БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Физик-теориячы Эйнштейн Альберт 1879-жылы 14-мартта Германиянын Ульм шаарында туулган. 1900-жылы Цюрих политехникумун бүткөн. 1909-11-жылдары Цюрих, 1911-12-жылдары Прага университеттеринде, 1912-13-жылдары Цюрих политехникумунда профессор болуп иштеген. Азыркы физиканы негиздөөчүлөрдүн бири. 1905-жылы салыштырмалуулуктун жекече, 1907-16-жылдары жалпы теориясын түзгөн.

Жарыктын квант теориясына негиз болуучу эмгектердин автору: фотон түшүнүгүн илимге киргизген, фотоэффект закондорун, фотохимиянын негизги закондорун аныктаган, индукцияланган нурлануунун бар экендигин алдын ала айткан.

Статистикалык физиканы негиздөөчүлөрдүн бири. Броун кыймылынын статистикалык теориясын өнүктүрүү менен флуктуация теориясынын негизин түзгөн.

1933-жылдан космология проблемалары жана талаанын бирдиктүү теориясын түзүү боюнча иштеген. Фотоэффект закондорун ачкан. 1933-жылы Германияда фашизмдин бийликке келишине жана анын согуштук саясатына нааразы болуп АКШга көчүп кеткен. Ал согушта атом куралынын колдонулушуна каршы чыккан. 1921-жылы ага Нобель сыйлыгы ыйгарылган.

1927-жылы СССР ИАнын ардактуу мүчөсү болуп шайланган, дүйнөнүн көптөгөн академияларынын жана илимий коомдорунун мүчөсү болгон. 1955-жылы 18-апрелде АКШда каза болгон.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.