Бүгүн Алыкебиздин өлгөн күнү экенин Аскер (Сакыбаева) досум эсиме салды. Так ушул күнү устатыбыздан ажырап жер муштап отуруп калганыбызды эсиме жара чыгып, унутуп коюптурмун… Мындайда Аскер мени тыкылдатып турат: кеңешин айтып, унутканды эстетип. Алыкенин арбагы ыраазы болсун сага, Аскер досум!

Сен болбосоң Алыкебиз мамлекеттик сыйлыкты деле албай өтүп кетмек. Сен аны төмөнкү макалаңда эскерипсиң, кимдердин арты менен наамга илинип калганын. Бирок анда өзүңдүн үлүшүң арбын экенин кыстарып да койбоптурсуң. Мен кыстарып коёюн аныңды…Себеби мен ошол кырдаалды абыдан жакшы билем. Алыкебиз мамлекеттик наамга илинип калышына көп эле адам аракет кылганбыз. Бирок ошол котолоп жүргөн бирибиздин да тилибизди албаган Алыке сенин тилиңди кантип алганына таңгалам…

Мага Шербет эже чалып, «үйгө келип кет, Алыкең чыр кылып атат» деди. Жетип бардым. Босогодо Алыкемдин кайниси Замир байке туруптур. Кулагыма шыбырады: «Сыйлыкка көрсөтүлгөн документтерди мен даярдайм де, сенин тилиңди алат». Замир байкенин ишаратын дароо туйдум. Алыкем отурган диванга көчүк бастым. Ал-жай сурашкан соң мамлекеттик сыйлыкка керектүү документтерин сурасам эле безге сайгандай секирип, өңү кумсара түштү… Ачуусу келип, Шербет эжеге бир тийди: «Токтоткула дебедим беле баятан!»

Көрсө, мен келгенге чейин бул темада үйүндө бир сыйра «концерт» койгон окшойт Алыкебиз. «Мен өмүр бою мамлекеттик сыйлык-наамдардын кереги жок» деп жазып келсем, силер мени…» Алыкем туттугуп, кызарып-татарып, кылчылдап жини келип баштаганын көргөндө, наам жөнүндө ооз ачканым жок. Жым болуп отуруп калдык…

Кийин эле жаңылыктардан Алым Токтомушев бүгүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алды деген диктордун үнүн угарым менен телефондон Алыкени куттуктайын десем, ошондогу Алыкенин ыңгайсызданганын эч бир сөз менен жеткире албасмын… Негедир ага мажбурлоо жолу менен эле аталган наамды берип салышкан окшойт. Көрсө, кылгылыктын баарын Аскер Сакыбаева менен Шайлообек Дүйшеев, Роза Отунбаева кылган турбайбы. Керектүү документтердин баарын камдап, жүгүрүп жүрүп Аскер жайлаптыр…

Олжобай ШАКИР

Азыр ойлосом, Алым байке бизге чоң сабак калтырып кетиптир. Көп эле адамдар күнүмдүк жашоо, болор-болбос иштер менен алек болуп, өмүрдү да убакытты да бекер сарптайбыз. Алым байке аз жашаса да артына аз, бирок саз жазылган мыкты китептерди,  өрнөктүү өмүрүн калтырып кетиптир. Быйылкы жылы Алым байке 70ке чыкмак. Бирок адамдын кандай жашап, артына эмне калтырганы жашаган жашы эмес, калтырып кеткен өрнөк иштери менен эсептелет эмеспи.

Алым байке бу дүйнөгө эмнеге келгенин, дегеле өз миссиясы эмнеде экенин билчү. Ошон үчүн кай заман, кимдин доору болбосун акыйкаттыкка гана кызмат кылып өттү. Себеби турган турпаты, болгон дүйнөтаанымы, карманган турмуштук позициясы ошондой жаралган адам эле. Ал мындан башкача жашай да алмак эмес…

Акыйкаттыкка кызмат кылуунун жолу, үлгүсү кандай болорун бизге көрсөтүп кетти. Кеп, анын жолун мындан ары улай тургандар барбы, жокпу ошондо. Себеби, акыйкатты гана айтып турган адамды көп учурда жаман көрүшөт, ары дегенде ал өзү сүрмө топко кошула албай четте калат экен. Акыйкаттыкты туу тутуу чөлдө ач-жылаңач экениңе карабай, алдыдагы максатыңан кайтпай, бет алган жакка кете берүү, алдыңан чыккан айрымдар жылтырак-жултурак бирдеке көргөзүп азгырса да анын арзыбас нерсе экенин билип, өз жолунан тайыбай кете берүү. Мындай жолго чыдаган адам чыдабаса, көпчүлүк жеңил жагына качырат экен. Мына ошондой жолду чагылдырган көзкараштарды Алым Токтомушев көп которгон, айрыкча орустун улуу жазуучу-ойчулдарыныкын. Алым байкенин азыр да чындыктан тайбай чыңырып, айрыкча Кыргызстандын азыркы абалын ташка тамга баскандай чагылдырып турган котормолорунан кыскача:

ЖАРЫЯЛАНБАГАН ДОСТОЕВСКИЙ. УЛУУ ЖАЗУУЧУНУН ЖАН ДЕПТЕРИНЕН

* * *

Улут — элдин личность болушу деген эле кеп. Улут болгон калк балалыктан чыгат.

* * *

Жалпы адамзатты жалындап сүйгөндөрдүн көпчүлүгү адамдын өзүн сүйүп жарытпайт.

* * *

Адамзат жашоосу жалпы адамзаттык дөөлөттөр менен гана толук.

* * *

Граждандыктан башка да адамдын жүзү бар. Сот гражданды соттойт дагы, көпчүлүк учурда жүзүн көрбөй калат… Мындай өтө талуу жагдай атургай мыйзамда да каралган эмес.

ПЕТР ЧААДАЕВ

УЧКУЛ ОЙЛОР МЕНЕН ҮЗҮНДҮЛӨРДӨН

* * *

Мен Атамекенди алдагандан көрө анын айыбын ачканды, ачуусун келтиргенди, кемсинткенди жактырам.

* * *

Сүйгөнүңдү сүйүүдөн ашкан оңой нерсе жок; бирок сүйбөгөнүңдү анча-мынча болсо да сүйүп коюу парз.

* * *

Кудайга шүгүр, мен ыр менен да, карасөз менен да Атамекенди туура жолдон адаштырган жокмун.

* * *

Кудайга шүгүр, коомдук пикирди адаштырган бир да сөз айталекмин.

* * *

Кудайга шүгүр, Атамекенди өз кызыкчылыгым үчүн эмес, ар дайым анын кызыкчылыгы үчүн сүйүп келдим.

* * *

Кудайга шүгүр, Атамекенди даңктоо үчүн асман айдан система издеп, теория ойлоп чыгарбадым.

* * *

Сен досторуңа сыяктуу эле Атамекенге да чындыктан карызсың.

(А.Токтомушев. «Эски дептер», 2008- ж.)

Албетте, булар Алым Токтомушев которгон авторлордун ою, бирок ушулардын бардыгы анын  жеке адамдык нарк-турпатын, ички маңызын да берип тургандай.

Алым Токтомушев өзү “силерге жасалмадай туюлар, бирок мен ушундай адам экем: жүрөгүм менен, милдет-парзым менен, ишеним-таянычым менен ар дайым конфликтте жашайм” деп айткан.

Журналистикада кандай жазуунун гана эмес, атуулдук позицияны тутуунун мыкты үлгүсүн да көрсөтүп кетти. Ошон үчүн ал кишинин “Асаба”, “Агым” гезиттерине  жазган макалаларында акыйкаттын үлүшү арбын болгону үчүн бийлик да убагында Токтомушевдин пикири менен эсептешип турду. Ошондуктан саясат, экономика жаатында жазган Алым Токтомушевдин макалалары боюнча бийлик каршы эч нерсе айта алчу эмес. Себеби, ал киши макаланы салмактуу аргумент, айныксыз факты, жүйөөлүү логика, так цифралар менен бышыктап туруп гана окурмандарга жеткирчү. Мындайда ким ооз ача алмак?

“Кенедей төрт сап кабар болсо да, мен кан менен тердин ортосунда жазам” дечү.

Көзкаранды эмес гезиттер чыга баштаганы алар да саясатчылар сыяктуу оппозиция, позиция болуп бөлүнүп калышканын баарыбыз билебиз. Ошол убакта биз деле, Алым байке деле оппозициянын камчысын чаап аткандай болчубуз. Бирок азыр ойлоп көрсөк, Алым байке болгону өз билгенин, өз чындыгын, өз акыйкатын гана айтууга аракет кылыптыр. Ошондой көзкарашты айтууга ошогездеги “Асаба”, “Агым” сыяктуу гезиттер мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткандыктан, Алым байке да оппозицичыл журналист катары кабылданып калган деп ойлойм. Эмне үчүн мындай ойго келип жатабыз? Анткени Алым байке көзү барында өзү чыгарган “Эски дептер” аттуу китепте анын “Мидин”, “Байдылда”, “Кимдин үнү?”, “Тагдыр сага канат берсе” деген совет доорунда жазган адабият тууралуу жазган макалаларында да анын жеке инсандык эркин көзкарашы даана көрүнүп турат. Эскерүүлөрдү да Алым байке абдан элестүү, эмоционалдуу жазганын Жоробек Султаналиев деген биздин муун билбей калган мыкты акын, мыкты котормочуну эскерип жазган макаласынан байкап, аны окуган адам ошолор менен кошо аралашып жүргөндөй болот.

Алым байке сыйургаал маселесине келгенде да ага сын көзкарашта болгондуктан, убагында анын эмгеги бааланбаптыр. 2010-жылы жыл аяктап баратканда ал кишиге Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылды. Мындай наамдын Алым байкеге берилишине Шайлообек Дүйшеев байкенин, Роза Отунбаеванын  эмгеги чоң экенин билем. А бирок ошо наам ага эмне берди, бул да маселе…

Азыркы учурда журналистика интернетке ооп, жаңы технологиялар менен трансформация болуп баратканда, кыргыз тилинин мааниси да төмөндөп бараткандай таасир калтырат. Ушундай шартта кыргыз тилинде үлгү боло турган мыкты макалаларды жазган Алым Токтомушевдин макалаларын китеп кылып чыгарып, журналистика факультетинин студенттери үчүн  окуу куралына айландырсак, мыкты иш болор эле деп ойлойм. Көзү өткөндө ушундай китебин чыгарсаң жардам берем деп досу Айылчы Сарыбаев байке мага айтты эле. Эми Алым байкенин гезиттерге жазган макалаларын архивден жыйнап, иреттеп чыгарыш милдети биздин мойнубузда экенин айта кетейин.

Алым байкенин поэзиясы башкалар үчүн кандай билбейм, мен үчүн чоң өрнөк, үлгү.  Мына, ошондой ырларынан:

ЛЕРМОНТОВЧО
Унутулгам убайымдуу күндөрүмө
Умсунбайм…жок нерсеге колум сунбайм.
Турмушта сүйбөгөнүң, сүйгөнүң не?
А сүйүү бир өмүргө алымсынбайт.

Тилекпи? Ансыз дагы кур тилекте
Куш күйгөн күндөр өттү үшкүрүктөй.
Кыялбы? Дилгир болсоң чын жүрөктөн
Түккө да турбайт акыл бүртүгүндө…

Өзүңдөн нени издейсиң? Баары өткөн,
Баары өчкөн, кубаныч, муң — сансыз мүлкүң.
Алданбай күндүз ойлоп, күндүз көрсөң
Жашоо бул — арсыз амал, арсыз күлкү.
1974-ж.

Кубатбек Жусубалиевге
Карады: дүрт карады, бүт карады,
дешкенсип кур закымга алданбайлы!
Жылт эте түшкөнсүдү куш карааны.
Көздүүлөр көрбөй калды, — кандай кайгы!

Тыңшады: бүт тыңшады, үп тыңшады,
дешкенсип: сүрөөн кана, айгайлаган?
шырт эте түшкөнсүдү куштун шаңы.
Кулактуу укпай калды, — кандай жаман!

Куугундар келди кайтып шарак-шарак,
үн өчүп, караан сиңген тушка жетпей.
Асманда дайра сындуу булут агат.
Асманда бүркүт каалгыйт нуска кептей.

Алайда күлүк арбын, тандап алгын!
Азоо көп, адам камчы салбай калган.
Көздүүлөр көрбөйт, бирок кандай кайгы!
Кулактуу укпайт, бирок кандай жаман!
2017-жыл, 24-июль.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *