БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Байыркы грек философу Анаксагор Кичи Азиядагы Клазоменден чыккан. Б.з.ч. 500-428-жылдар ченде жашаган. Ал кул ээлөөчүлүк демократиянын идеологу болгон. Афиныда биринчи жолу философияны сабак катары окуткан. Өкмөт аны кудайсыз деп жарыялап, өлүм жазасын өкүм кылган. Андан качып Лампсак деген шаарга келген да, анда өзүнүн философиялык мектебин негиздеген.

Ал байыркы грек философу Эмпедокл жана атомисттер (ага Левкипп, Демокрит, Эпикур, Лукреция ж.б. кирген) менен бирге бөлүнбөй турган элементтер жөнүндөгү натурфилософиялык илимди өнүктүргөн. Ал элементтер чексиз жана алар чексиз бөлүнөт, бөлүкчөлөрдү бириктирген же ажыраткан күч «нус» (акыл) деп эсептеген.

Анын пикири боюнча «нус» — нерселердин эң жеңили жана назиги. Ал өзүнүн философиялык илиминде диний ишенимдерге каршы күрөшкөн. Бизге анын «Табият туурасында» деген философиялык эмгегинен үзүндүлөр гана жеткен.

Ал астрономия жана метеорология боюнча да эмгектенген. Космогонияны Анаксагор эң алгач иретсиз жайгашкан заттардын куюн сыяктуу айланышынан келип чыккан асман телолорунун системасы катары түшүндүргөн.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *