Венера БӨЛӨКБАЕВА: Белен

АҢГЕМЕ Белен аттуу чүрпөнүн жарык дүйнөгө келишин белгиледик. Белендин анда 1 айлык болуп курсакта калганын атакеси баш болуп, бирөөбүз да билбептирбиз. Атакеси токой чарбасында иштейт. Февраль айынын башталышында каада көрсөтөйүн дегениби? Сыягы, башка айымга алаксыган… “Мени кызганбайсың” деген шылтоо менен чыр баштап анан бир-эки сыйра кийимин колтуктап, кабагын карыш салып келинчегинин алдына келет: – Кеттим… Токойдо жашап-иштейм, –  деп күңк-мыңк сүйлөнүп жөнөөгө камынат. – Токоюңдун каеринде? Дайын-дарегиңди айтып кетпейсиңби… – дейт анысы да тоотпогонсуп. – Аякта көчө болмок беле! Дайын […]

Темир Сариев абактагы Текебаев боюнча өз позициясын билдирди

Кечээ Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун сот иши боюнча күбө катары көрсөтмө бердим. Чындыктын аныкталышына жардам бере ала турган кээ бир документтерди да сотко тапшырдым. «Текебаевдин иши» боюнча мурун эле көз карашымды айтып кеткем. Күнөөлөп, ким туура, ким туура эмес деп эч ким жөнүндө айта албайм. Бул өкүмдү сот гана чыгара алат. Бирок сот процессинин кантип өткөрүлүп жаткандыгына суроолорум бар. Адамдын күнөөсүн далилдей алдыңарбы? Анда эркинен ажыратылсын. Далилдей албадыңарбы, коё бергиле. Акыйкаттык жөнөкөй эле нерсе. Менин баамымда, азыр Чотонов менен Текебаевдин иши […]

Зайнидин КУРМАНОВ: Президенттикке кимди шайлоо керек же ага кимдер барат?

Кыргызда илгертен шайлоого эл алдында жеке салымы барларга жол берилип, аялдар татыктуу эркектер жокто гана башчылыкка аттанышкан. Бирок биз ар бир жаран жалпы шайлоо укугуна ээ коомдо жашап жатабыз. Бул сапар жеңүүчүлөр алдын ала белгилүү болбогон өлкө тарыхындагы биринчи атаандаштык шайлоо. Учурда талапкерлер саны тынымсыз өсүү менен 30га жетти. Талдоо ылайыктуу болуусу үчүн төмөндөгү шарттуу категорияны сунуштайбыз. Биринчи топту иштеп жаткан «саясый оор салмактар» түзөт. Булар чечим кабыл албагандар. Алардын аттары шайлоочуларга белгилүү жана бир топ шайлоочулардын колдоосуна, өлкө алдында […]

Альберт ЭЙНШТЕЙН

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Физик-теориячы Эйнштейн Альберт 1879-жылы 14-мартта Германиянын Ульм шаарында туулган. 1900-жылы Цюрих политехникумун бүткөн. 1909-11-жылдары Цюрих, 1911-12-жылдары Прага университеттеринде, 1912-13-жылдары Цюрих политехникумунда профессор болуп иштеген. Азыркы физиканы негиздөөчүлөрдүн бири. 1905-жылы салыштырмалуулуктун жекече, 1907-16-жылдары жалпы теориясын түзгөн. Жарыктын квант теориясына негиз болуучу эмгектердин автору: фотон түшүнүгүн илимге киргизген, фотоэффект закондорун, фотохимиянын негизги закондорун аныктаган, индукцияланган нурлануунун бар экендигин алдын ала айткан. Статистикалык физиканы негиздөөчүлөрдүн бири. Броун кыймылынын статистикалык теориясын өнүктүрүү менен флуктуация теориясынын негизин түзгөн. 1933-жылдан космология проблемалары жана […]

Александр ДЮМА: Граф Монте-Кристо

Которгон Фарида ИСАНОВА БИРИНЧИ БӨЛҮМ 1-Бап МАРСЕЛЬ. КАЙТЫП КЕЛҮҮ  Жыйырма жетинчи февраль 1815-жылы Нотр-Дам де-ла-Гарддын күзөтчүсү, Смирна, Триеста менен Неаполдон кайтып келе жаткан үч мачталуу  «Фараон» кемесинин жакындап калганынан кабар берди. Адаттагыдай эле порт лоцманы дароо эле буйткадан узап, Иф сепилин жандай өтүп барып, Моржион кысыгы менен Рион аралынын ортосунан кемеге жанашты. Дароо  эле ар качанкыдай ыйык Иоанн аянты ар нерсеге кызыкдар жардашкан көпчүлүккө толуп чыкты, себеби, Марселде кеменин келиши зор жаңылык, анын үстүнө бул байыркы Фокеяда курулуп, жабдыланып, толтурулган […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Бейиште ачылчу сандык

АҢГЕМЕ  Чоң энемди “апалап” чоңойдум. Ага арнап жазган жүрөгүмдө сагынганычтын каты бар. Анда окуй баштайын… «Саламатсызбы, апа! 1912-жылдан 1989-жылга чейин ушул жалганда өмүр сүрдүңүз. 4 жашыңызда Үркүн деген балээ чыгып, Кытайга чейин үркүп барып, анан Кудай сактап аман кайтып келиптирсиз. “Элес-булас эсимде, качкан кезибиз, ачкадан ыйлап азап тартканыбыз…” деп барып, “сурабай эле койчу балам, биздин башыбыз менен эле кетсинчи” деп ыйлап жиберип отуруп калар элеңиз. Сиздин себиңизге келген сандыкты сактап жүрөм, апа. Ушул сандык менен толтура акыл жана тарбия бергендей […]