Парзы – Ата-энеден мурда Алланы ыраазы кылуу.

Милдети – арабдардын каада-салтын кыргызга жайылтуу.

Өнөрү – узун этек, узун сакал өстүрүү.

Көздөгөнү – көп катын алуу.

Идеалы – Өзбек ажы, Турсунбай Бакир уулу, Чубак ажы, Абдышүкүр ажы.

Тилегени – Кыргызстанды ислам өлкөсүнө айландыруу.

Аракети – караңгылыкты жайылтуу.

Корккону – илим-билим.

Башына келбеген суроо – Мухаммед пайгамбар башка диндеги ишенимдерге шек келтиргенби?

Адаты – араб идеологиясын тотугуштай кайталоо.

Үмүтү – бейиш.

Мокочосу – тозок.

Ээрчиткен көлөкөсү – шайтан.

Чочуганы – теңирчилик.

Сыймыгы – арабдар курган мечиттердин көбөйүшү.

Максаты – Алланын ыраазычылыгы үчүн динге баш ийбегендердин башын алуу.

Тапкан эрмеги – көчөдө көрүнгөндү мечитке ээрчитүү.

Жек көргөн макалы – «Чала молдо дин бузар»; «Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба», «Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр»…

Келишкис душмандары – илимдүү-билимдүүлөр.

Сыйынганы – Кааба ташы.

Жетпегени – арабдардын куу чөлү.

Издегени – пайда, сооп.

Аңдыганы – Фейсбук, Твиттер. ж.б…

Колунан келген эрдиги – соцтармактарда ар ким менен ажылдашуу.

Куралы – уу сөз.

Кайфы – өзү түшүнбөгөн араб тилинин мистикалык аваз үнү.

Аткарган парзы – Куранда жазылбаган мифтер.

Таңгалганы – 17-кылымда муфтиятты орус ханышасы Екатерина экинчи мусулмандарды бир адам аркылуу башкаруу үчүн атайы курдурганы.

Дымагы – баарын билем деп ойлойт.

Жамынганы — дин.

Чамынганы — ачуу чындык…

Чала молдо жөнүндө фактыларды топтогон – Манас урпактары

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.