Кыргызда илгертен шайлоого эл алдында жеке салымы барларга жол берилип, аялдар татыктуу эркектер жокто гана башчылыкка аттанышкан. Бирок биз ар бир жаран жалпы шайлоо укугуна ээ коомдо жашап жатабыз. Бул сапар жеңүүчүлөр алдын ала белгилүү болбогон өлкө тарыхындагы биринчи атаандаштык шайлоо. Учурда талапкерлер саны тынымсыз өсүү менен 30га жетти. Талдоо ылайыктуу болуусу үчүн төмөндөгү шарттуу категорияны сунуштайбыз. Биринчи топту иштеп жаткан «саясый оор салмактар» түзөт. Булар чечим кабыл албагандар. Алардын аттары шайлоочуларга белгилүү жана бир топ шайлоочулардын колдоосуна, өлкө алдында артыкчылыктарга ээ. Алар Т.Сариев, Ө.Бабанов, С.Жээнбеков жана Б.Торобаев.

Экинчи топтогулар да атаандаштактын ар кандай себептеринен улам «нускоого киргизилген» белгилүү саясатчылар.

Үчүнчү топ кыргыз саясатындагы жаңы жүздөр болуп саналат. Алардын пайда болушу жаңы ысымдарга болгон суроо талаптан, эски саясатчылардан эл чарчап бүтүп, алардын артыкчылыгы эскичил жана салттуу болуп калгандан улам. А жаңы жүздөр – булар окумуштуулар, өз тармагында лидерлик сапатка ээ укук коргоочу Р.Карасартова, эл аралык кызматкер Т.Мамасадыков жана азыркы билим берүү тармагынын уюштуруучусу К.Шаршекеева… Эгер алар саясый иш менен олуттуу алектенсе, саясый келечеги кең талапкерлер. 1991-жылы Орусия Федерациясындагы президенттик шайлоого Кемеров облусунун аткаруу комитетинин төрагасы казак Аман Тулеев биринчи жолу катышып 6% добуш алууну максат кылып, ага жеткен. Ошондон бери ал ушул аймактын губернатору. Башкача айтканда, шайлоонун максаты дайыма биринчилерден болуу эмес, келечекти түзүү.

Төртүнчү топ жалпыга маалымдоо үчүн негизинен, белгисиз адамдардан турат. Алардын бир нече максаты бар: жеке амбицияларын канаттардыруу, шайлоочулардан чыныгы талапкерлерди алып чыгуу, демократиялык шайлоо көрүнүшүн түзүү. Талапкерлердин көптүгүгү шайлоочуларга тандап алууда чоң тоскоолдук жаратуучулар. Анткени 100дөн эмес, 5тен талапкерди тандап алуу оңойурак эмеспи. Чыныгы демократиялык өлкөлөрдө жеңүүчүнү алдын ала айтуу кыйын. Буга мисал Америка кошмо штаттарында Д.Трампты шайлоо болуп саналат.

Саясый оор салмактар

КСДПдан талапкер С.Жээнбеков «улут атасы» болууда жана бышып жетилүүдө жаш курагы боюнча артыкчылыкка ээ. Ал 58 жашта. 1,5 жылдан бери премьерликти аркалап келет. Кара-Кулжанын таасирдүү кулуну. Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Совет доору үчүн катардагы адистиктен премьер-министрликке жетелеген маанилүү өмүр жолу бар. Аркасында болсо баардык жагынан үзгүлтүккө учуратпас административдик ресурстар турат. Анда өз ишмердүүлүгүндөгү көзгө көрүнөрлүк ийгилик жана харизманын жоктугу, эл аралык терроризм менен күрөшүүдө Орусияны тынчсыздандырган араб эмирлери менен тыгыз байланышы үчүн сындалып келет. Шайлоо алдындагы убадаларын «Таза коом» программасы деп жарыялады.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы таасирдүү байлардын катарында. Учурда 47 жашта. Москва айыл чарба академиясын бүтүргөн. Жогорку Кеңештин 3 жолку депутаты, биринчи вице-премьер жана премьер болуп бул кызматта 9 ай эмгектенген. КСДП партиясынан кийинки орунда турган фракция жетекчиси. Бирок КРнын чакан аймагынын тургуну болгондуктан, президенттикке өз өкүлүн чыгарууга мүмкүнчүлүгү жок. Ошону менен катар күчтүү амбициясы менен дайыма жеңишке жетишип келет. Парламенттик шайлоодо да ушундай болгон эле. Ал дайыма шайлоо алдындагы популизмдик кадамдарга көп баргандыгы менен сындалып келет. Жалпы элдик курултайда да мыйзамдуу статусу жок туруп ат салышка чыккан. «Гулдөө индексинин» биринчи ондугуна Кыргызстанды киргизүүнү убада кылууда. (А учурда Кыргызстан 77 орунда)

Темир Сариев – үч чакырылыштагы депутат, КРнын Убактылуу Өкмөтүнүн каржы министри, экономика министри, премьер-министр болгон. Чүй облусунун өкүлү. Саясатка жеке ишкерлик жолу менен келген. Жашы 54тө. Оппозициялык өмүр баянга ээ. Каршылаштары да даражалуу саясатчы деп эсептешет. Акылдуу, чечкиндүү, эрктүү кадамдарга жөндөмдүү. Оозунда сөзү бар. Жарашыктуу физикалык формага ээ. Кайратман күрөшчүл. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгында ишке ашкан эл аралык экономикалык ЕАЭБ долбоорун даярдап, коштоп жүргөн. Беделдүү эл аралык экономикалык форумдарга доклад окуу үчүн атайы чакырууларды алган экономист. Кемчилиги – ЖКда өз фракциясынын жоктугу, бирок жеңиш биздин саясатчылар арасында кескин өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, Англияда премьер-министр болуу үчүн каржы министринин тепкичинен өтүү, бюджетти бөлүштүрө билүү керек. Мындай тепкичтен жогорудагы талапкерлерден Темир Сариев гана өткөн.

Бакыт Төрөбаев – Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, Өзгөчө кырдаалдар министри, парламенттин вице-спикери болуп келген. Учурда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери. Бул топтогулардын жаш талапкери. 44 жашта. Өзү экономист. Амбициясы күчтүү. Учурда оппозицияда. Жалал-Абад облусунун өкүлү. Шайлоочуларга өзгөрүүлөрдү убада кылууда. Талапкерлердин ичинен Сариев менен Төрөбаев кызматташуу үчүн идеалдуу өнөктөштөр. Бул тандем алдыда боло турган шайлоо жарышына жакшы таасирин калтырмак.

Артыкчылык кимде?

Жыйынтыктап айтканда, президент болуу үчүн премьер-министр болуп иштегендердин мүмкүнчүлүгү көбүрөк, себеби ал президенттин ишмердүүлүгүнө окшош. Премьерлик кызмат талапкерге жалпы улуттук лидердин статусун берет. Алар атагы чыкканы менен сырттан атаандаша албайт. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдарынын баскычтарынан өткөн талапкерлер гана акча саноону, бюджетти бөлүштүрүүнү билишкени артыкчылык. Жогоруда көрсөтүлгөн даражалардан Т.Сариев гана өткөн.

Менин байкоом боюнча шайлоочулар жана саясатчылар аң-сезимдүү тандоо жасоо үчүн талапкерлер олуттуу шайлоого даярданып жатышат, шайлоочулар өлкөнүн саясый жетекчилиги үчүн талап кылгандарын түшүнүүгө мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.