Мухтар ШАХАНОВ: Элди рухий кулга айландырууну көздөгөн арабдар өтө жөнөкөй жолду тандап алышкан

Учурдагы исламдашуу заманы күчөп баратканын улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен казак элинин залкар акыны Мухтар Шаханов алдын ала туюшканбы, бул эки көсөм те бир кезде эле коңгуроо каккан сыяктанат… «РухЭш» сайты бүгүн Ч.Айтматов менен М.Шахановдун диалогу менен жазылган «Аскада калган аңчынын ыйы» аттуу китептин «Кумурадан чыккан баш сөөк же түрктөр тарыхына көзкараш» аттуу бөлүмүндөгү эң орчундуу жерин бүгүнкү окурман журтуна сунуштоону эп көрдү… Чыңгыз АЙТМАТОВ: Бир эле кыргыз жана казак элдеринин маданиятына каршы акыркы 12-13-кылым бою төрт жолу чабуул жасалган. […]

Александр ДЮМА: Граф Монте-Кристо (уландысы)

Которгон Фарида ИСАНОВА (Башы ушул шилтемеде) 9-БАП ШАКЕК САЛУУ КҮНДҮН КЕЧИ Вильфор, биз жогоруда айткандай, кайрадан Гран-Кур көчөсүнө бет алган, Сен-Меран айымдын үйүнө киргенде ал конокторду ашканада эмес, конок бөлмөдө кофе ичип отурушканда үстүнөн чыкты. Рене башка коноктор сыяктуу эле  аны чыдамсыздык менен күтүп жатты. Ошондуктан аны кубана тосуп алышты. – Кана, башкесер, мамлекет тиреги, роялисттик Брут! – деп кыйкырды коноктордун бири. – Эмне болду? Айтыңыз! – Жаңы Террор башталганы жатпаптырбы? – деп сурады башкасы. – Корсикалык киши жегич өз үңкүрүнөн чыга келбептирби? – деп сурады үчүнчүсү. […]

Венере БӨЛӨКБАЕВА: Сүрөтчү

АҢГЕМЕ Кыялдын гана эмес, ар түркүн ой-санаанын да түйшүктөрүнө “баймын”. Бул түйшүктөр мени издейби же өзүм чогултуп үйүп аламбы? Акылым жетпейт. Оюм бириндейт. Дилим бөксөрөт. Мындай учурларым чегинен ашканда кийимдеримдин да оң-тетирисин баамдабай кийип алам. Азыркы абалымдай, чачтарыма да тарак жетпейт. Угузба, угузба! Эч бир жандын кулагына мындай кабарды угузба! Таланты ташкындаган чоорчу жөнүндө коркунучтуу кабар уктум. Тирүү эле, бирок өлүмүнө камылга көрүп жатышыптыр. Жашап жаткан адам баласынын жакындап калган өлүмү жөнүндө айтылган кабар – Ааламдагы эң жаман кабар. Эң […]

Ишенбай Абдуразаковдун котормосундагы классикалык жапон поэзиясы

Кыйла жыл мурда, айтылуу «Кыргызстан маданияты» гезитинде иштеп калдым. Ал жер баарыбыз үчүн кыргыз адабиятынын куттуу жериндей сезилер эле. Башкага кандай сезилчү билбейм, мен негедир апкаарып, «КМ» редакциясынын босогосун аттай берерде алды-артыма кылчактап, шар кирип кеталчу эмесмин. Тепкичтеринен шырп эткен дабыш же кобур-собур үн угулсале сүр басып, бир кезде кыргыз адабиятынын дөө-шаалары, белгилүү сынчылар, жазуучу-акын, котормочулар: Кеңешбек Асаналиев, Салижан Жигитов, Камбаралы Бобулов, Кадыркул Даутов, Ашым Жакыпбеков, Жолон Мамытов, Аман Токтогулов, Абдыганы Эркебаев, Каныбек Эдилбаев, Сүйөркул Тургунбаев, Алым Токтомушев, Калык Ибраимов, […]