* * *

Дилдеги сөздү айталбай,
Карадың неге тайсалдай?
Өткөнүн жылдар карачы,
Ирмемдей болуп байкалбай.

Эстетип эбак өткөндү,
Жылдарга терең чөккөндү
Эңсетип кайра башынан,
Жадымдан чыкпас көктөмдү.

Алдымдан чыксаң жаркырап,
Аптыгып, жүрөк тартынат.
Сезимдер толкун — ал сенин,
Жээгиңе карай тартылат…

Ак карда аппак махабат
Ырларда баары айтылган,
Ырларга сүйүү катылган.
Эстетип таттуу күндөрдү
Чакырбай жүрчү артымдан.

Сен сүйдүң сүрдөп тартынып,
Мен сүйдүм сага тартылып.
Келгеним сага билдиңби,
Кылымдын жүгүн артынып.

Сен сүйгөн ошол деңизмин,
Ар качан толук, тегизмин.
Жаралып жалкы дүйнөгө,
Сен менен жаным эгизмин.

Турсаң да чындап жактырып,
Сүрдөдүң анча тартынып?
Келгеним сага билсеңчи,
Кылымдын жүгүн артынып.

Ырларда баары айтылган,
Апапак сүйүүм катылган.
Эңсетип кымбат бир түндү,
Чакырба эми атымдан…

* * *
Ооба, билем, асманында ал жактын,
Сагындырат бул жактагы көктөмдөр.
Элес болуп эске түшөт кээ бирде
Тагдыр болуп, жазмыш болуп өткөндөр.

Кетким келип бул жашоодон чарчадым,
Чоочун жердин сагындырып асманы.
Жүрөгүмдү бүткөн сымал оорутуп,
Кусалыктын, сагынычтын жаштары.

Ошол жакта билем, сезим азырак,
Күйбөстүрбүз бул жашоодо күйгөндөй.
Бейтааныштай баш ийкешип өтөрбүз,
Мен сүйгөндөр жана мени сүйгөндөр…

* * *
Бул жашооң кийим сыяктуу
Жыртылат, бир күн эскирет.
Көңүлчөөк жаным чарчады,
Башканын тартып азабын.
Билбеймин, качан эс кирет.

Жашообуз жаздын көйнөгү,
Өңүнөн азат, эскирет.
Өмүрдөн өтүп баратып,
Эх, аттиң арман дедиртип
Ошондо балким, эс кирет.

Ишке ашыр асыл ойлорду,
Жашоого бир күн кеч кирет.
Чыдасаң түркүн мээнетке,
Тагдырдын таштак жолдору
Бакытка акыр жеткирет…

Уялдыңбы?
Уяңдыгым, эх менин уяңдыгым,
Карегимден бир белги туя алдыңбы?
Көздөрүңдөн от жанып турса дагы
Көңүлүңдү мен чындан бура алдымбы?

Сүйдүм дейсиң нур жигит, ырларымды,
Ал ырларга катылган сырларымды.
Ортобузду аёосуз бөлүп турган,
А мен жектейм ичимден жылдарымды.

Чынар терек келбетиң карап-карап,
Аз сүйлөдүм ичимден көптү самап.
Жаз келди деп сайраган булбул үнү
Бак ичинен жаңырып көктү жарат.

Уяңдыгым, эх менин уяңдыгым,
Карегимден бир белги туя алдыңбы?
Же болбосо сен дагы мен сыяктуу
Ортодогу жылдардан уялдыңбы?..

Жамгырлуу жаз
Сенин дүйнөң наристенин дилиндей,
Кучагыңа имерилем дирилдей.
Сагындырып, бир көрсөм деп саматып,
Жүрсөң керек бар экениң билинбей.

Ушул калаа, ушул жамгыр, ушул жаз,
Күбөсүндөй биздин таттуу сүйүүнүн.
Сыймыктуу элем, кежир элем текебер,
Бирок сенин алдыңда мен ийилдим.

Жаздын кечи. Жамгыр жана экөөбүз,
Мажүрүм тал алдынан жай өтөбүз.
Табыштырган жалгыз эки дүйнөнү
Ушул көчө эң сүйүктүү көчөбүз.

Күтөмүн
Буулукса муңканып, жай бербей көңүлүң,
Жаз кечи жабыркап, жалгандай өмүрүң.
Туюлса, эстегин сен деген ышкымды,
Сен үчүн ташкындап, мөндүрдөй төгүлдүм.

Сезимдин мөлтүрүн бир сага арнадым,
Сен деген сезимди алтынга бааладым.
Кыш болсун, жаз болсун, ар качан, ар убак,
Жүрөктүн эшигин сага ачык кармадым.

Буулуксаң белгисиз алыстык азгырып,
Кел мага кымбатым, көңүлдү жаз кылып.
Күтөмүн чарчабай, бул өмүр, ал өмүр
Махабат билигин сен үчүн жандырып…

Унутпа
Сагындым оттой ысык,
Кумарлуу эриниңди.
Карылуу кучагыңда
Кар сымал эридимби?

Бул жашоо көркү ачылат,
Махабат деми менен.
Бактылуу болдум бүгүн
Аз убак сени менен.

Мезгилден уурдап алып,
Кайрадан көрүшкөнчө.
Аман бол асылкечим,
Сырларды төгүшкөнчө,
Бой балкып өбүшкөнчө…

Бейтааныш асман
Карап, карап… көздөрүңдүн асманын,
Көзгө тааныш элестерди таппадым.
Ушул асман көк деңиздей чалкыган
Асманындай такыр бөлөк, башканын…

Мен жолугуп келишимдүү бир жанга,
Аны сүйүп калганымды айтпадым.
Айтар элем… азга көңүл бурганда,
Айтар элем көңүлдүн гүл жактарын…

Сен сүйөсүң өзүмдү эмес ырымды,
Кереги эмне кур бекерге актанып.
Ичтен тынып, жолугушар күндү эңсеп,
Сүйүү курсун жашырынган, сактанып.

Карап, карап көздөрүңдүн асманын,
Көрдүм андан көк деңизин башканын…

Август түндөрү
Балалыктай жанга жагымдуу,
Бат жылгансыйт жайдын күндөрү.
Жанда болсоң жаным жарашмак
Жылдыз жааган жайдын түндөрү.

Сагынычтан жүрөк дирилдеп,
Саргаюуда аппак бул өңүм.
Тоо суусундай аккан иримдеп,
Түгөнөбү жаштык күндөрүм?

Билем, сен да болуп кусадар,
Билгизбейсиң бирок аныңды.
Келээр болсоң да бир кайрылып,
Берээр элем сага жанымды.

Жанда болсоң жаным жарашмак
Жылдыз жааган август түндөрү…

Күзгү махабат
Кымбатым, сени унутуу кыйын болор,
Ар бир күн басылбаган ыйым болор.
Алыстан сен жиберген сейрек каттар
Көрсөткөн мага кымбат сыйың болор.

Ардагым, ушул айлар санаа толгон,
Кубатым алгансыйбы тулку бойдон?
Сен келсең сенек сезим кайра бүрдөп,
Сүйүүбүз күтүп алмак бизди жолдон.

Келбейсиң. Келбестигиң чынга айланган,
Дилдеги таарынычың сырга айланган.
А менин сага деген сагынычым
Кылымдар бүтпөй турган ырга айланган…

* * *
Саптарында сабыркаган сан ойлор,
“Сагындым…” деп бүгүн сенден кат алдым.
Максат үчүн сүйгөн жарды унутуп,
Сүйүүдө да жөн сүйө албай катаалмын.
Теңир берген ушул мүнөз билемин,
Сөөк менен жер алдына жатарын.

“Сагынбайсың” дейсиң асте таарынып,
Жүргөнүңдү билем шартка багынып.
Кечирип кой, кат жазууну унутсам,
Сагынычтын махабатта аты улук.
Мен тараптан бир жылуу сөз укпасаң,
Кудай сынап жатса керек сабырың.

Саптарынан сарыккандай сар-санаа,
“Сагындым” деп бүгүн сенден кат алдым.
Ошол катың медер тутуп жүрөккө,
Бүгүн түнү тынч уйкуга батармын.
Сүйүүдөн да максат кызык сезилип,
Мен жашоодо ырларымдан бата алдым…

Менин мерез жүрөгүмдү жумшарткан,
Сагынычка ширелген бир кат алдым…

* * *
Чангандай асыл өмүрдү,
Муң басты неге көңүлдү?
Ардактап сүйгөн адамым,
Арзыбас жандай көрүндү…

Чаалыгып жаным кусадан,
Жүрөгүм миңге тилинди.
Чарчаган кезде дем берер,
Жоктугуң жанда билинди.

Таба албай жылуу мээримди,
Бул жашоо супсак сезилди.
Кыйнаган мынча жанымды
Кантемин ушул сезимди?..

Толкундай жээкке урунган
Көңүлүм жүзгө бөлүндү.
«Кымбатым» деген бир адам
Тим гана жандай көрүндү…

* * *
Таштак жолдой чаалыктырып кээ бирде,
Жабыркатса жалгыздыгың жаныңды,
Муңга чөкпө. Унутса да адамдар
Көк теңирим унуткан жок барыңды.

Сен бирөөнү көргүң келип, зарыгып,
Жүргөн болсоң сени башка сагынат.
Орун берүү үчүн гүлгө жайнаган,
Кези келип таш да бир күн жарылат.

Унуттуруп максаттарды кээ бирде,
Жабыркатса жалгыздыгым жанымды.
Чөгүп кетпейм. Унутса да сүйгөнүм
Көктө кудай унуткан жок барымды…

Рыскүл кызга арналат
Күтөм жазды, күткөн өңдүү наристемдин
Бул жарыкка келишин.
Жаздын күтөм адамдарга
Жаңы шоола, жаркын үмүт беришин.

Күтөм жазды, күткөн сымал
махабатты ыпысык.
Сүйгөнүмдүн кармасам деп
Колдорунан ич ысып…

Күтөм жазды, күткөн өңдүү
жолду карап энекем.
Келээр бекен быйыл кызым
Келсе экен деп берекем…

Күтөм жазды… Байчечекей,
Уя салса үйүмө.
Бул жашоодо ар бир адам
Жашаса деп сүйүнө…

* * *
Чекити болуп жазылып бүтпөс сүйлөмдүн,
Ирети болуп чачылган менин дүйнөмдүн.
Сен кайдан келдиң? Алиге жүрөм түшүнбөй,
Мынчалык ысык сүйгөндү кайдан үйрөндүм?

Көптөрү билбейт сүйүүнүн шорун, азабын,
Окубайт билем, махабат ырын, казалын.
Булардын баарын түшүнүп туруп неликтен,
Асылым сени кубанып, эргип жазамын?

Эсиме келет биз бирге болгон түндөрүм,
Жылуу нур чачып акырын, асте күлгөнүң.
Жүрөккө кысып көзүмдөн өпкөн кезиңде
Айтканым анык шыбырап сага: «Сүйгөнүм…»

Азаптуу ушул дүйнөдө жалгыз жөлөгүм,
Сүрөөнчүм менин, сыймыгым, талант, өнөрүм.
Кыялым жаздын күнүндөй кырс да, өзгөрмө,
Өзүңдү неге айныбай жакшы көрөмүн?

Жашыргым келбейт. Мендеги сүйүү чексиздей,
Элесиң эстен эзели деги кеткистей.
Өзүңдү дайым жаңыртып ойлой беремин,
Оңдолуп, улам жазылган сүрөт — эскиздей…

Сүйгөн жарга
Кел жаным, сүйлөшөлү маңдай-тескей,
Эстейли өткөн-кеткен күндүн баарын.
Кайгысын, кубанычын бул жылдардын
Өмүрдүн жаза баскан каталарын.

Сен кээде мага ыраазы болбой калсаң,
Менде да болду күндөр көңүл калган.
Оо, билем, кандай кыйын, кандай азап,
Өзгөртүү күндөрүңдү көнүп калган.

Сен менден канча жолу безгиң келсе,
Мен андан эки эсе көп кетким келген.
Чынжырдай тушап турган махабаттан
Кутулуп, максаттарга жетким келген.

А бирок менин тентек кыялыма
Чыдаарым жалгыз өзүң, сүйгөн жарым.
Мен дагы сен көксөгөн жашыл арал,
Мен сенин жалгыз күтүп, сагынаарың.

Сыноосун бул турмуштун жеңүү керек,
Кимдерди турмуш жүгү тоорубаган.
Сен менин даркан талаам чалкып жаткан,
Сен менин көк деңизим соолубаган.

Жээк болсом толкундарың сагындырар,
Сен менин көк деңизим соолубаган…

Бир доско
Сен байлыкты өлчөп көнсөң көз менен,
Мен баалаймын назик, сулуу сөз менен.
Сен издесең алтын-күмүш, акчаны
Мен байлыкты ырларымдан издегем.

Байлыгынан башка нерсе көрбөгөн,
Сулуулугун асыл жандын сезбеген.
Кербезденип канча боюң көтөрбө,
Сен да өтөсүң кези келсе дүйнөдөн.

Арманым да, жыргалым да эл менен,
Көкөлөтөт таза болсоң эл деген.
Аз күнчөлүк ушул асыл жашоого
Арзыбаган тыйын үчүн келбегем.

Сен байлыкты өлчөп көнсөң көз менен,
Мен баалаймын кунсуз асыл сөз менен…

* * *
Арбыбай баскан кадамым,
Өчкөнсүп күндөй ажарым.
Мээримин төккөн жарыктан
Эртелеп неге тажадым?

Жакында мына жаз келет,
Көңүлгө сүйкүм наз берет.
Анда да билем, тагдырым
Бакытты өлчөп аз берет.

Айлана толгон эл жүрөт,
Каткырат… күлөт… тим жүрөт.
Бир гана менин жүрөгүм
Тынчыбай неге үшкүрөт?..

Жазым келди
Кайрадан сүйүү эңсеткен жазым келди,
Неликтен кызыл жүзүм кубарасың?
Алыстан көз талдырып суктандырган,
Сен эми мен чыгалбас мунарасың.
А балким, сагынчыңды айталбастан,
Саргайып сен да мен деп убарасың…

Жаз мына… жарык мына, сүйүү мына,
Керимсел шамал беттен сылап өткөн.
Баары бар… баары сонун, баары ажайып,
А бирок биздики эмес ушул көктөм.
А балким сен да үшкүрүп турдуң бекен,
Элестеп махабаттын күндөрү өткөн.

А балким көөдөн жарып кусалыгың,
Ардагым, сен да мен деп убарасың…

Cүйүү гүлү
Жолуксак жолугарбыз акыреттен,
Жыргалын махабаттын сүрбөй бүгүн.
Көргөндүн көөнүн бурган капылеттен,
Сен менин күздө ачылган анар гүлүм.

Жан дүйнөң куп жарашкан келбетиңе,
Билгемин издеп бир күн табарымды.
Билбегем тапкан кезде жер бетинен
Ээнсиреп кайра жалгыз каларымды.

Сенде бар толгон түйшүк, бүлө жүгү,
Менде да көр тирилик колдон алган.
Көрүнбөйт бул тозоктун учу-түбү
Мен дагы өзүң үчүн бүтпөс арман.

Ажайып гүлүң азга жылыткансыйт,
Аз убак өтүп кайра төккөн бүрүн.
Бир көрүп, өмүр бою унуталбас,
Сен менин күздө ачылган анар гүлүм…

Аз убак бөлөп өткөн жыргалына,
Сен менин кеч ачылган сүйүү гүлүм…

Кечирип кой
Ишке ашпас таттуу кыялдар
Каректен акса жаш болуп,
Жароокер жанды кыялбай,
Сезимдер катса таш болуп…
Күнөөлүү ага ким дейсиң,
Ойлонуп жообун издейсиң.

Табылса балким табылар,
А бирок өттү ал күндөр.
Жаңырык болуп жаңырар,
Кааласак ошол ак түндөр.
Анда да жүрөк дирилдейт,
Сен берген гүлдөр тирилбейт…

Андагы селки бүгүн жок,
Соолуган ал да кусадан.
Муңкансаң укпай таш жүрөк,
Чарчаба жаным, ызадан.
Турса да гүлдөр тирилбей,
Тил укпас тентек жүрөктүн
Сокконун көрчү дирилдей…

* * *
“Асылым” десең капыстан,
Аптыгып көңүл чаалыккан.
Асманым толуп жылдызга
Уялды көзүм жарыктан.

Шамалы болуп көлүмдүн,
Шаттыгы болуп өмүрдүн.
Сүйүүдөн үмүт үзгөндө
Кымбатым, кайдан көрүндүң?

Сөздөрүң жанга дем болуп,
Ооруган дилге эм болуп.
Олтурсак дедим көл бою
Сен болуп анан мен болуп…

Кечейин сүйүү-дайрадан,
“Асылым” дечи кайрадан.

Бир суроо
Күнүм болуп төбөмдө жанасыңбы,
Күмүш чынжыр билекке тагасыңбы?
Айым болуп асманда жанасыңбы,
Ак булуттан аймончок тагасыңбы?
Өксүгү көп ойлорду белек кылып,
Өкүт болуп өмүрдө каласыңбы?
Асылкечим, көп жылдар күттүм эле,
Айга учалы, кошулуп барасыңбы?..

One Reply to “Назгүл ОСМОНОВА: Сен берген гүлдөр тирилбейт…”

  1. Жакшы ыр окуу кандай сонун сезимдерге жетелейт. Мен ырларын сүйүп окуган акын эжелеримден Назгүл эже менен Жыпара эжелердин ырларын окуу менен өзгөчө рахат алам.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.