«Кебин элге айтпаса, кеменгерден не пайда» дейт кыргыз. Маектешибиз журналист-билингвист Садырбек Чериков Совет мезгилинде СССР журналисттер союзунун мүчөсү эле. Кыргыз жана орус тилдүү басылмаларда иштеп, айрым учурда россиялык гезиттерде да олуттуу темада публицистикалары жарыяланып келгени белгилүү. Журналистика менен катар адабий чөйрөгө аралашып, бир нече аңгемелерден турган жыйнактары окурмандарга жетип, котормо жаатында да кыйла эмгек кылган калемгерлерибиздин бири. Биз бүгүн Садырбек ага менен учурдагы коомдук саясый абалдын тегерегинде кеп курдук…

Арыбаңыз, Садырбек байке. Сиздей кесипкөйлөр бүгүн көздөн учуп турган заман. Билгенге Сиз такшалган журналист, бирден бир профессионал котормочу, кош тилдүү журналист катары кадырлуу адамсыз. Бирок бүгүн өзүңүздөй чыныгы кесипкөйлөрдүн эмес, жамыраган жазмакерлердин базары кайнаган зманы келди. Айтыңызчы, кайда жүрөсүз, эмне менен алексиз?

– Рахмат, Олжобай, жылуу сөзүңө. Залкар жазуучу Аалы Токомбаев (Балка) “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген. А сен өмүр өтө электе эле жупуну эмгегимди жогору баалаганың мага алтын медалдардан артык болду. Кайсы арманды айтабыз, чын эле чала сабат, сатылма жазмакерлер козу карындай жамырап калды. “Байлыгы көп эси жок, дегеле мунуңдун — эли менен иши жок” деп, “Манасты” интерпретациялагандай, азыр жалаң акчалуу базаркомдордун таманына талпактай  ташталып берген, ал тургай зөөкүр кылмышкерлерге китеп жазып берип күн көргөн журналисттерди карап туруп каңырыгың түтөйт. Муну көргөндө дагы бир даанышман кесиптеш агабыз Калканбай Ашымбаевдин “Кантсин, кургур, дарамети ошол болсо”, дегени эске түшөт.

Өзүм эч кайда чуркабай эле үйдө жүрөм. Тогузунчу кабаттын жука чатырынын астында ушул аптапта орусча айтканда, семейный турсичен болуп алып, тердеп-кургап компиктен чыкпай))))). Чакырган жерге барып коём, бирок коон тандагандай, ошол чакыргандардын чекесин черткилеп тандап, анан иштешем. Илгерки жаш кездеги ишарат кылганга жетип барган заман, Кудайга тобо, калган.

– Бүгүн кыргыз тилдүү журналистердин кадыры абыдан түшүп кеткендигин баамдап аткан чыгарсыз, андыктан аксакал журналист катары айтыңызчы, канткенде аталган кесиптир беделин өстүрүп, кемелине келтирсе болот?

– Чын эле кесиптин беделин такыр түшүрүп коюшту. Илгертен эле ар ким  башына мүшкүл түшкөндө, башка эч жерден акыйкат таппай чыркыраганда “Урматтуу редакция!” деп, журналисттерге акыркы үмүт менен кайрылып келишкен. Азыр деле ошондой. Айырмасы, кесибин барктаган, ыйык туткан, анан, иштин көзүн билген редакцияларда адилеттик үчүн күрөшүп эле жүрүшөт, акыр аягына чейин турушат. Айтмакчы, илгери мен иштеген “Ленинчил жашта”, сен иштеген “Кыргызстан маданиятында”, “Аласта” ушундай болчу. Ыраматылык Мелистин “Асабасы”, “Агымы” жаңы эгемен доордо эстен чыккыс из калтырбадыбы. Бүгүн кыргыз журналистикасына жаманбы-жакшыбы, айтор, уютку, тирек болуп турушкан дал ошол “Ленинчил жаш”-“Асабада” тарбияланган жаштар.

Дал ошолор өңдүү кесип адалдарынан үлгү алышса, дагы өз алдынча атуулдугун ойготуп иштешсе, абалды оңдоп, кесип баркын калыбына келтирсе болот. Мындагы эң башкы аныктоочу нерсе – билим, көзкараш чөйрөсүн кеңейтүү. Өзүмдү айтсам, совет доорундагы билимдүүлүк, Мекенге, эл-жерге берилгендик, атуулдук сыяктуу эң мыкты сапаттарды сиңире алдым. Ошол эле кыргыз мектепте жакшы окуганым, биздеги советтик жападан жалгыз университетте  орус тил-адабиятынан сапаттуу билим алганым, мектеп, анан айыл китепканасынан  окуган китептерим бүгүнкүгө дейре жөлөк-тирек болуп турат.

Айтмакчы, билимде да ар кандай буктурмалар бугуп жатат. Бүгүнкү интернет доорунда билимдин булактары абдан көп, сан жеткис. Арасында адалы да, арамы да толтура. Ошол чалмакей билим дүйнөсүндө адашкандар андан көп. Бири туурасын тандап, адал билимдин мөлтүр булагынан сугарылса, дагы бирөөлөрү адашып, бузуку билим алып, элди бузуп жүрүшөт.

– Негизинен журналисттер саясатчылардын нөкөрү сыяктуу кызмат кылып калган учурлар көп, же муну норма катары эле караганыбыз туурабы?

– Күн көйгөйүн козгогон жакшы суроо бердиң. Жан кейиткени — биздин кесипти аркалаган айрымдар заман баскынына моюн сунуп, багынып, кесибин сатып кетишкени, жердешчиликке, тууганчылыкка, кожоюндарына, бийликке, айтор, “чылыктарга” белинен батып калганы. Мындайда кайдагы чындык, акыйкат?! Билген киши баарынын эбин таап, бирок кесип кадырын, намысын сактап кала алат. Албетте, бул оңой иш эмес. Мен билгенден улуу муундан Кымбатбек Укаев, Жапар Саатов ушундай болчу, кийинкилерден Шайлообек Дүйшеев, Мелис Эшимканов, азыр да өчпөй, багынбай келаткан Айгүл Бакеева, көздөгөнүнө ителгидей тийип, ар сөзүң бомба болуп жарыла сен жүрөсүң. Калгандары шум саясаттын жаргылчагында жанчылып, Акбар досумдун айтканын кайманалаганда, “Акын болбой, аким болсок дечү элек” деп мансапка, байлыкка, жасалма кадырга,  жалган атакка маашырланып кете беришти.

Баса, диний аалым катары мен урматтаган Абдышүкүр ажынын самолеттон айласын кетирип, “ажыга барса эле күнөө кечирилеби?” деген фирменный “олжобай-суроо” менен сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кыла  бортко такаганың эсимде))). Чын эле Мекеге самолет минип саякаттай койсо эле пенденин 20-30 жылдык бар күнөөсү кечирилет деген Абдышүкүр ажы оозунан чоң мүдүрүлүп алды. Эми ошол мүдүрүлүштөн кандай, кантип кайра турары кызык.

– Учурда күздө болор президенттик шайлоо өнөктүгүнө карата жер-жерлерде уу-дуу кеп учуп, кимиси президент болуп калат деген суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турган учурда сиз экөөбүз бул окуядан да оолактап кете албайбыз. Сиздин божомолуңузда кайсы саясатчылар чоң атаандаштыкты көрсөтөр экен?

— Олжоке, саясый суроо берип калдың. Ырасы, эгемендик алганы шайлоодон шайлоого чейин эле жашап калбадыкпы, улам бир ажого үмүт байлап. Дегинкиси, саясаттан итиркейим келип турат, анткени азыркы-мурдагы мен деген саясатчылардын азы менен досмун, көбү менен жакшы таанышмын. Досторумду “волядабы”, түрмөдөбү, анысына карабай колдоп жүрөрүмдү билесиң. Калгандарынын көбүнөн иренжип бүттүм. Бирок саясаттан сен айткандай кача албайсың. Базарга барып, эт-аш, дагы бирдеме алсаң да сатарман менен алармандын саясаты…  Ошентсе да өлкөдө, КМШда, четтеги ири коңшуларда да кадыры бар Темир Сариевди артык көрөм. Кейиткени – мурдагы ажолордун капчыгын толтуруп жүрүп куурулуп бүткөн кол алдындагы эле бир министри жакшы башбакан болуп турган Темикени каратып туруп сатып кетти.

Атаандаштык Сооронбай менен Темикенин ортосунда жүрүшү ыктымал. Бабановдун иши чатак, аны азыртан каралай башташты. Бирок Өмүрбек Текебаев эркин жүргөндө атаандаш мындан да курчуп, абдан чоң интрига болмок. Анын штабында мурдагы жылдагы ЖоКе шайлоодо иштеп, жакшы билип калдым. Атамбаевден башкасы тең келбеген саясый жоокер. Дагы бир кесибим болгон саясат иликтөөчү катары айтсам, Өмүкеге карата саясый оюндун эрежеси Акүй жактан сакталбай жатат. Анткени, Бакиевди кулаткан саясый санаалаштар, андан кийинки кыяматтын кыл көпүрөсүндөй татаал-катаал учурда Убактылуу өкмөттө чогуу иштешкендер, өлкөнү ошол кыяматтан алып чыгып кеткендер бирин-бири чөктүрбөшү, саясый атаандашуунун адеп-чегинен чыкпоосу керек болчу. Эми азыркы шайлоо алдындагы атаандашуу “боло берет кыргызда” дегендей эле.

– Негизеле кайсы лидердин мүмкүнчүлүгү көбүрөк деп ойлойсуз? Мүмкүн болсо ошол алдыңкы топко чыкчу 4-5 саясатчынын жеңишке жетер жагдайлары боюнча кандай аргументтерди келтирер элеңиз?

– Сооронбай Жээнбековду албетте, бийлик бар күчүн салып колдойт, антпеске аргасы жок, ошондой белгиленген. Сооронбай – Атамбаевдин алысты мээлеген долбоору десек болот. Дагы четин чыгарсам, азыр атаандаш делип жаткан 2-3 талапкер чечүүчү учурда добуштарын Жээнбековго өткөрүп берип коюшу толук ыктымал. Оюндун шарты ушундайга окшоп турат. Бул өңүттөн алганда азыркы Сооронбай-Чыныбай чабышы, дагы Бабановдун, чүйлүктөр Сагынбек Абдрахманов менен Канат Исаевдин атаандашканы элди алагды кылыштын, добуштарды күтүлбөгөн башкаларга бербештин амалына окшойт.

Азыртан эле президенттикке талапкерлердин шайлоо штабдарында бири-бирин каралоо кампаниясы катуу уланып баштады. А бирок саясый лидерлер эл алдында сүйлөсө элди биримдикке, ынтымак-ырашкерликке дамамат үндөгөнсүйт. Анткен менен президенттик такты азыртан эле биринен-бири кысканып, элдин көңүл чордонуна кимиси илинип баратса, ошонун тегерегинде бүксүгөн компроматар жүрүп жатканы тышкы күчтөрдүн саясатыбы же өз ичибизден эле ирип атабызбы?

– Мунун баарын саясый технология деп коёт. Адистер айткандай, кайсы гана шайлоо болбосун, ал — саясый технологдордун анан, акчанын оюну.

– Дегеле тышкы факторлор Кыргызстандын ички саясатына канчалык деңгээлде өз таасирин тийгизип келет?

– Тышкы өбөлгө-факторлордо Орусия, Казакстандын, аз өлчөмдө Кытай менен АКШнын кийлигишүүсү бар. Америка бизге мурдагыдай кийлигише албагандыгынын себеби, биринчиден, биз Евразия Биримдигине расмий мүчөбүз. Анда жетектөөчү роль Орусияга таандык экени жашыруун эмес. Ага ылайык, Биримдик алдында кол коюп макулдашылган милдеттерибиз бар, өзгөчө экономикалык тыгыз катнаштар түзүлүп жатат. Бирок өлкө жетекчилиги көбүнчө жеке таламдарынан туруп, Батышка көз ымдап, удулу келгенде ишарат кыла койгон учулар байкалууда. Мына ушунун баары алдыдагы ажо шайлоодо акыры ачыкка чыгат.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.