Түркчөдөн которгон Толук Бек БАЙЗАК

АҢГЕМЕ

Анын үйгө эрте келген күнүнүн саны көп эмес эле. Түн бир оокумдан мурун келчү эмес. Кеч курун үйүбүздүн темир торлуу терезесинен көчөдөгү балдарды карап турар элем. Атасы менен топ ойногон балдар, аталары менен кол кармашып кыдырган балдар, аталары менен дүкөндөргө кирген балдар… Аталар жана балдар; аталуу балдар. Энеме кайрылар элем:

— Атам качан келет,эне?

— Бир аздан кийин келет, уулум.

Абдан сейрек болор эле ошол «бир аздан», ошол керемет, ошол укмуш «бир аздан» мени ушунча толкундантып, ана ага ишене албай, эмне кыларымды билбей кетчүмүн.

— Топ ойнойбузбу? Бисиклетке* миндиресиңби мени? Дүкөнгө киребизби, ата?

Аны үйгө соо, ичпей келгенин эч эстей албаймын. Чарчаңкы жана акырын кыймылдар эле. Көздөрү ар дайым сүзүлүп, кыпкызыл болуп турар эле, шарап кызылындай болуп. Канчалык мас болуп чарчап турса дагы жана саат канча болсо дагы мени сөссүз эшикке чыгарар эле. Сагынганымы, ага муктаждык туйганымы жана уктабастан күткөнүмү билер эле же мен ошондой сезер элем; балким да ошондой болушун каалачу элем. Ишенчүмүн дагы. Мени кучагына алып көтөрүп, тепкичтерден түшүп баратканда мага эч мас сыяктуу сезилчү эмес. Көчөлөр ошол сааттарда караңгы анан бопбош болор эле. Оор бир күн түйшүгүн өткөрүп үйлөрүнө келип, тамактарын жеп, уктап калышкан учурлары болот эле адамдардын. Таң эртең менен эрте туруп кете турган иштери бар эле алардын. Ал көчөдөгү адамдар үчүн жашоо ушундай эле: уктамай, ойгонмой, ишке бармай, үйгө келмей, тамак ичип анан кайрадан уктамай.

Көчөлөрдүн боштугу менен карангылыгын атам тоготуп да койчу эмес. Ал ар дайым ойгоо дагы анан сергек эле. Эң башкысы — ал мени менен эле, бир мен үчүн алп катары көрүнгөн атам болчу. Адамдардын, ушул тар көчөлөрдөгү үйлөрүнүн караңгылык чулгаган терезелеринин артында уктап жатышкандыктары аны эч кызыктырчу да эмес. Кишилер, бир бирине окшош кишилер эле. Жашоодон чарчаган, үмүтсүз, чала ток, чала уйкулуу, кыялсыз, бактысыз кишилер эле. Кайдан жана кантип келгендерин, кандай максат менен жана кайда бара тургандыктарын билбеген, билгиси келбеген кишилер. Жөн гана курсак тойгузуп, үйлөнүп-жайланып, бала жасап анан аны багуу менен өтүп жаткан жашоо жанталашмасы, жашоо күрөшү… Ушундай бир таасир берүүчү жагдай эле… Турмуштун жүгү баскан чарпыт ишенимдер, бир канча эмеректик кыялдар, ишенимсиз шүкүрлөр, чарчаңкы жүздөрдөгү жасалма жылмаюулар, ошол окшош тагдырлардан мураска калган жылмаюулар…

— Оюнчук алайынбы сага?

— Ал.

— Анда айтчы, басмаканадан мага чалышабы?

— Чалышпайт!

— Алда шорум ай! Анда оюнчук ала албаймын.

Кайрадан чөк түшө калчу, көчөнүн ортосунда. Чөнтөгүнөн тамеки чыгарып, күйгүзүп, анан көздөрүн бир чекитке бопбош кадап калар эле… Анан кайрадан жаныма келип, мени кучагына алып жыттап, өөп калчу.

— Издешпейт дейсиңби мени басмаканадан?

— Жок!

Ага ар качан жок деп айтар элем, беш жашымда болчумун, дагы эмнеге жок деп айтканымды да билчү эмесмин. Балким башка аталардай болуп эрте жана соо келбестен, ар дайым кеч жана мас абалында келгени кыжалаат кылыппы же ошентип айтуу мага жакчу беле, билбейм. Мен кайгырчумун, суроолоруна жок деп жооп бергеним аны кайгыртчу, абалыбыз окшош эле. Үйгө кайтчубуз. Энем эчак уктап калчу же уктап аткандай туюлчу. Мени төшөгүмө жаткызып өзү энемин жанына кыңкая берчү. Уктай албай жатканын билчүмүн, кеч анан кыйналып уктачу. Кээде уктай албай, акырын турчу да алгач энеме анан мага карап шырп алдырбастан ашканага кирип кетчү. Муздаткычты ачар эле, шишенин дабышын угар элем, анан башка бөлмөгө кирер эле. Башка бөлмөмүз да жок болчу баары бир. Терезенин түбүндөгү отургучка отуруп, жылдыздарды карап турар эле. Жылдыздарга да, шишелерге да ашык эле. Кайра жатчу эмес, мен уктап калчумун. Таң эртең көздөрүмү ачканымда атамдын төшөгүндө уктап жатканын көрчүмүн. Кадимки токойдогу кулаган дарак сымал жалгыз уктап жатчу. Күтчүмүн, ойгонушун күтчүмүн. Майда акчалардан, кагаз, картондордон учак, кеме,үйлөрдү жасашын күтчүмүн. Бир канча мүнөттөр алышып болсо дагы сонун нерселерди жасай билчү. Ырахаттанып жасачу да, анан бүткөнүндө сурачу:

— Кандай болду, уулум?

— Соонун. Кулатайынбы?

— Алгач энеңе көрсөтчү.

Энем ал мезгилде башка бөлмөдө же ашканада болор эле. Каалабаса да келип көз кыйыгы менен карачу да «Сонун болуптур, уулум» деп чыгар эле.

— Кулатайынбы ата?

— Кулат, уулум.

Эки оюнчуктун сүзүшү менен кулатар элем сепилдерди, шаарларды. Атам мени кучагына алчу.

— Издешеби мени?

— Ким?

— Басмаканадан.

— Издешпейт.

Каалоосуз, шашпай, жай кийинчү анан. Мени көтөрүп көчөгө алып чыкчу.

— Айланаңды кара, кимдерди көрүп атасың?

— Балдарды.

— Аталарды көрүп атасыңбы?

— Жоок.

— Кимдин атасы уулунун жанында?

— Менин!

Мени бек кучактап өпчү, мен дагы өпчүмүн.

Жылдар өттү. Узун, зор жылдар. Флоридада жашап жаткам. Жарым Дилара менен беш жашына жаңы чыккан уулумду алып үй бүлөмө зыяратка келдим. Энем менен атамдын ажырашканына биртоп болуп калган. Алгач энеме кайрылдык. Чоң, заңгыраган бир үйдө жашап жаткан. Эки эркек өгөй туугандарым менен анан эргежелдей болгон «атам» менен тааныштырды. Аны эч жактырбадым. Бардыгы бар эле, бирок кыялдары, кубанычтары, кызыгуулары жок эле. Жөн гана жашап, жашоо атына, бир парыз катары жашап аткандай туюлду мага. Муздак эле, өтө муздак. Ал жерде өткөн түнүбүз бүтпөстөй сезилди. «Атам болсо» деп ойлодум, ал мени эшикке чыгарып кыйкырат эле: «Бул дүйнө биздики,бу жылдыздар биздики!» Заматта төшөгүмөн ыргып турдум. Дилара менен Мерих уктап жатышкан. Шашылып кийиндим дагы уктаган Мерихти акырын кучагыма алдым. Өптүм аны, жыттадым, эшикке туура чыга бериште Диларанын серт үнүнө токтодум.

— Эмне кылып атканыңы билесиңби?

— Уулуму эшикке чыгарып атам.

— Ал уктап атат, дароо төшөгүнө жаткыз баланы!

Айласыз кайра артка кайрылдым. Уулуму төшөгүнө жаткыздым. Көздөрүмөн эки тамчы жаш сызылды. Залга өттүм. Терезенин түбүндөгү креслого отурдум дагы жылдыздарды карадым; жаркырап жанып турушту. Ашканага кирип муздаткычты ачтым да, шараптан толтуруп кайра отурдум. Кайталангыс бир сезимди жашадым дагы таңга чейин уктабадым. Таңкы тамакта атамы кайдан табамын деп сурадым энемен. Мурдун чүйрүдү:

— Таштандысында болсо керек, башка кайда болмок эле?

Бир таксиге миндик да дарегин айттым. Баш аягы жыйырма мүнөттөн кийин эшиктин алдында турдук. Ошол эле эшик, ошол эле жыт, ошол эле топ ойногон балдар… Тепкичтер менен көтөрүлдүк; үйдүн жыты эч өзгөрүлбөгөндөй сыйкырдуу эле. Конгуроону чалдым. Эшик ачылды. Бубак баскан аппак чачтары менен бир «дервиш» турду маңдайымда. Жетимиш жашында, көздөрү кызарган жана сүзүлгөн… Алгач мага карады, анан Диларага, анан небересине кадалды көздөрү. Чарчаңкы жана сүзүлгөн көздөрүнөн мурдуна карай эки тамчы жаш тоголонду.

— Аты ким?

— Мерих, ата.

Бут кийимин кийди дагы, уулуму көтөрүп тепкичтерден түшө баштады. Үйгө кирип баратып үнүн уктук:

— Сага балмуздак алайынбы?

— Ал.

— Айтчы Мерих, китебими басышабы?

— Жок!

— Эмнеге, уулум?

— Басышпайт, ошо!

Үйүмдө элем. Өткөн жыттанып, атам жыттанып, кыялдар жыттанып анан шарап жыттанып… Терезенин жанына бардым дагы, ачып көчөнү карадым. Креслодон туруп, уктоочу бөлмөгө өттүм. Төшөктөр бош, энем жок эле. Менин кроватым да жок эле. Жатак бөлмөсүнүн терезесин ачтым. «Ата! Эртең сени басмаканадан издешет! Китебиңи басышат!» деп кыйкыргым келди, анте албадым. Жерге тизеледим дагы, ыйладым, ыйладым… Бир колду сездим анан чачтарымы сылаган. Башымы көтөрсөм, Дилара экен. Колундагы бир китепти мага сунду. Таң калуу менен мукабасын ачтым. Алгачкы бетинде мага тааныш жатык ариптер менен «Уулума» деп жазылып турган. Бир барагын ачтым. Китептин башталышы дал ушундай эле:

Уулумун Атасы

«Анын үйгө эрте келген күнүнүн саны көп эмес эле. Түн бир оокумдан мурун келчү эмес. Кеч курун үйүбүздүн темир торлуу айнегинен көчөдөгү балдарды карап турар элем. Атасы менен топ ойногон балдар, аталары менен кол кармашып кыдырган балдар, аталары менен дүкөндөргө кирген балдар… Аталар жана балдар; аталуу балдар.»

Китепти төшөктүн үстүнө койдум да, сыртка чыктым. Атам адатынча жерге чөк түшүп,тамеки чегип отуруптур. Уулум да жанында аны карап турган экен. Ортолоруна отурдум. Бир колумду атамын, бир колуму уулумун ийнине узаттым.

— Жылдыздар кандай гана сонун жанып турушат ээ?

Түн эмес эле, жаркыраган жылдыз деле жок болчу көк жүзүндө. «Ооба» деди атам. «Ооба» деди уулум. Ошол таңда биргеликте жылдыздарды карадык.

Үчөөбүз…

Бир керемет көрүнүп турушту.

*Бисиклет-велосипед.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *