АҢГЕМЕ

Орефьев эгерде ал түшүндө өлүп калчу болсо сындырып убара болушпасын деп түнкүсүн дарбазаны жаппай жатчу болду. А дарбаза болсо темирден жасалып, үч кулпусу бар эле; экөөсү эшиктин өзүн бекитсе, үчүнчүсү бул эки кулпуну бекитет. Уурулар менен тоногучтардан коркпойт. Өзү деги эле чындап ооруп калгандан тарта  адамдардан коркпой калган. Эми ал өзүнөн гана, аныгыраагы, өзүнүн тулку-боюнан коркот — анысы деле өнөкөткө айланып, дээрлик тынч коркот. Же үмүтү үзүлүп коркот. Аны менен кошо Орефьев адамдардан канагат алууну токтотту, бирок чынын айтчу болсок, алар аны мурун деле анчалык кубанта алышчу эмес.

Эшиктин жабык эместигин текшерип бүтүп, үй-бүлөсү түптөлө электе эле батирин кооздоп турган гүлдөр менен өсүмдүктөрдү сугарат.

Андан кийин ныкталган жана суюк дарыларын ичет, андан кийин милдетин өтөгөнсүгөн сезим менен канча бир жолу кайталап көргөн тасмасына туш келмейинче каналдан каналга которуп телевизор көрөт.

Тасманы көрүп бүтүп, уйкуга баш коёт. Түнкүсүн кээде уктаса, кээде уктабайт, кээ бирде болсо туталагы кармайт; Орефьев мунун качан өтөрүн күтүп жата берет. “Тез жардамды” сейрек чакырат, аны менен келген чарчаңкы дарыгерлерден негедир ыңгайсыздана берет.

Кечээги түн алынча болду: бир жарым саатча уйкусуздук басты, бир азга оору кыйнады, бул сапар дарысыз чыдады, андан кийин уйку-соо ортосундагы абал, анан адатынча тулку бою эзилип ойгонду. Анан калса, үч күндөн бери майда жамгыр себелейт. Орефьев айнек тушка олтуруп чай ичкенче терезени карады. Ал жактан жылаңач жазгы дарактар, жеңил туман жана беш кабаттуу кыштан тургузулган там көрүнөт; Орефьев бул тамды өзүн аңдап-билгенден бери эстеп келет. Үйдүн чатыры качандыр бир кездери шыйпыр менен жабылса, андан кийин аны тунуке менен капташып, күрөң түскө боёшту, үйдүн төбөсү азыр суу болсо да жаркырабай турат: жаркырата турган жарык жок. Үйдүн кырында сегиз, кырдын чекесин бойлоп тогуз даана түтүк сороёт. Орофьев бул текши эместик тууралуу көп ойлонот, бирок жообун таба албайт.

Капысынан ал түтүктөрдүн биринде отурган канаттууну көрдү. Көк кытан деп ойлоду. Ага куштун бою бийиктей жана бир буттап тургандай көрүндү. Атүгүл адегенде таңыркаган да жок: көк кытан болсо көк кытан. Бу шаардан эмнени гана көрбөйсүң. Ошентип чайын тынч гана ичүү үчүн башка жакты караса да кайра ошол замат терезеге тигилди. Бир буттуу, узун денелүү куш. Шексиз, бул көк кытан. Кайдан? Анын кайдан келгенин Орофьев көпкө ойлонду, канаттуу да Орофьевди жакшылап карап алсын дегенсип түтүктө сороюп тура берди. Канаттуу начар көрүнүп, жакшылап көрүүгө көз айнеги да жардам бербеди. Дүрбүнүн жоктугу өкүнүчтүү. Убакыт менен акчаны болбогон нерселерге корогонун карачы. Жаңы буюмдар мол болуп, аларды алууга мүмкүнчүлүк болгондо үй-бүлөсү көп нерселерди сатып алышты, айтмакчы, анын ичинде темир дарбаза да бар, ал эми дүрбү сатып алуу эч кимдин башына келбептир, Орефьевдин бала чактан кеменин үстүндө дүрбүчөн турганды каалаган деңизчи болуу кыялын эске алсак, мунун өзү таңкаларлык. Ал атүгүл кайсы бир дүкөндөрдөн бир канча жолу бааларынын арзандыгына таңданып, турнабайлар менен дүрбүлөрдү көргөн, а бирок зарыл керектүү нерселерди тандап, аларды сатып албаптыр.

Натыйжасыз эле ойлоно бергиси келбеген Орефьев эң мыкты досу Суриловго коңгуроо кылды.

— Кимди угуп жатам! – Сурилов шаңдана сүйлөдү. – Салам! Иштериң жайындабы?

Орефьев жылмайды. Сурилов анын иштери жайында эместигин эбактан билет жана андан даттанып ыйлактоону, суранууну күтөт (баса, бул жагынан жардам берүүдөн эч качпайт). Азыр эми акылсыз суроого таң калат, бул Орефьевге майдай жагат, себеби акылсыз суроолорду дени чың жана жашоону сүйгөн адамдар гана бере алышат. Калгандары болсо же баарын билишет, же үн катышпайт.

— Сен акылдуу эмессиңби, — деди ал Суриловго. – Жооп берчи, көк кытандар шаарда жашайбы?

— Кайсы шаарда? – Сурилов иштин жөнүн билген адамдай суроо узатты.

— Биздин.

— Кайдан дейсиң. Бир жолу да көргөн, уккан эмесмин.

— А мен көрүп турам. Каршымда чатырда отурат.

— Сен чаташтырып жатасың.

— Айтып жатам го, көк кытан. Тумшугу узун, бою бийик, бир буттап турат.

— Балким, илегилек чыгар? Алар деле биз тарапта жашабайт эмеспи. Же чулдук бекен? Бирок чулдуктар сазда жашашат. Тумшуктары ичке келип, ийрейип турат, энциклопедиядан көргөмүн. Мунуку андай эмеспи?

— Ага окшобойт.

— Окшобойбу? Көзүңдүн көрүүсү кандай?

— Алысты көрбөйм.

— Анда, түшүнүктүү.

— Эмне түшүнүктүү? — Орефьев ачууланганына кубануу менен сурады.

— Сенин эмне, кыларга ишиң жокпу? – Суриловдун да кучунашы кармады. Ал кыязы, чындап эле Орефьев азыр куландан соо болуп турат деп ойлоду окшойт, а дени сак адамга ачууланса болот. – Макул, көк кытан дейли, — андан ары эмне болмокчу?

— Эчтеке болбойт. Болгону, кайдан келди деп ойлоп атам.

— Кайдан келсе, ошол жакка жоголот! – Суриловдун ачуусу келди. – Менин убактым жок, кечирип кой!

Орефьев андан кийин дагы бир нече таанышына коңгуроо кылды. Алар адегенде өздөрү эбак эстен чыгарышкан Суриловго, андан кийин көк кытан жөнүндөгү суроого таң калышты. Ар ким ар түркүн сүйлөштү. Прокофьев «ал тобунан адашып калды» — десе, Валя Малышева «эгерде ал шаарга учуп келген болсо баары бир өлүп калат, биерде атүгүл адамдар кырылып атышат, көк кытан андан бетер жашай албайт» — деди. Минин болсо кырсыктап калып милицияга барганы жатканын, көк кытан тууралуу ойлогонго чамасы жоктугун айтты. Лукьяненко бир жолу шаар четинен түлкү көргөнүн билдирди. Бирок баардыгы ал көргөн куштун көк кытан экенинен шектеништи. Антсе да Орефьевди таарынтып албаш үчүн шектенүүлөрүн айтуудан чочулашты. Ал да аларды түшүндү жана дилинде алардын боорукердигин сезгенине кубанды: демек, булар анчалык жаман адамдар эмес.

Баарынан да Степенко Аркадий катуу таасирленди, себеби анын кесиби зоолог, азыр болсо иттердин дарыгери жана качандыр бир куштар тууралуу илимди изилдеген. «Башымды оорутпачы, — деди ал кыртышы сүйбөй, — мындай болушу мүмкүн эмес». Орефьев жумшак өжөрлөндү. Аркадий китебин ала калып кызуулук менен көк кытандар жөнүндө, аны менен кошо бардык шектенүүлөрдү жокко чыгаруу үчүн бир буттап турушкан илегилектер, турналар, чулдуктар, фламинго куштары тууралуу кудум ыр окугансып окуп берди. Алардын бири да шаарда жашабайт, китепте бул жөнүндө даана айтылган.

— Эмнеле толкунданып атасың? – деди Орефьев. – Көк кытан болбосо көк кытан эмес.

— Бирок сен көк кытан деп атпайсыңбы!

— Мен эмне гана дебеймин.

— Эмне, көзүң жетпей турабы?

— Жок, эмне үчүн? Көк кытан, көрүп турам го.

— Энеңди гана урайын! – Аркадий ачууланды. – Мына мен азыр барамын, ошондо сени эмне гана кылар экемин!

— Кел, көзүң жетет.

— Болбогон оюнуңа аралашпайм! – Аркадий такыр эле ачууланып, трубканы ыргытты.

Бирок бир мүнөттөн кийин өзү чалды.

— Уксаңчы, мунун сага эмне кереги бар? Кайдагы бир көк кытанды ойлоп табасың! Акылыңдан биротоло адаштыңбы?

-Мен ойлоп тапкан жерим жок. Ал каршымда отурганына күнөөлүү эмесмин да. Түтүктө отурат.

— Көк мээ! – Аркадий кыйкырып кайрадан трубканы ыргытты.

Бирок кайра чалды.

— Макул, — деди ал. – Болбогон нерсеге баш оорутпайлы. Мен чындап эле үйүңө тийип келейин. Сага эчтемке керек эмеспи?

Орофьев досун эң сонун түшүнүп турду. Аркадий минтип боорукердигин көрсөтүү менен жанынын тынчтыгын соодалашкысы келет. Ал мындай дегенсийт: «көрдүңбү, мен сага адамча кайрылып жатам, сен дагы адам бол дагы, эч кандай көк кытан жоктугун айтып кой». Бирок Орефьев дилинде башка бардык адамдар сыяктуу эле ташбоор боло алгандыгы үчүн таңкалыштуу кичинекей ырахатты туйду.

— Рахмат, Аркаша, мага эчтеке керек эмес. Көк кытанды көрүү үчүн турнабай же дүрбү гана болсо!

— Жинди турбайсыңбы, даана жинди экенсиң! – Аркадий ыйлап жибере жаздап кыйкырды. – Сен кимге жомок айтып атасың? Мен деген кесипкөй адисмин! Бул маселелер менен өмүр бою алекмин! Биздин шаарда жана биздин жерде эч качан көк кытан болгон эмес жана болбойт! Мени түшүндүңбү? Оорукчан болсом эле оюма келгенди жасасам болот дейсиңби? Мен өзүм да майышкан чагым, ким кимди тажияга чакырары али белгисиз! Бүттү, мага башка коңгуроо кылба!

Орефьев ойго бата жылмайып терезеге келди. Терезе кырына олтуруп ак көгүчкөндү карады. Ак көгүчкөн. Куштун көгүчкөн экенин Орефьев куш ага көк кытандай көрүнөр замат түшүнгөн. Уйкудан жаңы тургандыктан, тумандан жана начар көргөндүктөн, бозомук асмандын мунарыгынан улам көгүчкөн ага кандайдыр созулуңку жана узун тумшуктуу болуп көрүндү.

Бир жагынан Орефьев көк кытанды ойлоп тапты, ошентип жок нерсени элестетти. Бирок башка жагынан алчу болсок, эгерде ал көк кытанга аз болсо да ишенген болсо, демек, ал болгон жана ал дал ушул көк кытанды коргоду, ал үчүн телефон сүйлөшүүлөрүндө жанын садага чаап, бир нече нукура демилгелүү жана жашоого толгон мүнөттөрдү баштан кечирди.

Анын үстүнө шаардык үйдүн морунда отурган көк кытан тууралуу ой кылт этсе, анда көк кытандын өзү эмнеге пайда болбосун? Мында укмуштуу эмне бар экен?

Демек, дагы башка укмуштуу нерселер чындап эле болушу толук ыктымал. Мындайча айтканда, бардыгы болушу мүмкүн.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.