Темирбек АЛЫМБЕКОВ: Ажалга «келсең — кеттик!” деген Алыке (устатты эскерүү)

Алыкени жакындан “Алас” гезитинде бирге иштешип калгандан бери жакшы билип калдым. Ал бир көңүлү түшүп калган адамга жакшы пейлинен жазчу эмес. Ошондон уламбы, көзү өткөнчө Алыке менен ага-инидей мамилебиз үзүлгөн жок. Кийин башка гезиттерде иштеп кетсем да, атайы издеп барып же телефон чалып жай сурашып калышар элек. “Атаңдын көрү дүнүйө” аталган туңгуч китебиме баш сөзүн жазып, батасын бергендердин бири да Алыкем эле. Алым ага редакциянын көркү болчу. Баары Алыкенин көрүнбөгөн казыгына байланып, айланып тургандай сезилчү. Алыкенин көркү анын аналитикалык макалаларында, […]

Нурайым ШАРШЕНБАЕВА: Вазир

ЖОМОК Хандын улуу вазири жортуулда набыт болот. Хан абдан кейийт. “Мындай вазирди кайдан табам? — деп ой басат:  — Өмүр бою кеңешчим да болду. Дос да элек. Абдан акылдуу…  Ички-тышкы душмандарымды вазиримдин кеңеши менен жеңип келгем. Элге да кадыр-баркы жогору эле…” Көпкө чейин аза күтүп, вазирин жоктоп кыйналат. Ханды тегеректеп жүргөн кеңешчилери улуу вазирдин ордун ээлегилери келип, кошомат кылууга өтүшөт. Ансайын хандын көңүлү чөгөт. Баягыдай кеп-кеңешин айтып, туура жолду көрсөтүп турган вазири жок, кимдин сөзүн угуп, кимисине ишенээрин билбей кыйналат. […]

«Чыгыш адабияты жана искусствосу Басма компаниясы» – ишмердүүлүгүнүн башталышы

2016-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекет Жетекчилеринин достукта жана жакшы коңшулаштыкта ынтымакта жанаша жашоо, соода, экономикалык, өндүрүштүк, маданий, адабий байланыштарын бекемдөө, улантуу үчүн макулдашылган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алып, “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы” Бишкек шаарында КР Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, ишмердүүлүгүн баштаган. НЕГИЗГИ МАКСАТЫ “Чыгыш адабияты жана искусствосу Басма компаниясынын” негизделишинин максаты: Чыгыш элдеринин адабияты, маданияты, искусствосу, тарыхы, экономикасы ж.б. тармактары боюнча жарык көргөн китептердин ичинен кыргыз мамлекетине пайдасы тийе турган, өнүгүп-өсүүгө, […]

Мырзаян ТӨЛӨМҮШОВ: Деген экен…

Жылкычынын жылдырма Илгери жазуучулардын кайнаган жери «Кыргызстан», «Мектеп» басмалары болор эле. Ар кандай жарпты жазган, көңүлдү ачкан азил-тамашалар дал ошол эки басманын кууш, узун коридорунда байма-бай айтылып турчу. Анан калса көзгө басар эки басмабыз тең бир имаратта жайгашкан эле. Күндөрдүн биринде басманын эски кызматкери, саясый тексттердин котормочусу Элакунов Рысалыга эмнегедир Насирдин Байтемировдун («эмнегедир» дегеним, ал көркөм адабият менен иши жок, жазуучулар чөйрөсүнөн обочо киши болчу) дареги зарыл керек болуп калыптыр. Тигиге барат — билбейт, буга барат — билбейт. Акырында Жапиев […]

Жидду КРИШНАМУРТИ: Өзүңдө революция жасай аласыңбы? (VIII-IX-X главалар)

I глава  II глава  III глава IV жана V глава VI жана VII глава VIII глава Эркиндик. Козголоң. Жалгыздык. Акыл-эстин тазалыгы. Кандай болсоң, ошондой өзүңдү кабыл алуу. Азапты басуу, идеалдай болуу үчүн катуу тартип эч кимди эч качан акыйкатка алып келген эмес. Акыйкатка келүү үчүн акыл-эстин бир жери да бузулбай, эркин болушу керек. Кел, алгач, чын эле эркин болгубуз келеби деп өзүбүздөн сурап көрбөйлүбү? Эркиндик жөнүндө сөз кылганда, толук эркиндик жөнүндө сөз кылып жатабызбы же ыңгайсыз, жагымсыз же каалабаган нерседен […]

Алча түстүү мышык

Америка жомогу Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын башында  Нью-Йорктун сейректиктер Музейинин кожоюну Барнемдин кабинетинин каалгасын кимдир бирөө какты. — Кириңиз! — деп кыйкырды ал. Эшик кең ачылып, бөлмөнүн босогосун калбаат аттап, кадимки  америкалыктардын көзүнө көнүмүш  янки өз үйүнө киргендей шыдыр баш бакты. Ал өзүнө көрсөтүлгөн орундукка жайланыша отуруп, сунушталган кызгылт түстүү шарапты серпип жиберип,  музей кожоюнуна мылжыя жылмайып үн катты: — Сиз мистер Барнем болосузбу? — Дал үстүнөн түштүңүз! — дилгирлик менен жооп берди мистер Барнем. — Андай болсо мындай! — […]

Ги де МОПАССАН: Кайырчы

Французчадан которгон Турусбек МАДЫЛБАЙ НОВЕЛЛА Бул байкуш кайырчы майып болгону менен бир убактарда ал деле жакшылык көргөн. Он беш жашында Варвиллдин чоң жолунда анын эки бутун араба тепсеп кетип, ошондон бери ал тилемчилик менен оокат кылат; кулагына чейин жеткен балдактарына таянып алып, күнүгө короодон-короого өтүп кыдырып жүрөт. Анын башы балдактарынын ортосунда эки тоого таянгансып калчы. Наристе кезинде аны Бийеттин диний кызматкери арыктан таап алып, ошол күнү маркумдарды эскерүү болгондуктан аны Никола Туссен[1] деп атап койгон; элдин боорукерлигинен тирүү калып, эч нерсе […]

Эрнис АСЕК уулу: Жолбүгүндө карааны көрүнбөй… (устатты эскерүү)

Майдын башында Алыке чалып калды: «Кандайсың, балам? (соңку учурда мени «балам» деп чакырып калды эле…) Гезитиңди окуп жатам. Жаман эмес. Мелистин авантюристтиги гана жетишпей турат. Бирок сен өзүң ушундай гезит каалачу эмес белең. Ушунуңан жазба» деди. Акыркы жолу кышында жолуктук элек. Сыртта суук. Көкдүкөнгө кирдик. «Эрнис, эсиңдеби, Мелиске: «Мени гезитчи кылып салдың, үй алып бердиң, эми Байтиктен жай таап бер, өзүң ээсине тапшыр» деп калчу эмес белем. Мелис да кебелбей: «Ой, сизди көмалбай эмне болуптурмун, ага баш оорутпаңыз, андан көрө […]

Сергей ЕСЕНИН: Фарсы кайрыктары

Кожогелди Култегиндин котормосунда * * * Мазем кетип, зорго келдим өзүмө, Масчылыктын калжырагы арылап. Тегерандын гүлүн тиктеп көшүлө, Чайканада жатам башты дарылап. Далдайган бу кожойуну чарк уруп, Даңазалайт чайканасын оруска. Утур-утур койуу памил чай сунуп, Ушуну ич дейт арак-шарап оорутса. Чайга кысташ милдетиң го, милдетиң, Чарбагыңда розалардын көптүгү-аа! Ары жактан ача койуп чүмбөтүн, Азыр бирөө көзүн кысып өттү маа. Биз, орустар жаздай жаркын кыздарды Ит сыйактуу байлабайбыз чынжырлап. Акысы жок өбүшүүнүн – жыргалдын, Адат эмес канжар сууруп… чыр кылмак. Ал […]

Олжобай ШАКИР: Жинди коомдун эгемендиги

Эгер эсти калчасак: Эгемендик эркиндигин алдык деп неге келдик? Эгемендик жылдары элди турмуш эзди канча! Эх кандай тебелендик! Шар көтөрүп тарсайып үйлөтүлгөн, шаңдуу ураан жаңырттык үйрөтүлгөн. Шардай жеңил, шардай бош курган элди шамал-куюн айдады Чүй бетине. Чүй, Бишкекте тирилик таппаганы тентти туш-туш: жанды эптеп сактаганы. Айран, кымыз соодалап көнбөгөн эл абийир, намыс не калды сатпаганы! Тарыхтагы тукуму кыраандардын, так талашы токтобой «чыгаандардын» талап-тоноп кайран эл ырыскыңды тагдырына туш кылды цыгандардын. Туулган жерге кул болуп көбү келбей, туш-туш жакта кыргыздар өлүп-өлбөй, […]

Иван БУНИН: Күзүндө

АҢГЕМЕ I Мейманканада бир саамга жымжырттык өкүм сүрдү, мындан пайдаланган ал ордунан туруп мага чала-була көз чаптырды. — Анда, мен кетейин, — деди кыз жеңил күрсүнүп, ошондо жүрөгүм экөөбүздүн ортобуздагы кандайдыр бир чоң кубаныч менен жашыруун сырды алдын ала сезүүдөн улам дирилдеп кетти. Мен ошол кечте кыздын жанынан түк жылбадым жана күн бою анын көздөрүнөн чагылган жашыруун жаркырак менен элегейликти, араң билинген, бирок кандайдыр бир аруу мээримди байкадым. Эми болсо кыздын өкүнгөндөй түр менен кетээр убактысы болгонун айткан сөзүнүн кыраатынан […]

Дилазык: Оюнчук чебери

ПРИТЧА Алыскы өлкөлөрдүн биринде балдарды сүйгөн аксакал жашаптыр. Ал дайыма балдарга оюнчуктарды жасачу экен. Оюнчуктары абдан ичке болгондуктан, балдар ойногуча эле сынып калчу экен. Оюнчугу сынган бөбөктөр кайрадан башкасын берүүнү сурап келишчү. Аксакал камсанабай башкасын берет, бирок ал оюнчук андан да ичке экен. Акырында буга ата-энелер да кийлигишчү болду. Алар аксакалга келип: — Сиз эмнеге балдарга дайыма бат сына турган ничке оюнчуктарды бересиз? Сындырып алып басылбай ыйлашчу болду, — дешет. Анда акылман карыя: — Бир аз жылдар өткөндө кимдир-бирөө бу […]

Ги де МОПАССАН: Талаада

Французчадан которгон Турусбек МАДЫЛБАЙ НОВЕЛЛА Октав Мирбого арналат Дарылануучу чакан шаарчанын четиндеги дөбөнүн түбүндө эки күркө турчу. Аларда жашаган эки дыйкан кичинекей балдарын багыш үчүн керээли-кечке биртике жерлерин чукулап иштечү, себеби ар бир үй-бүлөөдө төрттөн бала бар эле. Эртеден кечке чейин эки коңшу короонун ичинде балдардын жайнаганы жайнаган. Эң улуу экөө алты жаштарда, ал эми эң кичүүлөрү болсо он беш ай курактагы наристелер; үйлөнүү тойлор да, балдардын төрөлүшү да эки үйдө тең бир маалда болгон. Эки эне үйүлгөн балдардын арасынан өздөрүнүн […]

Төлөгөн КАРЫКЕЕВ: Терезе (устатты эскерүү)

«Асабанын» редакциясы Манас-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып калган жылдар болчу. Бир жолу Алыке айтып калды: — Төкө, мык какканга кандайсың? — Төрт какканда төрт мык кирет, Алыке! — деп ооздукту тарталбай мактанып жибердим. — Болду, болду,- деди Алыке адетинче каткырып,- саманын алып салганда, төрт уруп бир мык киргизет экенсиң, жарай берет… Көрсө, квартирасындагы эки терезенин сынык айнектерин алмаштырмак экен. Белгиленген күнү кычкач, балкаларымды алып жетип бардым. Ал кезде Аламүдүн-1 кичирайонунда жашачу. Экөөбүз ээрчишип алып базарына бардык. Базары да жакын эле болчу. […]