Маектешибиз Азамат Төкөров Россияда жүргөн мекендештерибиздин бири. Анын азын-оолак ырлары «РухЭш» сайтына жарыяланары менен дароо адабий сынчылар менен белгилүү калемгерлердин назарына илинип, бизде да А.Төкөровдун чыгармачылыгына болгон кызыгуубуз арткан. Бу саам Азамат менен маек куруп отурбуз…

Ал эми буга чейин жарыяланган чыгармаларын береги шилтемеден толук окуй аласыздар: «Бактысыздан экөө болсо, бирөө мен»

 – Азаке, обол турмуш жагдайдан кеп кылалы. Мекендештердин абалы кандай?

— Кудайга шүгүр, баары жакшы. Же тагыраагы жакшыдай сүрөт сызып жүрөбүз эл катары. Турмуш-тиричилик жакшы эле. Москвадагы мекендештер деле жүрүшөт. Эми Кыргызстандагыдай кеңири жашоо болбосо да (кептин түз маанисинде, каалаган жериңде каалагандай кенен-чонон бутту узун сунмай жок, баары бир бөтөн өлкө, бөлөк мыйзамдар, өз үй, өлөң төшөгүң эмес да) Борбор Азиядан барган башка улуттарга караганда биз – кыргыздар кыйла эле чилистенбиз. Ал жагы чачты жасаган жагыбыздан тырмакты алганга, көйнөктүн жакасын кирдетпей кийгенге чейин эле төөлүк өөдөбүз. Метро, автобуска чыгып калсак орустардан жийиркенип турабыз: колтугунан колоңсо жыт келсе, «ай, ушу, «чуркалар» деп мурдун чүйрүгөндүн ордуна кичине бир колтук-башын кырынып, атыр-упа себинип албайбы?» – деп. Бул жагынан миң шүгүр.

Анан кубандырган дагы бир нерсе, көчө-көйдө полиция дегени да чынында кыргыздарды көп токтото бербейт. Кээде гана биздин бийлик төбөлдөрү ашепке сүйлөп, орус бийлигинин кыжырына тийчү кептерди айтканда гана атайын «рейддерди» уюштурбаса, бул жагы Кудайга шүгүр эле.

– “РухЭш” сайтынын туруктуу окурмандары сени тубаса акын катары таанып калды. Эмесе кепти чыгармачылыгыңа буралы. Эмне жазып, эмне идеялардын артынан жүрөсүң?

– Эми мен өзүмдү акын дебейм. Туура, кээде ыр жазымыш болуп коём. Бирок жеке өзүмдүн баамымда менин жазгандарым жамакчылыктын гана деңгээлинде. Акыркы күндөрү ыр деле жазганга чоло жок. Бул эми баягы хобби деген сыяктуу нерсе экен да. Жазбасаң туралбайсың. Жазайын дейсиң же жарытылуу нерсе чыкпайт. Акыркы бир жылдан бери өзбек жазуучусу Тахир Маликтин беш китептен турган «Шайтанат» повестин которуп жүрөм ара-чолодо. Иштен кийин бир-эки саат же эрте менен жарым саат, бир саат дегендей.

– Чыгармачылыктагы узануучулук деген эмне экен?

Ар бир иштин устасы болот. Кол өнөрчүлүктү туу тутуп, узанган усталар болот. Сөз багып, ой кууп, бир сапка он ойду жашырган акын-жазуучулар болот. Бирок заманга жараша көп нерсе техниканын колунан жасалып, адамдар да жеңилине качырып калбадыкпы, ошол сыяктуу эле адабиятта да ушундай нерсе пайда болду. Бул эми ыр, карасөз жазгандардын деле күнөөсү эмес. Муктаждык ошону талап кылып атпайбы. Ошондуктан да азыр сөз менен узанган усталар азайып кетти го дейм. Калем кармап, кичине бир нерсе чиймелегендерди көпчүлүгүбүз эле сырткы макет менен техникага уруп, жазылган төрт сап ыр болсун, бир барак аңгеме болсун, ичиндеги данегин унутуп калып атпайбызбы. Бул балким жакшыдыр, көч бара-бара түзөлөт демекчи, ошол сулуу саптардын ичинде мыдырдай данек да болуп калчу күн келет ко дейм.

Эми сурооңузга түз жооп берсем, чыгармачылык узануу деген өтө түйшүктүү нерсе экенин баары түшүнө бербес. Сөз менен алпурушам деген адамга эң биринчи жашоо шарт керек экени жалпы коомго кайдан түшүнүктүү болсун. Аны чыгармачылыктын түйгүгү менен алпурушкан адам гана сезет, көрөт, ошол кыйынчылыкка ноюп жашайт. Ошондо да чыныгы сөз усталары, сөз уздары чанда чыгат экен. Же бир Хемингуэйдикиндей Нобелди сөзсүз алам деген бир улуу максат, же күнүмдүк тиричилик көйгөйлөрүң жок болсо кана. Балким бул катадыр, бирок менин оюм ушундай. Ар бир сүйлөмдү, ар бир ойду ийине жеткире иштеш үчүн чын эле биринчи максат, каалоо, анан убакыт керек ко.

– Россиянын адабий чөйрөсүнө аралашып, чыгармачылык тажрыйбаңды өстүрсөң да жаман болбойт эле.

Менин эң жаман сапатым, жабыктыгым, жалкоолугум. Чын эле бул нерселер оюмда бар, бирок жалкоолугуман мойнум жар бербей келет.

– Биз билгенден Россияда жүргөн мекендештерибиздин арасында чыгармачылыкка жакындары абыдан көп. Атургай ал жакта өздөрүнүн чыгармачылык кечелерин уюштуруп, китеп чыгарган ийгиликтеринен кабарыбыз бар. Бул жаатында кандай жаңылыктар бар?

Эми кыргызда экинин бири эле ыр жазат да. Чынында аралашпайм деле. Москвада Бактыгүл эже, Толукбек аке, Нарсулуу, Нуриза, Музфира сыяктуу күчтүү акындар бар. Колдон келсе, убакыт болсо ошолор менен апта сайын жолугуп, ач дүйнөнү азыктандырып тургум келет, бирок буга Москванын шарты жол бербейт да, аттиң!

– Байкашымча социалдык тармактарда көпчүлүктүн талкуусун жараткан эссе же анекдот жанрындагы алакандай нерселерди жаза коюп жүрөсүң. Турмуш чындыгынан жаралган анекдотторду жаратуу да өзүнчө чоң өнөр. Сен ошолорду топтоп, дагы бышыра иштеп, орустардын эстрадалык жазуучуларынын жөрөлгөсүн улантсаң кантет? Өзүң билесиң, бизде эстрадалык жазуучулар жок. А сенде юмордук шык кыйла калыптанып калгандай…

– Эми анекдотторго келсек, ал анекдоттор көпчүлүк билген эле анекдоттор, ошолорду гана колдон келишинче көркөмдөп коём. Орустун бир сөзү бар, «Всё новое, хорошо забытое старое» деген. Ал анекдотторго авторлук деле кылбайм. А кээде чын эле эки сап анекдоттон алакандай аңгеме жаратканга аракет кылам, бул эми биринчиден өзүмүн кругозоруму кеңейтсе, экинчиден окурманга да кызык. Эмне үчүн кыска анекдотту элестүү аңгеме кылса болбосун.

– Айрым публицистикалык маанайдагы ырларың да окурмандар арасында кызуу кабыл алынып, айрыкча президент Атамбаевдин дарегине жазылган “Акылымда «сессия» өттү бүгүн, \ Парламентсиз мен сизге «талак» койдум”. Сыяктуу саптарың ооздон оозго айтылып жүргөнүнө күбөмүн. Кепти эмесе учурдагы акыйкатсыз бийликтин аракеттерине болгон нааразычылыгыңа бурсак…

– Эми ал ыр бир отуруп эле жазылып калган. Кайра оңдолгон да эмес. Бир аз эмоция менен жазылган. Ал эми Бакиев баштап кеткен «Камбар-Ата-2» ГЭСинин курулушу токтоп калбадыбы, журналисттерди айыпка жыкмай өнөкөт болуп калды, жумушка жарамдуу калктын четке чыгып кетүүсү Акаев, Бакиев доорунан да кыйла эсеге өстү, баарын эле Бакиевге төңкөрмөй илдет күчөп кетпедиби, ошолор жөнүндө «Апрелде өлгөн досума кат» деген ырымда айттым эле:

«Баса, сага эсим барда айтайын,
Бакиевден башка азыр ажобуз».
«Камбар-Ата-2» калган курулбай,
Байлап кеткен Бакиевдер качканда», же
«Балдар кетип, чалдар калган конушта,
Чыкпай калган «Багыт» дагы, «Добуш» да.
Кремлдин көзүн карап калганбыз,
Шу бир болсо тизгинибиз оруста» деп («Багыт» – Э.Кыязовдун, «Добуш» – Ш.Абдырахмановдун телекөрсөтүүлөрү эле – А.Т.) Эми бул Кыязов менен Абдырахмановдун теледолбоорлорун Атамбаев жаап таштады дегендик эмес, болгону учурдагы бийликтин Бакиев маалындагыдай курч чыккан журналисттерди азыр деле «сындырып» атканы жөнүндө…

– Кыргызстанга качан кайтып келейин деген ниетиң бар?

– Буюрса, 2018-жылы биротоло Кыргызстанга барып, ошол жерде эле жашасамбы деп ойлойм.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *