Мерих ГҮНАЙ: Уулумдун атасы

Түркчөдөн которгон Толук Бек БАЙЗАК АҢГЕМЕ Анын үйгө эрте келген күнүнүн саны көп эмес эле. Түн бир оокумдан мурун келчү эмес. Кеч курун үйүбүздүн темир торлуу терезесинен көчөдөгү балдарды карап турар элем. Атасы менен топ ойногон балдар, аталары менен кол кармашып кыдырган балдар, аталары менен дүкөндөргө кирген балдар… Аталар жана балдар; аталуу балдар. Энеме кайрылар элем: — Атам качан келет,эне? — Бир аздан кийин келет, уулум. Абдан сейрек болор эле ошол «бир аздан», ошол керемет, ошол укмуш «бир аздан» мени ушунча […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Кыргыз адабиятынын алп чынары Түгөлбай Сыдыкбеков

ИНСАНАТ Түгөлбай Сыдыкбеков… Бул ысым баарыбызга тааныш. Ал кишинин аты менен XX кылымдагы кыргыз маданияты көп жагынан байланышып, бири-бирин көтөрүп, бири-бирин тиреп тургансыйт. Эң көп романдарды жазган кишинин эмгегин азыр ойлоп отурсаң, ошонун баарын бир киши, али компьютер да, диктофон да жок кезде, кантип жазып бүтүрдү деп таң каласың. Бир жолу гана ал кишинин бир романын көчүрүп чыгыш эмне деген мээнетти талап кыларын ойлогондо эсиң оойт, Т.Сыдыкбеков айрым чыгармаларын бир нече вариантта жазып чыккан, кайра-кайра оңдогон. Кезере отуруп карасөз жазган […]

Иван БУНИН: Түн

АҢГЕМЕ Убакыттын кечтигине жараша караңгылык каптаган бакча көз алдымда көөшүп, бүт айлана кубулжуган шыңгырга коштоло кайдадыр тынымсыз агылып бараткансыйт. Мен жарлуу жээк менен узакка сейилдей басып жүрүп, балкондогу камыш орундукка келип жатып, аркы-беркини ойлонгуча ушул шыңгыр добуш азгырыктуу агымды тыңдоодомун. Асмандын түнкү түпсүздүгүнө толтура илинген түркүн түстүү жылдыздардын ортосундагы өзү дагы жылдызга тололугунан агыш мунарыктанган Саманчынын жолу тегиз эмес кош түтүн сымал жарышып, жылдызсыз ээндигинен улам караңгылык баскан түштүк мейкиндигине эңилип турат. Мен отурган балкон айланасына майда шагыл төшөлгөн, бактары […]

Чоюн ӨМҮРАЛЫ: Динчилдер адеп-ахлакты бузду!

Дароо эле маселе башын ачып алалы. Теңчил Мамлекет (руханий—светтик) дегенибиз не? Буга дейре, мурда-кийин, ушундай аттуу (заттуу дагы!) мамлекетти учураттык беле? Эстеп көрсөк, «светтик» аталган мамлекетти билебиз, бул – динден ажыратылган мамлекет. Динден тыкыр ажыратып салуунун соңун көрдүк, ал эки натыйжага алып келип сокту: а) Мамлекет динге эч кийлигишпейт. Дин да мамлекеттик ишке эч кийлигишпейт. Ошол эле кезде ишеним эркиндиги да толук сакталат. Ким кайсыл динди кандайча тутса, өз эрки. Тек, саясаттан алыс болуп, эшегин өзү токуп, билгенин окуп-чокуп, каалашынча […]

Садырбек ЧЕРИКОВ: Сооронбай – Атамбаевдин алысты мээлеген долбоору, дагы четин чыгарсам…

«Кебин элге айтпаса, кеменгерден не пайда» дейт кыргыз. Маектешибиз журналист-билингвист Садырбек Чериков Совет мезгилинде СССР журналисттер союзунун мүчөсү эле. Кыргыз жана орус тилдүү басылмаларда иштеп, айрым учурда россиялык гезиттерде да олуттуу темада публицистикалары жарыяланып келгени белгилүү. Журналистика менен катар адабий чөйрөгө аралашып, бир нече аңгемелерден турган жыйнактары окурмандарга жетип, котормо жаатында да кыйла эмгек кылган калемгерлерибиздин бири. Биз бүгүн Садырбек ага менен учурдагы коомдук саясый абалдын тегерегинде кеп курдук… – Арыбаңыз, Садырбек байке. Сиздей кесипкөйлөр бүгүн көздөн учуп турган заман. […]