Эзоптун сапары

Которгон Акун АШЫРОВ Дүйнөгө сейрек жаралуучу бүткүл адамзаттын улуу тукумдарынын бири тамсилчи Эзоп – фригиялык кул болгон, ошол жерде төрөлгөн. Кебетеси көргөн адам чыдагыс желмогуздун желмогузу, эч жумушка жарамсыз, карды чарадай, башы казандай, мурду теңирекей, бүткөн бою чамбылала, териси кара какач баскандай, өзү майып, тили көрмөөгө келбейт, кол-буттары мыртыгый, урдалы, эриндери калбайып калың, көздөрү тосток, айтор, адеп көргөн кишинин жүрөгү түшкүдөй. Анысы аз келгенсип жаңдоодон башканы билбеген дудук. Биринчи көргөн ит үркөт. Анын тили сүйлөбөй, колунан эчтеке келбеген себептүү кожоюну […]

Кыял ТАЖИЕВА: Сен өзүңдү керексиз сезе көрбө

Табият жана мен Булуттардын карап түрмөгүн, Түркүн ойлор кечип түрдөндүм. Күн аралап барат аларды Эске салып эрксиз күлгөнүм. Көл бетинде жибек булактап, Жип ийриди толкун улап бат. Улуу тоолор көмөк көрсөтүп Бара жатат кебез кучактап. Көл толкуду апам кейиштүү, Тоо таяды атам жеңиштүү. Көл менен тоо мага биригип Жашыл жууркан жасап беришти. Табигаттын тоолук жуурканын Орондум да ойго чуркадым. Үзүп кеттим артым карабай Ыкшоолуктун ыксыз кылтагын. Жамгыр жана апам Жанын жанга уруп жамгыр дыбырап, Терезеден маңдай тердей куюлат. Селт дей […]

Азамат КЫЯЗОВ: Алгы сөз

Кудай жол ачкан болсо, ар кандай күтүүсүздүктөр көңүлдөн орун ала берет эмеспи. Бул китеп да ошондой жагдайда жаралды. Адатта автор китеп жазыш үчүн өзүн таптап, ойлонуп-толгонуп, кырдаалга ыктап, айлап-жылдап түйшүк тартат. Жамалбек досум анткен жок, шамалдай сокту, толкундай шарпыды… Ала шалбырт күндөрдүн биринде Жамаке: “Азаке, үйгө келе калбасаң болбой калды, тездей көр…”, — деп телефондон шаштымды алды. Барсам, төрдө Айсанат айым отурат. Жаркылдай тоскон Жамакем: “Ой Азаке, баягы мен “фейске” жазган бирдемелердин баарын чогултуп алып, Санат эжем келиптир, китеп чыгарабыз […]

Азкен АЛТАЙ: Орус кыз

АҢГЕМЕ Студент кезим. Каникулга чыгып, айылга келсем, кошуна баба Нюранын небереси да каникулга эс алууга келиптир. Айыл балдарынын көпчүлүгүнүн көңүлүнө толгондой го, ары өтсө да, бери өтсө да тийишип, ышкырып, кол булгагандар жетишерлик. Же аларга «экзотика» көрүнөбү ким билсин, айтор, ышкырыкка ышкырык менен, каткырыкка «ха-ха-ха менен» жооп кайтарат. А мен кадимкидей шаардын даамын татып калган жигитмин, ал «внученка» болгону тогузунчу классты аяктаганына карабастан, кээ бир жагдайларды билгени менен биртоп өзгөчөлөнүп турар эле. Бара-бара жакын дос болуп кеттик. Анын үстүнө алиги […]