телефон чалды, машинаңды жөнөт деп. Жандар он мүнөттөн кечикпей жетип барарын айтып телефондон Сайкалды куттуктап, сүйүнгөнүн айтты. Ошол жерден телефондон жубайлар уулунун атын“ Сүйүндүк“ деп коё турган болушту. Аңгыча кара “Волга” бипилдеп сигнал басты.
Аларды төрөт үйүнүн башчысы Анна Николаевна тосуп алды. Сайкалдын жүрөгү элеп-желеп, бала кучактап калуу бактысына шашат. Жандардын да сабыры кетип, чыдамсыздык менен күтүп турарын эстеп коёт. Анна Николаевна күндө жасап жүргөн ишинин кезектегиси катары ымыркайлар жаткан бөлмөгө Сайкалды ээрчитип баратты. Палаталарда мамаларын булайтып наристелерин эмизип, мемиреп жаткан аялдарды кыдырата тиктеп бараткан Сайкалдын эки эмчеги демейдегиден башкача чатырагансып, коколой башын кубандырар, наристе жыттанган чоң бөлмөгө киришти.
Кичинекей керебеттер кыдыратасынан бош. Наристелерди эмизе турган убагы болгондуктан, балдар энелеринде. Эң четки керебетте жалгыз жаткан наристени колу менен “ошол бала” деп көрсөттү догдур Сайкалга.
Сайкал жалгыз жаткан наристеге кантип жетип барып колуна алганын, бек кучактап чыгып келатканын сезбей калды. Балага зар, куу баш атыгып келаткан эненин жана бөлмөдө жалгыз калган баланын ички сырын бир кудай эле билди. Ранохан абдырап турган Сайкал эжесинин этек-жеңин жыйып, кубанычын тең бөлүшүү аракетинде.
Баланы асырап алуунун мыйзамдуу жагдайлары менен тааныштырып жатып, Анна Николаевна бул баланы өзбек аял төрөгөн деп Сайкалдын жана Жандардын паспортуна карап аны бир тиктеп койду, бала асырап алуучуларда улутун суроо анчалык деле көңүлгө алынбай келгени белгилүү болсо да. Сайкал күтүүсүздөн берилген бул суроого маани бербей эле анын суроолуу көзүнө бир карап, бир балага карап, бир Раного карады. Рано бир тууганынын асырап алган кызын кыргыз аял төрөдү деген догдурдун сөзүн эстеди да:
– Сайкал эже, менин жакын сиңдимди кыргыз мамаша төрөптүр, эмнеси бар экен? – деди шаша сүйлөп.
“Колумдагы баламды алып коёбу деп коркуп кеткенин” айтып күлүп жиберди Сайкал.
Ак орончуда аллей көтөргөн Сайкал кара “Волгада” үйүн көздөй сызып келатты.
Үй-эшик толо киши. Жагымдуу сүт берет деп улактуу эчки, мүнөздөп сүт ичсе деп музоолуу уй короого байланды. Жумуртка да болсун деп жөжөлүү тооктон бери Сүйүндүккө аталган ырыскы бир капшыттан кирип, бир капшыттан чыгып жатты. Сүйүндүктүн жентек тоюна жалы карыш бээ союлуп, байгесине машине койгон улак тартыларын, уулдуу болгон Жандар мал-дүйнөсүн аябай чачып, элден бата алып жатты. Азан айттырып, ат койдуруп, айылдын баш аягына чабарман жөнөтүп, Жандар уулду болуп, жентек той берип жатканын жар салдырды.

– Ырыскысы төгүлгөн бала элең… Кайсыл жерибизден жаздык экен? – деди уктап жаткан уулунун түрмө жыттанган чачын жыттап.
Сайкал сотто “асырап алдым” деп бир айтса, “кыргыз эмес” деп эки айтып, уулунун алдында эки айыпка жыгылып олтурат. Бул күнөөсүн кантип жуурун билбей, ичинен курт жеп, өтө азып кеткенинин дагы бир себеби ушул эле. Айтканын эми кантип түздөрүн билбей, кылмыш кылып койгонсуп, кошмоктогон санаага кысыла баштады. Бирок уулу апасынын ал сөзүнө анча маани бербегендей.
Ичинен: “Баламдын жанына жеттим, эми кетип жинди болупмунбу?.. Эч жакка кетпейм. Өлсөм уулум көөмп коёт. Ушул жерден кетпей, Сүйүндүк бошомоюн жанында, түрмө эшигин шыпырып болсо да күн өткөрүп жүрөм”, – деди өзүнө өзү сөз берип.
* * *
Сайкал кулагынын улам катуулап укпай баратканына, көзүнүн көрүү кубаты да начарлап кеткенинен эптеп өлүп кала электе акыйкаттык издеп өйдө-ылдый басмак болду. Кирбеген каанасы, түртпөгөн эшиги калбады. Булардын тагдыры падышага чейин жетти.
* * *
Сүйүндүк түрмөдө, Сайкал үйүндө окшош түштөрдү көрүштү. Учурашчу күндөр жакын калды деп жорушту экөө тең.
Кемпир күндөгүсүнөн көңүлү жайдары ойгонуп, намазын баштаар алдында кыбылага карап: “Көзүмдүн тиригинде уулумду жеткире көр, там-ташын тапшырып өлөйүн”  деп тилек кылды. Эмнегедир Сүйүндүк кирип келчүдөй сезиле берди. Сагынганымдан го деп ойлоду. Анткени анын качан, кантип акталып чыгарын билбейт.
Түн бир убакта кемпирдин эшиги такылдады.
— Апаа! Апаа!.. Мен келдим. Эшикти ачыңыз!..
Сайкал чочуп ойгонду да: “Баламдын үнү жаңырып калыптыр, ээ-ээ кудай уулум келип калат окшойт же түшүмбү?” — деп кайра көзүн жумду.
Жок… Эшиктин такылдаганы катуулап калды.
Сүйүндүктүн ою жаманга кетип, дарбазаны көчө башы укчуудай тарсылдатты. Эч ким ачпаганына коркту. “Апам тирүү бар бекен!..”
Сайкал өйдө болуп, абдан тыңшап:
— Апаа! Апа-аа!.. Барсызбы?.. Мен келдим. Эшикти ачыңыз! — деген Сүйүндүктүн үнүн дапдаана укту да, эсин жоготуп койду. Кайра өзүнө келип, шашып-бушуп сол бутуна маасысын кийди да, экинчи маасысын колуна уучтай кармап, там айланып бакырып сыртта жүргөн уулун кемпир ичкертен айнектен көрүп:
— Үйгө кир! – деп кыйкырды айланып-садага болуп. Кемпир электрдин күйбөй калганын, бекиткен ширеңкесин, эшиктин ачкычын каякка койгонун, өзү каерде жүргөнүн эстей албай үй ичинде айланып калдактап жүрдү. Аңгыча кайдан-жайдандыр эшик алдына Сүйүндүктүн достору жетип келишти. Коңшу-колоңдор менен .учурашуу, кобур-шабыр.
Сайкал уулун көрүп турганына ишенбей кетти. Чатырап толгон ай ыйлап жаткан кемпирдин көзүнө уруна түштү. Анан ал ай көп болуп көрүндү. Анан төгөрөк айдын бети карала болуп, салаалап жаш агып жаткансыды.
“Ооба, ай эмнеге ыйлап жатат”, — деди Сайкал ичинен. Ушул жашка келип, айдын ыйлаганын көрбөпмүн.” Кемпирдин эси оой түштү. Көзүнөн аккан жашы көз айнегине чагылып, көп болуп көрүнгөн айлардын баары ыйлап жаткандай туюлду ага. Сайкал ага ишенди. Өзүнүн маңдай жарган кубанычына ортоктош болуп, кошо ыйлап жаткан аалам падышасы болгон ыйык ай энеге ичинен келме келтире таазим кылды…
1993- жылдын 20-майы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.