Бетховендин сүйүүсү жана жек көрүүсү

1801-жылы Людвиг ван Бетховен кулагы укпай калганын жакын досторуна биринчи жолу ачык айтат. Ал кезде 31 жаштагы Бетховендин түнкүсүн кулагы шуулдап, жай сүйлөгөн адамдын сөзүн кыңыр угуп, анысын жашыруу үчүн элден кача баштаганына беш жыл аяк баскан эле. Бетховендин “Мен аянычтуу өмүр сүрүүдөмүн. Мына эки жыл болду: мен ар кандай коомдон качам. Себеби мен адамдарга: «Мен — дүлөймүн!” — деп айта албайм да. Эгер менин кесибим бөлөк болсо, балким антсем болмоктур. Артисттердин үндөрүн даана угуш үчүн театрда оркестрдин жанына отурганга […]

Султан РАЕВ: Эшек

АҢГЕМЕ Кыйчылдаган арабаны тарткан эшекти мойнуна тагылган жүк эмес, кулагын ийнедей сайып турган ушу үн тажатты… Ал демейде мал сойгон жайдан жаңы эле союлуп, ысык кандын жыты келген уйдун, койдун, жылкынын, кээде топоздун этин касапка жеткирер эле. Бу аңги эшекти да жаштайынан бычып салган. Ал чурку. Ургаачы эшектерди көз менен гана атып койгону болбосо, бу макулукта сезим дегенден таруунун башындай кыпын болсо не. Эртели-кеч союлган малдарды касапка ташыйт. Кээде мээ кайнаткан ысыкта, жамгырлуу нөшөрдө, кычыраган кышта, туманда, баткакта, шамалда жаны […]

Олжобай ШАКИР: Жинди кыштак

АҢГЕМЕ Карабостон, аңгидей Болгону кенедей айыл. Союз убагындагы аты – Калинин, азыркысы – Акталаа. Кенедей айылдын үркүн мезгилдеги бир окуясы бар. Ошондо биздин айылда беттегенинен кайтпаган Жумабайдын (аны биздин айыл көкмээ Жумабай дейт) айтканын кыргызың укпай коюптур. Болбосо ошол кыргындан кыргыздын далайы аман-соо калмак экен. Жумабай элдин алдын тосуп: «Тескейдин тоосуна качкыла» десе уккан жан болбоптур. Айласы кеткен Жумабай өзүнүн үйбүлөсүн алып тескейди беттеп кеткенин көргөндөр «оюна келгенди кылган көкмээ» дешип, кытайга ашып кетишет. Кийин алардын көбү кайтып келбегенин эмдигиче […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Сыйкыр сөз

ЖОМОК Айбек атасына күндө жомок айтып бер дейт. Атасы билген жомокторун айта берип, анысы түгөнүп калды. Дагы бир күнү жомок айт деп кыйнаганда атасы жомогун баштайт: – Илгери бир кемпир болуптур. Кемпир тоодо жашачу экен. Ал кемпирдин танкасы болуптур… – Кемпирдин танкасы болбойт. Андай эмес,– деди Айбек атасынын сөзүн бөлүп. – Танка тоого кантип бармак эле? – А, болуптур,– деди атасы,-–мен унутуп койгон турбаймынбы. Чын эле танка тоого чыга албайт да. Анда кемпирдин вертолету бар экен. Кемпир вертолётун айдап, асманга […]

Ийгиликке жетсең эле күйөөсү маңдайында турганына карабай сага шыйпаңдаган аялдар көп кездешет

Генри Уилер ШОУ (Жош Биллингс) (1818-1885), америкалык жазуучу Айлабызды майда-чүйдөлөр кетирет. Айталы, чымын эмес, пилден буйтаган оңой. * * * Дүйнөдө эң оор, эң жагымсыз нерсе – өзүңдү өзүң таануу.   Тристан БЕРНАР (1866-1947), француз жазуучусу Эгерде сиз айткан азилге колуктуңуз шыңкылдап күлсө, демек, азилиңиз укмуш же колуктуңуз. * * * Эгерде досторуң менен ысык мамилени сактагың келсе, алар менен көп жолугушпа. * * * Аял аялга карышкыр.   Хорке Луи БОРХЕС (1899-1986), аргентин жазуучусу Биз прогресстин болоруна ишенбей калсак […]

Анвар АМАНГУЛОВ: Багыш

АҢГЕМЕ Аксаргыл түстөгү айбандын жат жана жагымсыз жыты «бур-р» этип мурунга урду. Алдар алынын жетишинче эки колдоп ага жармашты, бирок колго илинер эч нерсе болбогондуктан ал акырындап капталга жылмышып баратты. Багыш да бир жолу октос берди эле, Алдар араң кармалып калды. Күңүрт демиккендик кышылдоо менен коштолгону айбанаттын арбайган мүйүздүү чоң башы көрүнгөн тээ алды жактан угулду. Алдардын жаны оозуна келе түштү; таштай түйүлгөн булчуңдарынын диртилдегенин сезип, ал коркконунан аз жерден сийип коё жаздады. Багыш ар бир кадамы сайын аны экчеп, […]

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ «Дин – бул балдак» деди

Бүгүнкү маектешибиз сөздүн кеңири маанисиндеги улутчул замандаштарыбыздын бири – Жыргалбек Касаболотов. Коомчулукка журналист, конфликтолог, акын катары белгилүү. Калемдеш досубуз менен учурдагы улут коопсуздугу жана диний жааттагы баарлашуубуз окурмандар арасында кызуу талкууларды жаратышы ыктымал… Кимде ким маектешибизге каршы каяша айтаар болсо, «РухЭш» сайты баардык тараптарга сөз берүүгө даяр. — Жыке, улут маселесинин тегерегинде олуттуу ойлорго жем таштап келесиң. Ошондон улам бүгүн да бул маселеден кыйгап өталбайт болушубуз керек. Кепти улуттук коопсуздук жаатында улантсак дейм. Себеби коопсуздук дегенди кеңири, терең маанисинде кеп […]