«Карапайым эл менен баарлашууну каалаган кеменгер өз тилинде эмес, элге жеткиликтүү тилде сүйлөөгө тийиш. Тил бул – көп маанилүүлүк, анын ичинде элге жугумдуу тилде сүйлөө баарынан кыйын».
Жан-Жок РУССО

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жантөрө Сатыбалдиев менен болгон бул маегибиз көпчүлүктү ойго салар омоктуу ойлор менен коштолду. Маектешибиз агынан жарылып отурду. Өкүттү жагдайлар туурасында мамлекетибизде кетирилген кемчиликтердин айланасында ой бөлүштүк…

– Жантөрө Жолдошевич, Сиз бүгүн журт башкарып, эл башкарып келген белгилүү мамлекеттик ишмер катары айтар сөзү бар инсансыз. Мамлекетибизде эки жолу элдин жаалы менен бийлик алмашылып, эки мерте тарыхый мүмкүнчүлүк келди. Бирок болбой эле баягы таз кейпибизди кийип отуруп калдык. Муну сиз эмнеден көрөсүз? Же бул саясый-экономикалык чабалдыгыбыздан болдубу, же элибиздин сапаты начар үчүнбү, же бийлик башына келер адамды туура эмес тандап алгандыгыбыздан болдубу? Кандай анализ берер элеңиз буга?

– Иним, сен мага өтө оор суроо менен кайрылып отурасың. Мен сөз баштаардан мурда, адегенде эле элден-журттан кечирим сурайын деген оюм бар. Себеби дегенде мен да журт башында келаткан адамдардын биримин. Ошонүчүн мен кыргыз элинен кечирим сурайм.

– Мунуңуз нарктуу нуска…

– Анткени ар бир жаран кемчиликти өзүнөн издеш керек. А биз негизинен күнөөнү башкалардан издеп келдик. Кайра куруу мезгилинен тарта жакшы жолго түшөбүз деген ниетте жашадык, бирок биз эле эмес, жалпы союздук республикалардын дээрлик көпчүлүгүнүн мүдөөсү аткарылбай калды. Андроповго убакыт жетпей калды, Горбачевдики болсо ошол убактагы мажүрүм саясаттын негизинен келип, мен деген улуу державаны таркатып тынды да, он беш эгемендүү өлкө түзүлдү. Эгемендик келгени – шардануу менен эми өз алдыбызча жакшы жашап кетебиз дегенибиз менен, тилекке каршы, советтик бийлик курган системаны биротоло талкалап, жаңы система кура алганыбыз жок. 91-жылдардагы ал кырдаалдын баарын билерсиң… “Биз эми Москвасыз өзүбүздүн тагдырыбызды өзүбүз чечебиз” деген өрөпкүүгө алдырып жашадык. Буга мен дагы, сен дагы, ал дагы, баарыбыз кол чаптык. Туурабы?.. Эртеси эмне болот, беш жыл, он жылдан кийин эмне болобуз деген мамлекеттик системаны курууга ошол убактагы чоңдорубуздун эч биринин деңгээли жетпеди. Анын ичинде биз да бар элек. Биз – баарыбыз убактылуу, тактикалык гана жүрүштөрдү кылып келиптирбиз…

2010-2020-2030-жылдар кандай абалда болушубуз керек деген стратегиялык план түзөр эл башчысын тандай албадык. Мунун себебин бизде саясый атаандаштыктын жоктугу деп эсептеймин. Чын-чынында биз совет доорунда парламенттик мамлекеттен чыкканбыз да. Акаевди да парламент шайлаган. Андан кийин легитимдүү болсун деп кийинки шайлоодо президенттикке атаандаштыгы жок чыгып, кайра шайланды. Андан кийин да 2-3 ирет бийликке отурду. Бакиев да альтернативасыз шайланды. 2011-жылкы шайлоодо деле 2010-жылкы бийлик алмашуунун максаттары ишке толугу менен ашуусу үчүн альтернатива болсо дагы апрель революциясын аткарган Убактылуу өкмөттөгү 14 адамдын кимиси президенттикке аттанса, бийлик тизгини ошол адамдын колуна тийер мүмкүнчүлүк түзүлдү. Себеби алардын моралдык да, юридикалык да укуктары бар болчу. Кейиштүүсү, стратегиялык эмес, тактикалык жүрүштөрдүн негизинде келаткандыгыбыз үчүн туруктуу мамлекеттик система орното албадык.

Ооба, гимнибиз, гербибиз, желегибиз бар, конституция иштеп атат, такталган, такталбаган чегараларыбыз, айтор, мамлекеттик атрибуттарыбыздын баардыгы бар, бирок эмне үчүн 26 жыл ичинде биз өз багытыбызды төрт жолу алмаштырдык? Эң биринчи, парламенттиктен президенттикке өттүк. Анын ичинде да тактикалык жүрүштөрдү жасап Акаев бир палаталуу парламентти эки палаталуу кылып түздү. Андан кайра бир палаталууга келдик. 2005-жылкы 3-чакырылыштагы парламентти бир мандаттык округдан шайлап, кийин К.Бакиев келгенде бул болбойт экен деп партиялык системаны киргиздик. А 2010-жылкы реформанын негизинде де-юре парламенттик-президенттик мамлекетпиз, де-факто президенттик-парламент системасы курулду. Ошондуктан багыттарыбызды тез-тез өзгөрткөндүктөн стратегиялык жолубузду аныктай албай келебиз. Туруктуу системаны куралбаганыбыздан улам чоңдордун да, интеллигенциянын да күнөөсү көп.

Мүмкүн кеп элдин өзүндө да болуп жүрбөсүн. Себеби эл өз тагдыры чечилер шайлоолордо “пулуң болсо кулуңмун” психологиясынан кутулбай келатпайбы…

– Элди күнөөлөгөнгө менде эч кандай негиз жок. Себеби Аскар Акаев өзү “акча тараткандардыкын алып, тамак бергениникин жей бергиле, бирок жүрөгүңөр каалаган талапкерге добушуңарды салгыла” дегени кийин элдин адеп-аклагына абыдан терс таасирин тийгизгенин көрдүк. Анткени мамлекет башчысынын моралдык принциби карапайым элге сөзсүз тийбей койбойт. “Кандын каары болбойт, заары болот” дейт элибизде. Ошондо айтыш керек эле да: “Мунуңар туура эмес” деп.

Албетте, президент өзү дамбанын суусун ачкандай, моралдык туруксуздукка чакырык таштап койгону элди жутунма мүнөзгө көндүрүп койбодубу!

– Эл муну норма катары кабыл алды да, демек, бергендикин жеп, ичип, а урнага келгенде өзүбүз каалаган талапкерге добушубузду салабыз деген пейилге ооп кетишти. А тургай бул көрүнүштү өөн сезбестен, бүгүн кээси акчасы бар талапкерди кокологонго деле көнүп калбадыбы. Өлкөнүн эле эмес, жаш өлкөнүн демократиялык башчысы ушул багытты өзү айтып отурса, кантип анан шайлоо бюллетени товарга айланбайт. Ошондуктан бүгүн сен экөөбүз сүйлөшүп отурганга чейинки президент болуп келгендердин айткан-дегендери эл арасында ылакап болуп калып атпайбы. А кылган иштери менен эл оозунда калса кана, аттиң! Ким кайсы империяны, державаны башкарса, эл оозунда анын кылган иши, жакшы айтылган учкул кептери калат. А биздикилердин артында жакшы кеп калып атабы?..

Сен экөөбүз жакшы көргөн ыраматылык Салижан Жигитов: “Китеп жазсам эле тарыхта калам” дегендей түшүнүк менен кээси ойлойт, кызматта көп жыл иштесем эл оозунда калам деп. Кеп, сенин көп же аз жыл иштегениңде эмес, элге эмне кызмат калтырганың менен өлчөнөт, баасын алат. Мына, 2010-жылкы конституция деле ага чейинки супер президенттик режим бизге туура эмес багыт экен деген жыйынтыкка келдик эле, аягы эмне болду? Тилекке каршы, классикалык парламенттик башкаруу системасына өтө алганыбыз жок. Система өзгөрүлдү деген менен ошол эле Текебаевдин, Атамбаевдин айткан идеялары ишке ашпай калды. Система оңдолгон жок. Себеби конституция шашылыш жазылып, шашылыш кабыл алынган. Өзгөртүүлөр да шашылыш менен кабыл алынгандай болду. Ошонүчүн бул маселеге кайра сөзсүз кайрылып келишибиз керек. Шашылышы жок конституциялык кеңешме түзүп, ага коомдун баардык катмары катышып, абыдан ийлеп, бышыргандан кийин гана кеңири коомдук талкууга коюлуп, элдик реформага салынышы керек. Элге так суроо менен кайрылышыбыз керек: “Сиз президенттик-парламенттик башкарууда жашагыңыз келеби, же парламенттик-президенттик башкаруудабы, же аралашма системаны каалайсызбы?” деген бир эле суроо коюлушу керек. Эл анан өз жообун, өз тандоосун билдирет.

А биз конституцияны чыгарып алганыбыз менен ошол эле Жогорку Кеңеште отурган депутаттардын көбү башмыйзам менен толук тааныш эмес. Арасында окуп чыкпагандары да бар. Ал эмес конституцияны демилгелегендердин арасында башкы мыйзам менен жеткиликтүү танышпагандары бар экени көрүнүп калып атпайбы. Алардын кээси тиешелүү маселеге келгенде көп суроолорго жооп да бералышпайт. Чоң юридикалык маселеге жооп беришке көбү даяр эмес.

Мына азыр алдымда Жусуп Абдырахмановдун күндөлүктөрүнөн турган китеби жатат. Муну ал 27 жашында жазган экен. Азыркы түшүнүк менен айтканда, ушул жашында эле премьер-министрлик кызматты аркалаган. Абдырахмановдун бул күндөлүк-китебин жогорку окуу жайларга мамлекеттик башкаруу багытында колдонуучу сабак катары атайы киргизишибиз керек деп дайыма айтып келем. Бул күндөлүк-китепте улуу сабак жатат.

Жусуп Абдырахмоновдун эмгегин окумак тургай аныкындай сынчыл көзкарашы калыптанган аткаминерлер өсүп чыкпай атпайбы…

Ооба, мына биз алтымышка келсек да тилекке каршы, Жусуп Абдырахмановдой чынчыл, улутун сүйгөн мекенчил чиновниктерди тарбиялай алганыбыз жок.

Бул китепте Абдырахманов элден көңүлү сууган, жүрөгү канаган көрүнүштөргө да токтолуп, кыргыздын кулк-мүнөзүндөгү айрым кемчиликтерге да зээни кейийт. Элибиздин саткынчылык мүнөзүн кыйытат, ичи тардыгын, мурдунан алысты көрбөгөнү ушунчалык жүрөгү канап жазган жерлерин мен да окуп, элдибиздин сапатына Абдырахманов өтө кейигени туюлат…

Өзү 27 жашта болсо да ушунчалык аң-сезимдүү болгону, алысты көрө билгенине ушул жашка келген мен абыдан таңгалдым. 27 жаштагы жигит эмей эле, турмуштук тажрыйбага каныккан, жашамал курактагы адамдай ой жүгүртүүлөрүн окуп, өзүмө суроо коём: өзүм ушундай деңгээлге жете алдымбы же балдарымды ушундай аң-сезимдүүлүккө жеткирер тарбия бердимби деген. Кыргызда “башка түшсө байтал жорго” дегендей, Абдырахманов өз күндөлүгүндө ачык эле: “Бизде Европадан келген адистер жашоо-турмушубузду, дүйнөгө болгон көзкарашыбызды түшүнбөйт. Алардын айткандарын өзүбүзгө көчүргөнгө болбойт” деп 30-жылдарда эле жазып, калтырып атпайбы!

Бул өтө таңгалыштуу феномен. Болбосо биз анда мамлекеттик дөөлөттү али толук кура элек кезибиз. Ал эми жыйырма жети жаштагы Абдырахманов мамлекет башкаруу, эл башкаруу жүгү кандай оор, кандай азап экенин күндөлүктөрүндө чагылдырганы – Сиз айткандай бүгүнкү аткаминерлерге чоң сабак, чоң тарбия болсо кана!

Анын тубаса көрөгөчтүгү ар кимдин эле шыбагасына буюрбаса керек, бирок анын мекенди, элди сүйгөн масштабдуу сапатын баарыбыз үйрөнүшүбүз керек. Акыркы жыйырма беш жылда Абдырахмановдой кең пейил, ошол эле убакта тартипти өтө тыкыр ойлонгон журт башыга жетпедик, бул өтө өкүнүчтүү.

Сиз буга китепкөй, окумал киши катары терең баа берип отурасыз. Негизинен адабиятта күндөлүк же мемуар жазуу да өтө чоң өнөр эмеспи. Адамзат тарыхында бул жанрлар да келечекке дөөлөт-мурас болуп калыптанып келген улуу сабак…

Албетте, бул өтө чоң мааниге ээ, кийинки келечек муунга кала турган сабак… Маселен, Абдырахмановдун бир күндө жазган төрт сабындагы айрым ойлор эле канчалаган муунду ойлондурат, канчаларга тарыхтан кабар берет. Мындай эмгекти коомчулукка жеткирүү да бүгүнкү интеллигенциянын бирден бир милдети деп эсептейм. Ошондо гана биз мамлекеттик жигээрдүү жетекчилерди тарбиялай алабыз. Биздин эң чоң кемчилик – 25 жыл ичинде кадр даярдоого жетишпей келгенибиз. Бүгүнкү күндө облус, райондорду башкарган жетекчилер өздөрүнүн тубаса шык-жөндөмүнө гана таянгандар. Эгерде аларга тийиштүү билим бере алганыбызда, мүмкүн алардын арасынан да жалпы элдин мүдөөсүн канаттандырар кадрлар чыкмак.

Элибизде “вазир жакшы – кан жакшы” деген сөз маанисинен улам бир окуяны кыстаргым бар: 1992-жылы Салижан Жигитов Аскар Акаевдин кеңешчиси болуп турганда Жапонияда элчилик милдетти аткарган досу Ишенбай Абдуразаковго минтип кат жазганын жарыяладым эле: “Жан-жөкөрлөрүңүз мурдунан алысты көрбөгөн бечаралар экен, алардын Сизге жагынсак дегенден башка ою жок. Ошон үчүн четте жүргөн акылдуу, билимдүү кыргыздардын баарын чакырып, башкаруу системасында интеллектуалдык потенциалды дурустабасак, бу өз алдынча ойлонуп көрбөгөн шоруң каткырлар мамлекетти да бүлүндүрөт, Сизди да кызматтан түшүрөт!” деп жазыптыр. Бирок өзүңүз билесиз, кийин Салижан акени акырын четке чыгарып, Өзбекстанга элчиликке жөнөтүп жиберишти. А Салижан акебиз болсо президент ачуу кептерге кулак какпагандан уламбы, өз маектери аркылуу коомчулукка резонанстуу кептерин айтып, Кыргызстандагы демократия көчө деңгээлиндеги кыйкырыкка гана айланганын сындап жүрдү. Ошондон кийин бийликке жуукурлангандын далайы Салижан акебизди тепкиге алганы күчөдү, анын дарегине “улуттун душманы”, “кыргыз ичиндеги бузуку калмак”, “жеткен нигилист” деген жарлыктар жамырай баштады. Бирок улуу көсөм Сакебиздин акылын кыргыз неге пайдалана албады?

“Туура сүйлөгөн тууганга жакпайт” деген кеп ошо да, Олжоке. Өзүңдүн эле “Куюн доор” аттуу романыңда көзү азиз акылман менен карөзгөй кан жөнүндө автордук притчаңда жазып атпайсыңбы: бузуку бирөөнүн кебинен чыкпаган падыша кийин кантип шорлоп калганын. Албетте, бийлик тегерегинде ар дайым кошоматчы, жалган сүйлөгөндөр толуп алат. Ал эми Салижан аке менен сенин романыңдагы акылман каарман сыяктуу өз чындыгын тайманбай айткандарды бийлик курчоосунан заматта жок кылышат. Себеби бийликте турган биринчи кишиге баарысы эле жакын болгусу келип кошомат кылат, бийликтин айтканынан чыкпайт. “Өзү кылалбайт, кылганды көралбайт” деген макал да так ошол Салижан акени жамандап, бийликке кошоматчы интеллигенцияга туура келет. Өздөрү сын айталбайт, а ачуу чындыкты айткан кишини бийликтегилерге жакшы көрүнүш үчүн төөбастыга алышат. Жигитовдун 90-жылдардан кийинки айткан сындары бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготкон жок. Ар бир маегинде акыйкаттын үлүшү оркоюп көрүнүп турат.

Сизге болгон урматым да ушул, себеби Алым Токтомушев менен болгон Салижан акенин китебин жарыкка чыгаруу демилгесин өкмөттү башкарып турган учуруңузда ишке ашырып койдуңуз. Арийне, “Салижан Жигитовдун сабактары” аттуу бул китеп деле Ж.Абдырахмановдун китеби сыяктуу келечек муунга калар улуу сабак, улуу чындык…

Эл башкарабыз деген саясатчылардын баары эле кухня саясатчысы болуп калдык. Себеби көбү сөзүн ачык айтып теле-радиолорго чыгууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Алардын туура айтылган сөзүн көбү туура кабыл алалбайт. А бакылдап сүйлөгөндүн баары, анын ичинде саясый серепчилери да, саясатчылардын өздөрү да тактикалык гана деңгээлде ой калчап, бүгүн күн кандай тийип, шамал каякка соксо, ошол багытка башкаларды ээрчитип жөнөштү. Бекеринен Кетбуга 13-кылымда: “Калыс сөзүн айталбай, \Калк бузулат сак болгун” деген заманга келбедикпи. Азыр абройлуу деген адамдардын да айткан-дегенин укпагандар көп: “Эй, сен былжыраба!” дешет. Анан ошол сөздү уккандан көрө кухняда эле отуруп өзүнчө ой жүгүртүп калышты. Же акыркы убакта көрдүңбү бир аттуу-баштуу бирөөнүн акыйкат кеби коомчулукка жеткенин?

Албетте, интеллигенциянын айрым өкүлдөрү теле-радиого чыгып атышат муңканып: “Китебим чыкпай калды, көңүл бурган киши жок” деген апазда. Бирок жалпы көйгөй менен чуу салганы жок болуп атпайбы!  

Алардыкы эми көрпендечилик да. Өзүм да көптөн бери коомдо болгон чоң иш-чараларга катышпай жүрөм, себеби ушуга чейинки басып өткөн жолумду өзүмчө анализдеп, туура жүрдүмбү, эмне жыйынтык чыкты, элге-жерге эмне пайда кылдым деген суроолордун тегерегинде ой калчоо менен алекмин. Өткөндө Улуттук жыйын деген кеңешмеге катыштым. Ошол жерден Жумагул Сааданбековдун доклады кеңешмеге катышкандардын көбүнө катуу таасир этти. Буга чейин ал кишинин далай эле докладдарын угуп жүргөмүн, бирок бул жолкусундай агынан жарылган, акыйкаттын ачуу чындыгын чагылдырган докладдарын уккан эмесмин.

А киши канткен менен философ эмеспи…

 Өтө өкүттүү, баарыбызды күрсүндүрө турган кебин айтты. Бирок кейиштүүсү, ошол айткандары бир да гезит, теле-радио же интернет булактарына жарыяланганын көрбөдүм. Бул абыдан өкүнүчтүү көрүнүш. Капкайдагы адамдардын болор болбос пикирлерин коомчулукка жар салган журналисттер ошол аксакалдын ачуу кебин эмнеге эл-журтка жеткирүүгө кызыкдар болбоду? Мени ушул да ойлондуруп койду. Сааданбеков да «мамлекеттин бүгүнкү оор акыбалга кептелишине менин да салымым бар, менин да күнөөм толтура» дегени баарыбызды ойлондурар маселе. Минтип айтуу мен деген аттуу-баштуулардын да колунан келбейт бүгүн. Эрки жетпейт ага. Ошо докладынан кийин Сааданбековду абыдан терең урматтап калдым.

Кыргыз мындайда «жакшы карыптыр» дейт эмеспи. Карылыктын дөөлөтү буюрсун дейли андай аксакалдарыбызга. Мунусу жакшы жөрөлгө. Себеби бүгүн аксакал курагында бийликке калыс кебин айталбай калтырап отургандар канча… Коомубуз бүгүнкүдөй рухий жакырчылыкка кептелип отурганда аттуу-баштуулардын үнү элге жетпей отурганы эмнеге алып келер экен бизди?  

Журналисттер мүмкүн кызматка жетпей калган же бийликке таарынычы бар мурунку аткаминерлердин кебин элге жеткирсе жеткиргендир, бирок Сааданбековдун ачуу кебин жеткиргенин эч бир жерден көргөнүм да, укканым да жок. Ал аксакалдын ошондогу кеби мен деген азаматтардын көбүнө сабак болуш керек эле.

Бүгүнкүдөй рухий жакырчылыкка кептелгенибиздин себебин эмнеден көрөсүз? Дегеле биз улут тургай коом катары али да калыптана электигибизди маркум болуп кеткен устаттарыбыз Алым Токтомушев менен Салижан Жигитов дамамат какшап калышчу эле…

Олжоке, мен жаш кезимде философ деген ким, ал кандай адам болот деп өзүмө өзүм суроо коёр элем. Сенека, Гегель, Кант сыяктуу ойчулдар кандай кишилер деп ойлоп жүрчүмүн. А биз өзүбүздүн колубуздагы алтындын баркына жетпей жүрүп, арабыздан айрым философ агаларыбыз өтүп кетти! Маселен, Чыңгыз Төрөкулович жазуучу эле эмес, чыныгы философ экенин азыр да көбү түшүнө элек. Чыгармаларынын баарын окудук деп жүргөндөр четтен табылат, бирок башынан аягына чейин толук окуп, терең түшүнгөн кишилер өтө аз. Ошол эле Ишенбай Абдуразаков менен Салыжан Жигитовдун айткандарынын маңызына биз жетебизби, жокпу?.. Биз коом катары калыптана алдыкпы деген сурооңо ошол эле Салижан акенин сөзү менен жооп бергим келет. Ал киши минтип калчу: «Кыргыз эли кызык эл, төрөлгөндө кыргыз болуп төрөлөт, жашаганда орус, өлгөндө арап болуп өлөт» деп күйүп кетчү. Чынында биз улут катары калыптана албай келатканыбызды айтканы да бул…

Мунусунда чыныгы философиялык бүтүм көрүнүп турбайбы. Дегеле кыргыздын жашаганы деле кыйын: качан болсо той өткөрөм, тигил эле, бул эле деп жүрүп көбү күнүмдүк көрпендечилик менен турмушун өткөрүп жиберет. А коомду түзүү маселеси бийлик менен интеллигенциянын озуйпасы деп эсептейм. Менимче, биздин коом кандай оор болсо да бузулуп, түзөлүп, айтор, бара-бара оңолуп баратат деп ойлойм. Дегеле биздин эл Кудайга да, Совет бийлигине да ыраазы болушубуз керек. Болбосо биздей аз эл өзүнчө желек көтөрүп, өз эгемендигине жетип, БУУга (ООН) мүчө болушу чоң бакыт.

Бирок биз этегине салып берген ырыскыны чачып алган жетимге окшогон улут болуп атпайбызбы, Жантөрө Жолдошевич!

«Колдо бар алтындын баркы жок» деген ошол да эми. Себеби биз эгемендикке күрөш жолу менен өзүбүз жеткенибиз жок. Россия, Украина, Белорусия жетекчилери арак ичип отуруп союзду талкалап салышты. Ошонун негизинен эле союздук республикалар ыдырап, биз да өзүбүзчө эгемендүү мамлекет болуп калдык. Ооба, анча-мынча демократтар, ой калчаган адамдар өз алдыбызча өлкө болушубуз керек деп чыгышты. А иш жүзүндө Прибалтика элдериндей көчөгө чыгып ызы-чуу түшкөнүбүз жок да. Алар күрөшкөндөй күрөшкөнүбүз жок эгемендик үчүн. Болгону, коңшу өлкөлөрдөн мурдарак озунуп, өз эгемендигибизди жар салдык да, болду…

Бизде мамлекет башкарсам, министр же депутат болсом элге кызмат кылат элем деген түшүнүктөгү саясатчылар арбын. Мамлекеттин өнүгүшүнө ар ким өз иши, өз жөндөмү менен эле салым кошо алат. Мейли, сен катардагы көптүн бири болсоң да ар ким өз милдетин так аткарса, үйүндө отурган киши деле мамлекетибиздин өнүгүшүнө өз салымын толук кошо алат. Уул-кыздарыңа жакшы тарбия берип, сапаттуу билим алуусуна кам көрсөң эле мамлекетке кошкон эң чоң салымың ошол. Ишкерлер өз маалында салыгын төгүп, элди жумуш орундар менен камсыздоого аракет кылса, мындан өткөн кызмат барбы эл-жериңе?..

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Уландысы 

One Reply to “Жантөрө Сатыбалдиев элден кечирим сурады (1-маек)”

  1. Бирдеме болсо эле Акаевге шылтаганды же куноологонду качан токтотобуз.Мен эмне иш кылып кыйраттым дегенди да ойлоп койбойсузбу?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.