Жантөрө САТЫБАЛДИЕВ: Бизде өкмөт башчылар дайыма садагага сары улактай чабылат (2-маек)

«Элиңе адилеттик кааласаң, чыныгы ниетиңди төшөп, кеменгер адамдар менен тилектештикти чыңда. Арийне, адамдардын табият буюрган көрөңгөсү аралашканда гана ошол коомдо ар дайым жалпы кызыкчылык жаралат». Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жантөрө Сатыбалдиев менен болгон маегибиздин уландысы… – Жантөрө Жолдошевич, бу сапар да күздө болор президенттик жарышка аттанган сүрмөтоп саясатчылар оголе арбын экенине Сиз кандай карайсыз? – Эң жаманы ушуга келип калдык. Бул эми жапайы капиталисттик көрүнүш десек туура болобу дейм. Чын-чынында муну саясый атаандаштык дегенге да болбойт, жөн […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Айгыр согуш

АҢГЕМЕ  Айылдын аягында жашагандыктан, аңызга түшкөн үйүр-үйүр жылкыларды бири-бирине кошуп жибермей “эрмегибиз” бар эле. Жайлоодон жаңы түшүп семиздигинен кутуруп турган айгырлар тытышып жатып калат. Кызыгыбыз ошол. Жылкы баласы — малдын асылы. Кээ бир айгырлар канча кошсоң да бир кишенеп бээлерин чогултуп бизге жеткирбей кетет. “Мал аласы — сыртында, адам аласы – ичинде” демекчи, кай бири бээсин тарттырганына арданып, кызыл-жаян кан болуп согушат. Анан жашыраак айгырларды үйүр басып калган карт айгырлар татырактата кубалап жиберип, үйүрүн тартып алат. Кээде жаш айгырлар жаштыгына […]

Анаксимандр

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Байыркы грек философу Анаксимандр Милетский б.з.ч. 610-546-жылдар ченде жашаган. Милеттен чыккан. Ал алгачкы грек философу, «жети акылмандын» бири Фалестин шакирти. «Табият туурасында» аттуу Грецияда жаралган философиялык эң биринчи чыгарманын автору. Философияга «архэ» (принцип) деген түшүнүктү киргизген. Ал тиричиликтин баштапкы негизи – биримдик, түбөлүк; айкындыгы жок нерсе – «апейрон», ал мейкиндик менен убакыттын чексиздигин гана көрсөтпөстөн, аң-сезимдин чексиздигин да көрсөтөт, апейрондун дайыма кыймылда болушунан тынымсыз карама-каршылыктар (жылуу жана суук, жарык жана караңгы) пайда болуп, ошолордун күрөшүнүн натыйжасында өзгөрүштөр  […]

Лао МА: Алтын ооз

Лао Ма – азыркы Кытайдын көрүнүктүү жазуучуларынын бири. Анын каармандары арабызда эле жашаган, бирок көпчүлүк эл аларды түшүнүүсү кыйын болгон бала кыял, апенди чалыш адамдар. Биздин “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясынан мына ушул жазуучунун “Апенди чалыштар” деген кызыктуу китеби жарык көрүү алдында турат. Бул аңгеме ошол китептен алынды. Орусчадан оодарган Назгүл ОСМОНОВА АҢГЕМЕ Пекинге иш сапар менен барып калдым. Ал жакта жүрүп кечке жуук жумуштарымдын баарын бүтүргөндөн кийин университетте чогуу окуган эски таанышым Датоуга («Көнөкбаш») жолугууну чечтим. «Датоу» — […]

Валентин РАСПУТИН: Аялдардын сүйлөшүүсү

АҢГЕМЕ Кыш ортологон ченде Вика алыскы айылдагы чоң энесиникине аргасыз келип калды. Он алты жашында боюнан алдыруу оңойбу. Кошулган шойкомдуу тобу жолдон чыгарган эле да. Мектепти таштап, үй бетин көрбөй безип жүргөн чарк айланып. Ата-энеси кокуйлап айлампадан сууруп алганча кыз кош бойлуу болуп калган экен. Ооруканадан кийин бир жума үйдө жаткырышты, анан атасы эски «Нивасын» жүргүзүп, каяша кылганга чамасы келе элек немени чоң энесиникине сүргүндөп салды, тарбия-таалим алсын деп. Мына эки айдан бери тарбияланып, азап тартууда: курбу издебеди, чоң энесинин […]