Сөз башат

Манаска карата айтылган “Айың менен күнүңдүн, бир өзүнөн бүткөндөй…” деген теңдешсиз сын-сыпат, тегин жеринен манасчынын оозуна келе калбагандыр. Арийне, кыргыздар сөздү жөн салды айта бербейт. “Сөз улук” делинет, сөз кадырланат, сөзгө конок берилет, таамай айтылган сөзгө кулдук урулат. Кыргыздын көөнө салтынын башаты ушул. Мындан улам эл ичинде сөз баккан адамдар эбегейсиз баркка ээ болуп, артынан көч ээрчитип келген. Андай асыл адамдар өз замандаштарына тоодой тирек болсо, келечек муундун аң-сезимине руханий азык болуп, дагы да жеке өзүнүн инсандык аты-затын жаркытканы жаркыткан.
Тарых чындыгына абай салсак, көчмөн кыргыздын башына түшкөн опурталдуу окуялар бир тең да, ал окуяларды жакшылык жагына оодарып кеткен акылгөй даанышмандардын эрдиги бир тең. Ошол инсандардын нарк-насили менен элдүүлүктүн, мамлекеттүүлүктүн чеби орноп, коом сапатын болоттой чыңалтты. Андай журт камын көргөндөрдүн шарапаты муундан-муунга жетип, ар мезгилдин асабасы болуп келе берет экен. Бул өңүттө закымдагы заманды алаканга салгандай көргөн олуя-сынчылардын орду зор. Анда сынчылардын сынчысы жөнүндө сөз болсун…
Сынчылар ар доордо жашап, Жараткандан ыроолонгон касиеттери менен келер чакты кудум көрүп тургандай так айтышканы менен даңазаланып келет. Жазуучу Кеңеш Жусуповдун “Кыргыздар” китебинде кыргызда Тагай бийден бери Жантайга чейин алты сынчы болгондугу баяндалат. Алар:
Санчы сынчы, Убаалы сынчы, Менсейит сынчы, Сопу сынчы, Калыгул сынчы жана Арстанбек сынчы.
Эмесе айтылып, жазылып келген маалыматтардын негизине таянып, жогоруда аталгандардын төртүнчү сынчысы – Сопу Ата туурасында «РухЭш» сайтынын окурмандарына да баян этсек дедик…

СОПУ АТА БАЯНЫ
Айдарым жеңил жел соккон Чүй өзөнүн артына таштап, Кегетини беттей бир жолоочу ат арытып баратты. Түзөңдө жүрүш сала дүпүлдөгөн жылкы туягы өрүүдө ыргагынан жанып, басыгы салмактанганына астейдил абай салып, сыйда жалы койкойгон моюнунун оң тарабына төгүлгөн карагердин кез-кез кошкурган демин тыңшап, карт жолоочу көксөгөнү, көрөрү бардай жогоруга сүңгүгөн жол учуна улам ээк кагат. Ооба, анын көксөөсү бар болчу. Үч жылдап көрүшпөй калган жакын санаалашына учурашып, акыл калчап келүүгө ашыгып бараткан. Адамдык ариети ал-жай сурашуу вазийпасын аткарууга жетелеп… Кегетиге ашып өтчү белестин тескейине келгенде, карагердин ооздугун копшой тизгин тартты жолоочу, алдыда каршы келаткан караанга саамга үңүлдү.
Төө минген береги адамды утурлай ыкчамдай бастырды. Чукул барганда, көргөн көзүнө ишенбегендей кубанды. Дал өзү! Издегени да, көздөгөнү да ушул төө минген адам болчу. Ал – Сопу Ата эле. Салам айтылып, алик алынып, жай сурашкан ысык жүздөшүүдөн соң, максатына жол ортолой белде жеткен жолоочу: “Мен сага учурашайын деп бараттым эле, эми кайра кетейин…” десе, Сопу Ата болбойт: “Биздин айылга бара кет. Мынча келгенден кийин талаадан кайтпагын. Мен болсо Мекеге бара жатам” — деп, жолоочуну айылын көздөй жиберет.
Жолоочу Сопу Атанын айылына жетип, боолголой бастырып үйүн таап келсе, үйдө көп адамдар жүрүшөт дейт. Ал жердегилер жакшы кабыл албайт. Абай салса, бул үйдө жамандык болгон сыяктуу. Сураса, Сопунун үчүлүгүн өткөрүп, куран окутуп жатышканын айтышат. Айраң болгон жолоочу ал жердегилерге Сопуга ашууда жолукканын, аны менен ал сурашып сүйлөшкөнүн, анын Мекеге сапар алып чыкканын айтат. Тигилер ишенбейт. Ой туудурган бул маалыматтан улам көпчүлүк көрүстөнгө келишип, Сопунун кабыры бузулуп, өзгөрүп калганына күбө болушат…
* * *
Сопу Ата ким болгон? Бул суроого тарыхый булактардан агып келген чындыктан жооп издейли. Сопу Ата 18-кылымдын ортосунда жарык дүйнөгө келип, 19-кылымдын ортосуна чейин, бир кылымга тете өмүр сүргөн инсан. Болжомдуу тактаганда 1751-1848-жылдарда жашап өткөн.
Айтылуу Азык уруусунун ичиндеги Байкүчүктөн чыккан Чөкөдөн — Эсет, Марка, Бекечал, Дуулат аттуу төрт уул туулат. Эсеттин уулдары – Сопу, Момун, Жумабай, Байке. Сопудан кийинки үч бир туугандан тараган урпактары күнбүгүн Ат-Башы, Нарын, Кочкор, Чүй райондорунда отурукташып, түтүнү беш-алты жүздөп саналат. Ал эми кайталангыс касиетке эгедер Сопу өз канынан жаралган балага ата болуу бактысына ээ болбогону менен, бүтүндөй журтка ата болуп – Сопу Ата атыкты. Бул атакка аны табиятындагы өтө күчтүү купуя туюму жана жөнөкөй эмес тагдырынан тапкан даанышмандыгы жеткирди.
Арийне, азганакей каармандар чоң тарыхты жаратат, азганакей адамдар өрнөктүү өмүр кечет. Алардын аракетине жараша коомдун сапаты калыптанып жүрүп отурат. Орто Азиядагы татаал прогресс, жоокерчилик-баскынчылык саясат Сопу Атаны өз мезгилинин каарманы болуусун шарттаган. Анын үстүнө, ошол өткөн чактагы өксүк кырдаал канында касиет ойногон Сопу Атадай даанышман-кеменгерлерсиз түз жолго түшпөйт эле. Болбосо мизинен кан сызылган кылыч менен учунан уу тамган жебе муунду муунга боору бүтүн жалгаштырмак эмес. Кудай бул жагынан кыргызды куру кол койгон жок, ар заманда уламадай уланып, топ-тобу менен акыл-эстин аталары жаралып турду. Алардын жардамы менен кыйчалышта сөз, караңгыда көз табылып, журт ырыскысы бөксөрбөдү. Бул ойду бекемдеш үчүн ошол эле Сопу Атанын айрым замандаштарын, шакирттерин атай кетсек жетиштүү: Калыгул Бай уулу, Келдибек Карбоз уулу, Кысалак Той уулу, Муратаалы Медет уулу, Бекмурат Кумар уулу (Балыкооз), Музооке Жаманкара уулу, Матай Карач уулу, Ашым, Рай Маамберди уулдары, Арстанбек Буйлаш уулу ж.б.
Сопу Ата булардын дээрлигине кат таанытып, акыл-насаат айтып, кыргыздын санжыра тарыхын үйрөткөн. Улуу устаттын нускоосу менен атактуу манасчы Келдибек Карбоз уулу, Бекмурат Кумар уулу, Калыгул Бай уулу жана башкалары намазга жыгылганы айтылат. Ал кезде эл бийлегендерден Жантай, Ормон, Боромбай, Тилекмат өңдүүлөр да Сопу Атанын астынан кыя өтүшпөгөн. Ага бөтөн элден, башка хандыктан да өзүнө окшогон билгич, көрөгөч, олуя, билимдүү адамдар арбын келишкени аңыз. Кыргыздар табиятынан сөз кадырлаган, калыс айтылган таамай сөзгө кулдук урган эл эмеспи, Сопу Атаны да көпчүлүк кыргыз эли сыйлап, айтканын жаздым кылбай, баркташкан. Анын даңкы кыргыз эли эмес, казак, калмак, монгол, кытай жана түрк тилдүү элдердин көпчүлүгүнө белгилүү болгон. Мынчалык даражадагы кадыр-баркка жетүүгө тубаса касиетине жуурулушкан билими, өзгөдө жок дүйнө таанымы шарт түзгөн.
Адам жарыкчылыкка келгенде, керт маңдайына жазылган артыкчылыгы менен бу дүйнөдө аткара турган вазийпасын кан-жанына кабаттап ала келет. Тек, өзүн таанып, талант-дараметин өлчөй алгандар гана өрнөк калтырат. Жараткан бул жагынан Сопу Атага ашкере марттык кылган экен. Ал тубаса күчтүү олуялык кудуретке ээболуп, философиялык мейкиндикте эркин ой ойноткону менен өзгөчөлөнүп турган. Эл аралык каттамдын географиялык катаалдыгына карабай жер кезип, араб, чагатай, фарс, кытай, уйгур тилдерин жана адабий жазмасын мыкты өздөштүргөн. Өз дооруна ылайык манасчыларды, молдолорду, даанышмандарды тарбиялап, арабча кат таанытып, эң алгачкы түндүктүк кыргыздардын кат сабатын ачкан, мусулманчылыкты жайылткан. Алдын-ала болор чакты: зар заман, тар заман, акыр замандарды акылга сыйгыс тактык менен бир кылымдан ашуун келечекке чейин алаканына салгандай айткан. Жөн да айтпастан ырдын ыргагына салып, санаттап муундан-муунга мурас калтырган.

САНАТ – МУРАС
Сопу Атанын санат ырларын айтканын-айткандай, дегенин-дегендей шакирттери Калыгул Бай уулу (1785-1855) менен Арстанбек Буйлаш уулу (1824-1878) улантып айтышканын жана анын негизинде өз чыгармачылыктарын өркүндөтүшкөнүн кеп салган изилдөөчүлөр азыр деле арабызда бар.
Кыябына жараша сөз уласак, санжыраларда түндүк кыргыздардын даанышман-олуяларынын башын бириктирген акелердин мектеби, оозеки академиясы болгону айтылат. Анын башатында да сопулук, тарийкат даанышмандары турган. Буга тикелей далил катары дал ушул Сопу Атанын Кочкор аймагында түзгөн “олуялык” мектебин айтсак болот. Бул мектептин таалими улуу акындар Калыгул менен Арстанбектин келечек, акыр кыямат жөнүндө ырдаган чыгармаларына өзөк-башат болуп берген. Ошол эле Кочкор өрөөнүндө Сопу Атанын жакын тууганы саналган Ашыр аттуу төлгөчү (1907-1994) өткөн дүйнөдөн. Тарткан төлгөсү жаздым кетпеген, жок издеген далайдын далысын таптап, маңдайын жазып кубанткан Ашыр төлгөчүнүн да өз кезегинде атагы арткан. “Коюндан төгүлсө кончко” демекчи, улуу олуянын камчы сабындай касиети жалгап калганбы, айтор, Ашыр төлгөчү сүйлөсө тилинен шекер тамган, көздөрү көрүүдөн калса да, жүзүнөн жылдызы жанган жан болуптур. Ал төлгөсүн тартаар алдында: “Сопу Ата колдо!..” деп, саамга дымый түшүп, анан уучуна толуп турган корголдой кырк ташын алдына чачып жиберип, төлгөлөй баштаганына анын алдынан өткөндөрдүн көпчүлүгү күбө болгон экен. Төлгөчү Ашыр басса-турса Сопу Атаны оозунан түшүрбөгөн дешет. Ал олуя жөнүндө аңгемесин төгүлүп-жайылып, берилип, сүйкүмүн төгүп, небир кереметтүү жөө жомоктун укмуштуу каарманындай баяндай жүргөн. Эл ичиндеги “Калыгул жети жашка келгенде бардык түндүк кыргызындай эле окуу билбестен, азык уруусундагы Сопу Ата дегенден намаз окууну үйрөнгөн” деген маалыматтын чындыкка жакын экенин ошол Ашыр төлгөчүнүн айткан баянынын бир тобу ырастайт. Ашыр төлгөчү жыйырмага жашы жетелек Сопунун тентип, жер кыдырып жүрүп, көп сырдуу, укмуштай билимдүү кишилерге жолугуп, “көзү ачылганын”, орустардын келишин жамактап кобураганын, элдин пейилинин бузулушун жаңырган доордун кенемтеси катары баа бергендигин айтат. Муну:
“Шатыратып күн жааса,
Жерге жагат дечү эле.
Жакшы чыккан азамат
Элин билет дечү эле.
Ошол адам ойлосоң,
Кимден чыгат деп айткан.
Ушул турган калайык,
Элден чыгат деп айткан.
Алтын-күмүш асылдар
Жерден чыгат деп айткан.
Текши жерге тегирмен,
Жүрүп турат деп айткан.
Тегеренип баарысын,
Билип турат деп айткан”.
Же:
“Андан кийин билимдүү,
Атың чыгат деп уктум.
Түрдүү шондой акылдуу,
Аяр чыгат деп уктум”, – деп, ал эми “Акыр заман” казалында:
Азиздер айтып кетиптир
Акыр заман болжолун.
Ак Азирети пайгамбар,
Адам ата баш болуп:
Акыр заман кишиси,
Кичине болор мүчөсү.
Илгери өткөн адамдан
Башка болот деп айткан.
Адеби жок сүйлөгөн,
Кашка болот деп айткан.
Конушу такыр чөбү жок
Ташка конот деп айткан.
Элдин нурку азайып,
Ачка болот деп айткан.
Акыр заман адамы
Бакыл болот деп айткан.
Мал азайып арымдап,
Жакыр болот деп айткан.
Эгини өнүп, чөп чыкпай
Такыр болот деп айткан.
Андан кийин замана
Акыр болот деп айткан.
Акыр заман адамы
Алым болот деп айткан.
Аяттын сөзүн бек тутпай,
Залым болот деп айткан.
Аганын тилин ини албай,
Чагым болот деп айткан.
Биринин тилин бири албай,
Жайыл болот деп айткан.
Капыр менен аралаш,
Ошондо айыл конот деп айткан…” – деген саптарды Калыгул Бай уулу ырга салса, Арстанбек Буйлаш уулу мындай коштойт:
Байыры бала жаш чакта
Кызыл өңүм ток чакта,
Кыл сакалым жок чакта,
Карылардан көп уктук,
Уламадан сөз уктук,
Ошондо өңү сары, көзү көк
Орус чыгат дечү эле,
Узун чөптүн баарысын
Оруп чыгат дечү эле.
Кыска чөптүн баарысын
Коруп чыгат дечү эле,
Ай-ааламдын баарысын
Соруп чыгат дечү эле,
Бу заманың кай заман, ой журтум?
Ушул орус чыкканда
Бир, эки деп санаган,
Тыйын чыгат дечү эле.
Атасынан баласы
Кыйын чыгат дечү эле,
Эки башы кайкайган,
Кайык чыгат дечү эле.
Мейилкадыр болом деп,
Элечегин булгалап,
Зайып чыгат дечү эле,
Бул заманың кай заман, ой журтум?
Улуу суунун баарысы
Чулук болот дечү эле.
Кичи атанын баарысы
Улук болот дечү эле.
Жаан-жуун азайып,
Шамал болот дечү эле.
Адамзаттын билгени
Амал болот дечү эле.
Кыш көбөйүп жылынан
Жай азаят дечү эле.
Карындагы жыйылган,
Май азаят дечү эле.
Короодогу айдаган,
Кой азаят дечү эле.
Журтта ургаачы көбөйүп,
Бой азаят дечү эле.
Бойго жеткен кыздардын
Баштагыдай көркү жок,
Той азаят дечү эле.
Кыз он бешке чыкканда
Энесине баш бербей,
Боюн күүлөйт дечү эле.
Эмки азамат баарысын,
Катын бийлейт дечү эле.
Элечегин булгалап,
Зайып чыгып жыйынга,
Чечен болот дечү эле.
Шум жалгандын белгиси —
Ушул кийинкинин баарысы
Бечел болот дечү эле.
Бул заманың кай заман, ой журтум?
Ошол орус чыкканда
Миң үйлүүгө баш болуп,
Болуш чыгат дечү эле.
Суу башында үйү бар,
Үй башында бийи бар,
Буйрук менен кондурган,
Конуш чыгат дечү эле.
Онжогой куйрук күрөң ат,
Орустан чыгат дечү эле.
Он кулактуу мис казан
Калаадан чыгат дечү эле.
Тиришумдук баарысы
Баладан чыгат дечү эле.
Этеги жок, жеңи жок,
Кийим чыгат дечү эле.
Алтын, күмүш түгөнүп,
Кагаз акча пул болуп,
Тыйын чыгат дечү эле.
Акыр заман болордо
Өзүнүн малын үлөшүп,
Короосуна чарк уруп,
Жыйын чыгат дечү эле.
Эки агайын бир тууган
Акы алышат дечү эле,
Айтканына ишенбей,
Бата алышат дечү эле.
Бул заманың кай заман, ой журтум?
Ошол орус чыкканда,
Кала коргон көбөйүп,
Кент түгөнөт дечү эле.
Төгөрөктөп урдурган,
Коргон чыгат дечү эле.
Тегеретип баарысын
Кагаз менен иштетип,
Соргон чыгат дечү эле.
Кийгенинин баарысы
Буту-колун жашырбай
Дорбол чыгат дечү эле.
Курап жатып үстүнөн
Кат жүгүрөт дечү эле.
Ошо катты көтөрүп,
Ат жүгүрөт дечү эле.
Караколдо топ болсо,
Насыямды бергин деп,
Жакадан алып алкылдан,
Көзү-башын соолтуп,
Сарт жүгүрөт дечү эле.
Карагайдын башында
Чыны болот дечү эле,
Чыны менен жүргүзгөн,
Зымы болот дечү эле.
Алты айчылык жолдордон
Алты күндө сүйлөшкөн
Бул капырдын сыры болот дечү эле,
Бул заманың кай заман, ой журтум?”
Арстанбек Буйлаш уулу өз дүйнө таанымына, ой чабытына Калыгул Бай уулунун көз карашын жалгап ырдаган дешке болот. Ошондой эле ал көз караш жан дүйнөсүнө сиңип калгандыктан, айрым божомолдуу жерлерине келгенде уккандыгын “мойнуна алып”, “дечү эле” дегени менен көпчүлүк көрүнүштөрдү мурдагы футурологиялык мүнөздөгү касиетинен ажыратып, кадимки турмуштук факты катары баяндайт. Биринчиден, жедеп бул пикирлер жан дүйнөсүнө сиңип калгандыктан, андан чыга албагандыкты көрсөтсө, экинчиден, ал пикирлерди божомол көз караш абалында калтыргандыгын далилдейт.Ал эми Калыгул Бай уулунун айткандарына келсек, жогоруда келтирилген мисалдарда “деп айткан”, “деп уктум” деген сөздөр, мындай көзү ачыктык аныктоолор Калыгул Бай уулунун шыбагасына таандык эместигин, а да кимдир бирөөдөн уккандыгын айгинелейт. Калыгулдун өзүнө “көзү ачыктык” көз караш таандык болсо, тегин жеринен “деп айткан”, “деп уктум” деп башка жанга ыйгарбайт эле… Ошондо Калыгул Бай уулу кимден укту болду экен? Ага мынчалык таасирдүү кылып ким айтты? — деген суроолор пайда болот.
Калыгул Бай уулунун жөн-жай кишиден угуп, ынанып калышы мүмкүн эмес эле. Ал ишенсе, өз заманына белгилүү, аң-сезими өтө таасирдүү адамга гана ишенмек. Бул жагынан алганда, диний жаатында сабатсыздыгын жоюп, футурологиялык багытта көзүн ачкан Сопу Атадан уккандыгын шексиз кабылдасак жаңылбастырбыз.Заман өңүтүндөайтылган насил кептер айрым бир адамдар аркылуу элде кененирээк жайылганын, бара-бара сөз ээлери унутулуп, улам кийинки жайылтуучуга оодарылып келгени бар. Маселен, Калыгулдан көп жаш кичүү Арстанбек Буйлаш уулу Каркырада казак акыны Каңтарбай менен айтышканында “Тар заман” менен “Акыр заман” кебин козгоп, аны “Мөңкө бий айткан кеп эле” деп, кептин нугун өз башатына такап берген. Калыгулдун да, Сопу Атанын да, Мөңкө бийдин да жорго (месел) сөздөрүнүн бир нукта жатканын баамдасак болот.
Замандан-заманга оозеки түрдө өтүп, эл кулагында жашап келе жаткан сөздөрдүн: “Соңундагы адамдардын кийгендери киш болот. Күн алыс жыйын – иш болот. Идиш-аягың мис болот. Ит апкытың шиш болот. Ит асманга учат. Аял – базарчы, эркек үйүм кооз болсо экен деп, тилеп калат. Улам эчкиден эт кетет, улам кийинкиден бет кетет. Жылкынын баары жорго болот, нааманын баары молдо болот. Мээнет жалпак болот – кетпейт, дөөлөт тоголок болот, ага ар ким эле жетпейт. Жетсе да ар ким эле күтпөйт. Кум чогулуп таш болот, кул топтолсо мас болот. Итке куйса ичпеген тамак чыгат. Келинден келбет кетет, уулдан урмат кетет. Улуу-кичүүдөн уят кетет. Улуу – кичүү менен теңтуш чыгат. Жакшыда жалуу жок, жаманда каруу жок. Жерге чыккан чөптүн бир учу кан, бир учу май. Молдонун каты өлбөйт, мындан башканын баары өлөт. Өлбөстү кудай жаратпаган, сынбасты уста жаратпаган. Акыр замандан мурун бир заман болот, жесир катын миң кой айдайт, кой үстүнө торгой жумурткалайт. Карышкыр менен кой бирге жатат, карышкыр койго тийбейт. Дүнүйөдө кытай козголбойт, козголсо – кылым козголот, жүз кишиден жети киши калат…” – деген сыяктууларын түз эле Сопу Ата айткандай. Мындай бүтүмдүү, өтө ынанымдуу бек сөздөрдү өзүнө кынтыксыз ишенген көзү ачык олуя гана айтары шексиз.

СЫНЧЫЛЫК СЫРЫ
Көч чубап жатат. Кыргыздын көчү. Капталдагы жантайыңкы жапсарда көчтөн көзүн албаган үчөө… Болот бий камчысын бүктөй кармап, улам жаңсай “ушубу, ушубу” деп көч арасындагы сулуулардын биринен сала бирин көрсөтөт. “Жок” деген жалгыз жообун кайталап, башын аста чайкай Убаалы сынчы отурат. Аларды жандаган Болот бийдин жигити Көчмурат эр келбетин керип, томоголуу ителгидей мойнун жарымдай буруп, кыйыгынан арттагы үч аттын кыймылын байкайт.
Кечээ күнү Убаалы сынчы келип Болот бийдикине кончуда, сый үстүндө кеп тизгинин тээ тереңге бурган Болот бий: «Олуязаадам, менин балдарымды сынап көрчү» — деп, өтүнүч таштайт. Сынчы да шар кетип макул этет. Анан адатынча көзүн колу менен калкалап карап көрөт. Оң капшытта отурган беш уулун карап, “беш күрөң” тура дейт, сол капшыттагы бир баланы карап, бул “кара сакал” деп коёт. “Булардан жакшы тукум чыкпайт” дейт. «Бул эмне дегениң, сынчым» — деп, беш күрөңдүн энеси чочуп кетет. Анда Убалы сынчы: «Байбиче, жакшы чыкпайт» деп кайталайт.
Мына бу көч ушул сынды утурлай Болот бийге чыгаан уул төрөп берчү асылзатты табуу үчүн Убаалынын көсөм көзүнөн чубап отурбайбы. Сынчылыктын кадырын түшүнгөн журтбашылар сынчынын оозунан түшкөн сынды ачуу болсо да көтөрүшсө, түшүнбөгөнү чычалап, кут учурган. Андайга өз кезегинде айтылуу Санчы сынчы кабылган. Санчы сынчыга Канкудаян деген алабарман кан: «Сен мени сына, мен кандай өтөмүн, менден тукум кандай болот?» деп айтыптыр. Анда сынчы айткан экен: «Кыстаба. Сынабайм, мен сынаганда бир чабасың, менден сын кетет, сенден сыр кетет», — десе болбой, «сынайсың» деп эле демите берет экен Канкудаян. Ошондо айласыз абалга кептелген Санчы сынчы: «Сенден тукум болбойт. Ач бел, куу жолдо өлөсүң» дейт. Өңүнөн кан качып, кубара түшкөн беркиси «эмне дедиң…» деген тейде, Төөбөз деген аты менен качырып келип Санчы сынчыны бир чабат. Санчынын койнунан боз коён “булт” этип ыргып, сынчыдан сын, Канкудаяндан сыр кетет. Айткандай, Канкудаяндан тукум болбой, Анжиян жакка баратып жолдо өлөт. Көздөгөнү көзүнө илээшпей бу отурган Убаалы сынчы нак ошол Санчы сынчынын түз урпагы.
Көч этегинде эрди жырык кара уйга жүк артып, шай баскан каратору аял өтөт. Убалы сынчы Болот бийге, «сен алчу аял мына ушул» дейт. Анда Болот бий: “Олуязаадам, ушундан кантип тукум чыксын?» дейт. “Мунун жатыны уу, мындан элдик уулдар төрөлөт, ушул аялды аласыңбы?» дейт сынчы. Өз сөзүн опа кылбас үчүн Болот бий мойнун шылкыйта «макул, алайын» дейт. Ошентип, Убаалы сынчы Болот бий менен Таалеке жесирдин никесин кыят. Нике кыйган соң сынчы айтат: «Биринчи — Сасык күзөн төрөлөр. Экинчи — Жатын чайкар төрөлөр. Үчүнчү-Башкойкоң төрөлөр. Ээ, ушул Башкойкоңдон элдик жакшылар, тукумдар таркалды. Ий, ушундан эки сын бир келди. Биринчи жалдуу Барак чыкты. Канжыгалуу каранын каны болор, жайдары мүнөз жайылуу дасторкон десе болот”, — деп баласынын баласы Ормонго сын келтирет.
Убаалы сынчы айткандай, биринчи “Сасык күзөн” төрөлөт. Анын атын Салыбек койгон. Экинчи “Жатын чайкар” төрөлөт, анын атын Алымбек коёт. Үчүнчү “Башкойкоң” төрөлөт, атын Эсенгул коёт. Болот бий ушул уулуна ат коердо журт которот. Көчтү жөнөтүп артында калган улуу байбичеси, “беш күрөңдүн” энеси күнүлүк кылып, Таалекеге кулундуу байтал бээни токутуп мингизет. Ооз бербей, токтобой, убара кылган бээ үстүнөн Таалеке: «Бешикти алып бер» десе, байбиче «менин беш балам жаман болуп, ушул жаман катындын баласы эл сурайбы, тууганды билген, өңөргөндү билбейби» деп бешикти алып бербей коёт. Кулундуу бээнин тизгинине колу карышкан Таалеке «силерге баланын кереги жок болсо, мага да кереги жок» деп, көч артынан жүрүп кетет. Бала бешиги менен журтта калат…
Жаңы журтка үй тигип жатканда дөбөдө отурган Болот бий байкап, жигитин жиберет «барчы, баланы Таалеке өзү өңөрүп келбегендей болду, билчи» дейт. Жигит келсе, Таалеке: «Балаңар журтта калган. Байбиче кулундуу байтал бээ токуп берген, ал ала качып, бешикти алдыртпады», — дейт. Чоо-жайын уккан Болот бий үч жигитин журтка чаптырат. Караңгыда адашып убара тарткан жигиттер эски конушка таң сүрө келишет. Келишсе… бир ак аркар бешиктеги баланы тайтайып эмизип турган экен. Жигиттердин бири аркарды камчы сап менен түртсө, ал бутун тартып чыга берет. Бала кыпкызыл болуп тердеп, эки ууртунан көбүк куюлуп жатат дейт. Муну көргөндө Ажы, Субан экөө «буда болсо ырым» деп, көбүктөн ууртап ийишкен экен. Бешикти өңөрүп жигиттер жолго түшсө, ак аркар ээрчип алат. Жол ортологондо жигиттер бешикти жерге койсо, аркар дагы келип, баланы эмизет. Көчмурат айылга, Болот бийге сүйүнчүлөп келет. Ак аркар айылдын четине дейре келип, иттердин үнү угулганда кылчак-кылчак каранып, төш таянып, караан үзөт. Болот бий “аксарбашыл” деп ак боз бээни, ага кошо жети ак ирикти садага чалдырат. Баланы жүз баш ак өргөөгө киргизип, энеси Таалеке келип эмизет. Болот бий элин жыйып, даанышмандарын чакырып, той өткөрөт да, баланын атын коюп бергиле дейт. Ар ким ар башка айтып атканда эшиктен бир селдечен думана кирип, “бул бала эсен калгандыктан атын мен Эсенгул койдум” дегенде, төрдө отурган Болот бий “менин да оюм ошол ат эле” деп жиберет. Эл “дуу” этип бата берет.
Убаалы сынчы өткөндөн кийин анын тукумунан Менсейит сынчы чыккан. Менсейит сынчы жерге сын бергенде, Ошту касиеттүү, Ысык-Көлдү берекелүү деп баалаптыр. Олуязаада бул сынчынын сыйкыры кыргыек экен, бир күнү Менсейит чалкасынан түшүп уктап жатканда аялы баласын төшүнө отургузуп койсо, баласы төшүнө жаба чычып жиберет. Койнунан кыргыек “чыр” этип учуп, түндүктөн чыгып кетет. Ушундан кийин үч ата тукум кууп келген олуялык, сынчылык касиет аларда үзүлөт.
Сынчылыкты Сопу Ата улады. Анын даңазасы эр Эсенгулдун убагына туш келди. Сопу Ата сынчы сынап, сөздү-сөзгө кынап сүйлөгөн, жооп айтаарда оң-солуна каранып, купуя ишара менен жооп берген жан болгон. Сопу Атанын «Кыпчактан бир тул карып туулар» деп айтканын — Шабданга жигит болуп, Орто Азияда жүрбөгөн жери, жортпогон түзү калбаган Баяке деп, ал эми «Саяктан бир чогоол туулар» дегенин, кетирекейдин Алыбеги деп тааныгандар болгон.
Эр Эсенгул үч миң кол менен казакка аттанганда, Сопу Ата астынан тосуп: “Эр Эсенгул балам, сен барып казакты чабасың. Чылк олжого батасың. Казактын баатыры Бердикожону колго түшүрөсүң. Аны өлтүрбөй мага алып келип бер. Ошого кыз алып берсең, ошондон чепти тосо турган уулдар туулат” деген.
Олуянын айтканы айткандай келип, эр Эсенгул казакты чаап, жер дүңгүрөтүп жылкы айдап, Бердикожону байлап алып жолго түшөт. Ошту кезип эл-жерине он алты күн дегенде жетет. Жолдо, Оштогу эр Багыш, Карабагыштар эр Эсенгулдун алдынан тосуп чыгышат: “Эр Эсенгул, олжолуу болупсуз, колго түшкөн Бердикожону бизге таштаңыз, булардын бизге кылбаганы жок, аттуу-баштуубузду союп кеткен, мында кегибиз бар” дешкенде, Эр Эсенгул “мейли, алсаңар алгыла” деп коёт. Бердикожонункыр жон аркасында кулундун жалындай жалы бар экен. Кеги барлар аны өлтүрүүгө колу барышпай, же кайра бере алышпай, акыры колу-бутун бууп, белине таш байлап, өрөөндү жарып аккан Ак-Буура дайрасына түртүп жиберишет. Сопу Ата сынчы эр Эсенгулдан Бердикожону жолдо берип келгенин укканда аябай кейиген экен. Кудум ушуга үндөш жаздым кеткен өтө маанилүү окуя кийин Сопу Атанын өмүрүндө жана бир кайталанды.
…Кереге кырбуусуна илинген кызыл тебетейин колго алып, кага-силке башына кийген хан Ормон өргөөсүнүн оң ыптасын айлана басты. Тээ, төмөндө өзөн бойлой топ-топ болуп өргүп жаткан жоо-жаракчандарды сыдыра карап, ичинен сан өлчөмүн калчайт. Андан арыта кара таандай жайылган жылкыларга көз чаптырат. Сыртынан абай салган кишиге хан Ормондун өзөгүндө жеңил эмес ой-санаа жатканы анык эле байкалмак. Кыйчалыш кырдаалда журт жүгүн көтөрүү, жоопкерчилик алуу дегениң колбашчы үчүн уйку качырар оокат эмеспи. Он беш миң аскери менен келип Чүй чегине бүлүк салган казактын Кененсары ханын бир токтотсо, Ормон хан токтотмок. Кенендин калыссыздыгына чекит койсо, бир Ормон коймок. Бул ишеним ошол 1847-жылдын коогалаңдуу жаз күндөрүндө аёосуз кыргынга учураган бейкүнөө элдин, баскынчылыктын запкысын тарткан кыргыз урууларынын үмүтүндө болчу. Казат алдында хан Ормон миң кыр ойдун кучагында. турду. Ал жагынан найза сунуп жоо аралаган жигиттердин өмүрү бир тең, бул жагынан жетим менен жесирдин көз жашы бир тең. А жеңишчи?!
Төрөгелди кол баштап келчү тараптан ат туягын чаңытып, бир караан чаап келе жатканын көрүп Ормон хан саамга катый туруп калды. Бармак манжаларын кемерине кыстара береги чабандестин кимден экенин боолголоп жаткансыды. Мына, мына эртең жоого аттанар шартта ийненин көзөнөгүндөй жагымсыз кабар угуу көкөйгө тиймек. Омуроосунан тер агып, кең таноолорунан кошкурук бүрккөн жээрде кашканы арытып жете келди чабарман. Аны утурлай тосуп чыккан эки жигиттин бири атын алып, экинчиси өзүн коштой Ормон ханды беттеп келе беришти. Алик алган Ормонго чабандес-кабарчы Сопу Атадан келгенин билдирип, “Ормон жеңиш менен кайтат. Мага соогат ала келсин…” деген Сопу Атанын салам дубасын айтты. “Соогаты – белек… а белеги не?”. Ошол ирмемде оюна келе калган бул суроону жандырууга ашыкпады Ормон. Анткен менен бул аманат-салам Ормон ханга кадимкидей канат байлап, шердентти. Сопу Атадан алган ушул дем түпкүрдөгү күдүк ойлорду биротоло күбүп салды. Ниетинде ушул чабармандын оозуна сары май салып, жанына жигитин коштоп кайра чаптырып Сопу Атаны алдырткысы келди. Сопу Ата менен өргөөсүнүн төрүндө таң атканча чечилип сүйлөшүүнү каалап кетти. Арийне, Ормон — “хан” аталып ак кийиз үстүнө отуруп хан көтөрүлчү күнкү чоң жыйынга Сопу Атанын чакырылбай калышы чоң калпыстык катары Ормондун дилинде жашайт эле.
Кыргыз – казак чабышы ашык-кеми жок Сопу Ата айткандай аяктады. Ормон Кененсары менен Норузбайды жеңип кайтты. Жолдо келе жатканда жигиттеринин бирин чаптырып, Сопу Атага сүйүнчү айттырат. Сопу Ата сүйүнчүгө келген жигитке жооп айтпай, керегени карап жатып алыптыр. Ал жигит кайра Ормонго барып, болгон ишти толугу менен айтат. “Болбостур… Сопу Атага мен кай жеримден жаздым? Айткан кеңештерин аткарбай калдыкпы?” — деп ойлонуп, олуянын таарынычынын тамырын табалбаган Ормон түз эле Сопу Атанын үйүнө келип түшөт. Сопу Ата оң карап, Ормонго башка сөз айтпастан, бир гана жолу: “Менин аманатым кана, Ормон?” деп сураган экен. Ормон казаттагы ишти толук айтып, Кененсары, Ноорузбайды колго түшүрүп, өлтүрткөнүн баяндайт. А булардын баарын Сопу Ата үйүндө жатып эле касиет күчү менен алдын-ала билип албады беле… Ортодо сүйлөшүү болбогон соң, Ормон хан чыгып кетет.
Арадан бир топ күн өткөндөн кийин Ормон хан кайра кайрылып, Сопу Атага келип, кечирим сурайт. Ошондо Сопу Ата: “Болбой калды, билбейм, канча убакыт өтөт, бийлик кайра кайрылып, кыргыздын өз колуна тиеби-тийбейби… Аягы тумандап калды. Карылардан кадыр-барк качты. Даанышман сөз бааланбай, калк бөлүнүп, убайым тарта турган болду. Чогулуп, башчыга баш ийип, ызаат кылуу жоюлду. Ар бир жан өз бетинче жашап калды… Ормон, сенин кыларың ушул беле?! Орустун мизин майтаруучу эрендер Кененсары менен Ноорузбай болучу. Ага сен кошулсаң, дилибузуктар казак, кыргызды аралап келе алмак эмес. Болду, бийлик, байлык бүт оруска өтүп кетти, алар эми казак, кыргыздын жерин аралап кирет. Мен, сен — экөөбүз алардын бийлигине туш келбей калдык. Бирок кийинки тукумдарга убал болду. Каада-салт унутулуп, ыймансыздык каптайт. Аял, эркек аралашып калды. Жакырчылык турмуш басып, ар кандай жаман адаттар элди арамза, таш боор кылат эми. Дагы толгон алааматтар калктын үшүн алып, берекесин учуруп тураар… Ойлогон оюн ортого кенен айта албай, тукумдарыбыз айдакка түшүп, башын өйдө көтөрүп сүйлөй албай, жер карап калды. Жети-Сууну, Ала-Тоону оруска алдырдык Ормон, мына сенин көрсөткөн эрдигиң”, — деп кейиген экен.
Сопу Ата үчүн бул окуя өтө олуттуу өкүнүч эле. Эгерде Ормон “соогатты” – Кененсары, Ноорузбайды тирүү колуна тийгизгенде, эки көкжалдын ниетин буруп, Ормон менен достоштуруп, кыргыз-казак эки элди ынтымакка келтирип, бириктирип, чет душмандарга кубаттуу каршылык коюп, эркин жашоону камсыздамак болгон. Атаганат, балким Сопу Ата ошол максатына жеткенде кыргыздар 1916-жылдагы Үркүнгө тушугуп, орду толгус кыргын азабына учурабайт беле…
* * *
Ормон хандын “сая кеткен эрдигинен” кийин“Ала-Тоонун койнуна эми орус ээлик кылганы калды” деп кабатырланып, жакын туугандары Жалжабаш, Жангороз баатырга кабар айттырган Сопу Ата, Кашкелеңдеги калган элди бириктирип, чогуу бир жерге отурукташууга чакырат. Ушундайда ишке жараар Жайа баатырдын ордун жоктойт. 1769-70-жылдардагы “Жайыл кыргынында”, казак-кыргыз чабышында көптөгөн эрдин ичинде Жайа баатыр да шейит болбогондо… Жети-Сууну бийлеп өткөн эр жүрөк эсил тууган ов! Cопу Ата тууган уруктун башына туруп, жыйнап-көздөп, түштүк тараптан көчүп келип отурукташып жаткан Сарыбагыш уруусуна аралаштырып, азыркы Кочкор өрөөнүнүн күңгөйүндөгү Куу-Кайкыдан Кара-Колго дейре, Ала-Көл, Соң-Көл жайлоолоруна чейинки жерлерди ээлеп калуусуна шарт түзгөн. Алардын арасынан чукул тууганы Жалжабашты эли-журту менен (беш көөрүктөрдү) Ат-Башынын Ак-Дөбөсүнө, Ак-Талаанын Жылан-Арыгына апкелип, “ушул жер силерге жайлуу болот” деп, көчүрүп келет. Тууган-урук ичинен олуянын бул аракетине эч кими каршы чыкпастан, көрсөткөн жерине жайгашып кала беришкен. Жалгыз гана Жангороз баатыр: “Калмактар менен мамилем жакшы, орустарга болсо каршы тура алам, жердеп келген жеримде калам”, — деп моюн толгойт. Бирок ошол текебер чечим Жангороздун тагдырын кайыштай тилип, кийин орустардын колунан тыйпыл чабылып, күлү сапырылат.
Сопу Атанын жакын туугандарынан да көрүнүктүү баатырлар чыгышкан. Аттары аңыз болгон төрт баатырына токтоло кетели. Кашкелең баатыр – Кыз-Күйөө, Кичи Кемин, Чоң-Кеминден тарта азыркы Алматы облусундагы Кашкелең шаарчасына чейин жердеп турган. Калмактардын колунан каза болуп, сөөгү Көкчө-Тоого коюлган. Экинчиси Жайа баатыр – Алматыда, Талды-Коргон облусунда, Иле дарыясынын жээгиндеги Көк-Ойрокто жашаган. Бүгүнкү күнгө чейин “Жайанын журту”, “Жайанын конушу”, “Жайанын жайыты”, “Жайанын кабыры” деген жер аталыштары сакталып калган. Жайанын сөөгү Кегетиге тушташ Чүй бооруна коюлган. Жайадан кийинкиси Жангороз баатыр – Ысык-Көлдүн чыгышы Каркыра, Кеген жана Түп аймагын жердеп, “Көлдүн башы меники!”, — деп ураан чакырып келген. Мыктылардын бири ушул Жангороз болгон экен. “Үч жүздү үйрүп, бүт билип, Жалайыр чыккан Жаныштан, оңду-солду башкарып, Жангороз чыкты азыктан” деп, анын ысымын мезгилинде ырга кошкондор да табылган. Төртүнчүсү Жалжабаш баатыр – Чолпон-Ата шаарында, Ысык-Көлдүн күңгөйүндө Байсоорундан Кызыл-Омполго чейинки жерди байырлап жашаган. Сөөгү Бостериге коюлган деп айтылат санжырада. Демек, Сопу Атанын туугандары, негизинен 17-18-кылымдарда Ала-Тоонун айланасында: Жети-Суу, Көлдүн күңгөйүндө жашап, тиричилигин өткөргөн деген бүтүмгө ишенимдүү келсек болот.

БИР ИРМЕМДИК БИР КЫЛЫМ
Сопу Атанын өмүр таржымалы өзүнчө эле чоң жомок. Бир кылымдык адам өмүрү эмне деген гана тарыхка күбө болбойт. Баарынан да балалык курактагы турмуш толкундары көкүрөккө кыттай уюп, карылыктын кайсы бир кырынан карасаң да кашкайып, не бир керемет сүрөттөрдү көз алдыга тарта берет эмеспи.
О, качантан калмак журту кыргыздар менен касташып, жоолошуп келбедиби. Бирин-бири чапканда “катуудан казаны, жумшактан күлү” калчу экен. Жоочабар замандын калмактары да бирдиктүү бийликке ыктап хан шайлап, хандыкты атадан балага мурастоону салт кылышкан. Ойрот урууларынын башын бириктирип, буягы Тянь-Шань тоолорунан тарта Балхашка чейин, аягы Жети-Суунун чыгыш капшытынан, Иртыштын башына дейре ээликтеп, кыргыздар менен кайнаса каны кошулбай, 1626-жылдан бери карай Хара-Хуланын уулу Эрдэни Батур Хунтайджи калмак хандыгын мыктап түптөгөн. 1653-жылы Эрдэни Батур өлгөндө уулу Сенгэ Хунтайджиге бийлик өтөт. Андан кийин 1670-1697-жылдарда Галдан Бошогту башкарса, 1697-1727-жылдары Сенгэнин уулу Цэван Рабдан, анан соң анын баласы Галдан Цэрэн 1745-жылга чейин хандык доорун сүрөт. Галдан Цэрэн дүйнө салганда анын 13 жашар экинчи уулу Цэван Дорджи эжеси Уламбаярдын тең укуктуу-бийлиги астында 1746-жылы такка отурат. Жаштыгынанбы же дээри азбы, айтор, Цэван Дорджи ата-жотосунан келаткан хандыкка зак кетирет. Ал бет алдынча, өз оюна келгенин жасап бийлик жүргүзө баштайт. Бозулан куракта болжоосуз даража башына кийилип, эсиртет. Эжеси Уламбаярды бийлик үлүшүнөн ажыратып эле тынбай, өлүм жазасына кыят. Ушул кадамы анын бийлигине да, өмүрүнө да чекит коюп, өзүнөн алты жаш улуу агасы Лама Дорджинин колунан набыт болот. Инисинен тартып алган такта Лама Дорджи төрт жыл отурат. Ал калмактын хандыгынын түбүнө жеткен Даваци менен Амурсана тарабынан 1753-жылы өлтүрүлүп, ордуна Даваци келип эки жыл башкарат. Анан Даваци менен Амурсананын ортосунда айыгышкан жаңжал жүрүп, бийлик Амурсанага ооп, ал эки жыл такка ээлик кылат. Акыры 1757-жылы Цин империясы (кытайлар) тарабынан ойрот хандыгы биротоло ойрон болот.
Калмак бийлигинин жоюлушунун көп себебинин бири, динге байланышат. “Кара калмак” жана “сарт калмак” деп, экиге бөлүнүп атпайбы, кара калмагы – будданы, сарт калмагы – мусулманчылыкты тутунгандары. Калмакча “сарт” деген сөз – “ай” деген маанини бергендиктен, “айга сыйынгандар” – сарт калмактар делинген. Амурсана сарт калмакка киргендиктен, Даваци Цин императоруна “мени мусулмандар талкалады…” таризинде даттанып барат да, ири аскер жана мол каражат алып, ар кайсы кокту-колоңго чачыраган бирин-серин элин жыйнап келип Амурсана баш болгон сарт калмактардын түбүнө жетет.
Узак жылдарга созулган кыргыз — калмак чабышмайлары согуштук ыкмалардын адаттан тыш ыраатсыз өзгөчөлүктөрү менен коштолгон. Андай абийир менен намыстан алда канча төмөн турган жоруктар дээрлик калмактарга мүнөздүү болгон. Жоокерчилик шарттын “өлтүр же өл” деген жабык мыйзамы жазбай иштеген күндө деле, карыларга, аялдарга жана балдарга шилтенген кылычка суроо-сопкут бар эле да. Бул өңүттөн калмактар караманча “жайдак” болушкан. Аларда айрыкча тестиер, өспүрүм балдарды кыз-эркегине карабай олжолоп, “жылкы тийгендей” уурдап кетип согуштук кызыкчылык үчүн пайдалануучу аскерий саясат кадимкидей иштеген. Бул деле бир канчалаган мисалдардан кийинки тыянак. 1703-жылы Иле боюна көчүп келген кыргыздарды кордогон калмак коңтаажысы (Хунтайджи тукуму) Цэван Рабдан кыргыздардан 100 тестиер баланы атайы иргеп алып, алыскы Тибет борбору Лхасага үч жылдык окууга жөнөткөнүн, 1708-жылы казак менен кыргыздан 200 чамалуу тестиер кыз жана эркек балдарды туткундап кеткени айтылат. 1742-жылы Галдан Цэрэнге туткун болгон казактын Абылай ханынын энеси Аршын да ошол 1708-жылдагы туткун кыздардын ичинде кетип, кайра куткарылып келиптир. Галдан Цэрэндин тушунда, андан кийин деле калмактар өзүнүн армиясын толуктап туруу үчүн кыргыз-казактын журтун аралап, кокту-колоттон бери койбой, 9-12 жаштагы тестиер балдарды чогултуп алып барып, Тибеттин Лхаса, Чамдо аймактарында кармап, 5-6 жыл аскердик машыктыруудан өткөрүп, дилин, динин өздөрүнө буруп, андан соң армиясынын катарын толуктап турган. Анын ичинде Иле, Чүй, Ысык-Көл аймагында көчүп-конуп жашап келген уруулардын балдарын да ойроттун уу тырмагынан арачалай албай калган учурлар аз эмес болуптур. Ошентип, андагы аламан заманда чырпыктай уулунан, көчөттөй кызынан тирүүлөй айрылып, өзөгүн өрт чалган энелердин көз жашынан көл агыптыр.
1751-жыл, калмак башын Лама Дорджи кармап турган чак. Хан ордонун олуя-машаяктары дүрбөп калышты. Алардын тынчын алган, “кыргыздарда олуя төрөлдү” деген сыйкырдык туюм менен кабыл алынган “суук кабар” эле. Чындыгында бул кабар баштуу-көздүү калмак аттуунун бир далайынын кулагына жебедей кадалган. Ордо билермандары “аны эртерээк алып келип, биз үчүн, калмактар үчүн кызмат кылдыралы” деп, эки-үч ирет жыйын курушуп, бүтүм чыгарышат. Бирок, хан Лама муну караманча капарына албайт. Жок дегенде, кайсы урууда, кимдин бүлөсүндө экенине да кызыгып койбойт. Орой-чарай чечилип, өз баасын албаган бул маселени Увалий көпөс “шып” илип кетет. Увалий (Балый) — кыргыз-казакты бир нече каттам аралап, кынык алган кызыл кулак, “биттин ичегисине кан куйган” айлакер, алдым-саттымдын акесин окуткан соодагер, кези келгенде мыкаачы канкорго, кези келгенде мусаапыр момунга айланган, отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн сымаптай бөлүнүп-кошулган жуңгар-нойон. Ал үчүн берегидей кабар табылгыс мүлк. Бу нойон Увалий мындай кабарды жана абалды эндей кетирбей, тымызын энчиктейт. Хан сарайдын көзү ачыктарынын көңүлүн өзүнө бурат. Лама Дорджинин алдында “табылгасы талкаланып” турган немелер Увалий менен ымалалашып, өз-ара бүтүмдөшүп алышып тынчып калышат.
* * *
Ак-Сай суунун жээги. Жер көктөп, мал төлдөп жаткан кез. Тотуккан эрте туут козу-улактар текиреңдеп оюн салып жүрөт. 5 жашар Сопу аларды борчук-жарга жалгаштыра орнотулган кашаанын четки мамычасынын коңулундагы жылчыкты көздөй айдап убара. Кыргыз баласы дээринен малга ынак. Бешиктен бели көтөрүлсө эле минтип козу-улак менен жарышып, кулундун кулагына жабышып калат. Жылкы жаныбар менен жандаш, кымызын ичип кандаш экенин айт, ов! Тигинде үйүр четинде күнү кечээ туулган тору кулун арткы узун шыйрактарынан көөдөнүн бөлө керилип, моюнун түпкүчтөй ийе өзүнө өңдөш тору бээнин такымынан калбай, маңдайындагы бармак басым кашкасын күйгөн шамдай байкалтып, бир караган каректи бир топко байлап, ал турат. Бу “шамкашка” кулундун болгон таянычы, бүтүндөй жашоо үмүтү энесинде. Энесинин ууз сызылган желининен артык азырынча бул дүйнөдө эч нерсе жок.
“Кулунум, кайдасың?! Көкүнтай балам (Сопунун алгачкы аты Көөрүк болгон) кел бери!” – деп, эркелете чакырган үн угулду кашаанын наркы башынан. Эне жүрөгү бала үчүн гана согот белем, бул күнү Сопуга апасы ашкере үйрүлүп мамиле кылып, адаттан тыш жаланып-жалбарып жатты. Чыйрак, зирек өсүп келаткан уулуна жан-дилинен өмүр тилеп, буйдала берди. Атасы Эсет малына карап, келген-кеткен коңшулаштары менен алек эле. Эсеттин үй-бүлөсүнө көнүмүш көр-тирлик менен өтүп жаткан ушул күн небир акылга сыйгыс алаамат саларын эч кими этибар албады.
Анжыян тараптан шашке оой алты-жети атчан айылды аралай өттү. Соодагерлердин мындай жүрүшү бу айылдыктарга жат эмес эле. Кээде көр-жар саткандар жайыраак токтолуп, майда-баратын малга айырбаштап бапырап кетишсе, кээде көпкө буйдалбайт. Айыл эли, айрыкча аялдар соодагерлерге алагды болуп, алар айылдан узап кеткенче үй-тирликтен оолактай түшүшөт. Бүгүн да ал көрүнүш кайталанды. Үйгө туштай төмөнүрөөк токтогон соодагерлерге барып кайткан Эсеттин зайыбы өмүрлөшү үйдө жок болуп калганына ичинен өкүнүп келатты. Ал жанараак эле жогорку жылкычыларга жумуштап кетип калбаганда, тиги чокчо сакал бейтараптык кайта-кайта тамшана мактап жаткан жашгылт шайы матаны алып калат беле… Аялдык кыялы менен ал матадан уулуна… Мейли эми, эмкиде. Ар нерсени ойлой, үйүнө жакындап калган кезде артына кылчайып, айылдан кыялай узап бараткан соодагерлерди бир карап алды. Ошол учурда негедир жүрөгү сайгылаша кетти. Үйдө калган Сопу менен Момунга шаша ылдамдай басты. Тиги соодагерлерге барып келе калганча уктап жаткан кичүү баласы Момунду Сопуга каратып коюп кеткен болчу. Буга чейин деле анда-санда Сопу бөбөгүн чай кайнам убакытка чамалай карап турганга жарап берчү. Ага энеси кадимкидей ишеним артып, зээнине ыраазы болор эле. “Алдырарда жаздырар” болуп, бу сапар эне көз ирмемде улуу уулу Сопунун үйдө жок болуп калганын түшүнүп-түшүнө албай улагада нес болуп саамга туруп калды. Анан төрдө чала уйку болуп эми ойгонуп аткан Момунду колуна ала коюп, сыртка чуркады. Үйдү, короону айлана “Көкүн, Көкүнтайлап” үнүнүн жетишинче кыйкырып, алынын болушунча чарк айланды. Сопудан кабар жок. Кудум кайып болгондой. Бозала болгон эненин колдору колундагы баласына карышып, үй артындагы короонун оң капшытынан арытадагы жалгыз аяк чыйырча барып далдаланган дүпүйгөн топ чий гана калды каралбаган. Акыркы үмүтү менен чийге жөнөдү эне. Үмүт ошол чийден үзүлдү. Чий артында такалуу аттын изи жана жылкынын жаңы тезеги калыптыр. Денесин калтырак басып, санаасы удургуган кургур эненин көзүнө ат туягы оё баскан боз топуракта жаткан топчу урунду. Бул өгүнү Сопунун шырмал кемселчесине өз колу менен кадап берген жез топчу эле. Уулунан тирүүлөй ажыраганын билип көз-жашка жуунуп, ботосун жоктогон ингендей боздоду. Сопуну калмакка уурдатканын даана түшүндү. Анткени айылдаштарынын башына маал-маалы менен түшүп келген “бала жоголмо” окуя ушундай мүнөздө өтөт эле. Обочо отурукташкан коңшулардын байкоос алгандары жетип келишти. Сопуну көптөп издешти. Ким бирөөсү береги такалуу аттын изине түшүп чапкан болду, ким бирөөсү Эсетке ат оозун агытты. “Жанагы соодагерлердин кылганы”, -дешти бир даары.
Эсетти коштой чапкан топ атчандар айылдан кыйла узап кеткен “соодагерлердин” артынан сая кубалашты. Аралыктын мерчемин алып канчалык кубалаган менен жерге житкендей из жашырган немелердин кайсы колотко сиңип кеткенин аныктай албай убара тартышты. А баягы жалгыз аттын изине түшкөн эр көкүрөктүн көзүнө баланы ээр кашына улактай бөктөрүп жулуна качып бара жаткан кара атчандын карааны эки кыр ыраактан илинди. Алдындагы сур быштынын илкигенине карабай, соорусун тиле камчылап, кара атчандын соңунан бара берип, бара берип, акыры шаабайы сууп токтоду… Кара атчан кара түндү жиреп боолгой жүрүп отуруп соодагерлер тобуна болжошкон кечмеликте жалгашты. Көксөгөнүнө жеңил жеткен Увалий үшүп, ыйлап чарчаган баланы чокчо сакал ат кошчусуна өңөртүп, кийимине кымтылатып тобун баштап аркы өйүзгө өтүп кетти.
* * *
Увалий Цеван Дорджинин кан досу болгондуктан таасири чоң эле. Анүстүнө учурунда Галдан Церендин Батышка болгон жүрүшүн жетектеп, соода иштерин толук башкарууга алган. Анын бул эбегейсиз мүмкүнчүлүгү көп иштерди көмүскө бүтүрүүгө шарт берген. Хан ордодо кадыры чоң болгон үчүн кол алдында байлыгын иреттеген кызматчылары, малчылары арбын эле.
Сопу колуна келген күндөн баштап Увалий андан бир нерсе күткөндөй, бир нерсеге үмүт арткандай мамиле жасайт. Ошондуктан ага мүмкүн болгон шарттарды түзүп, өзүнүн эки уул бир кызына кошуп, балдары менен бирдей кат таанытып, тарбиялаган. Тагдыр агымына моюн сунган Сопу алгачкы ирет араб арибин ошол жерден тааныйт. Биринчи олуялыгы, окуянын болушун алдын ала айтуу сезими да ошондо башталган.
Күндөрдүн биринде 7 жаш чамасында Сопу түш көрөт, түшүндө Ханыша Апа атанган аял киши Сопунун астына көркөмдөлүп жасалгаланган төө нокто ыргытып, таштап кетет. Ойгонсо, сырттан кыйкырык-сүрөөн үндөр угулат. Эшикке чыкса, Увалий төө-жылкысын чогултуп, дагы бир жакка шашылыш көччүдөй (адатта жоо тийгенде ушундай болгон) мал-көлүктөрүн тосмолоп жаткан экен. Чуру-чуу болгон эл, Увалийдин жигиттери бир ак тайлакты кармай албай жатканын көрүп, эл аралай барып, туруп калат. Ушул учурда Сопу кандайдыр кызык абалга кабылат. Ал өзүнө ээ боло албагандай туюмда ак тайлакты көздөй тикелей баса жөнөйт. Топураган элден бөлүнө тайлакка чукулдаганда байкаса, колунда түнү түшүндө көргөн кооз нокто. Жанатан артынан кууп, сая түшкөн атчандарга карматпаган ак тайлак жакындап келаткан Сопуга энесине эркелечүдөй имерилип жоош тартат, мурун минги немедей, эрбейген жаш баланын алдынан кадам качпайт, кайра ага тулкун сала былк этпей туруп берет. Муну көргөн элдин аң-таң калганы аз келгенсип, күбүр-шыбыры күчөйт. Ак тайлак минип келаткан Сопунун алдынан тосо чыккан Увалийдин сыртынан сыр бербегени менен ички кубанычы чексиз эле. Ойроттордун олуясынын айтканы эми гана алгачкы шек-шооратын бергени, канчадан бери карандай сөзгө байланып келген улуу ишеним минтип, чындыктын учкунун чачырата баштаганы кубаныч эмей эмне болмок?
Бул окуя Хан ордого желдей жетет. Калмакбашы Амурсанага Увалийди ордого чакыртып, бул баланын кайдан, качан келгенин андан толук угат. Уккан соң, кадыресе көрүнүштөй карап, анчалык терең маани берип кызыкпайт. Амурсананын ал мүнөзү Увалийге майдай жагып, жаш олуяга биротоло ээлик кылганга жолу ачылат. Ошондон тарта Увалий Сопунун ар бир кыймыл-аракетин астыртан кылдат байкай баштайт. Сопу өзү сыяктуу тагдырлаш балдар катары адегенде үй-тиричилик жумуштарына кол кабыш кылып, отун-сууга жумшалып жүрүп, кийинчерээк мал багуу түйшүгүнө келгенде, Сопуга төө кайтаруу (ак тайлак тилин тапканы себептир) үлүшү тийет.
Ошентип, төө артынан түшүп, ата-энесине болгон кусалыгы артып, ызага муунуп, муң-зарга толгон каректери менен көк асманды көзөгөн Сопунун бозала күндөрү өтүп жатты. Каруусу катый элек тестиердин көксөөсү аны кайсы бир асканын кырына алып чыгып, же асманга же жерге бой урдурар абалга алып баратты. Талаа-түздө тайлак менен жарыша жүгүрүп жүрүп, тайлак болуп кеткиси келчү. Ооба, ал ак буура жандап, боз инген имериле жыттап турган тайлакка суктанчу. Жети жашар баланын канкор душмандын төөсүн кайтарып, таш-колотто темселеп жалгыз жүргөнү не деген кордук! Эненин үнү, атанын демичи?
Увалий акыркы кездери Хан ордого ат тезегин кургатпай тез-тез каттоочу болду. Маанилүү делген жыйындарга гана чакырылчу Увалий, бул күндөрдө калмактардын демейкиден тыш талкууларына кабылып жатты. Мунун себеби, аттуу-баштуу калмак жакшыларынын тутумдаш өлүмүнө байланыштуу. Биринен сала бири удаалаша кырсыктап, ооруп же сопсоо туруп эле жантаслим кетип жаткан калмак баатырлары, бийлери, жан-жөкөрлөрү көпчүлүктүн көңүлүнө шек туудурду. Бул калмактардын башына келген каргашадай үш алды. Мындан кандайдыр сыр издегендери андан-мындан көзү ачык, дербиштерди алдыртып, сыйкыр ыкманын түрүнө салып, “түйүндү” жандырууга далбасташты.
“Арабызда буруттардын касиеттүү адамынан бирөө бар экен, ошонун таасири менен өлүм-житим каптап жатыптыр” дешти, “көрөгөчтөр”. Күтүлүп-күтүлбөгөн бул аныктама далай калмактын канын кайнатты. Алаамат сырын ачкандардын бүтүмү айрыкча Увалийдин сөөгүн сыздатты. Ал “касиеттүүнүн” ким экенин ириде Увалий туюп, тилин тишине катты. Жасоолдору жамырап, акылдуусу акмалап, ар бир тилибурууну кароолго алып отурушуп, акыры Сопуга токтолушат. Ушул бир кенедей кулдан ушунча зыян тартып жаткандарына арданышкан калмактардын бир даары Сопуну токтоосуз өлтүрүүгө өкүм чыгара салышса, бир даары аны жок кылуудан бирэсе чочулашып: “Муну өлтүргөндө эмне пайда, андан көрө төөнү бактыра берели, билгич олуялыгын пайдаланалы. Тукуму тарап, кийинки муундарына касиети өтүп кетпес үчүн, тукумсуз кылып, ылгап (бычып, биттеп) коёлу”, -дешет. Күнөөсүз күнөөлүү болгон, чырпыктай балага жазанын жапайы түрү тандалып, Увалийдин амири менен башы аман калат.
Өкүмдүн жеңили өлүм саналган жоокерчилик доорлордо кадыресе колдонулуп, адатка айланган жөнөкөй, бирок катаал жазалоонун бул ыкмасы жаш балдар түгүл туткундалып келип, аскердик даярдыктан өткөн жоокерлер согушта жаракат алып, майыптанып жоого жараксыз болуп калса, аларга да колдонулчу. Ылгангандарды үй жумушуна, малчылыкка ишенимдүү пайдаланышкан. Ыгы келе калса, кербенчилерге кулчулукка сатып жиберип турушкан. Эркек адамды тукум улоо укугунан кыянаттык менен ажыратуу, анын тирүүлүктөгү эң аярлуу эркин сындыруу, жан-дүйнөсүн биротоло жансыздандырып салуу — кулчулуктан куту учкан коомдун шоркелдей деңгээлиндеги иш эле. Империялык бийликти эңсегендердин эрен-төрөнсүз шарттуу колдонгон “куралы” да болгон эмеспи.
Канткен менен, ушул ырайымсыз окуя Сопуну өз баласындай кабылдап, энчилеп алганы үчүн Увалийди өтө кейишке түшүргөн, ошондон тарта хан Амурсана менен ыркы ыдырайт. Увалий Сопуга мурдагыдан да ынтаа карап, ден соолугуна көңүл буруп, чоң кишидей маектеше сүйлөшүп, сөздөрүн маани берип угат. Увалийдин бул кылык-жоругу Хан ордого “жыпжылуу” бойдон жетип турат. Кенедей балага байланган келишпестик илдеттей ырбап, Амурсананын Хан ордосу Увалийге тиш кайрап, ал жөнүндө арам пикир жаралып, “душманды колтугуна асырап, баккан” деген жалаа менен кол салууга даярдык көрүшөт.
Жөнөкөй эмес жазмыштын босогосун өтө жаштайынан аттаган Сопу аргасыздан Увалийди караан тутуп, ага ыктайт. Ушундай ыраатсыз күндөрдө Сопу аян алат. Ханыша Апасы кайрадан түшүнө кирип, Тибетке, чыгышка жол жүрөрүнөн кабар айтат да, калмактын казанын көмкөрө тээп, күлүн асманга сапырып, өзү Алтай тарапка сүңгүп кетет. Мындан улам, Сопу Увалийге аз убакыт өтүп-өтпөй калмак кыргынга учурап, ордосу ойрон болорун эскертип, эртелеп Тибетке көчүүнү сунуштайт. Увалий бул сунушту үндөбөстөн, суроо салбай кабыл алып, өзүнө чукул жан-жөкөрлөрүн, туугандарын, мал-мүлкүн ыкчам чогултуп, түн ката шашылыш көчөт. Көч башына Сопу көз болот. Бул жүрүшкө чыкпоого Увалийде эч ылаажы калган эмес, бирэсе, калмак хандыгынын кабыгы сыйрылып, кытайдын кылычына кын болуп баратканынан көмүскө кабардар эле.
Жети күндүк жол азабынан кийин Увалийдин көчү Тибет борбору Лхасага жетип, түз эле мурдагы калмак аскерлерин даярдаган жайга келип түшөт. Эзелтен тааныш, анын үстүнө эки жакка байкоо салганга бу жай кыйла ыңгайлуу. Орун-очок алып жайгашкан соң, тыяк-буяккы чөлкөмүн чалып, чоочун жердин топурагын “элей” башташат. Улуу Тибет жергесинде Сопу Лхаса, Чомдо, Хайлас шаарларында жашайт. Ал шаарларда Увалий алып-сатарлыгын уланткан. Индияга, Пакистанга, Афганистандагы Хазараджат жергелеринде соода иштерин жүргүзүүдө Увалий Сопуну жанынан чыгарбастан, өнөктөш катары алып жүргөн. Мындай өнөктүк Сопуга эл-жер таанып, тил үйрөнүп, билим-өнөр топтоону шарттаса, Увалийдин жемиштүү соодасын жана коопсуздугун камсыздаган. Сопу Увалийдин товарларын сатуу үчүн же товар сатып алуу үчүн барган жеринде бир нече айлап калып жүрүп, Индустардын, Пакистандык, Афгандыктардын тилдерин өздөштүрөт. Сооданын орток тилин мыкты билүү сөзсүз керек эле.
Кийин Сопу Ата Тибетти эскергенде Хайлас калаасынан “Дүйнө терметкен бешик тоо” көргөнүн, чокусу ак калпак түспөлдөнгөн “Жер түркүгү” аталган касиеттүү тоосу барын, “Көк көл”, “Манас көл” деген көлдөр жана мелжиген “Күзгү тоо” жайгашкан бул өрөөн жер бетиндеги кубулуштардын баарын асманга чагылдырып турарын айта жүргөн. Ал жерден жарым-жартылай тили кыргызча сүйлөгөн адамдар көп жардам берип, Хайласты толук аралатып, ыйык саналган мазарларына сыйындырып, Хайластын жөн келди адамга же башка улутка ачылбай турган купуя сырларын үйрөнгөнүн, храм көрүстөндөрүндө тырмагы, чачы өсүп, бирок жансыз денеси “жашоо уланткан” адамдарды көргөнүн сейрек кошумчалаган. Укканга жомоктой туюлган Сопу Атанын керемет кептерине көптөр арбалчу экен. Муну санжырачылар ооздон оозго улап айта жүрүшкөн.
Тибеттин миң кырдуу, миң сырдуу койнунда Сопу Ата туура 10 жыл жашоо кечет. Бул мезгил аралыгы жаш олуяны керилген аалым жигитке айлантат. Өз алдынча көз карашка ээ болот, өткөн-кеткенди, уккан-көргөндү, топтогон маалыматтарын ийне-жибине дейре тескеп, терең талкуулаганга үйрөнөт. Ички күчтүү туюму менен турмушту ааламдык акылдын сынына салып караганга жетишет. Кандай гана кыйраткыч кырдаал болбосун, кеменгерлик, туруктуу ишеним менен айтылган жүйөөлүү өктөм сөздү — жумшак мамилеге “ороп туруп” өз убагында пайдаланса, сөзсүз оң натыйжа берерине толук ынанат. Жашы жыйырмага толо элек адам үчүн мындай сапат күтүү ийгилик эмей эмине? Демек, Сопу Ата өзүн өз алдынча улуу сапар алууга даярдаган. Цин империясы калмактарга тыйпыл кыргын салаар алдында Увалийди кытайлардын жана Амурсананын уу чеңээлинен куткарып кетип, ага мынча тирилик тартуулаган Сопу Атанын көкөйүндөгү мүдөөсү эртедир-кечтир орундамак. Олуя буга так ишенимде караган.
Келме-кезек дегендей, 60 жашты чарпып калган Увалий менен асыранды баласы болгон Сопу Атанын коштошуу сааты келет. Соодасы солгундап, журтуна кайтууга ниет койгон Увалийге бул коштошуу канчалык оор болсо, ага 12 жылдык тагдырын арнаган Сопу Атага да жеңил болгон жок. Айыгышкан душмандык жалгаштырып, акыры ата-балалык кыйышпастыкка жеткен калмак менен кыргыздын бири-бирине кадалган каректери бу жалган дүйнөнүн жаргылчагынан өткөндөн кийинки абалда үнсүз сүйлөшүп турду. Каректердин бул кагылышуусунда өзөк өрттөгөн өкүнүч, ата-журтка агылган арман жана тирүүлүктүн эбегейсиз жеңиши бар эле. Тоо-талааны карышкырдай жорткон көчмөндөрдүн кадимки коңултак мүнөзүнөн биротоло арылып, түпкү үрп-санаасын кескелдириктин куйругундай кесип таштай албаган эки “келгин” баары бир Тибетке түбөлүк сыйбайт болчу.
“Менин сапарым батышка болгону калды көрүнөт…” деген Сопу Атага Увалий: “Байлык ал, малай ал, эмне дүнүйө кааласаң, колумдагы мүлк сеники!” — дейт. Сопу Ата: “Алып жатарым 7 өлчөм чүпүрөк, минишиме бир төө жетет… бир өтүнүч, Лхасадагы көчмөндөрдүн туткун балдарын бошотуп жибер” – дегенде, Увалий Сопу Атанын колун бекем кысып, баш ийкеп, баары бир кыйбай, пулдап-тондоп “жанында шерик болосуң, ичкен-жегенин ырастайсың, жатып-консо орду-жайын даярдап, минсе төөсүн комдойсуң” деп, жанына бир жаш уйгур жигитти кошуп берген. (Ал кийин кыргыз жерине келгенден кийин өз аты унутулуп, Кызыл Думана атыгып кеткен экен.) Ошентип, азаттыкка татыктуу арзыган Сопу Ата Араб өлкөсүнөн келген соодагерлерди ээрчиген дербиштерге кошулуп, күн батышка – Арабияга сапар алат.
Демейкиде учкаяк аттарын алмак-салмак алмаштыра мине көч башында жүрүүчү Увалий, теги-журтун көздөй чубаган комдолгон төөлөр соңунда келатты. Ат-көлүкчөндөрүн алдыга салып, чабармандарына жол чалдыртып… Таңгөрү-ү, дүнүйө ай, Сопусунун барында кылдай санаа тартпас элегой. Сопусу жандап жүргөндө өзүн телегейин тегиз, аалам түгөл алаканында тургандай сезчү бу карт калмак. Жаш олуянын айткан-дегенин кынтыксыз орундатып отуруп, томуктай жоготуу тартып көрбөгөн Увалийдин эмики кадамдары кепилдиксиз болчу. Увалийдин түпкү ниети Сопу Атаны башында өз кызыкчылыгына пайдаланууда болгону чын. Бирок, андан өткөн чындык аны менен болгон сапар айрылыш жерге чукулдаганда, кош айтышып ат тизгини оңго-солго тартылганда ачылды. Увалий үчүн Сопу Ата түмөн калмактан артык турган асыл доско, кыйышпас кымбат адамга небак айланган. Анын олуялык касиетине эң алгач кан-жаны менен баш ийип, кудуретине жүрөгүн биротоло арнаганда Увалий эмес беле. Ошондуктан минтип көч артында көзүнүн жашын буурчактатып баратат. Канчалаган төөгө жүк болуп алдында бараткан мүлктү жыйноого өмүрүн арнады Увалий. Кырды кыдырып, сырды сыдырып жанын сабады, бийлик кармайм деп колун кандады, соодасына илингенди алдады Увалий. “Алып жатарым 7 өлчөм чүпүрөк, минишиме бир төө жетет”, — деген кылычтай шилтенген бир сөзү менен Сопу Ата байлыкка багы байланган калмактын шу баатырын тең жара “союп” кетпедиби. Ушул сөзгө ууккан Увалий көпөс, Сопу Атадай уул тапкан кыргыздын ырыскысы жакында соолубасын, келечеги кең журт болорун тунарыңкы көздөрү менен көрүп, титиреңки денеси менен сезип баратты.
Жедеп, ысык-суукту бирдей көтөрүп көнгөн Сопу Ата 1768-1777-жылдар аралыгында Араб жергесинин кай аймагын байырлабасын, жергиликтүүлөр менен жуурулушуп, илимин өөрчүтөт. Мусулманчылыктын жол-жобосун чечмелеп, Куранды толук таанып, араб тилинде жазылган “Усулу Хат” даражасына чейин жете окуйт. Ошол мезгилде Меке, Мединада, мусулманчылыкты жайылтуучулардын алдыңкы сабында Сопулар турган. Алардын ичинде Суфизм илимин жана багытын аркалап, ак кызматын аткарган көкүрөгү таза, акылы тунук, адамдык парасаты бийик Сопу Ата өзүнүн даңазалуу да, даражалуу да ысымын жасаган. Сопу Ата – Сопу Ата атыккан дал ошол күнүнө чейин анын эркине ээлик кылгандардын таңуулаган аттарын көтөрдү. Нагызында азан чакырылган аты Көөрүк дебедикпи. Адатта, адам атакка кандай ысым менен илинсе, ошол ысымы ага түбөлүк кызмат кылат эмеспи. Эс тартып-тарта элегинде кулчулук жүгүн артынгын мусаапыр баланы ким кандай атабады, кимдин энчилеген атын ким бурмалап чакырбады дейсиң. Эркиндикке чыгып, жарык жашоодон, тазалыктан, илимден тапкан жаңы ысымы ириде Сопу Атанын өзүнө жаккандыр. Сопучулук агымында өз кезеңинде “Шах” (Шаа), “Ата” (Аталык) сөз айкаштары теңтайлаша ардакталып, диний чөйрөдө жогорку титулдук даражаны туюндурган.
Кызыл Думана дебедикпи, бая Увалий коштоп берген жандоочту. Ал Сопу Атанын кареги менен тең айланып, ак дилинен кызмат өтөп жүрдү. Жергиликтүүлөргө Сопу Атанын кадыры артып, кербенчи соодагерлердин көңүл сересин ээлейт. Сопу Атага жакындашып мамиле күткөндөрдүн иши оңолуп, жашоолорунда жаңы өзгөрүүлөр пайда болгону ачык айтыла баштайт. “Мени менен баланча шаарга барып кел”, — деген өңдүү сунуштар арбыйт. Ыңгайына жараша Сопу Ата ар кимине кошулуп улам бир шаарга барып-келип отуруп бир канча мусулман өлкөлөрүн тааныйт. Жөн эле барып-келбестен, тилин, салтын, тарыхын, табиятын изилдейт. Илим казууга бар дитин салат.
“Кожоюн, жатып эс алыңыз, чарчадыңыз го…”, — деди акырын Кызыл Думана, кум дөбөнүн кырын тиктей телмирген Сопу Атанын жанына келип. Сопу Ата үн катпай, караган тарабына карек кадап тура берди. Аныгында ал кум дөбөнүн кырына айкашкан жылдыздар менен арбашып, чексиздиктен алда нени издеп жаткан. О жаната кеч бешимде кербен башына карап: “Береги ойдуңга өргүйлү, бизге түнөк ушул жерге буюрду” – дегенинде, кербен башчы “жарайт” деп жаркылдамыш эткени менен ичинен “тиги кырдуу дөбөнү ашып, үстүңкү түзөңгө төө чөктүрсөк алда-канча ыңгайлуу болмок, убакыт арбытат элек” деп күбүрөнө эң артта илкий келаткан сыңар өркөч төөнү жалт карап алган. Кербен башчыга анча түшүнүксүз болгон Сопу Атанын ал өргүү чечиминин маңызы мына ушул ай шооласынан тоо сөлөкөтүн жаратып берген кырдуу кум дөбөнү жылдыздуу түндө кароо болчу. Сопу Атанын жүрөгүндө узак жылдар бою жашап келе жаткан улуу кусалык ушуга жеткирди. Ал жылдыздарды кыргыздардай, кум дөбөнүн кырын Ала-Тоодой элес менен карап, барып эл-жерин бооруна басып жыгылар мезгили бышып келатканын, сөксөөл, камгак, эшилген кумдан жакында арыларын жылуу түнкү жымжырттыкка тил күрмөбөй айтып жатты.
Пакистандын түндүк-чыгышын аралай келип токтогон араб кербени сооданын чордону болгон чоң базардын алым-сатымын кызытты. Адат болгондой, жергиликтүү элдин анча-мынча бийликке ээлик кылган сөөлөттүү адамдары кербен баштап келгендерге конок каадасын күтүп дегендей… Сопу Ата болсо, шаарчадан обочо жайгашкан медресеге түштү. Медресенин таалимчиси менен масилет куруп, китептерге, усулдук ыкмаларга көз салды. Бул анын болочокто тургузуучу мектебинин “көзгө көрүнбөгөн кыштары” болучу.
Үч түнөгөн кербен кайтууга кам уруп, артынчагын артынып, үртүнчөгүн үртүнүп, этек кагып аткан. Кызыл Думанага каратору келген 14-15 жашар бир бала төө комдошуп чуркап жүрөт. Үстүндөгү жупуну кийиминен өңү-башы анча айырмаланбаган бул бала өгүнү кербен келип токтогондо, чуркап келип, минген төөсүн чөктүрүп Сопу Атаны тосуп алган. Ошол мүнөттөн тарта Кызыл Думананы көлөкөдөй ээрчип, жанынан карыш жылган жок. Экөө чала түшүнүк тилдерин кол жаңсап эпке келтиришип, үч күн-үч түндө кадыресе ынак боло түшүштү. Атүгүл, колуна кол, бутуна бут болуп, ийиктей чимирилген бул жетим Кызыл Думанага жагып калды. Ооба, жетим экен, мында келген-кеткен кербенчилерге кызмат өтөп берип, ыраазычылыктан тапканына жан сактап жүрүптүр. Түндөсү кирпик ирмебей буюм-тайым, төөлөрдү кайтарганын айт!
“Кана, даярбызбы?”, – деген Сопу Атанын суроосуна Кызыл Думана баш ийкей, жалдырап туруп калды. Аттанаарда көнүмүш айтыла жүргөн ал суроонун, “даярбыз!” деген көнүмүш жоопсуз калганынан мандем издей, Сопу Ата Кызыл Думананын кызарган көздөрүн тиктей калды. Көздөрүн ала качкан Кызыл Думана, тамагын жасай калп жөтөлгөн болуп: “Бул бала жетим экен…” дегенге жарады. Сопу Ата төөнүн моюну менен бойлошо турган жылдыздуу баланы саамга карады да, башын жерге саал ийе бир аз туруп, анан оң ийинине бир, сол ийинине бир кылчайып алган соң Кызыл Думанага: “Ак кийинтип аркаңа учкаштыр, ак жолтой болсун, атын Ак Бала атап, сен каалап тургандай өзүбүз менен ала кетели” – деп, алаканын элпек жая бата тартты. Кызыл Думананын төбөсү көккө жетти. Кожоюндун бул чечими Кызыл Думана үчүн уч-кыйырсыз урмат, ат көтөргүс аброй болду. Сопу Атанын бир ирмемдик көрөгөчтүгү — бир жетимдин жүрөгүнө күн тийгизсе, бир малайдын маңдайына гүл өндүрдү.
Табылгасы ташып, ойлогондору ондоп орундалган жолдуу кербен калаанын карааны үзүлүп, мал туягынан майдаланган төтө жол чөл менен закымдагы кыркаар тоону жалгаштырып, жибек жиптей созулуп жаткан кашкайган тасма жолго кесилишкен жерде токтоду. Сапарлаштар бири-бири менен ийин алыша коштошуп, бири-бирине ак жол тилеп дуба тартып топурап калышты. Аңгыча чөлгө бурула жөнөгөн калың топтон бөлүнгөн үч төөчөн тоону карай түштүк тарапка бет алды. Кызыл Думана менен Ак Баланы ээрчиткен Сопу олуя тээ, мунарык тоолордун эсепсиз кырларынын артында калган ата-журтун көздөй…
Сопу Ата бу жолку сапарга чыгар алдында араб жергесиндеги тирлигине чекит коюп, боору бөлөк болсо да ыйманы ысык болгон араб туугандарынын алдынан өтүп, мекенине кайтууга уруксаат алып, ыраазылашып чыккан. Аз эмес убакыт алар менен туздаш-даамдаш болуп жыты сиңишип калгандыктан, кандай кырдаал болбосун урматташуунун чегинде мамилелешип маселе чечүү салтынан алысташкан жок. Арабстандан Сопу Ата өзүнүн ким экенин билип, кудуретин даана тааныды. Кеменгерликтин кемерин ошол пайгамбардын буту баскан жерде курчанды. Араб өлкөлөрүн толук кыдырып, тилин үйрөнүп, окуп, жазып, исламды таза тааныды.
Сопу Ата кыргыз элин, тууган уругун кандай элестетип, кандай туюм менен караганы белгисиз. Бирок, жер-сууну, бармактайында көп угуп жадымына жат болгон айыл отурук алган чөлкөмдү көрсө эле таанымак. Ал жаңыдан эс тартып, дүйнөнү мына-мына таанып келетканында көргөн шаркырап ташка урунуп аккан суунун, көк тиреген мөңгүлүү тоонун элестерин кийин эч бир жерден жолуктура албады. Көрсө, киндик кан тамган ата-журттун асылдыгы ошол эң алгачкы элестерге купуя сыр болуп бекем катылып калат экен го, чиркин. Кытай, Иран, Ирак, Пакистан, Афганистан, Инди жерин, Араб өлкөлөрүн кыдырып, миң-сан ташты, сууну көрдү, бирок бирин дагы чыт курсак кезинде көргөн кыргыздын таш, суусуна окшоштура албады олуя.
Сопу Ата айлап жол арытып Пакистан, Ооганстан чеги аркылуу, тоо кыркалай жүрүп отуруп, Тажикстан, Анжыянды басып өтүп, эчен кечмелик кечип, кыр ашып кыргыз жерине жетет. Узак жолдо улам бирин-экин жолоочу жолугуп сапарлаш жүрүп, кайра ажырап, кербен жолугуп эш болуп отуруп акыры Тогуз-Торонун башына түшөт. Жай ооп күзгө тартып, тоонун чөбү толук бышып, дары жыттуу жел аңкып, кымыз курчуп турган мезгилде керилген тоонун кайкысынан кыялай төмөндөп келип, маңдайкы кызыл асканын таманындагы алты канат боз үйдүн ордундай жерди көк жашыл кылып оргуп жаткан кичинекей булактын жанына токтошот. Ушул жерге эки күн тыным алышат. Арбын жашоосун чөлдө кечкен эки төө тоонун таштак жолдорунда болушунча кыйналды. Булактын суусунан кана жутушуп, чөккөн тейде “былк” этишпейт. Кызыл Думана минген төө бутун тарта албай ара жолдо калды, аны жолдон кезигип, буларга жол багыттап, кыйла кырга дейре узатып келген калың күрөң сакалчан мергенге таштап келе беришти. Ак Бала минген төө Кызыл Думананын төөсүнө караганда чабалыраак көрүнгөнү менен Сопу Ата минген төөдөн кадам калышпай жол арбытты. Мунусун Сопу Ата Ак Баланын ак жолтойлугуна жоруду. “Жашыл булакта” өргүп-сергиген үчөө жүрүшүн жандантып, кой-жылкысы жайылган жылганы бойлой келип жети-сегиз үйлүү кыргыздарга түшүштү.
Кыргыздар! Таңыркап, бүшүркөп, кызыгып, жылмайып караган, көздөрү жайнаган кыргыздар. 26 жашты артына калтырып, толуп-болуп турган Сопу Ата 21 жыл бою көкүрөгү көксөгөн кыргыз турмушун эми көрдү. Анын жаш айланган көздөрүнөн, маанисин кыргызча чала-чопкут түшүндүргөн сөздөрүнөн улам журтунан азып-тозгон армандуу кыргыз экени айкын баамдалып турган. Чоң-кичине дебей, тебетейчен, калпакчандарды бооруна кысып, Ысык-Көлдөй толкуду Сопу Ата. Боз үйдөн элечекчен жөн билги эне чыгып, суу куюлган кесени келгендердин башынан үч айлантып, күбүрөнүп нары баса серпе төктү. Шапа-шупа кыймылдуу жигиттер төөлөрүн жайгарып, өздөрүн төргө өткөрүштү. Эки аксакал карыяга жанаша отурган Сопу Атанын этегин баса катарына отуруу Кызыл Думана үчүн айтып жеткире алгыс азап болду. Сопу Ата сый көргөн жерде эгерим Кызыл Думана конок катарына кошулуп, дасторконго отуруп көрбөгөн. Бу кыргыздардын кожоюну менен малайын эч айырмалабастан “киргилеле-киргиле, өткүлөле-өткүлө” деп, төргө чейин сүрөп отургузушканы, аларга тилин түшүндүрө албай убара тарткан Кызыл Думананы кызарткандан кызартты. Сары май менен куруттун даамы Сопу Атанын эсине энесинин ээ, качанкы элесин тартса, кымыздын жыты… Жок, бул жыт атасыныкы болчу. Атасы кымыз жыттанчу. Атасы…
Олуя конок каадасы кылып, тамак желип, тосуп алган кандаштарынын ичи-тышы менен таанышып көз каныктырып жайланышкан соң, чогулуп келгендерге кеп түйүнүн жандырып масел курду. Тунжурап сөз күткөндөрдүн маңдайында, адатынча оң-сол ийиндерине секин ээк кагып, төбөдөгү жабуусу ачык түндүктөн күүгүмгө сиңип бараткан асманды бир карап алып, эне-тилинде эбинин келишинче өткөн-кеткенден үстүрт айта отурду. Суроо козголуп, жооп коштолуп дегендей, өз-ара түшүнүшүү мерчемине келген кезде тууган жердин, Аксай суунун жана Эсет аттуу кыргыздын дайынын сурады. Санжыра чекмелеген буурул сакал карыя Сопу Атанын кайсы уруудан экенин боолгоду. Чачпагы шуудураган орто жаш аял төркүнүнүн түбү ошол жактан экенин, калмактардын кордугунан улам жетим торолуп, бой жеткенде бул жакка келген бойдон кайра бир кайрылып көрбөгөнүн айтты. Сопу Атанын бул очоктон тапканы: ата-журту тарапка кетчү жолдун жакшысын бышыктаганы жана буга чейинки көргөн-баккан элдеринин биринде да кездешпеген нукура мүнөздөгү пейил болду. Боз үйдө түнөгөн ушул түнү жол боюна орногон жоон мамыга байланган ак боз бээни көрдү. Эртеси куржун толо жол азык камдап узатып жаткан тоолуктарга кайрылып: “Кайыр кош, аман тургула, алдыда кышыңар жеңил болот, жазыңарда төлүңөр төгүлөт. Бизден камтама болбогула, эл-журтубуз ак боз бээ чалып тосуп алат” – деп, төөсүн желдире жөнөп кетет.
Чамынды ашуусунун белине чыга келгенде, алаканга түшкөндөй жашыл өрөөндү көрүп: “Бул жер – сузса соолбос, куйса толбос, жемиши жерден береке берген, жердеген элдин жергеси бузулбас, туурдугу сыйрылбас, өзүнчө эле – кышкысын чеп, жайкысын жайкалган көк, чөбүнүн бир учу кан, бир учу май, ырыскы-кут чуурган “Алтын Чөйчөк” жер экен го!” — деп, тамшанат. Соң-Көл менен Суусамырды сыдырып, Караколго ашат. Жолунан учураткан кыргыздардан сый көрүп, жүрө-жүрө өзүнүн туугандарына Чоң-Кемин, Кичи-Кеминден жолугушат. Тууган-урук козголуп, уламалап сүйүнчү чаптырышат. Күтүүсүз сүйүнчү андагы Эсет баштаган азык уруусундагыларды тикесинен тик тургузат. Алда небак ишеним кайып, үмүт дымыган мезгилде Көөрүктөн кабар келиши — айылдын айын да күнүн да батырбай кармап калгансыды. Жел менен кошо жорткон кабардан Ысык-Көлдү, Чүйдү жердеген туугандары да куру калган жок.
Элүүнүн кырынан ашып калган Эсет каруусуна камчы илинген оң колунун манжаларын ээрдин кашына матыра басып, тээ, сарымтал кең талаанын сол капшытында бөксө тоону этектей келаткан топ караанды көздөрүн утур жүлжүйтө калып карайт. Жаак эти түйүлө өз алдынча алда нени күбүрөнүп, тагдырдын бул табышмагын жандыра албай, алдындагы кашка торунун белин ныгырып, аттан түшпөйт. Баса, бул баягы, Ак-Сай суунун жээгинде уулу Көөрүк уурдалып кетчү күндөн бир күн эрте туулган “шамкашка” тору кулундун өзү. Быйыл туура он жети асый ат болду. Бир азуу сайып, үйүргө кошулар мезгилинде “муну өйдөңкү Сапарбайдын жылкыларына айгыр салалы, мыкты кулун түшөт” деген жылкычы Байымбет. Досунун ал кеңешине көнбөгөн Эсет: “Бул кулун туулганда Көөрүгүм абдан кубанган, колуман чыгарбай минем” – деп, бычтырып салган. Ошондо өзүнө келе албай, соорусунан кара тер сарыгып, бүткөн бою калтырап, көздөрү чанагынан чыкчудай онтоп турган “шамкашканы” аяп, жүрөгү бир башкача сайгылаша кетти эле Эсеттин. Айтканындай ошол күндөн ушул күнгө ат кылып минди.
Береги топтун ичинен кандай жан алдыга суурулуп чыгып “аталап” басып калаар экен? Түспөлү кимге ооду экен, атасынабы же апасынабы? Алты саны аманбы? Өгүнү бутунда кайыш боосу сүйрөлгөн, канатынын чалгындары сынган ителгини түшүмдө көргөнүм, анын кайдан-жайдан учуп келип колума конуп калганы – ушу турбайбы. Неси болсо да кайтканына каниет. Соо болгой, соо болгой… Эсет ушунакай удургуган ойлордун арасынан ба-аягы, калмакты кытай түп-орду менен чапчуда, Көөрүгүн издеп кызыл кыргынды акмалап, качып тозгондорду аралай чаап жүрүп, уулу калмактын кай бир ноёнуна “жем” болуп, кытайлардын кордугуна чейин эле жер ооп кеткенин эшиткенин, анын тирүү калганын түкшөмөлдөп туйганын эстеди. Ошондо эш болуп жанында жүргөн бир тууган иниси Марка менен жылкычы досу Байымбет үчөө жортуулдап, куру келчүдө Эсеттин үйүнө түшүшкөн. Коломтону телмире тиктеп, уулуна ичинен сызган Эсет: “Калмактын күлү сапырылды, кытайлар тынчыган соң, тиги ноёндун сары изине чөп салам, Көөрүгүмдү табам!” — дегенде, Байымбет мындай деген: “Эсеке, сабыр эт, баардыгы Кудайдын буйругу менен… Буйруктуу бала болсо, издебесең деле акыры издеп өзү келет. Сен ансыз да Көөрүгүң үчүн көп жапа чектиң. Акөрөк тобо келтир, мына, оң канатыңда бир тууган үч иниң турат тирелип, сол канатыңда эки уулуң турат… (Бешиктеги Жумабайды терметкен болуп жанында эрбейип турган Момунга кол жаңсайт). Мына, сенин бир Көөрүк эмес, беш Көөрүгүң! Беш Көөрүк…”
Кайран Байымбет. Мыктылардын мыктысы эле… Кысталышта жол тапкан, кыйчалышта сөз тапкан, кайраты тоодой Байымбеттин октой атылган ошол сөзү Эсеттин “жок издөөсүн” кан буугандай токтоткон. Үч кызынан кийинкиси уул болушун ак эткенден-так этип күтүп жүргөн андагы тоголок жетим Байымбеттин айтканы — Эсетке этек-жеңин жулуп кеткен бороондой тийген. Тигине, Байымбеттен калган жалгыз туяк, атасынын ордун басып үзөңгү кагыштыра мындагылардын катарында. Байымбет достун Чөкөнүн тукумдарын “Беш Көөрүк” атка кондуруп эл оозуна элеткени бир тең, “буйруктуу балаң өзү издеп келет” деп, ал айтканы минтип не канча жылдар соңунда төп келгени бир тең болду Эсетке. Кайран дос ай, бар болгонунда “айтпадым беле Эсеке, көрдүңбү Эсеке” деп барбалаңдамак азыр.
Ата-бала үн-сөзсүз тиктешип турушту. Тиктешкен бойдон көлүктөрүнөн түшүшүп, бири-бирине жакындап келишти. Жымжырттык. Жанатан жамгырдан кабар айткан чабалекейлердей жамырап жаткан көпчүлүк саамга дем тартып, дымый калышты. Эсет уулунун келбет жүзүнөн өзүнүн жаштыгын көрдү. Майда титиреген эриндерин кымтып, көзүнө кылгырган жашын уулунан жашырып Сопу Атаны бооруна кысты. Сопу Ата болсо, илгери кара атчандын өңөрө качып баратканындагыдай “атакелеп” ичинен кыйкырып жатты.
“Тайлуудан туяк калбай” айыл эли, тууган-урук толук жыйылып, Сопу Атанын аман-эсен келишин жакшылыкка төлгөлөп, акбоз бээни аксарбашыл чалышып чоң түлөө өткөрүшөт. Сопу Ата башынан өткөргөн таржымалын, ирээти менен болгонун болгондой (ылганып, кордолгондон башкасын) баяндап берет. Кулак түргөндөр кереметтүү жомок уккандай шыпшынышып, кыргыз тилинде жатык сүйлөй албаган олуянын айткандарына ооз ачып отурушат. Аны аяп ыйлаганы бар, алган билимин кубаттап кубанганы бар. Айтор, Сопу Атанын келишинен эли-журту аалам менен түз байланыш түзгөндөй болду. Сопу Атанын ушул алгачкы чала тилдүү баяны, “чү” дегенде эле уккандарды улуу-кичүү дебей алдынан кыя өткүс кылып таштады. Чын-чынында анын эбегейсиз кудурети, дүйнө таанымы – бир гана улуу сыйга өзүнөн-өзү татып турган. Ал кадыр-барктын кадиксиз кожоюну болучу. Сопу Ата арабиядан тапкан “Сопу Ата” деген даңазалуу ысымын ага-тууган, жерге-жээк ичинде орнотту. Анын дал ошол “аталык” аты алыс-жакындан акыл-эс “уулагандардын” бутасына айланып, шакирт ээрчитти.
Тууган жердин тузунанбы, күндөн-күн өткөн сайын Сопу Атанын касиети күч алып, билгичтиги, көрөгөчтүгү, айткандары айткандай төп түшүп далилдене берет. Зоболосу көтөрүлүп, даңазасы артат. “Бешкөөрүк” атка конгон туугандары, атасы Эсет баштаган Көкүмбай, Сапарбай, Маадандар колмо-колдоп алып жүрөт. Күн сайын көптөгөн адамдар үйүнө каттайт. Бийлер, болуштар, бектер, ат тезегин кургатпай келишип, бири “ата” десе, бири “ага” деп урматташат. Жакын адамдары Сопу Атаны үйлөнтүүнү чечишет. Эртеби-кечпи, ачыкталчу талылуу маселе чегине жеткен кезде… Сопу Атанын аярлуу чындыгы жакындарын “аттиң” дедиртип, жер муштатат. Сыр жандырган санаалаштары Сопу Атага апакай боз үй көтөрүп, мал-мүлкүн энчилеп, кейиксиз тынч жашоосун шарттап, тууганы Айылчынын эркек баласын бала кылып “белине байлап” беришет.
* * *
“Ата, тамак даяр болду, келиңиз” деген Ашымдын үнүн Сопу Ата үчүнчү жолу укканда бурула, боз үйдү карай басты. Ашымдын ушул чакырыгын жактырат, күтчү да болду. “Ата” деген жаш баланын чакырыгы адеп, кандайдыр коңултак сезимге кептей калып жүрдү Сопу Атаны. Отуздан оогон чагында зайып, уул-кыз, коломто дегендердин ордун даана жоктоду. Эркек үчүн орду толгус арман шу экен го, ов. Тагдыр тартуулаган жандарды эрксизден үй-бүлө очогуна чогултуп, бала ордуна бала кылды олуя. Кызыл Думана адатынан жазбай чак түшкө тамак даярдайт. Ашым бала тигинтип тамакка чакырат, ички-тышкы тириликти иреттейт. Жер кезип жүрүп, топтогон билимин алгач бакма (инилеринин) балдары: Ашым, Бектен, Көкүмбай, Мааданга үйрөтүүдөн баштайт. Сопу Атадан балдарын окутууну каалаган бий-болуштар чекеден чыгат. Бирок, бай-кедей дебестен Сопу Атанын өздүк тандоосуна татыган дилгир балдар гана шакирт боло алышкан.
Сопу Ата жашоо ыңгайын кандай түзбөсүн, 1780–1790-жылдардын ортосунда байырлаган жеринде өспүрүм курактагы кыргыз балдарынын сабатсыздыгын жоюп, таалим берүүнү алдыга койду. Кышкысын отуну арбын, журту жылуу деп, Көлдөгү Байсоорунга же Кегетидеги Арпа-Тектирге кыштаса, жайкысын Соң-Көлдүн күңгөйүндөгү Жаман-Эчки, Ийри-Суу, “Манастын тулгасы” чөлкөмдөрүндө жайлады. Жыл мезгилине карап, айрым кезде Кара-Кол суусунун жээгинде да байырлап жүрдү. Сопу Ата кайсы журтка конбосун, Кызыл Думана менен Ак Бала баштаган бир канчалаган балдар жанынан чыкпай билим таанышты. Билим дегенде, албетте, араб арибин жаттап, арабча шыр окуганга, жазганга үйрөнүштү. Мусулманчылыктын жол-жобосу, диндин мааниси тууралуу жетик түшүнүк алышты. Окуучуларынын катары калыңдаган кезде Кочкор өрөөнүнө атайы медресе (мектеп) ачып, бир топ жыл үзгүлтүксүз бала окутуп отурукташкан Сопу Атанын колунан бир катар кат тааныгандар чыгат. Ачылган медресеге бир жыл болгон соң, тагыраагы 1792-жылы Көлдүн Кара-Ой чөлкөмүн жердеген Бай аттуу оокат-мүлктүү, теги сарбагыш бир бардар 7 жашар баласын алып келет. Бул адамдын келишин Сопу Ата алдыртан билген, атүгүл андан омоктуу уул туулганын алда качан аяндаган. Бай зээрине салып: “Молдоке, уулумдун билими үчүн аянбайм, сөөгү меники, эти сеники” – деп, көздөрү токтоо терең тарткан, оң жаагында калы бар, буудай жүздүү баланы ийининен сүйөп тапшырып, ат тизгинин кайра тартат. Ооба, бул Калыгул болчу. Калыгулдун келишине Сопу Атанын уучу толо түштү. Анткени бул баланын “ким экени” жалгыз гана Сопу Атага маалым эле.
Калыгул тогузга толгондо кат сабаты Сопу Атаны 7-8 жылдап ээрчип жүргөндөрдүн деңгээлине теңелет. Ошондо Сопу Ата Бектен менен Калыгул баштаган 5-6 баланы иргеп алып, ар киминин шыгына жараша багыттап, касиет-өнөр коштолгон керемет билим катылган сандыктын кулпусун ачат. Мында, касиеттүү дуба-сүрөөлөр, намаз окуу, Манас айтуу, акындык-чечендик, казалдап келечекти чечмелөө, табият белгилери аркылуу болор абалды аныктоо, ааламдык туюмду пайдалануу, жер-сууга, адамдарга сын берүүнүн сырларын үйрөнүү өңдүү кенч жаткан. Ал кенчтен жаш, жөндөмүнө жараша аз-аздап оозанта баштайт. Бул өзүндөгү олуялык кудуреттин колго урунарлык капшыты болчу. А колго урунбас татаал касиети жөнүндө кийинирээк сөз болот.
Сопу Ата Пакистан жергесинен көргөн үлгүдө курдурган чакан медресесинин чыгыш капшытына уй мүйүз тарта беш боз үйдүн кичирээгин ашкана-очок катары, апакай кеңин өзүнө, окшош үчөөн “балдарына” арнап тиктирген. Беш боз үйдү төөлөрүнө жүктөп алып, мурдагыдай Байсоорунга, Арпа-Тектирге, Соң-Көлгө тез-тез журт которуп конмой убакыттын илгерлеши менен азайып, медресени көбүрөөк байырлай башташат. Кар жатпас кара Кочкор жергесинин кышы жылуу келип, отун-суусу мол, малга тоюмдуу болгондуктан, бул өрөөндөгү азыркы Ак-Жар айылына чукул талаа менен күнгөй тоонун жалгашкан чегиндеги Боз-Учук деген булуңду жердешет. Бирок, муну жалаң эле жашоо-тириликке байлап кароого да болбос, себеби Сопу Ата ар качан көр-оокатка эмес, касиет илимине карап жашап келбедиби. Андыктан, медресе, мечит, өнөркана (“Сопу Атанын ыштыгы” аталып, колу бошой калганда кесип кылган өнөрканасынын урандыларынын ордун Төрткүлдүктөрдүн улуу муундагылары жакшы билишкен) курдуруп, дал ушул айтылуу Кочкор-Ата мазарына, Үч-Дөбө, Жалгыз-Арча мазарларына тутумдаш чыгыш тарабынан Ак-Булуң, этегинен Күржүнүн курчоосундагыбу Боз-Учукту олуя тегин эле тандап, төөсүн чөктүргөн эместир. Сопу Атанын ошол журту кийин мазарга айланганып “Ак Мазар” аталып, ага урмат менен зыярат кылгандардын көзү менен караганда бул аймак өңчөй касиет-кайыптардын мекениндей таасир этет.
Кайып демекчи, ушул жерден Ак Баланы эске алчу жагдай бар. Ак Баланын эбептен-себеп болуп кыргыз жерине келишине, кылган кызматына, жүрүм-турумуна көз салып, андан кандайдыр сыр издегендер көп болуптур. Ал Сопу Ата менен бөтөн тилде сүйлөшкөн, кыргызча билген эмес. Сопу Атанын жанынан карыш жылбай, жансакчыдай кызмат өтөгөн. Олуя кез-кезде тизесине такта жыгачын коюп, калам, сыя менен кат жазганда кагаздарын чогултуп, ирээттеп, сактап турган. Артынан калбай көлөкөдөй ээрчип, унчукпаган калыбын таштабаптыр. Ак Баланын чыныгы ысымы таптакыр белгисиз, болгону аппак кийинип жүргөндүгү атына затын бап келтирген. Ак Баланын айрым учурларда айлап-жылдап жоголуп кетмей адаты болуптур, анан эле кайрадан пайда боло калып, Сопу Атанын жазмасына кагаз, сыя алып келчү дейт. Устаттын айткандарын шакирттери тарабынан кыйшаюсуз аткарылышын талап кылып, окуучулардын баскан-турганын кол менен жаңсап, теске салган жасоолдукту ишке ашырган. Ак Бала Сопу Атанын бирден-бир ишенимдүү адамы болгондуктан, эң сырдуу иштерге тапшырма алып, ал себептүү узак убакыттарга кайдадыр барып келип турган. Кийин-кийин Ак Бала Арабия тарапка жер оодарып, карылыкка кадам кое баштаган кезинде Кудай кошкон кожоюну Сопу Ата тууралуу баалуу жазма эмгек калтырган. Ак Баланын ал эмгегинде балким, Сопу Атанын көзү өткөндө табылбай калган көптөгөн кол жазмаларынын боёгу бардыр.
Жыйырма төрттүн тамагын ичкен Калыгул калбаат сүйлөй кара жаагын кайрап, бышып турган кези. Отузду ортологон Бектен олуялык сапаттын сабын бекем кармап, эл оозуна алынып, Сопу Атанын купулуна куп келген чагы. Тор баштык көтөрүп, улуу устаттын этегинде томолонуп-жумаланып жүргөн кечээки топ-топ болгон тестиер шакирттердин ар кими дареметтерине жараша билимге сугарылып, аламан таалимден четтегенинин ордун жаңысы басып отуруп, Сопу Атанын жашын алтымышка сүрүп келишти. Сопу Ата бул аралыкта көптөгөн кыргыз жаштарынын кат сабатын жоюп, аң-сезимин агартып үлгүрдү. Пайгамбар жашка таяп калган дал ушул мезгилде Сопу Атанын короосуна Балыкооз, Келдибек аттуу 9-10 жаштардагы эки окуучу келип түштү. Сопу Ата бул экөөн тең ислам нугуна салуу менен катар манасчылык өнөргө тартты. Олуянын төбөсүнө нур болуп төгүлүп, көмөкөйүнөн ыр болуп куюлган бул өнөрүнүн салмагын көтөрчү шакирти ага дейре жок эле. Манас айтуу вазийпасы Кумар уулу Бекмурат (Балыкооз) менен Карбоз уулу Келдибекке буюрду. Ошентип болочоктун эки бирдей залкар манасчылары Сопу Атанын мектебинде күпүлдөп Манас дүйнөсүнө сүңгүп киришти.
Манас-Манас демекчи, кыргызды кыргыз, улутту улут кылган улуу кайып ушу Манас белем, касиет жылоологон пенделердин өзөгүнө кут болуп куюлуп, оозунан оргуп төгүлүп, кай заман болбосун эли-журтунун канына кайнап келгени келген. Анан эле Манас кантип Сопу Атадай улуу окутуучудан оолак өтсүн?! Сопу Атанын оозунан Манас баянын уккандар көп болгон эмес. Олуя Манас ааламын эр ортолоп калган курагында кабылдап, аны тикелей айтып баштабастан, окутуу багытына бурат. Манастын салмагын көтөрө алчу шакирттер колуна тийгичекти өзү оро-пара тар чөйрөдө аста айта жүрөт. Качан гана Балыкооз менен Келдибекке өткөргөндө, экөө бирдей өнөрүн таткан күндөн Сопу Ата Манаска болгон озуйпасынан кутулуп, о аркы жашоосун өңчөй даанышмандыкка оодарат. Мындай кадам жасоосуна атасы Эсеттин дүйнө салганы да себептир. Кыргыздарда ата кадырын сыйлаган уул эч убакта атасынан озунуп даанышмандыктын, көсөмдүктүн босогосун аттабаган. Бул салттан улуу олуя четтебеди, даражасы тоодой бийик болсо да, ыйман-салт алдында чөптөн жапыз туруп, атасын урмат менен узатты.
Даанышмандыгы, аалым олуялыгы өмүрүнүн акыркы отуз жылдыгында жемишин төктү. Таалимдеп, таптап чыгарган өзгөчө өнөрлүү балдарынын даңкы бир тең, айтканы айткандай, дегени дегендей таасын далилденгени бир тең болуп отуруп, Сопу Атанын кадыры аябагандай артат. Артканы ошол, алыс-жакындан “касиеттүү кишинин алдынан өтүп, этегине тооп кылып, батасын алабыз” дегендердин саны арбыйт. Кыргыз түгүл кытай, казак, татар, уйгур, өзбек улутунун өкүмдарлары менен даңктууларынан атайы ат арытып издегендери же белек-бечкек берип жибергендери көбөйөт. Сопу Атанын колун кармоо, батасын алуу, сынын угуу көпчүлүктүн көөнүндөгү ишке айланат. Ал эми, аны менен баарлашууну, нускалуу кебин, башынан кечирген окуяларын, Кулжадагы, Тибеттеги жашоосун, Арабиядагы билим алганын өз оозунан угууну самабаган жан калбайт. Сопу Ата менен сырдашууга айрыкча бийлер, төрөлөр куштар. Алардын ичинен олуянын астына ат тартып, үстүнө тон жапкандары аз эмес эле. Айыл аралап жүргөнүн уккандар “кечинде кимдикине конот экен?” дешип, бири-биринен түкшүмөлдөшүп, кокусунан бирөө жарымдан “баланчанын үйүндө баян айтып жатат” деген кабар угулду дегиче, кылган-неткен жумушун таштай ошол “куттуу” үйгө чуркашат. Сопу Атанын кулактан кирип бойду алган керемет баянын кереге түрүп дем тартпай уккандар кеп соңунда – эртеңки күн же келечекте эмне деген турмуш, кандай жазмыш болору тууралуу суроону сөзсүз беришет. Суроо саларын салып алышып, кайта “тилинде мөөрү, сөзүндө мээри бар” дешип сестенишкенин айт! Сопу Атанын кыйыгына тийүү – ырыскыдан, байлыктан, мансаптан ажыроо же өмүрүнө коркунуч келгендей кабылданып, ага акараат келтирип, доомат, сын айткан адам жок эсе. Муну айкын түшүнгөн олуя өзү да сак-сактап, ким бирөөгө тил тийгизип алуудан аярлап, көңүлүн сууткан кишиге “атаңа наалат” деген сөздөн башканы багыттаган эмес. “Аксөөк” дейт эмеспизби, Сопу Атанын аксөөктүгү: “Менин ырыскым берген батамда, алкаган сөзүмдө, окуткан дарстарымда!” – деп айткан батылдыгында жатат. Айтканындай эле кай журтта, кайсы өрөөндө жайлап-кыштабасын, эл жакшылары аталган бий-болуштар дан азыгын, мингичин, союшун камдап, ар тарабынан колдоп кем кылышпаган. Тартууга келген жана жол сурап, бата тилегендердин ыраазычылыгынан түшкөн төрт түлүктү асыранды балдары Маадан менен Бектен көздөйт. Сопу Ата мал-мүлк жаатында кандай кеп козголбосун баш ийкеп эле койгону болбосо, үңүлүп маани берген эмес. Казанынан эт ашып, сабаасынан кымыз ташып атса да өзүн такыба кармап, ичкен тамагына олуттуу көңүл бурат. Ошондон улам, сабаа, чанач, көнөчөк, көөкөрлөрдү өз колу менен ыштап, ыштыкка чоң маани берген. Тери аяктарды ыштоону өнөр тутуп, жазуу ишин улантып, эл баштагандарга кеңешин берип, нарктуу карылыкты кечти олуя.
Бозомук жеңил чепкенин желбегей жамынып, апакай чокчо сакалын сылап, өз алдынча алда нени күбүрөнүп ыштык ордун бир айланып келип, оюн салган музоону кагып-силкип тентек баладай тилдеп жаткан мал багаарын саамга тиктей туруп калды. Бу мал багаары оокатчыл, тыным албаган, үйдүн ичин-тышын бирдей тейлеген жан дүйнөсү таза, чынчыл жигит. Ушул сапатын баалаган даанышман анын музоо менен “арбашканын” карап турганы менен ичинен деңиздей толкуп жаткан. Анткени дал ушул күнгө күткөнү бар эле. Баятан ак мата чулганган жашкылт тукаба топусун улам желкесине түртө апакай жүзаарчысы менен маңдайын сүрткөнү тердегендиктен деле эмес, маанилүү жүздөшүү алдындагы адаты. Илгери колуна Калыгул келчү күнү да ушинткен, Келдибек келчүдө да апакай жүзаарчысы менен жүзүн сүртүп турган. А бүгүн…
Төмөнкү борчуктан үч атчандын карааны имерилгенде жолдон көзүн албаган Сопу Ата, жаңы эле туягы кетмендей тууралжын кара жоргону дүпүлдөтө бастырып келип, маңдайкы мамыга байлап жаткан Мааданга кыйкырды: “Ө-өй, бала, ал атыңды. Мамыны бошот, кара чыйырчык келетат!” – деп кыйкырды. Маадан төмөнтө жолду бир жалт карап, жоргосун жетелей кыркалекей тигилген боз үйлөрдүн артына жөнөдү. Маадан маани бербеген “кара чыйырчыкты” Сопу Ата туура тогуз жыл күтүп, минтип жашы сексен үчтү чапчыганда көрүп отурбайбы. Маадан бошоткон мамыга үзөңгү кагыша үйүр алышып, жол алысын арытып келген үч аттын чылбыры үстөккө-босток күрмөй чалынды. Канжыгалары жеңилдеп, чап олоңдору бошогон аттар бири-бирине таноолошо бышкырган тейде туруп калышты. Салам айтылып, алик алынып, ал-жай сурашкан арада Сопу Ата жанатан аарчынып аткан жүзаарчысы менен бет алдында турган көздөрүндө оту бар тогуз жашар Арстанбектин чекесин сүрттү.
Буйлаштын уулу Арстанбек туулгандан акын тилдүү, эс тутуму жанда жок күчтүү, чечендиги чегинен ашкан кишиге жугумдуу талант болгондуктан, Сопу Атанын оозунан чыккан санат ырларын илгиртпей бир угуш менен жаттайт. Жаттап эле тим болбой, ага өзүнүн көөдөнүнөн оргуган саптарды жалгап, көөнөрбөс тил байлыгын гүлдөтөт. Сынчылыктын сырларын тез сиңирет. Сопу Ата токсонго чамалап, кыйла жыл турукташкан Кочкор аймагынан Чүй тарапка жер оодарганга чейин Арстанбек Сопу Атага абдан жакын болуп, илим жугузду. Ал ортодо Калыгул менен мамиле күттү. Ошентип, “соңку сынчы” Арстанбек Буйлаш уулунун канаты күүгө келди. Сопу Ата дал ошол мезгилдери Калыгул менен Арстанбекке “Акыр заман”, “Тар заман”, “Дүнүйө”, “Аккан суу” ыр баяндарын мурастайт.
Токсондун белин ашкан олуя башынан көнгөн Кегети, Сынташ, Арпа-Тектирин байырлап калат. Балким карылык, балким касиеттүүлүктүн шооратыдыр, айтор, Сопу Атанын эки көзү бирдей көрүүдөн калат. Ошондо карт олуя кудуретинин ченемсиздигин жана бир ирет даңазалайт. Анын ошол көкүрөгү менен көрүп айткан бир канча окуясы эл оозунда көпкө эленди.
Сопу Атанын жылкычысы Сынташта жылкысын багып жүрөт. Бир ирет Сопу Ата жандоочуна: “Бери кара, жылкычым биздикине, мага келатып осол иш кылды, бу жылкычым жолунда ээн жайылып жүргөн койдон тандап бирди эңип алды, коого келип союп алды, мунун арты жаман болуп калды…” – дейт. Бешимге чукул жылкычы кирип келип, Сынташтан кабар айтып, андагы жылкылардын абалынанан кеп салып баштаганда, төрдө жамбаштап жаткан Сопу Атанын сол капшытында отурган жандоочусу “жолдон эңилип союлган кой” маселесин козгоп, жылкычыны жарга такайт. Албетте, жылкычы чычая актанып чыгып кетет. Ошондо ордунан козголбогон олуя: “Болбостур, эми үйүнө бар да, тактанын астын кара!” дейт. Биресе куру доо салгандай осолдук абалды жөндөө үчүн жандооч буйдалбастан жылкычынын үйүнө жетип барып тактасын ачса, айтылгандай жаңы союлган койдун эти чыгат.
Сопу Атанын колунда жайдыр-кыштыр саап ичип турган эки ую бар экен. Бир күнү эрте туруп короо карашса, саан ордунда музоолор калып, байлануу эки ую жок. “Алдырдык кокуй, сүттүүрөктөн кол жуудук!” деп, эшик-аяк тейлөөчүлөр даттанып үйгө киришсе, Сопу Ата: “…Артыңарга жаман болду!” деп, кимдир бирөөлөр менен сүйлөшкөнсүп кобуранып жаткан экен, үнүн кесе кайрып: “Өй бала, мени менен жүр, таап келели” дейт. Токутчу атын токутуп минип, из кубар азиз карыя боконосу төмпөйгөн боз уланга ат жетелете уурунун сары изине түшөт. Кайда барышты багыттап кыйла аралык арыткан Сопу Ата мерчемдеген жерине жеткенде жандоочуна: “Жол боюнда бир суу жеп кеткен жар бар, ал жарды улай чоң аң болгой, ошону агылгалай бастыр, жеткенде айт” дейт. Жандооч айтылган жерди таап барат. Барышса уйлар жар алдындагы кемерде ооздору кемээчтелип, байланып турат. Бала көрөрү менен уйларды таанып айтса, Сопу Ата: “Бирин коюп, бирин алгын” деп, эскертип жар кырында калат. Ал сөздү жандооч бала жар түбүнө түшкүчө эсинен чыгарып, эки уйду тең агытып, аңдан чыгарып айдап алат. Узай түшүшкөндө, Сопу Ата шекип: “Мен айткандай кылдыңбы?” – деп сурайт. “Экөөнү тең айдадым, ата” — деп, бала желкесин кашыганда, Сопу Ата күрсүнө наалып, баш чайкап: “Найүмүт (наяты) калды ээ, чиркин дүйнө!” деген экен.
* * *
Жай илеби сууп, жер берекеси төгүлүп турган убак. Боз үйлөрдөн обочо дөбөдө Сопу Ата кокту ылдый шылдырап куюлуп аккан булак үнүнө кулак төшөп отурду. Булакты тыңшайт, күбүрөнүп аны менен сүйлөшөт, көрбөгөн көздөрүн жууйт, тамшанып ичет. Олуяга бу чөлкөмдү байырлаткан да ушу булак болучу. Эң алгач отуздар чамасында ушул булакка токтоп, ооз тийгенинде: “Азганды тойгузган, азга көптү улаган, нугу кургабас, түбү соолубас булак экен го, чиркин” – деген эле. Эми минтип, токсон жетинин даамын таткан чагында эки күндөн бери наар сызбастан, ошол булактын суусун гана аздап жутуп отурат. Жуткан сайын, артта калган күндөрүн көөдөнүнөн сыдырат. Өткөн-кеткенди жөн эле шурудай тизмектеп сыдырбастан, көмөкөйүндө замандаштарынын ар бирине ыраазычылык айтып жатты. Ата-энеси, асыранды балдарынан баштап, Увалий, Кызыл Думана, Ак Бала, Калыгул, Балыкооз, Келдибек, Арстанбекке чейин жылуу ниетин арнап, былтыртадан бери бир айтканын “аний” дебей аткарып, Кочкорго, Ат-Башыга жайгашып берген жакын туугандарынын жана катаал жолго баш уруп бараткан мүлдө кыргыздын келечегине жакшылык тилеп бата тартты. Адаттан тыш мемиреген бул күнү Сопу Ата эртеден кечке ордунан козголбоду. Күндөгүдөй тамакка чакырып тынчын да алышпады. Даанышмандын эки күндөп тамак ичпеген жосунунан алда-нени шекиген боз үйдөгүлөр эртелеп жакындагы туугандарын чакыртып, тынчтары кетти. Арасында Калыгул да бар. Келгендер Сопу Атанын жанына барууга батынбай, боз үйүнүн алдында күтүп калышты. Качан гана балбылдаган кызыл күн тоого жарымдай батканда, аса-мусасына таяна ордунан турду олуя.
Ошол кечте Сопу Ата тууган уругу менен кең боз үйүнүн төрүндө отуруп коштошуп, акыркы сөздөрүн айтат. Жарданган ага-тууган, шакирттер көз жашы кылып, мүңкүрөп турганда, Сопу Ата аларга дем берип: “Силер эмне мүңкүрөйсүңөр, жашооңор улана берет. Атан өлсө тайлак бар, кому жерде калмак беле… Мен кетсем, артымда жолумду жолдоочу инилерим Ашым, Рай калды, талабыңарды алар аткарат”- дейт. Көрсө, такыба киши аян аркалуу ажалдан кабар алып, үч күндөн бери тамак ордуна булак суусун ичип, тазаланып жаткан экен. Деми сууган көпчүлүккө дечүсүн деп, жай-жайына таркаткан соң, Сопу Ата ишенген адамдарынан эки-үчөөн жанына алып калып, Бектенди беттей эң негиздүү керээзин айтат: “Менин сөөгүмдү койгончо уктабай карап кайтаргыла. Ошондо бир белги болор, койнумдан коён сындуу жандык чыгат, качырбай кармап кал. Аны өткөрүп жиберсеңер, сөөгүмдү жууганда мен жаткан жерде кумалак сыяктуу кичине калдык калат, ошону жийиркенбей оозуңа салып жибер. Ал колуңдан келбесе, мени койгон жерди уктап калбай, үч күн карап тур, анда бир белги болор. Эгер үчөөнү тең өткөрүп жиберсеңер, менден күдөр үзгүлө. Анда, таң супадан жолугушабыз. Кош, жакшы тургула!” – деп, олуя өзүнө бала күнүнөн өтө жакын жүргөн Бектенге үч белгисин толук айтып, кудуретин оодарып, касиет ырыскысын ыйгарууну ыраа көрөт.
Олуянын ошол керээзи кандайча ишке ашканы көпчүлүктүн оозунда мындайча айтылып жүрдү: Сопу Ата керээзин айтып, ага-ини журту менен коштошкон түндүн таңында үзүлөт. Салтка ылайык сөөк каадасы менен жерге коюлганча боз үйдө кармалат. Айтылгандай алгачкы күнү Сопу Атанын жанынан “булт” этип, коен сындуу жандык чыгат. Аны Бектен кармай албай калып, Калыгул кармап (ошондуктан олуялык Калыгулга өтүп кеткен) алган дешет. Сопу Атанын сөөгүн жууганга алганда, ордунда өзү эскерткендей чарайнадай кичинекей туңгакча калса, аны да Бектен жийиркенип, жутпай койгон. Ошентип, зор касиет ыроолонгон эки белгини Бектен тута алган эмес экен. Үчүнчү белгисин кармайм деп, сөөк жайына алынган соң, Бектен мүрзөнү акмалап, жай жанынан чыкпаптыр. Чыкпаганы менен үч күндөп уйкудан чала калган кургур, таңга жуук көзү илинип, уйкуга алдырып жиберет. Ошол маалда “Бектен, Бектен” деген үн угулгандай болот. Бектен көзүн ачып, узап бараткан ак төөчөн караанды көрүп калат. Жерге жарык түшкөндө жайды караса, анда төөнүн изи калган болот. Ошентип, Сопу Атанын үч белгисин тең Бектен кармай албай калган. Ошол жылы Меккеге зыярат кылып келген Сопу Атаны тааныган адамдар “Сопу Меккеде үчүнчү катардагы адамдар менен кошо туруп, намаз окуганын көрдүк” дешкен. Олуяны узатуу зыйнатында төө союлса, кара ашында да төө союлганы айтылат.
Сопу Атанын сөөгү Кочкор өрөөнүн батыш чегиндеги Кара-Кол, Кегети, Ит-Үрөөр суулары агып келип кошулган жердеги түндүк бет кайкынын тектиринде коюлган экен. Азыр Сопу Атанын мүрзөсү делинип, мазар эсептелет.

“АК-МАЗАР”
Азыркы мезгилде Кочкор районундагы Ак-Жар, Кум-Дөбө айылдарынын түндүк тарабындагы тоону этектей орун алган “Ак-Мазар” мазарынын таржымалы бир кездеги Сопу Атанын медресеси, мечити жайгашкан жай экенинен кабар берет. Ага карата жергиликтүүлөр бир канча аныктамаларды келтиришет.
“Ак-Мазар” – обочо дөбө болуп тоо тутумунан бөлүнүп, төбөсүнө чопо кыштан курулган мечит чокусу түспөлүндөгү дубал тургузулган, үч тарабынан кырбуулай таш тизилген кандайдыр купуялуу көрүнүштөгү жай. Зыярат кылгандардын айтымында перзент көрбөй жүргөндөргө таасири жакшы билинет. Эл оозунда “Ак-Мазардын ээси – ак тайлак деген түшүнүк бар. Мындай түшүнүк ал чөлкөмгө барган айрым адамдарга ак тайлак көрүнүп, үн салып тургандыгынан улам пайда болгон. Ал ак тайлакты “Сопу Атанын тайлагы” дегендер да жок эмес. Эгерде илимий изилдөөлөр жүргүзүлсө, Ак-Мазардын курулуш мааниси чечмеленмек. Дөбөнүн үч тарабынан таш кырдалганын айтпадыкпы, эмне үчүн үч бөлүккө бөлүнгөн жана анчалык мээнет жумшап таштарды кынап чыгууга, төбөсүнө белги тургузууга не түрткү болгон? Мында кадимки Египет пирамидаларынын мааниси, Тибет тоолорунун өзгөчөлүктөрү кайталанып аткан жокпу? Кайталанса, аны кайсы философ кайталамак? Балким Сопу Атанын сөөгү… “Сөөк” демекчи, Сопу Атанын “ачык” керээзи боюнча сөөгү Кегетиге, үч суунун кошулушундагы чыканактай секичеге коюлмак. А жанындай ишенген бөтөн жайлык Кызыл Думана менен Ак Балага “жабык” керээзин айтышы мүмкүн беле?.. “Жашыруун керээз” ашкере кудуреттүү сейрек залкарларга колдонулуп “чыгаан адамдардын сөөгүн душмандары кордоп, кар жилигин чагып жерге житире казыктай кагып салса, улут-уругунун куту качып, эли зыянга учурайт” деген ырым-жырым жашап келбедиби. Бу жагдайдан караганда, Сопу Ата жарыкчылык менен Арпа Тектирде коштошуп, отуз чакырымча аралыктагы Кегетиге алынып келип акырет жайына алынганы, андан кабыры бузулуп “төө минип Меккеге кетип калганы…” демек, жашыруун керээз сыяпатыбы? Чыны келсе олуя жатаар жайын небак эле Ак-Мазарга даярдап койгон болсочу? Олда, чоң энемдин аластаган арчасындай түтөгөн суроолор ай…

3 Replies to “Азамат КЫЯЗОВ: Сопу ата”

  1. Бизде дагы Сопу-Атанын каны бар жана көрөгөч, төлгө ачуу, табыптык сапаттар, сезгич, терең ойлуу, акылмандык, жана башка сапаттар бар.

  2. Ассалам- Алекум туугандар мына бул тарых чыныгы тарых экен, менин чоң атам айтчуу эле биздин олуя бабабыз бар эле деп анын аты Сопу-Ата деп сөз кылчуу эле. Мыны бугункүү күндө менин байкем Сопу -Ата бабабызды сөз кылып айты, биз Сопу -Атанын урпактары болобуз деп, мына шумдук мен дагы Кыргыздардын тарыхын жана санжырасын көп окуйм, изилдейм.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *