Кудай жол ачкан болсо, ар кандай күтүүсүздүктөр көңүлдөн орун ала берет эмеспи. Бул китеп да ошондой жагдайда жаралды. Адатта автор китеп жазыш үчүн өзүн таптап, ойлонуп-толгонуп, кырдаалга ыктап, айлап-жылдап түйшүк тартат. Жамалбек досум анткен жок, шамалдай сокту, толкундай шарпыды…

Ала шалбырт күндөрдүн биринде Жамаке: “Азаке, үйгө келе калбасаң болбой калды, тездей көр…”, — деп телефондон шаштымды алды. Барсам, төрдө Айсанат айым отурат. Жаркылдай тоскон Жамакем: “Ой Азаке, баягы мен “фейске” жазган бирдемелердин баарын чогултуп алып, Санат эжем келиптир, китеп чыгарабыз деп, анда мен “главный редакторду” чакырайын деп, шарт эле өзүңө чалдым”, — дейт. – “Срочно чыгарыш керек”, — деп Санат эжеси сүрөй кетти.

Кеч күздүн этегинен кыш чилденин башына чейинки азганакай күндөрдө интернет тиктеген «фейсчилердин» көөнү үчүн сериал кинодой жазылган автордун эскерме ой түрмөктөрү башынан китепке багытталбагандыктан, Санат эжекебиздин «срочносун» канааттандырганымча кар эрип, сирень гүлдөп, арпа быша жаздады. Мунун себебине токтолсом, Жамаке жазмакер чыгармаларын кадимки жазуучудай эки колун артка алып же бооруна кайчылаштырып ээн бөлмөдө нары-бери басып жарым саат ойлонуп, анан отура калып чыкылдаган машинкеге же жаркыраган компьютерге баспаптыр.

Чыгармачылык эргүү алам деп, тоого чыгып толгонуп, көлдү жээктеп желпинбептир. Калдайган соткесине кан-жаны аралашкан, шар жүрүп, “шарт” чечкен досум таңдан кечке тартаңдап өзгөгө окшобогон, өтө татаал, мээ кемирген түйшүктүү күнтурмушун жыйынтыктап болуп, түн оокуму оогонго чейин «чупа-чупс жейм, кола ичем» деп кулагын чойгон Алихан эркесин жетелеп алып бекиген дүкөндөрдү түгөл кыдыртып келип уктатып коюп, ана-ан төшөккө жарым чүмкөнө жатып, заряды түгөп бараткан соткесине «шедеврлерин» шыпылдатып…

Темененин көзүндөй терме баскычтарын балканын сабындай манжалары менен баскылап, бир тамганы бир нече ирээт таамайлап атып бир окуяны бүтүн сүрөттөп жазып бүтүрүп «фейсине» салып, «Жамалбек байке, мен сиздин жазгандарыңызды үзбөй окуйм, бар болуңуз, дагы күтөм…» деп эриндерин чормойтуп сүрөткө түшкөн жүздөгөн күйөрмандарынын көңүл-санаасын тындырып, агарган таңда куш уйкусун эми салганда «мэриянын жыйналыш» сааты чырылдайт! Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты бир китептин ичин ушундай шартта толтурду.

Ооба, караңгы эмес коом алдында сүйлөм жазуу, китеп жаратуу, сөз кадырын көтөрүү – эбегейсиз сыноо, зор жоопкерчилик. Адабият жүгүн көтөрбөгөн басылмалар деле ошол жоопкерчиликтен четтебегени кажет. Ал өңүттөн жолдош Самарбекович да: “Эми бул кандай китеп болот?” — деп жакшы эле санаа тартты. Досумдун санаасын басышка эки ооз ой таштайын…

Ириде, китептин окурман сезимин ойготчу “жылт” эткен чакырыгы бар экенин байкадым. Бул башкы ийгилик. Дээрлиги эскерүүлөрдөн куралгандыктан, окуялар ынанымдуу, жөнөкөй, элпек чагылдырылган. Канчалык көркөм сүрөттөлбөсүн, нукура боёктору түсүн жоготкон эмес. Минтип батыл айтканыма, автор менен муундаш, чөлкөмдөш болуп, элет турмушун жүлүнүмөн жүгүрткөнүм себептир. Союз доорундагы жана токсонунчу, эки миңинчи жылдардагы, өткөөл мезгилдеги айылдыктардын абалын, кескин өзгөргөн кырдаалдын карапайм адамдарга кандай таасир эткенин өз деңгээлинде ачып бере алган. “Тоо башында”, “Зачем не кушаешь?”, “Боёкчу”, “Кара бука” сыяктуу чакан аңгемелери кадыресе классикалык чыгармаларга үндөшүп, каармандардын образы да таасирдүү, динамикалуу чечмеленген.

Белгилей кетчү жагдай, ашкере жасалмалуулук жок, окуя кандай болгон болсо, ошондой “жалпак тилде” жазылган. Ш.Дүйшеевдин “Агындылар” аттуу “күндөлүк” китебине окшош. Бирок мында автор каармандарына аяр мамиле жасаган, өктөм тамашага салабы же ачуу жандүйнө кыйкырыгын ачыктайбы, купуя делинген деталдардын бетин сыйрып жатса да, ага-тууган айылдаштарына, замандаштарына, айрыкча улуу муунга урматын ийкем туюндурган.

Калемдин күчүнө салып өзүн “гений” көргөзүп, өзгөлөрдү басмырлабаган. Бу да болсо китептин сапатына салмак кошкондой. Өзү жазмакчы, чакчалекей турмушунан тапкан жок менен бардан бүткөн, өңчөй карама-каршылыгынан тапталып артында калган изине тик карап, азыркы ээлеген депутаттык кызматына кылчактабастан “жаштык-мастык” өткөн-кеткенин, молдо, аял, сүйүү, өлүм, арак, бит, ит, эшек, бука, бака, айгыр, карышкыр, коён, бокс, рэкет, Маку, Тыкы, Токо ж.б. жөнүндө кеп козгоп, ыймандай сырын ортого салып отурат. Чындык – угумдуу жана окумдуу болорун айкын түшүнсө, бир ушул Жамал досум менен Айсанат айым түшүнгөндөй!

“Оригинал” акын Рамис Рыскуловдун кыл калеминен жаралган “Эйфория” деп аталган чыгармасы бар. Ракебиз анча чоң эмес апакай полотного жашоонун миң кырын батырган. Кудум ошондой эйфорияны Жамаке да “Жалгыз сүрөт” аталган чакан китепке батырды…

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: “Зачем не кушаешь?”

АҢГЕМЕ

Каныбек байкеге “олуттуу маселе” менен кайрылып калдым. Каныбек байке жөн Каныбек эмес, Дубанаев Каныбек. Кум-Белдин директору. Бокс боюнча спорт чебери. Жумушчулар аябай коркушат. Баягы Кум-Белге вертолёт кончуда, мен кара кашка козумду көтөрө чаап сойчуда достошуп албадым беле.

— Байке, мени жумушка алыңызчы, — маселени кабыргасынан койдум.

— Кандай жумуш… техника билесиңби?

— Техника билбейм. Мончо жакканды билем.

— Тамак жасагандычы?

— Кой союп, эт бышырганды, анан картошка аачыганды билем!

— Эми койду күнүгө сойбойбуз да. Анда мончо жагып, картошка аарчып поварга жардам бер, — деди.

Жумушка кирип алдым. Өзүм жалгыз кирбей, айылдан эки классташымды ээрчитип келдим. Үч киши иштеп калдык. Кадыров Калыс техниканы түшүнөт, ал трактор айдап алды. Эсеналиев Бакыт болсо трактористтин баласы болгону менен техникага шыгы жок. Ал “Ленин” деген каймана аты бар трактористке жардамчы, мен мончочу болуп иштеп баштадык.

Тыңыраагыбыз Калыс орусча он чакты сөз билет. Мектепти жакшы окуган. Жумушка чыккан күнү эле Лениндин трактору бузулуп калды. Бакыт экөө трактор оңдоп башташты. Ленин Бакытты кувалданы алып кел деп жиберсе, өмүрү андай сөздү укпаган Бакең улам эле бир темирди көтөрүп бара берет. Тигиниси “Кувалда!” деп бакырат.

Аягында жини келген Ленин барсканды көтөрүп алып тракторду айлантып кубалап жөнөйт. Бакең тоону аша качып кетти эле, Калыс экөөбүз эптеп кайра ээрчитип келдик. Кетем деп ыйлактап болбойт. Анан менин жаныма мончо жакканга жардамчы болду. Ошентип көк эшектин коңгуроосундай кылдырап иштеп жүрөбүз. Бир күнү тажик шеф-поварыбыз ооруп калды. Тамак жасаганды эч кимибиз билбейбиз. Кырдаалдан чыгыш үчүн эмчектеги балабыздын барына карабай келинчегимди ээрчитип келип, үй-бүлөбүз менен ашпозчу болдук. Айзада Нарын шаарында өскөнү үчүн орусчадан кыйналган жок. Күндүзү 60, түнкүсү 60 болуп, жалпысы 120 оруска тамак жасайбыз. Кыргыздардан 5 эле кишибиз. Океңдерге жагалы деп күнү-түнү тытынабыз. Жарымы күндүзгү, жарымы түнкү смен менен иштешет.

Кичинекей балабызга каралап атып, эптеп үлгүрөбүз. Анын үстүнө жумушчулар басса-турса эле “тамак” дей беришет. Жиним келип кыргызча сөгөм. “Неңди гана… буларга караганда 600 койго жем салган жакшы болчу” деп кыйкырам. Ал сөзүмдү “бизди баран деди” деп түшүнүп алышып, иш таштоо башташты. “Тамагы жакшы эмес, повар алмаштыргыла!” дешип, кадимкидей көтөрүлүшкө чыгышты.

Эмне кылар айламды таппайм же түшүндүрөйүн десем орусчам окшошпой, ыйлагым келди. Аргам акыркы чегине жеткенде айылдык чабан досторумду чакырдым. Улакчыларды тандадык. Алар ат менен келип чаң салып, мени коргомой болушту. Дабырап эле алкынган айгырлары менен он чакты чабан келди. Көтөрүлүшчүлөрдүн башчысы — “Бельмондо” деген каймана аты бар, жаагы узун, жаагынан тили узун зоңкойгон орус. Ошонун тилин тапсак, калганы оңой дедим. Так ошол учурда Бельмондо таардан калкаланган ажаатканага кирип кетти. Чика анан Жуку деген эки улакчы балдарга:

— Тээтиги туалетке кеткени башчысы, — деп көрсөттүм.

Экөө чылбырларын улап байлап барып, туалетте отурган жерден таар-паары менен ороп эле атка сүйрөтүп кетишти. Шымын шымдаганга үлгүрбөй тартактап баратат. Тигилер болсо: “Зачем не кушаешь?” дегенден башка тили жок… Камчы менен жонго тартып жиберди эле, “умоляю, простите, буду кушать…” деп жалынып-жалбарып баратат… Бери жактагылар вагонду айлантып баарын кубалап жүрүшөт. Бир убакта мен чыктым да:

Эй, балдар, токтоткула! — деп баарын чогултуп, ашканасына алып кирип тамак бердим да, узатып жибердим…

Кудай жалгап ошол окуядан кийин эмне берсем “кыңк” этпей жеп калышты. Жалдырап сурап келишет “Женя, бирдемең барбы?”

Женянын авторитети өстү.

Чабандардан эт алып, ордуна май, чай, кесме, күрүч берип жүрөм. Айлыгыбызга кошулуп эттин акчасы болуп отуруп, комбинат бизге карыз болуп калды. Ошондо келинчегим Айзада экөөбүздүн эмгек акыбызга бир трактор беришти. ЮМЗ деген “эксковатор-трактор” экен, айылга алып барып алды-артын чечип, айыл чарбасына ылайыктап алдык. Ушул күнгө чейин улуу балам айдап жүрөт…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *