АҢГЕМЕ

Карабостон, аңгидей

Болгону кенедей айыл. Союз убагындагы аты – Калинин, азыркысы – Акталаа. Кенедей айылдын үркүн мезгилдеги бир окуясы бар. Ошондо биздин айылда беттегенинен кайтпаган Жумабайдын (аны биздин айыл көкмээ Жумабай дейт) айтканын кыргызың укпай коюптур. Болбосо ошол кыргындан кыргыздын далайы аман-соо калмак экен. Жумабай элдин алдын тосуп: «Тескейдин тоосуна качкыла» десе уккан жан болбоптур. Айласы кеткен Жумабай өзүнүн үйбүлөсүн алып тескейди беттеп кеткенин көргөндөр «оюна келгенди кылган көкмээ» дешип, кытайга ашып кетишет. Кийин алардын көбү кайтып келбегенин эмдигиче кеп кылышат. А Жумабай биздин айылдын үстүндөгүле бир үңкүрдө жашырынып калып, үйбүлөсүн эчбир өлүм-житим, ачкачылык бетин көргөзбөй эсен-соо сактап калган экен.

Азыр ошол үңкүр Жумабайдын үңкүрү аталат. Анысы ал, кийин Октябрь революциясы жеңгенден кийин кыргыз турмушу кыштак кыштакка бөлүнүп отурукташа баштаган мезгилде баягы беттегенинен кайтпаган Жумабай колуна узун аркан көтөрүп, күнү-түнү «аркандын учун кармашып кой» деп урушпаган кишиси калбаптыр. Урушкан себеби, «бул жерге үйлөр курулат, мынабул жерде көчө болуш керек» десе, өмүрү жалгыз аяк жолдон башканы көрбөгөн кыргызың, Жумабайга «көкмээ» деген атты ошондо коюп алыптыр. Бирок кимдин көкмээ, кимдин көрөгөч экенин мезгил кийин көрсөтөт. Азыр Атбашынын кайсы айылына барба, теректери дүпүйүп, көчөлөрү эң ирээттүү жайгашкан кыштактын бири биздин кыштак. Бүгүн ошол кенедей айыл эки топко бөлүнүп жашайт. Кыштактын жогору жагы – аңгидейлердики, төмөн жагы – карабостондордуку. Аныгында бул эки топ уруунун аттары дешет. Бирок чын-төгүнүн эч кимиси так айталбайт. Аңгидей, карабостон экөө кайсы чоң уруудан тараганын билген кишини таппайсың. Билгендери: тээ илгертен эле ушундай бөлүнүп келген. Демек, бүгүн да бөлүнүп жашашы керек окшойт.

Бир айылдагы бул эки топко азыр ынтымак керек экенин баарыле айтат, түйүндүү маселеге келгендеби, тартышып гана турушат ко. А түгүл бири-биринин төбөсүн айра чаап, кырчылдашкандарын көрчү болсоң, ох-хоо… жанагы эрежесиз мушташка чыккандар карап эле отурмак. Керек болсо буура сандуу аларыңдын мыктысы да биздин айылдагылардын чоң муштумдарына кемер курун тарттырып иймек. Ушундай да болобу, бир-бирине койгон аттары укмуш. Карасаң: Чаркөпкөн, Төөжинди, Чуутай, Сопу, Дүмпөр, Тырык, Чолок, Тартаке, Көкмелтей, Чырмамбет, Будуң, Опон, Быпын, Мата, Шоңке, Тырайке, Чаар, Шамшы, Матес, Каакы, Сөпөн, Чымындай, Чиркей, Дадый, Майтөө, Шатан, Сөлпү, Чөкүш, Төөкөз, Козу, Жөжө, Чоңата, Танка, Апенди, Куукай, Шапай, Дулдук, Баканооз, деги койчу, мен атабай кеткендери канча. Себеби таарынып калчулары да бар дегендей… Алардын аттарын атап чыксам, кийин мени айылга киргизбей коюшабы… Дегеле бири-бирин азандагы атынан атагылары келбейт. Болбосо ушундай ысымдарды атаганга азан чакырган кишинин оозу барабы? Чынында биздин айылдагылар бирине-бири ат койгонго кыйын. Мурда-мурда огородуна пияз, чеснок өстүргөн кишини көрсө бирин-бири Мичурин деген үчүн дыйканчылык кылгандан да уялышчу, бирок азыр антишпей калды.

Агер карабостондогу бир эстүүсү аңгидейдеги же аңгидейдеги бир эстүү карабостондогу бирөөгө жакшылык кылып койдубу, бүттү, жүз карашпайт. Ошонүчүн бирине-бири жакшылык кылгандан чочулайт. Кээсинин балдары жинди чыкса, «балам буюрса чоң муштум болот» деп сүйүнгөнүн айт. Дароо андай баласын аңгидейи карабостонго же карабостону аңгидейге тукуруп чоңойтот. Анан эле ал немеси 1-класска баргандан баштап ким аңгидей, ким карабостон экенине карап өз муунунун атаманы болуп чыга келет. Мектеп босогосун аттаган балдар тез эле аңгидей менен карабостонго бөлүнгөнүн мугалим байкуштар тээ илгертен эле койдуралбай келет. Азыр да союз убагындагы клуб менен чоң дүкөн талкаланып калып жакшы болду. Болбосо клубга кино коюлуп же артисттер келди дегиче күнү кур эмес мушташ чыгарып турушчу. Себеби клуб аңгидейлердин көчөсүндө, чоң дүкөн карабостондордун көчөсүндө болгондуктан «сен эмне биз жакта төшүңдү жайып басасың!» деген шылтоо менен кырданып, кырчылдашып калышчу. Мушташ чыкчу жер көп учурда чоң дүкөндүн же клубдун арты болор эле. Анан мектептин тегереги. Анткени улуулардын мушташы жөнүндө кичинелер укса, намыстанбай коёбу. Ушул намыс дегенге келгендеби, чоңу да, кичинеси да жемин жедирбейт ко…Баса, бул айылды жакшы билген райононун чоңдорунун качантан берки бир баш оорусу болор эле. Ал – айыл башкармасын бекитүү. Кокус, аңгидейлиги же карабостону айыл өкмөтү болуп калса, душманга жеңилгендей чамынып чыгышат. Айыл өкмөтүн иштетпейт. Азыр эми айыл өкмөтүн шайлоого келгенде, сөзсүз сырттан келген бирөө бекип калгандын эртеси «аттиң ай, аттиң… өзүбүздө татыктуулар толуп атса, акмак элбиз» деп тебетейлерин бозала чаң жерге урат да, турат.

Шайлоо демекчи, намыс демекчи, айрыкча чоң шайлоонун мөртү келгенде моңолдор менен чериктин намысы ушундай бир козголот. Бирөө эле элдин атынан сүйлөй берет. Элге эң биринчи басып келген шайлоонун талапкерине: «Эл минтип атат, тигинтип атат»; «Элге баланча акча төлөсөң эле добушубузду сага салабыз»; «Өзүбүздүн уруунун кулуну экенсиң, элдин кебинен чыкпа»; «Сенин атаандашың үймө үй кыдырып, Ала-Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык менен көчөмө-көчө элди ыраазы кылып кетти»; «Сенин атаандашың эбак эле элге берчүсүн берип койгон» деген кептер менен эч бир талапкердин буту басып келелек болсо деле алдынала дүрбөлөңдү баштап коёт. Болду. Шайлоонун аркасы менен эл атынан сүйлөп, элди ошол бийлей баштайт. Анан эле эл да, шайлоонун талапкери да ошонун айтканынан чыкпай, кайбардын жүзүнөн шайлоо бүтөр-бүткөнчө май тамып турат.

Бул кыштактагы бечара турмушта жашагандардын башына жамандык келбесин. Үрүп чыгар ити жок отурган үйбүлөлөрдөн бирөө-жарым өтүп кетчү болсо, намысты гана кеп кылгандарычы. Бир уруудан чыккан аксакал өңдүүлөр басып келип: «Намыс деген бар. Жылкы сойбосок, уруубуз менен уятка калабыз. Карызга болсо да жылкы соёлу» деп туураланат. Кыйын болсоң каршы сүйлөп көр. Жаагыңды жап кылышат. Өзүнүн кейпине карасаң, жыртык өтүгүнөн чулгоосу булайып чыгып жүрөт, а сүйлөгөн сөзү намыс. Алар үчүн кара мал союлбай калсале намыс. Бирок моюнга алыш керек, агер жамандыкта кара мал союлбаса, топурак салганга басып барбай тургандар бар экени чын. Мал союлары менен «Канча эли чыкты?»; «Өткөндө баландайдын балдары сойгон эки таман жылкыдан семиз бекен?»; «Жылкыны кайдан таап келишти?» сыяктуу суроолор туш-туштан жылжып чыгат. Чогулгандардын маркум жөнүндө сөзү мал союлары менен токтоду дей бер. Топ эркектердин сөзү ким келди, ким кетти, ким канча кошумча апкелди; катын-калачтардыкы баягыле жыртыш жөнүндөгү шыбыр-гүбүр. Ары жакта пейил жөнүндө сөз кылып аткан казандын башындагылар болсо маркумдун үйбүлөсүндөгүлөрдүн көзү мындай болору менен жилигин жилик, чучугун чучук бойдон ташып жөнөйт.

Айылдын жоруктарына башын чайкаган Эшмамбет, Ырыскелди, Асылбек, Мүсүраалы, Өмүраалы, Токторбой, Токтаалы, Кадыр аттуу аттуу-баштуу аксакалдары деле толтура. Бирок алар эл ынтымагын кеп кыла берип, качан эле тилдери тешилген. Жаман да көрүнүп бүтүштү. Болбосо керемет чалдар. Ошолордун көзү турган үчүн айыл ынтымагы ыдырабай турат. Маселен, баягы көчөдө жер сүзүп жаткан мастарды, багар-көгөрү жок бечаралардын малын уурдагандарды тартипке чакырган ошолор. Ошолордун айтканы менен биринин тың оокат кылганын экинчиси үйрөнүп, жамаатташмайга өтүптүр. Колунда бары колунда жокко берип же колунда бардын малын багып, ишин жасаганды айыл аксакалдары какылдап какшаган үчүн көчөдө колоктоп жүргөндөр азайгансып калыптыр. Масты көрсө «сен айылда бузуку болбой, ичсең бекинип ич» деп аксакалдар зекиген үчүн бөтөлкөнүн түбүн жалагандар корунуп калышкандай.

Мынча болду эми биздин жинди кыштактын бүгүнкү жаңы замандагы окуяларынан кыстырма. Сөздү адегенде Саку деген досумдун өтүнүчүнөн баштайын. Анын чын атын деле билбейм, качантан эле Саку болуп жүрөт. Жанымды койбой, качан болсо «достугубуз кайсы, мен жөнүндө гезитке бирдеңке чыгарсаң боло» дегени бар. Өзү мал багат. «Сенин эмнеңди жазмак элем» дейм. «Эмне кылсаң да мен жөнүндө бирдеңке жазып атымды чыгарсаң…» деп жанды кашайтат десең. «Сен сөз баккан кишисиң, мен мал багам. Бирок мал өлүп калат экен, сөз өлбөйт турбайбы» дегенинен, «жазам» деп убада кылып койгом. Эмесе ошол чын дилинен каарман болгусу келген Сакунун өзү жөнүндө эмес, айтып бергендери бар, кыпчый кетейин.

Айылда Каражинди деген бар. Кесүү кайтарганды жакшы көрөт дейт. Башкалардын кезүүсү келгенде «мен кайтарып берейин» деп чыгат экен. Ким эле керээлден-кечке мал артынан жүргүсү келсин. «Кайтарсаң кайтар» деп бир күндүн акысына 30 сом да беришет дейт. Бирок кеп 30сомдук акыда деле эмес экен. Кеп, Каражиндиң малды таалаага алпарып, кылбаганды кылат тура. Бир күнү токой жактагы жапсардан эчкинин бакырганын угуп, бастырып барбайбы. Мүмкүн сазга тыгылып же өйдөлөнүп калганбы дептир. Жок, жакындасале Каражинди эчкинин басып жатат. Эчкинин үнү болсо ай-талаага жаңырат…

Көргөн көзүмө ишенбей, келмем оозуман түшүп калган, ангыча арттан Каражинди бакырды дейт. «Саку, токто». Жакшыле укмаксанга салдым, бирок кайрылбаска болбоду. Карасам, Каражинди этек-жеңин кагып, ордунан туруп, мен жакка басты дейт. Мен да сыр билдирмексен болоюн дегичеле, «эчки тыбыттап аттым эле, ууру кылганымды көрүп калдың. Кел, эми ооз басырык кылайын», – дептир. Көрсө, көроокат үчүн элдин эчкисин тыбыттап сатат экен.

Биздин жинди кыштактын дагы бир кызык окуясы бар, аны да Саку айтып берген. Ал мындай: айылдын тескей жагында Ташкыя деген керемет көкжайык тоодон ылдый шар суу агат. Шар суу кыштакка кире берген жерден, сай болуп кетет. Сайда бир түндүктөй жалпак боз таш жатат. Бетинде кетмендин башындай ат туягы кирип кеткенсиген оюк бар. Эмне оюк экенин арким аркандай айтып жүрөт. А Саку болсо «Манастын Аккуласы ушул жерден өтүптүр», – деп уккамын дейт. «Бул деген Аккуланын туягы», – десе, Меке экөө (Саку экөөбүздүн досубуз, аты – Мелис), талаша кетип, бирин-бири кызыл-жаян болгончо сабаптыр. Саку досум:

– Атамдан уккам, бул жерден бир кезде Манас баатыр кытайлардын артынан кууганда Аккуланын туягы ушул ташка матып кетиптир.

Анда Меке чыгат:

– Так ошол атаңдын башы! Бул таш эмне, ал кезде пластилин бекен? Таш деген таш. Ал качан болсо таш. Ушуга кантип аттын туягы кирип кетсин? Кудайды карасаң боло! Манас эмне, кытайды ушул Ташкыяга кубалаппы? Кубаласа… тетиги Торугартты ашырып кубалагандыр да…

– Анан бул ташка Аккуладан башка кайсы аттын туягы матып кетти дейсиң!

– Манаска бул жакка бышырып коюппу? Эмнеге келмек эле?

– Андай болсо биздин айылдан алыс эмес жерде Кошой коргон эмнеге турат? Демек Манас Кошойго келиши мүмкүнбү?

Муну уккан Меке:

– Бул деген тарыхчылар тактай турган факты, – деп жиндейт.

– Фактыңды урайын! Факты деген ушул да, жакын жерде Кошой коргон турабы? Турат. Кошой Манаска акыл кошчу аксакалдардын бири болгону чынбы? Чын.

Кыскасы, бирине-бири таш жөнүндөгү уламышты далилдей албай талашкандан мушташа кетип, Мекени Саку, Сакуну Меке көгала койдой сабаптыр.

Саку мага ушуну айтып берип, «а тарыхчылар муну качан талашат? Же кийин менин балдарым менен Мекенин балдары «атам айттыле» деп биринин башын бири жара чапкандан кийинби?» – деп жүрөт.

2005-ж.

One Reply to “Олжобай ШАКИР: Жинди кыштак”

  1. Кара-Кулжадагы Кара-Кочкор айылында беш-алты кожолук тасмаларды эсепке албаганда жалаң моңолдор жашайт. Элүү жылдан бери «ылдый жак» «жогору жак» болуп бөлүнүп урушканы урушкан. Биздин кыштак деле «Жинди кыштак» окшойт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *