Олжобай ШАКИР: Журналистикага жолумду ачкан окуя (1-баян)

ЭССЕ Булактын көзү бар. Жылжып аккан салаа-салаа ар булактын суусу дайрага кантип барып кошулуп каларын билбейт. Мен ошондой болгомун. Турмуштун агымына батпай, ташкындап турган учурум. Кайсы дайрага барып кошуларымды анда кайдан билиптирмин… Багытым жок, бирок дымагым шумдук эле. Айтору, бирдин ичинен чыгар көздөнүп жүрчүмүн… Театр өнөрүнүн улуу реформатору Константин Станиславскийдин илимий-теориялык да, практикалык да эмгектерине кызыгуум күч болучу… А бирок күргүштөгөн турмуш дайрасынын кайсы бирине барып аралашаарым али күмөн эле. Күнү-түнү укканым классикалык музыка. Окуган жерим – опера-балет театры. Ышкындай […]

Василий ШУКШИН: Кемпай

АҢГЕМЕ Башкача бир кызыктай жоруктарга барганы менен куулук-шумдуксуз жүргөнүнө жараша, ошондой эле өзүнүн бир өзгөчөлүгү сыяктанып башынан бөлөкчө бир окуялар өтө бергенинен улам аялы ага Кемпай деп ат коюп алган. Ал көбүнчө апенди чалыш күйөсү жосунсуз жорукка барганында бул атты кошо айтып жемелегени менен кай бирде анын баёолугуна ичи элжиреп “Кемпайым” деп эркелеткен тейде жароокөрлөнө да кетчү. Ал өзү ушундай болгону менен арты өкүнүчтүү окуяларга кабылуудан же жоруктарга баруудан каччу, аларды дегеле каалачу эмес. Андыктан болор иш болуп кеткен соң […]

Лао МА: Кызыл батинкелер

Лао Ма – азыркы Кытайдын көрүнүктүү жазуучуларынын бири. Анын каармандары арабызда эле жашаган, бирок көпчүлүк эл аларды түшүнүүсү кыйын болгон бала кыял, апенди чалыш адамдар. Биздин “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясынан мына ушул жазуучунун “Апенди чалыштар” деген кызыктуу китеби жарык көрүү алдында турат. Бул аңгеме ошол китептен алынды. Орусчадан оодарган Кубаныч АРКАБАЕВ АҢГЕМЕ Эки жуп кызыл батинкелүү болуу – биздин үй-бүлөнүн эки муундан бери келаткан кыялы. Балалык чагымда кыштактагы жашоо абдан эле оор болучу. Өзгөчө, акча жагынан ар бир […]

Оноре де БАЛЬЗАК: Динсиз адамдын ибадаты

Французчадан которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы   НОВЕЛЛА Париждеги окуу жай. Медицина бөлүмүнүн Европпа медицинасын өнүктүрүү борборунда атактуулардын тизмесине кирип, жаш чагында эле медицина илимин баа жеткис физиологиялык теориясы менен байыткан врач Бяньшон медицина илиминин терапевт тармагына баш багардан мурун бир топ жыл хирургия тармагында да тажрыйба топтогон. Ал алгачкы тажрыйбасын Франциянын эң атактуу медицина илиминин аалымы болуп метеордой бир жарк эткен хирург Деплендин кол алдында өтөгөн. Ал инсандын колдонгон жеке ыкмасын өзү менен кошуп ала кеткен себебин, талантынын өзгөчөлүгү жана ал […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Менин уулум

АҢГЕМЕ (автобиографиялык чыгарма) Үч тоголок эле картошка аарчымакмын. Чоң кастрюлга үйүп-жыйып, толтура аарчып коюптурмун. Такыр токтобогон купуя бир кыял-тилегим мени ушинтип өзгөртө баштады. Уулум — Дээр жөнүндө кыялга батсам эле ушинтем! Бир үйгө бараткан болсом, андан ары өтүп кетем. Кошунам тамак жасаганга бир чыны май сурап келсе, мен үйдөгү майдын баарын колуна карматып коём. Буга окшош мисалдарым абдан көп. Мына эми, бир кишилик эмес, беш киши жесе да артып кала турган картошканы жайнатып аарчып алып карап олтурам… * * * […]

Өмүрбек КАРАЕВ: Кийит

АҢГЕМЕ Кыргыз деген кызык эл. Каада-салты эң эле көп. Заман өзгөрөбү, муун алмашабы — кеп эмес. «Эл эмне дейт» деген карандай сактаныч баш мээни эзип турат. Каада-салт сактоонун бараандуусу кийит кийгизмей шарапаты. Кийит кийгизүүнүн даражалуу да, туздуусу да кыз алып бала үйлөнткөндө, болбосо кыз берип куда күткөндө жасалчу жөрөлгө. Өзгөчө кыз берген тарап не сыйлуу, не даражалуу болот. Маркабайдын алты кызы бар эле. Жоро-жолдоштору айтып калчу: «О сага пенсияга чыгып өкүмөттөн акча үмтөтүп деле кереги жок, улам бир кызыңды узатып […]