Ысмайыл КАДЫРОВ: Тантык болсо да таасын сөздөр

Уй сатылат. 4 бөлмөлуу (Кулактандыруудан). Уйдун телефону (Визиткадан). (“Уйдун номери” дегенди түз маанисинде туура эле түшүнүп жазган жокмун. Анткени окшош уйлар көп болсо номер коёт да. Ал эми “Уй сатылат” болгондо да “4 бөлмөлуу”, “Уйдун телефону” деген сөздөрдү кашайып түшүнбөй атпаймынбы. Ошентсе да азыркы заманда таң кала турган деле эч нерсе жок. Анткени техника укмуштуудай тездик менен өсүп-өнүгүп, ойго келбеген нерселер болуп жатпайбы. Мүмкүн уйлар деле телефон менен сүйлөшө баштагандыр). Музейге балдары, неберелери, байбичеси, бирге туруп, жүргөн адамдар коюлган (Редакцияга […]

Ишенбай АБДУРАЗАКОВ: Сакем ички уңгусу боюнча ар бир кыры жаркыраган көөр таш сымал эле…

Бир жыл илгери кайсы бир белгилүү адамдын юбилейинин эртеси телефон шыңгырап калды. Тыңшасам Сакем экен, «үйдөсүңбү?» дейт. «Тышта болсом телефонду алат белем? десем, «Баса дейм да, сени кечинде эле эмес, күндүзгү тойлордун баарына чакырышат экен, ансыз той көркүнө чыкпай калыптыр деген сөз угуп калдым эле, болбосо жөн эле келе бермекмин. Болду, мен азыр барам» деп карсылдап күлдү. «Ой, мен азыр тойго кетип бараттым эле. Болуптур эми, сен биринчи жолу телефон чалып келмекчи болгонуң чоң жаңылык. Ошону белгилейли»… Учурдагы абал боюнча […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Таш

ЭССЕ Үстүнөн өтүп баратып алдындагы аккан сууну дайыма эңкейип карап коём. Суу экөөбүздө кандайдыр бир жакындык бар, “окшошпуз”. Мелмилдейбиз, шарылдайбыз, ылайланабыз, тунабыз… Араба-машиналардын дөңгөлөктөрүнө, эки-төрт буттуулардын тамандарына тебелетпей алдындагы “мага окшош сууну” калкалаган көпүрө. Бу өйүз менен тиги өйүздү эле бириктирбестен, мурунку дүйнө менен азыркы дүйнөнүн ортосун да байланыштыргансыган көрүнүшкө ээ. Эзелкидей эскирген. Куруп-салып кеткен аталарыбыздын маңдай терин урмат кылгандар чыккандыр, өз замандарында. Ал эми, астын “бели” менен аярлап, үстүнө “боорун” тоскон, эзелки көпүрөнүн эмгегин баалап, үнсүз даңктагансып, жанында кара […]

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Кыргыз жазы

Жаз тууралуу ырларды сунуш кылар алдында окуучулук күндөрдөгү бир учур эске түштү. 7-класстын «Русская литература» китебинде «А.Саврасов. «Грачи прилетели» («Чар каргалар учуп келишти») деген сүрөт бар эле. Орус тил эжебиз ошол сүрөт тууралуу көп жакшы нерселерди айтып бере берчү. Ошондон уламбы, билбейм, менде орустарга жазды каргалар апкелет турбайбы деген түшүнүк пайда болгон. – Эмне үчүн ошондой чар каргалар бизде жок? – деп сурагам. Эжейимдин буга эмне деп жооп бергени бүгүн эсимде жок. Бирок биздин каргалар учса эле күн бүркөктө учарын, […]

Олжобай ШАКИР: Молдоке

АҢГЕМЕ Мончонун кассасында кезекке тургандардын арасынан бир чокчо сакалдуу чал менен сакалы батектей, узун чапанчан сомодой жигит кер-мур айтыша кетти. Кезекке тургандардын саны деле көп эмес эле. Чатак сомодой жигиттин «аксакал, намазга кечигип калбайын, өткөрүп жибериң» деген өтүнүчүнөн чыкты. – Ат-та-ааңдын оозун урайын! Сага окшогондордун азабы өттү! – деп чунаңдаган чал тигини жекире карап, андан аркы кеби да сакалчан жигиттин итатайын козгоду. – Намаз окуган сен эле бекенсиң! Сен да эл катары кезекте тур, намаз окусаң эле эмне? – Аксакал, […]

Кыргызстанда ГЭС кура турган чехиялык белгисиз компания азыртан шек жаратууда!

Чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты «Кыргызстанда белгисиз чех компаниясы миллиарддаган акчага ГЭС курат» деген макала жарыялады. Анда айтылгандай, Чехияда эч ким билбеген Liglass Trading CZ аттуу компанияны Кыргызстанга чех президенти Милош Земан жана анын канцелярия башчысы Вратислав Минарж сунуштаган. «Документтерин карап көрсөк, Liglass Trading CZ фирмасынын соода-сатык ишмердиги 2014-жылы 345 миң чех кронуна айланып (азыркы курс менен 15 миң АКШ долларындай), бир миллион крондой чыгаша тартыптыр. Калган жылдары финансылык маалыматы жарыяланбаптыр», — деп жазат aktualne.cz сайтынын кабарчылар тобу. Кыргызстанда мындай ири […]