ЖОМОК

Айбек атасына күндө жомок айтып бер дейт. Атасы билген жомокторун айта берип, анысы түгөнүп калды. Дагы бир күнү жомок айт деп кыйнаганда атасы жомогун баштайт:

– Илгери бир кемпир болуптур. Кемпир тоодо жашачу экен. Ал кемпирдин танкасы болуптур…

– Кемпирдин танкасы болбойт. Андай эмес,– деди Айбек атасынын сөзүн бөлүп. – Танка тоого кантип бармак эле?

– А, болуптур,– деди атасы,-–мен унутуп койгон турбаймынбы. Чын эле танка тоого чыга албайт да. Анда кемпирдин вертолету бар экен. Кемпир вертолётун айдап, асманга чыгып ойнойт.

– Кемпир вертолётту айдай алмак беле?– деди Айтбек.– Ал айдаганды билбейт.

– Анда кемпирдин поезди болуптур. Паровозун кыйкыртып, ары-бери өтөт экен…

– Ата, темир жолу жок поезд кантип жүрмөк эле? Тоодогу кемпирге андай машинелердин таптакыр кереги жок. Кемпирдин улагы, күчүгү, эчкиси болот да. Ушуну билбейсиңби?

– Ошону унутуп калган турбаймынбы.

– Анда жомогуңду кайра башта.

– Илгери бир кемпир болуптур. Кемпир тоодо жалгыз жашачу экен. Аерге жан киши баралчу эмес. Анан кемпирдин улагы болуптур. Улак кемпирди ойнотчу экен. Бир күнү экөө ойноп жүрсө алдынан түлкү чыгат кыт-кыт күлүп…

– Кемпир ойнобойт,– деди Айтбек.– Кемпир да ойномок беле…

– Кемпир менен улагы экөө ойноп жүрсө алдынан түлкү чыгат…

– Кемпир ойнобойт дебатпаймынбы,– деди Айбек атасына таарынып.– Улагы өзү эле ойной берсинчи…

– Макул анда,– деди атасы,– кемпир ойнобоптур, улак ойноп баратыптыр…

– Кемпирчи?– деди Айтбек.– Ал кайда кетти?

– Кемпир тоонун боорунан гүл терип жүрүптүр. Бир кучак кыпкызыл гүл терип алыптыр. Анан гүлдөрүн кучактаган бойдон тоодон тик ылдый жүгүрүп келатса алдынан куу түлкү чыгат.

– Кемпир жүгүрсө жыгылып калбайбы. Түлкү жөн эле астынан чыгат. –Айбек атасын  тиктеп калды.

– Анда макул, кемпир келатса алдынан түлкү чыгат…

– Улагычы? Улагын унутуп койдуңбу?

– Улагын ээрчитип келатса алдынан куу түлкү чыгат экен жыла басып.

– Аны билем, баягыда айткансың, улак менен түлкү экөө жарыша кетип, улак биринчи чыгып келет…

– Бул бөлөк жомок,– деди атасы.– Түлкү, улак, кемпир үчөө жарышып, кемпир биринчи келет…

Айбек каткырып күлдү.

– Ата, картаң кемпир кантип түлкү менен улактан ашып кетсин? Аша албайт…

– Ал кемпирдин чоң шыпыргысы болот. Ошону минип, шуулдап учуп келет,– дейт атасы.

– Анда тоонун башында жашаган сыйкырчы же жезкемпир болуптур деп башташ керек. Антпесе жомоктун башталышындагы жөнөкөй эле кемпир өзүнөн өзү сыйкырчы болуп калбайт. Мындай жомокко эч ким ишенбейт,– деди Айбек мурчуюп.

– Ошол сыйкырчы кемпир жарышта биринчи чыгып келет. Анан карап тургандардын баардыгы кол чаап кемпирди жеңиши менен куттуктап, калыстар тобунун башчысы кемпирдин мойнуна медаль тагып, чемпион деген наам берет.

Айбек муну укканда аябай күлдү.

– Бул жомокко окшобой калды, ата. Ушундай жомокко ким ишенмек эле?

– Анан түлкү менен улак экөө чатак салышат: «Биз өзүбүз жүгүрдүк, бул кемпир шыпыргы минип алып жарышты, мунусу жарабайт, өзү жүгүрсүн» дешти. Кемпир айтты: «Силер деле шыпыргы минип алып жарыша бергиле» деп…

– Түлкү менен улактын шыпыргысы болбойт! Алар шыпыргыны билбейт, учпайт!– деди Айбек.

– Экөө кемпирдин шыпыргысын сурашса, кемпир бербей коёт. Анан базарга ээрчишип барышып, экөө эки шыпыргы сатып алышат да кайра жарышмай болушат.

– Ата, эми жомокко окшоп баратат. Анан эмне болуптур?– деди Айбек кызыгып.

– Ананбы? Анан көп жан-жаныбарлар чогулуп, үчөө кайра жарышмай болот. Эшек калыстыкка дайындалат. Үчөө тең шыпыргыларына минет. «Алдоо!» — деп эшек бир кулагын кыймылдатканда үчөө минип турушкан шыпыргыларын темингенде кемпир зуулдап учуп жөнөйт. Түлкү менен улактын шыпыргылары учпай, бир ордунда тура берет. Тигилер темине берип, буттары ооруп чыгат. Кемпир шыпыргысынын башын буруп, кайра артка кайтып келет да тигилерден эмне учпайсыңар деп сурайт. Тиги экөө бирин бири карап шүк болушат. Анан кемпир түлкүнүн шыпыргысын минип теминип койду эле, шыпыргы кемпирдин өзүнүкүнөн алда канча тез учуп жөнөдү. Кемпир кайра кайрылып учуп келип, улактын шыпыргысын минди эле, ал мурдагыдан да тез учуп кетти. Кемпир шыпыргынын сабына өбөктөп, бекем кармап алыптыр, болбосо жерге кулап түшчүдөй. Кемпир кайрылып келип: «Улактын шыпыргысы аябай тез учат экен, башына каска кийбесе болбойт окшойт»,- деди.

– Ата, касканы кошпосоң жомок болуп бараткан,– деди Айбек ордунан тура калып.

– Макул, касканы кошпой эле коёюн,– деди атасы. – Ошентип, жарыш бүтөт.

– Анан түлкү менен улактын шыпыргылары да учуп калабы?– деп сурады Айбек.

Атасы ойлонуп калды. Ойлонуп отуруп, жомогун кайра баштады:

– Түлкү менен улак өз шыпыргыларын минип, теминип көрүштү, бирок алардыкы учмак түгүл ордуларынан бир нукум жылып койгон жок. Анан түлкү жүгүрүп барып, кемпирдин шыпыргысын минип көрдү, ал да учпады…

– Ата, азыр эле учуп жатышпады беле, эмнеге учпай калышты? – деди Айбек таңгалып.

– Көрсө, бир да шыпыргы өзүнчө учпайт экен. Аны мингенде сыйкыр дуба окуш керек турбайбы. Ал эми андай сыйкыр сөздү алиги кемпирден бөлөк эч ким билбейт. Ал кемпир түлкүнүн, улактын, өзүнүн шыпыргысына минип, сыйкыр дубасын айтканда гана учуп жөнөйт экен.

– Сен ал сыйкыр сөздү билесиңби? – деп Айбек атасынан акырын шыбырап сурады.

– Мурда билчүмүн. Азыр унутуп калгандай болдум. Көптөн бери айтпай жүрсөң эстен чыгып кетет.

– Ата, эстечи. Жакшылап эстесең…

Атасы ойлонуп калды. Ойлонуп-ойлонуп:

Куду, муду, шудуу…
Мамбир, тамбир, камбирр…
Сулами, имали…

–Ушубу, ата?– деди Айбек атасынын сыйкыр сөздү эстегенине кубанып.

– Дагы бир сөз бар. Ошол эстен чыгып кетиптир…

– Жакшылап эстеп көрсөң, – деди Айбек.

Атасы көпкө ойлонду. Ойлонуп отуруп-отуруп акыры:

– Таптакыр эстен чыгып кетиптир, – деди эки колун жайып.

Айбек үйүндөгүлөрдөн жашынып барып, кампанын бир бурчунда жөлөнүп турган чоң шыпыргыны минип:

Куду, муду, шудуу…
Мамбир, тамбир, камбирр…
Сулами, имали… – деп шыпыргыны теминди. Шыпыргы ордунан козголгон жок. Анан ал бул сыйкыр сөздөргө уйкаштырып далай сөздөрдү айтты, бирок шыпыргы учкан жок. Аны учура турган бир эле сөздүн жетпей турганына капаланды.

Бир түнү түш көрсө ал «мади» деген сөз экен. Ошону айтып койсо минип турган шыпыргысы учуп жөнөйт. Саарда ойгонор менен шыпыргыны минип, алиги түшүндөгү сыйкыр сөздү айтат. Бирок шыпыргы учпайт. Сүйүнүп ойгонгон Айбек ал сыйкыр сөз эмес экенине капаланып отуруп калды. Мындан кийин да ошол сыйкыр сөздүн жандырмагы далай жолу түшүнө кирди, бирок ушул кезге чейин алардын бири да туура келе элек. Атасы да таптакыр унутуп салыптыр. Ал сөздү мүмкүн силер билип жүрбөгүлө, кымбаттуу балдар. Билгениңер  ушул китепти чыгаргандарга кабарлап койгула.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.