Кыйла жыл мурда, айтылуу «Кыргызстан маданияты» гезитинде иштеп калдым. Ал жер баарыбыз үчүн кыргыз адабиятынын куттуу жериндей сезилер эле. Башкага кандай сезилчү билбейм, мен негедир апкаарып, «КМ» редакциясынын босогосун аттай берерде алды-артыма кылчактап, шар кирип кеталчу эмесмин. Тепкичтеринен шырп эткен дабыш же кобур-собур үн угулсале сүр басып, бир кезде кыргыз адабиятынын дөө-шаалары, белгилүү сынчылар, жазуучу-акын, котормочулар: Кеңешбек Асаналиев, Салижан Жигитов, Камбаралы Бобулов, Кадыркул Даутов, Ашым Жакыпбеков, Жолон Мамытов, Аман Токтогулов, Абдыганы Эркебаев, Каныбек Эдилбаев, Сүйөркул Тургунбаев, Алым Токтомушев, Калык Ибраимов, Осмонакун Ибраимов ж.б… ж.б… кашкөй таланттар улагасынан кирип-чыккан үчүн элеби, айтору, ал жер мага адабияттын ыйык жайындай сезилип турчу. Алдыман бирөө-жарым карп-күрп чыга калса, не айтаарымды билбей, сөз учугун табалбай ойдолоктоп, жазып келген ырларымды көрсөткөндөн айбыгып, эки-күч курдай кайра кетип калган учурум да болгон.

… «Кыргызстан маданияты» гезитинин бир бурчуна ырың жарыяланып калса оңой бекен?.. Элге дароо дүң болчудай өрөпкүтөр ушул сезим менен улагасын аттаарын аттап алып, редакцияда отургандардын бирин тааныбаган жаным узун коридорун көргөндөле кайсы кабинетке баш багарды билбей, кайра шыпылдай басып келген жолума түшкөн күндөрүм болгон. Анан эле кут учурган 90-жыл келди! Элге жут келгендей доор башталды. Жут эмей не: СССР империясы кумдай эшилип түшөрү менен эл нан, чайдан жутап, баарыле камгактай удургуп калдактагансыган жаңы заман күтүүсүз келип отурса…

Айтылуу «КМ» гезитинин беттерин саясый темалар аралап, аталган басылма бирде чыгып, бирдей чыкпай, улам үзгүлтүккө учураган мезгили. Кийин таптакыр чыкпай калды. «Кыргызстан маданияты» гезитинин жаназасы биротоло окулуп, көмүлүп тынгансыды. Биздин аздегибизге айланган гезитти жарыкка чыгарып келаткан үркөрдөй топ мүлк талашып, бири-бирин сотко берип тынышты. Кыргызың ушул да эй! Гезит жеке менчикке өтүп, акын агабыз Нуралы Капаров аны кайра чыгармак болуптур.

Бир күнү мени ишке чакырып калды. «Гезиттин жооптуу редакторлук милдетин аткарып бер» деген Н.Капаров өтүнүчү мен үчүн күтүүсүз болсо да, бирок кыргыз адабиятынын салттуу жолун улап келген гезиттин биротоло жалп өчүп калышын каалабадым. Шар эле макул болдум. Редакцияга Салижан Жигитов күнүгө келип-кетип, адабиятчымын дегендердин арасынан аталган басылманын кайрадан жарыкка чыгышына күйүп-бышкан эле ошо киши болду.

Мен отуруп иштээр орунтукту көрсөтүштү. Качанкы эски үстөлдөрдүн бурч жактагысына көчүк бастым. Үстүн чаң баскан орунтугумдун тартмаларын ачсам, ичи толо кагаз. Редакцияга келип түшкөн каттар, кол жазмалар жайнайт. Машинкеге терилген материалдар андан көп. Арасынан бир блокнот колго урунду. Ичинде шурудай тизмектелген кол жазмага көзүм түштү. Сыйкырдуу ыр саптарына дароо байланып калдым. Жапон адабиятынын классик акындарынын котормосу экен. Кызыгы – ар бир ыр кыргызча эле эмес, англисче, жапончо, орусча варианттары менен. Ар бир ыр, атургай айрым саптар шилтеме менен түшүндүрүлүп, жапон поэзиясынын символдук, метафоралык маанилеринен өйдө чечмеленген эмгек экен. Түпнускадагы айрым саптар англисче котормосунда да, орусчасында да кандай которулганы, кайсы саптарда орун алмашылып, жалпысынан түпнускадан алыстабаган мөөр тамгадай нускалык кыргызчасында кандай сакталганын түшүндүргөн колумдагы блокнотко байландым да, калдым.

Жапон адабиятынын өзгөчөлүгүн ушунчалык терең чечмелеген блокноттун ээси ким экенине кызыгым артып, бизде ушундай адабий адис ким болгонуна кызыгуум артты. Мен үчүн блокноттогу котормочунун мээнети – бекер адабий билим болду. Котормочунун чыгармачылык «лабораториясы» көзүмдү умачтай ачты заматта. Котормочулук тажрыйба, машакат, жоопкерчилик кандай болуш керектигин туйдум. «Бу ким, кайсы котормочунун эмгеги?» деп оозум ачылды. Капаровдон сурадым. Ал киши бир болсо Ишенбай Абдуразаковдуку болушу мүмкүн экенин айтты.

Кийин Салижан досу менен ээрчишип, Ишенбай ава да редакциябызга келип калды. Баягы блокнотту көрсөттүм. «О меники, бир кезде бу жерде иштегендер сураганынан карматтым эле, жоготуп ийдик дешкен. Ырас болбодубу». Чөнтөгүнө салып койду. Ошол ошо болду. Блокноттун ээси табылды…

Мына анан жакында Ишенбай Абдуразаковдун 80 жылдык мааракесине карата К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитарлык университети тарабынан кыргыз жана орус тилинде «Ой толгоолор» («Размышления») аттуу мыкты китеп жарык көрдү. Аталган китеп И.Абдуразаковдун ой толгоо, маектери жана жогоруда айтылган жапон адабиятынын классик акындарынан турган көлөмдүү эмгек. Каалоочулар бул китепти 0555 948 687 телефон номурунан таап алсаңыздар болот.

Бирок тилекке каршы, Ишенбай аванын менин колума урунган блокноттогу эмгектери мүмкүн табылбай бир бурчта калганбы, айтор, аталган китепке кирбей калыптыр. Мунун себебин түшүнсөк да болот, анткени Ишенбай ава көз жумган соң бир жыл өтүп эле байбичеси Майрамкан жеңебиз да артынан калбай одүйнө узап кеткендиктен, кеменгер инсаныбыздын кол жазмаларын ирээтке келтирүү милдети биздей тирүүлөрдүн колунда калды көрүнөт…

Олжобай ШАКИР

* * *

“Гүл күтүп, куса болгонго,
тоо боорунда кар жиреп
баш баккан чөптүн көктөмүн
көрсөткүм келет неге?..”
Фудзивара Но Иэтака
(1158-1237)

Фудзивара Но Сюндзей (1114-1204) – жапон поэзиясынын классиги, сынчы. Өзүнүн узак өмүрүн ак сарайда өткөрүп, “поэзия жаатында кара кылды как жарган калыс жана аксакал” катары кадыр-барк күткөн. Анын эстетикалык жактан туу тутунганы: “юугэң”-“купуя сырдуулук, жан дүйнөнүн тереңдиги”. Ырлары символикалык мааниге толгон, жаратылышты, жыл мезгилин сүрөттөп, оомал-төкмөл дүйнөнүн назик сулуулугуна көбүрөк кайрылган.

Бүгүнкү жаздын илеби,
Кытайга чейин жетти деп,
Кеп кылат ага-туугандар,
А бирок менин оюмча,
Биздин борбордо гана тургандай.

Жамгыр төктү,
Бадал гүлүн аралап
Шамал өттү.
Тоо күкүгү  булутта
Үн салат
жарып көктү.

Кайыр кош бол,
Акырет аркы дүйнөгө
Ишенбесек, айла жок.
Кутулбадым азаптан,
Сен да чыда, мага окшоп.

Эсимден кетпей элесиң,
карасам, асман тарапты:
Булутту жарып экиге
Жазгы нөшөр жаап атты.

Бирде тоңуп,
Бирде кайра жазылат,
Тоо дайрасы аскаларга кысылып,
Таң заарында ый таризде үн салат.

Монах Сайгё (1118-1190) – азандагы аты — Сато Норикие. Киотодо самурайдын үй-бүлөсүндө туулуп өсүп, 22 жашында бутпарас кечилдигин кабыл алган. Анын динге өтүшүн ар кандай жоромолдошот. Ак сөөк тукумундагы кызга ашык болуп, амалы жок ак сарайдан кеткен деп айтылат бир божомолдо. Жапон поэзиясында Сайгё, үркөрдөй үч  акындын (Басё, Какимото) бири катары бааланат.

Сезими  тайкы мен деле,
нерсенин жайын түшүндүм.
Саздан учкан аңырлар –
Күз айынын күүгүмү.

Монах Джакурэн (1139-1202) – азан чакыргандагы аты — Фудзивара но Саданага. Эр жеткенде, бутпарас кечилдигине өтүп, Джакурэн ысымын кабыл алат. Анын чыгармасын замандаштары жогору баалаган, атүгүл, айрым ырлары азыркы поэзия талаптарына жооп берген туу чоку катары каралат.

Кайгынын өз өң-түсү жок.
Бирок аны сездим мен
Тоодогу кипаристер үстүндө
Салаңдаган күзгү күүгүмдөн.

Өткүн өттү,
Тамчысы  да кургай элек
кипаристин бүчүрүнөн
бууланып көмкөрүлгөн
Күз күүгүмү.

Фудзивара Но Иэтака(1158-1237) – атактуу Фудзивара но Сюндзейдин шакирти. Анын көп чыгармаларында Сайгёнун таасири күчтүү. Ырлары жөнөкөй келип, табигыйлыгы, ынанымдуу бийик сезими, сөз ыргагынын тереңдиги менен өзгөчөлөнүп, өз доорунун ыйык  тумарындай аздектелет.

Гүл күтүп  куса болгонго,
тоо боорунда кар жиреп
баш баккан чөптүн көктөмүн
Көрсөткүм келет неге?

Фудзивара Но Садаиэ (1162-1241) – акын, сынчы, редактор жана окумуштуу. Фудзивара но Сюндзэйдин кенже уулу. Кытай-жапон жазуусунда Тэйка деген ат менен таанымал. Өз атасынан поэзияга бийик талап коюуну мурастап, өспүрүм кезинде эле классикалык салтты бекем сактаган. Кийин тапталган жолду таштап, сөз оюнуна, адаттан сырт метафора, символдорго өтүп, жекече тажрыйба жасаган. Ошентип, ал “юугэнден” – “купуя сырдуулук, тереңдиктен” тышкары, “ёогэнди”“үлбүрөгөн, желден жеңил сулуулукту” – өз асабасында көтөргөн.

Өзү  иргеп кеткен эң мыкты 100 ыры эмдигиче жаңы  жыл алдында жарыяланып турат.

Көктөмдүн түнү,
Түшүмдө асма  көпүрө
Капыстан сынып кулады,
Чокуда калдык жете албай
Асманда булут бөлүнүп.

Көз жиберип карасам:
Гүлдөгү сары жалбырак
Күбүлүп түшүп бүтүптүр,
Булуңда жалгыз кепе там,
Көрүнөт күздүн күүгүмү.

Боздогон бороон күч алып,
үнүнөн жаным кысылат.
Эмне үчүн көндүм дайыма
Кечкурун күтүп, зарыгып?

Император Мэйдзи (1852-1912) – 1867-жылы такка келип, көзү өткөнчө бийлик кылган. Жапониянын бүтүндөй бир жаңылануу доору анын аты менен байланыштуу. Батыштын илим-техникасын кабылдап, бирок улуттук дөөлөттүн таза сакталышына кам көргөн. Илимдин артынан түшкөн император атайылап Европанын тарыхын, салт-санаасын, Конфуцийдин этикалык окуусун иликтеген. Анын ажалы түмөн иштин түйшүгүнөн болду деп айтышат.

Төрт тарап деңиз,
Бүт дүйнө бир тууган
деп ойлосом,
Неге бороон боздоп,
Толкун неге ташкын?

* * *
(Орус-жапон согушунун алдында жазылган ыр)

Корообуздун ичинде
Жанаша өсүп гүлдөгөн
Чет өлкөнүн дарагы,
Өзүбүздүн дарактар.
Исэге* келип ар дайым
Кудайлардан суранам:

Сактай көр, менин калкымды,
Коргой көр, менин тактымды.

Гезиттен окуйт бардыгы
абалы кандай дүйнөнүн.
Түпкүргө кетип баратат,
Муну жазбаганы жакшы эле.

Өткөндөр кеткен калтырып
Жазууларды окусам,
Мен башкарган элимди,
Билгим келет ар дайым.

__________________________

* Исэ — императорлордун ата-теги коюлган храм.

Нуката Но Оокими – (1600-жылдар. Туулган жана өлгөн жылдары белгисиз) принц Кагаминин кызы. Сулуу болгондуктан, Нукатага эки бир тууган принц ашык болуп, адегенде Ооама деген (кийинчирээк император Тэмму) кичүүсүнө турмушка чыгып, кыз төрөйт. Болжол менен 658-жылы ага принц Нака но Ооэ (кийин Тендзи деген ат менен император болгон) үйлөнөт. Бирок синто храманын жогорку даражадагы кызматкери болгондуктан, императордун аялы деген статус берилген эмес. Берилбесе да, өмүрүнүн акырына чейин кансарайда кадыр-баркы чоң болгон. Көп убакытка чейин аял акындардын ичинен ага теңдеш эч ким чыгалган эмес. Нукатанын бу заманга жеткен чыгармачылыгы аз. Болгону 12. Бирок анын чыгрмачылыгы оозеки адабият менен жазма адабияттын тогошкон мезгилине туш келгендиктен, эстетикалык жагынан эле эмес, илимий жактан да мааниси чоң.

Жаз келсе, кыштын артынан,
Тунжурап турган түркүн куш
Туш-туштан сайрайт тынымсыз.
Ойгонуп чөптөр кайрадан
Гүл болуп жайнайт айланаң.
А бирок тоонун бадалы
Калыңдап тосот жолуңду
Гүл тергени баратсаң.

Отоо чөп басып, жарышат
Биз терчү назик гүлдөрдү.
Күздүн  күнкү адырлар
Барикке толот ар кыл түс.
Кызыгып, сулуу көркүнө
Кызылын терип алабыз.
Көңүлдү муңга бастырып,
Көктөрүн таштап салабыз.
Ошого ичим эзилет:
Мага күзгү адыр кымбат сезилет.

Бул чёока же нагаута – узун ыр (нагай – узун, ута — ыр). Илгери император Тендзи кытайларды туурап, акылман деген курбусу Фудзивара но Каматариге табышмак тапшырма берген экен: “Күз менен жаздын кайсынысы баалуу?” — деп, чечише албай жаткан мелдешке “Сен калыс болуп бер” — деп Нуката но Оокимини дайындаптыр. Бул ырды ошого байланыштуу жазыптыр.

Оно Но Комачи (ІX кылымдын орто чени)

Комачинин өмүрү жөнүндө да маалыматтар такталбай келет. Божомол боюнча 830-жылдарда төрөлсө керек. Атасы Жапониянын түндүк-чыгышында Дэва деген провинциянын башчысы болгон дешет. Кээ бир ырларына караганда, Комачи 850-869- жылдары Киотодо императордун аялынын жандоочусу (фрейлини) болушу мүмкүн.

Комачи — даңкы таш жарган сулуулардан болгон. Анын чыгармаларында Ман”ёсю дооруна мүнөздүү сезимдин тазалыгы, ачыктыгы, табиятка жакындыгы байкалса да, форманын татаалдыгы, меланхолиялык (убайымчылдык) маанайы күчтүү. Махабат тууралуу, айрыкча, бактысыз сүйүү жөнүндө жазган ырлары арбын. Кээ бир ырларынан улам, ал балким, император Ниммёону (тактыда 833-850-жылдары отурган) сүйүп, анысы жоопсуз калса керек деген шек бар.

Сакура гүлү саргайып,
Сонуну солгун тартыптыр.
Алаксып, бекер күткүчө,
Айдай болгон жүзүмдүн,
Ажары өчүп калыптыр.

Мааниси: Узак жааган жамгырдан гүлдүн түсү өчүп, көркүнөн ажыраптыр. Ушул сакура гүлүндөй менин жүзүм да жаштыгынан тайды го. Узак жааган жамгырды тиктеп, сүйүү жөнүндө бекер ойлонуп отургуча, өмүр өтүп кеткен тура.

Түк кетпей, ойдон элесиң,
Түшүмө түндө кирипсиң.
Түш экенин билгенде
Ойгонбой коет элем го!

Какиномото Но Хитомаро (685-705) – Басё менен Сайгё сыяктуу эле классикалык жапон поэзиясынын үч генийинин бири катары саналат. Поэзиядагы аты аябай улук болгону менен, Хитомаронун өмүрү, баскан жолу тууралуу маалымат өтө аз. Император сарайында иштегени, кызмат даражасы анчалык деле чоң болбогону, императорлорду коштоп жана өз алдынча саякатты көп жасаганы белгилүү. Кансарай акыны болгондон кийин, алардын кылган-эткенин ырга айлантууга аргасыз да. Бирок ошол чыгармаларында да өз көз карашын, өз туюм-сезимин ачык, даана чагылдырган. Жапонияда Хитомарону, чындыгында эле элдик оозеки чыгармачылыкты жапон жазма адабий тилинин жаңы деңгээлине көтөргөн профессионал поэзиянын негиз салуучусу катары баалайт.

Караанын эңсеп калаанын,
Узак жол тартып келатсам,
Жарк этти көзгө Ямато,
Деңиздин нары жагынан.

Ясоудзи дайрасы
Урунуп тоскон даракка,
Түрмөктөлгөн толкундар,
Оодарылып онтолойт-
Бараар жагын табалбай.

Шооласы таңдын кылайып,
Акаси булуң мемирейт.
Келаткан кайык ажайып,
Аралга катып караанын.

Күзгү тоонун койнуна
Күбүлгөн  дилде жалбырак
Көз ирмем түшпөй тынып тур,
Кымбатым турган жерди мен,
Кылчайып карап алайын.

Марэсукэ Ноги (1849-1912) – граф, генерал. Жапон-орус согушунда (1904-1905) 3-армияны башкарган, анын буйрукманы болгон. Ыр жазган. Жапонияда ак сөөк үйбүлөдө тарбия алгандардын бардыгы искусство жана көркөм сөз боюнча негиздүү билим алып, көбүнчө ыр жазып, сүрөт тарткан.

Төмөнкү  ырды  ал  казатта  жүргөндө  жазган  экен. Формасы “канбун”  деп аталат: кытай сөздөрү менен жазылат да, жапончо окулуу ирети кошумча белги менен көрсөтүлөт. Илгери бул жанр кеңири  колдонулган.

Керме тоо, салаа дайра, шалбаа, дарак…
Карааны — каардуу сүрөт көзгө ыкталат. Кырк чакырым аралык жаңы майдан Соккон
шамал коюлуп, кан жыттанат. Сулап жатат аргымактар жерге уруна. Добушсуз жоокерлер да…
Чак бешимде
чагылып, кочкул кызыл күн нуруна,
Мен турам, бул сепилдин эң четинде.

Бул котормолор “Кыргызстан  маданияты” жумалыгынын 1992-жылдын 8-октябрында № 41-санына жарыяланган.

P.S. Ал эми төмөнкү ыр Ишенбай аванын өзүнүн авторлук чыгармасы.

Жарым кылымдык өмүр жөнүндөгү ой-толгоо

Эртеби, учурубу, өтө кечпи,
айтору, жашоо даамын сезгенчекти.
Сызылып, сымап сыңар жарым кылым
жанымдан жылмайды да, өтүп кетти.

Не кылам, келтире албайм кайра сурап,
кош болгун, кыраан белим — кайран убак!
Мен кеттим, туман баскан белестерге:
коңур күз коомай карап  күтүп турат.

Ал белес дилде түстүү саргайыңкы
бериде же шилбиби, же кайыңбы?
Узатып, уйкусурап зыйнаттарын,
кош көңүл сурагансыйт  ал-жайымды.

Акыры  аста басып  мен да келдим,
демигип  илебинен нымдуу желдин.
Отурдум. Дүйнө бейпил. Бир гана алыстан,
муңайым күүсү  угулат виолончелдин.

Мезгил-ай, көктөм эмес, күздө деле,
токойдо кыял ойноп, кызып дене,
ажарсыз бариктердин копол үнү,
Ажайып  скрипкадай сезилчү эле.

А мейли, ушул тура, өмүр деген…
Кыялымда ошол бойдон кала берем.
Бир тилек — калган жашым канча болсо
жүрсөм дейм эриш-аркак силер  менен.

Аттиң ай, ошентсе да, бир арманым,
айтпадым, ооз барбайт, калгандарын.
Жаш кезде кыялданып, койгон максат,
карыды  —  мен татыктуу боло албадым.

Азгырып: «бүгүнкүнү — эртең» деген,
Азезил эрк багытын ээлеп бекем,
тушады өмүрүмдү чексиз өңдүү,
көрсөткөн кенебестик — кылмыш экен!
1987-жыл, август айы

One Reply to “Ишенбай Абдуразаковдун котормосундагы классикалык жапон поэзиясы”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *