АҢГЕМЕ

Кыйчылдаган арабаны тарткан эшекти мойнуна тагылган жүк эмес, кулагын ийнедей сайып турган ушу үн тажатты…

Ал демейде мал сойгон жайдан жаңы эле союлуп, ысык кандын жыты келген уйдун, койдун, жылкынын, кээде топоздун этин касапка жеткирер эле. Бу аңги эшекти да жаштайынан бычып салган. Ал чурку. Ургаачы эшектерди көз менен гана атып койгону болбосо, бу макулукта сезим дегенден таруунун башындай кыпын болсо не. Эртели-кеч союлган малдарды касапка ташыйт. Кээде мээ кайнаткан ысыкта, жамгырлуу нөшөрдө, кычыраган кышта, туманда, баткакта, шамалда жаны тыным албай, касапка эт ташыганы ташыган. Чырым эткенге убактысы жок. Куш уйку көздөн учат. Эшектин жашоосу да эшектикиндей. Эмгеги адал, өзү арам бу жаныбардын жазыгы ушу…

Күндөрдүн бир күндөрүндө килтейген үстү жабык жүк ташуучу машинеден быкпырдай кайнага эшектерди түшүрүп жатканын көрүп калат. Мынча эшекти көрбөгөн жаны, аларды карап айкырып ийгени да азыр эсинде турат. Ал ошондо көргөн… Өзү сындуу эшектер да, башка туяктуулардай эле келбеттүү болоорун. Алардын арасында эшектин не бир түсү жок. Мынча эшекти көрүп жетине албай кеткен чуркунун  айкыргандан  эги түшүп калган. Коделек  ээрчиткен ургаачы эшектер да андан көп. Эшекти келесоо адам эле келесоо дебесе, бу жаныбардын акылы алда канча тирик экенин эч ким билбейт. Билгиси да келбейт. Эшек. Мына ушул сөз менен гана бу жаныбардын аты да, заты да бүткөндөй…

Эшек айдалып келген үйүрдүн ургаачыларына карай  айкырганы менен аларың  аны көзгө илбей, бычылган денесин байкатпай эле туюк сезип турду. Бирөөсү ага карап, каш кагып  койсо не?.. Эки ирет айкырып алып, кожоюндан как чокуга камчы жеди…  аны алыстан байкап турган ургаачы жаш эшек шакаба чеккенсип, куйругун шыйпаңдатып “мына сага” дегендей катар-катар тезегин да таштап ийди… бу жаш эшек, көптүн арасынан айырмаланып, жүнү ак, моюндары кудум эле маралдыкындай койкоюп, эки тикчийген кулагынын ортосунда капкара көкүлү бар. Эшектин мээсинде сезим болгону менен, денесинен эбак кумар каны буулуп калганын азыр сезди. Анысын билмемишке салып, эркектик сезимин козутуп көрмөккө бир-эки курдай аракет кылды эле. Көчүгүнөн желден башка эчтеке чыккан жок… Эшектин сулуулугу  көзүнөн башка денесине таркай албады…

Ушу таттуу кыялга арбалып турган эшектин жонуна баягы ачуу камчы кайра тийди. Кыялы “чырс” үзүлүп… ал кайра эт базарга  карай жол тартты… арабанын үстүндө жаңы союлган уйдун жыты…

Эшек эт базардан  кеч кайтты…

Кечээ күнкү  жаандан калган чыла сууну шимирип ичти да, курап, сөңгөгү катып калган жүгөрүнү керте чайнап сугунуп алды. Курсагы өзөк жалгап, көздөрү мемиреп,  турган-турган жеринде көзү илеше кетти… Эшектин бактысы ушу да… Ага андан ашыкчасы… ашыкча…Төбөдө ай… жылдыздар… түн… Абалап, касаптын тегерегинде жугунду аңдып жан баккан дөбөттөрдүн, артынан самсаалап иттерди эрчиткен машкелердин  үндөрүн уккусу да жок…

Эшектин көшүлүп кеткен уйкусун мал сойгон тараптан чыккан ачуу үн бузду…

Бу үн уйдукуна да, койдукуна да, жылкыныкына да, топоздукуна да окшобойт… Бир башка кулагына угулду. Эшектин бүткөн бою дүркүрөп кетти… бу эшектин үнү. Эшектин үнүн айрый албай өлүпбү?.. Үн ачуу чыкты… ал үнгө экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, эми… кулагына дүйнө эшектери ачуу кыйкырып аткандай угулду… Үн артынан үн… Бу мал сойгон жерде майрам болуп жаткандай жугундукор дөбөттөр шүйшүңдөшүп, топ-тобу менен эт талашып ырылдашып атты… Канчыгы да, эркеги да тумшугун жаңы эле союлган эттин таштандысына тыгып, көздөрүндө ач көздүк ойнойт…

Түн бою эшектин ачуу үнү ааламды бийлеп алды.

Бу чурку эшек мындайды биринчи ирет көрүп отуру…

Эпаадам анын  “Туяктуунун баарын союшат, неге эшекти сойбойт?” деп айбандык арга алдырган жайы да бар. Мына эми кезек эшекке да жеткен экен… Айтмакчы, бир ирет ал карт эшектен да сураган: “Малдын баарын союшат, бизди эмне?.. Этибиз арам, ишибиз адалбы? Карыганда да  жөн өлбөйсүң, жардан ары кулатып ийет… ” деп. Анда көптү көргөн карт эшек “Биз, жуттун, акыры замандын макулугубуз… Качан жут келип, акыры заман жакындай баштаганда гана бизди сое башташат…” деп какшанып алган. Ошо  карт эшекти да, таптакыр эле жүрбөй калганда,  жарга түртүп ийген… Сөөгү бир айдай сасып, карга кузгунга жем болду…

Эшектин үрөйүн учурган ачуу үндөр таңга жуук барып  токтоду…

Таң супа салып,  эми эле каш кабак агара баштаганда баягы кыл мурут ээси келди. Андан күндөгүдөй эле арактын жыты буркурайт. Эшек адамдын жыты ушундайбы деп да боолгоп кетет… “Көнгөн адат калабы, эшекке жүгөн салабы” кайран эшек жонун бу ирбейген немеге тосуп берет, ал адатынча камчы менен жон аралаш берип калат. Бул анын саламдашканы.

Эки дөңгөлөктү арабаны моюнга илет да, илкий басып мал сойгон жайга келет. Бу көндүм иш ага.

Бажактаган кызуу касапчылар арабага эттерди ташый баштады. Сулп-сулп эттер арабага үстөккө-босток ыргытылып жатты…

Арабанын жүгү оорлошкондо эшектин мойну да өйдө көтөрүлүп, аны төрт туягын тыбыратып асманга илип койгондой болот. Бу сапар жаңы союлган  этти батышынча шыкай жүктөштү. Бир маалда эшектердин баштарын алып чыга баштады. Аны да арабага, алдыңкы жагына жүктөдү. Эшектердин башын, тиш ортосунан сулайып чыгып калган тилдерин көргөндө, чуркунун  буттарын калтырак басты. Дене бою дүркүрөдү… Этти энесинин өчү бардай жүктөгөн балжаңдаган кызуу касапчылар чийдей арык кожоюнун  буттан алып, эшектин үстүнө чыкчырылта кыздын баласындай отургузушту. Алдын бүт кан болгон алжапкыч менен жаап алган эңгезердей эткээл киши ушу тушта буту менен эшекти көчүккө тээп калды. Эшек сийип ийди. Эңгезердин тепкенине  эмес, коркконунан. Арабадагы баштарды көргөндө, таптакыр өзүн жоготту. Чийдей арык кожоюн камчы менен ушу тушта эшекти как мээге берип алды. Ал ордунан күч менен жылды.

Бүгүнкү тарткан жүгү алда канча оор эле…

Эшек илкий басып келатты. Кулагында баягы кыйч-кыйч деген үн. Ал мойнун кылчайтып артка бурулуп караганда, көзүнө кече күнкү жаш, ургаачы эшектин тумшугу көрүндү… Көздөрү жумулуп, кооз көкүлү кан, көзү жумулуу… Анын жанына катарлаш дагы бир эшектин башы, аерде бирөө гана эмес… бир нече экенин кайдан билсин?..

Бүгүн түшүндө бу эшек ушу жаш ургаачыны көрбөдү беле?..

Экөө тасыраң таскак салып, бири-бирин жыттагылап, кып-кызыл чоктой кызгалдактардын арасында жүргөн… Моюндаша жытташкан… жаш ургаачынын жыты да кудум тумшук учунда тургандай сезилди… Эшектин көзү көргөн түшүнө арбалып, туяктары кайда алып баратканын да сезбей калды. Аны  бу таттуу кыялдан алдыдан чыккан машиненин кулак жарган үнү, чийдей арык кишинин камчысы ойготту.

Машине кечегидей оор жүк ташыган, үстү жабык эпти чоң эмес. Анда да эшектер…

Эки дөңгөлөктү арабаны акыркы күчү менен тартып бараткан  эшектин жадына карт эшектин айтканы түштү…

Ал анда “Биз, жуттун, акыры замандын макулугубуз… Качан жут келип, акыр заман жакындай баштаганда гана бизди сое башташат…” деген… Бирок бу макулук ошо карт эшек  айткандын баары мынчалык жакындап калганын кайдан билсин?..

Кыйчылдаган араба. Эшек…

Эт базарга … аз эле калды…

0 Replies to “Султан РАЕВ: Эшек”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *