Бүгүнкү маектешибиз сөздүн кеңири маанисиндеги улутчул замандаштарыбыздын бири – Жыргалбек Касаболотов. Коомчулукка журналист, конфликтолог, акын катары белгилүү. Калемдеш досубуз менен учурдагы улут коопсуздугу жана диний жааттагы баарлашуубуз окурмандар арасында кызуу талкууларды жаратышы ыктымал… Кимде ким маектешибизге каршы каяша айтаар болсо, «РухЭш» сайты баардык тараптарга сөз берүүгө даяр.

Жыке, улут маселесинин тегерегинде олуттуу ойлорго жем таштап келесиң. Ошондон улам бүгүн да бул маселеден кыйгап өталбайт болушубуз керек. Кепти улуттук коопсуздук жаатында улантсак дейм. Себеби коопсуздук дегенди кеңири, терең маанисинде кеп кылар кезең келди. Мүмкүн караламан калк коопсуздук маселесин чегара аймагы катары гана түшүнүшү ыктымал. Эл көңүлүн кайсы коопсуздукка бурар элең?

— Эми жалпы мамлекеттин коопсуздугу жөнүндө кеп кылсак ал бүтүндөй диссертациялардын темасы. Мамлекеттеги коопсуздуктун негизги элементтеринин бири – анын элинин, жеринин бүтүндүгү, ички тартиби, куралдуу күчтөрүнүн кубаты. Мисалы, мамлекеттин жеринин бүтүндүгү чегарасынын тактыгы, бекемдиги аркылуу камсыз кылынат. Ал жагы чечиле элек, көрүп турасың. Элинин ынтымагын ошол элди бириктирип турган баалуулуктары, ыйык түшүнүктөрү камсыз кылат. Ички тартиби да ошондон келип чыгат. Баалуулуктары жок эл атом деңгээлине чейин чачырап, ар кимиси ар кайсы жакты карап кетет. Бириге турган негизи жок калат. Ал тургай “жарандардын кызыкчылыгынын негизинде гана биригебиз, салык төлөөчүлөр бийликтин ишин аныктайт” деген Батыш өлкөлөрүндө деле байыртан келаткан баалуулуктары мамлекеттин мамлекет болуп турушуна негиз болуп турат. Куралдуу күчтөрүнүн кубаты бир эсе элдин биримдигине, бир эсе экономикасынын чама-чаркына жараша болот. Ушулардын кайсынысын кеп кылалы? Ар бири өзүнчө чоң сөз го…

— Чегараны адистер кеп кылсын. Мени ошол сен айткан элдин баалуулуктары кызыктырат. Бүгүнкү күндөгү рухий коопсуздукка кептелген абалыбызды анча туйбай аткан жокпузбу?

— Руханий коопсуздук деген түшүнүк тууралуу азырынча бир пикир жок, бирок баалуулуктарыбыз жагынан чачырап кеткенибиз чын. Кээде сүйлөшө келсең ар бир адамдын аң-сезими кайсынысына артыкчылык берээрин билбей так ортосунан эки-үчкө бөлүнүп жатканын көрөсүң. Анткени бизге ушу тапта үч чоң күч абдан катуу таасир тийгизип турат. Ошолордун бири – орус медиалары. Балдарыбыздын тили орусча чыгып атат. Анткени күндө көргөнү телевизор, ал жактагы мультфильмдердин 99% орусча. Биз алган маалыматтын баары орус тили аркылуу келип атат. Бизде иш кагаздары да адегенде орус тилинде түзүлүп, андан кийин гана кыргыз тилине которулат. Ошондон улам орус тилинин грамматикасы кыргыз тилиндеги тексттерге таасирин тийгизип, тилибиз бузулуп баратат. Дүйнөнү да орус тилиндеги маалымат каражаттарынын көзү менен карап келатабыз. Кайсы тил көп пайдаланылса ошол тил утуп, кайсынысы аз пайдаланылса же которулган текст түрүндө гана жашаса ал күчүн жоготуп, соолуй баштайт. Бул маалымат жаатындагы көзкарандылык, тилибиз үчүн кооптуу абал. Эгемендик кыргыз тилинин чындап мамлекеттик абалга келишине, коммуникациялык жактан жалпы элдик биримдикти камсыз кылган тилге айланышына ойдогудай шарт түзгөн жок. Орус тилинин расмий статусу, жетекчиликтин кыргызча ойлоно албаган, иш жүргүзө албаган өнөкөтү ушунча жылдан бери кыргыз тилин бардык тармактарда жөөлөп келатат. Бул биринчи стратегиялык коркунуч.

Экинчиден биздин саясый система эгемендик алгандан бери Батыш кыртышына жакындап, жеке менчик, адам укуктары, индивидуалисттик психология деген нерселер турмушубузга күргүштөп кирди. Кыргыз эли кылымдар бою жамаатчыл коом болгондуктан СССРдин башка элдерине салыштырмалуу социализмдин идеяларын жеңилирээк кабыл алган. Ошол учурдагы орусташтырууну, тарыхты бурмалоону жана башка жактарын эске албаганда, коомдук түзүлүш катары социализмдин идеялары кыргыз кыртышына эптүү жалгашып, илимдин, эл чарбасынын, маданияттын мыкты үлгүлөрүн бергенин тана албайбыз. Ашкере орусташтырууга деле өзүбүздүн эле жетекчилер күнөөлүү болгон. Болбосо ошол эле Өзбекстан, ошол эле Грузия өз тилин ошол совет мезгилинде деле жакшынакай сактап калбады беле? Бир нерсеге кирсе баш-оту менен кирип кеткен улуттук мүнөзүбүз ушундан да көрүнүп турат. Кыскасы, социализм кыргыздардын улуттук психологиясына жакыныраак болчу.

Чыныгы сыноо союз тарагандан тартып, жеке менчик, адам укуктары деген түшүнүктөр киргенден тартып башталды. Жай турмушта эзели агын сатпаган кыргыз агы тургай баарын сатканга баш койду. Базар заманына ылайыкташпаган далай үй-бүлөлөр ыдырап жок болду, акчанын арааны үстөмдүк кылып, берген добушуң, кыздардын денесине чейин бүт сатылды. Улуттук психологияга абдан катуу сокку урулду. Бир нерсе десең “адам укуктары ушундай” дешет. Чоң сыноонун бири ушул. Анткени кыргыздардын мындай заманга тарыхый иммунитети болгон эмес. Кыргыз элинин көчмөндухка негизделген тарыхый тажрыйбасы – бүтүн бойдон соода-сатыкка, баарын менчиктештирген отурук цивилизацияга карама-каршы келген дүйнөлүк өнүгүүнүн экинчи уюлу. Ишенбей атасыңбы? Так ошондой, ашык-кеми жок. Ошол экинчи уюл биринчисине тартылганда далай түшүнүктөргө доо кетет, адамдын аң-сезими так  ортосунан экиге бөлүнөт, бир топ тагдырлар талкаланат. Ошондой эле болбодубу?

— Акыркы учурларда кайда барбайын, ата-энелер менен сүйлөшүп отуруп, балдары кайсы мектепте окуп атканын сурасаң, “медреседе билим бекер экен, уулум медреседе окуп атат” деген көрүнүштөргө көп кабылдым. Бу бекер билимдин артында эмне жатат – муну көбү ойлонбой аткан жокпу? Демек, диний багытта гана билим алып, бирок турмушка кереги жок билим ээлери кантип нан таап жейт деп ойлойсуң? Алланын буюрган ырыскысы бекерпоздордун колуна кайдан келер экен?

— Сен айтып жаткан көрүнүш – үчүнчү коркунуч. Кыргыз эли учурунда ислам динин өз ылайыгына жараша гана кабыл алган. “Кыргыздын салты менен дининин ортосунда карама-каршы жок” деп миң какшаган күндө да карама-каршылык болгон жерлер көп эле бар. Кыргыз эли өз салтындагы динге же динде калыптанып калган адаттарга карама-каршы келген жерлеринде өз эрежесин биринчи орунга коюп, диндин нормасына тебелетпей жашап келген. Динди кыргыздаштырган. Маселени ошентип чечкен. Эми ошол диндин өзү геосаясый күчтөрдүн шыкагы, каржылык демөөрү менен кийинки учурда ого бетер фундаменталисттик мүнөз күттү, дымагын күчөттү. “Биз уруксат берген салттар кала берсин, дин уруксат бербегендери жоголушу керек”, “Дин уруксат берген нерселерге салтка карабастан тоскоолдук болбошу керек” деген позицияга өттү. Буга “адам укуктары” деген түшүнүк, аны элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюу эң сонун шарт түзүп берди. Ар ким билгенин намазын окуп атат.

Ал эми диндин бир өзгөчөлүгү бар – ал кайсы жерден таратылса, адатта ошол жактын тартибине баш ийдиргенге, түшүнүктөрүн киргизгенге аракет кылат. Тараган жерин өз мамлекетиңден ыйык көрсөткөнгө аракет кылат. Мамлекетиңдин, улутуңдун кызыкчылыгынан диндин кызыкчылыгын жогору койдурат. Анткени Кудайдын атынан сүйлөйт. Акыры динди гана ойлогон ашынган динчилдер менен улуттук кызыкчылыкты ойлогондордун ортосундагы ички карама-каршылыктарга алып келет. Убагында христиан дининде чиркөөнүн аша чапкан ролун танып, протестант кыймылы кан төгүлгөн согуштардын аркасында бөлүнүп чыккан. Алардын деле талап кылганы – “чиркөөнүн, дин кызматкерлеринин бизге кереги жок, Кудайга түз эле сыйынабыз” деген талап болгон. Бирок ким эле өз ролун тарттырып жибергиси келсин? Айтмакчы, Карл Каутскийдин “Происхождение христианства” аттуу китебинде азыр чоң кызмат деп эсептелип жүргөн епископ өз убагында алгачкы христиандардын чогуу тамак жеген жөрөлгөсүнүн кассири гана болгонун эң сонун далилдейт. Кассирден килтейген дин ээликтеринин башчысына чейинки эволюция албетте, бир жылда эле боло калган эмес. Акча кимдин колуна топтолсо кийин бийлик да бара-бара ошонун колуна топтолгон. Диндин бардык чөйрөгө таасир этип, бардык нерсени башкарып алууга умтулган табияты ошол бойдон эле калды, принцибинде өзгөргөн деле жок.

Дүйнөдө бардык нерсенин себеп-натыйжа байланышы бар. Динге баш-оту менен кирип кеткендерди да түшүнсө болот. Бир эсе ата-энелердин көбү союз тарагандан кийин ичкилик күчөп кеткенде “жок дегенде ичпей, чекпей жүрсө болду” деген тилек менен балдарын динге тартты да. Бир эсе коммунисттик идеология жок калып, ордуна улуттун баалуулуктары аңдалып, изилденип, өз ордун таба элек убак болчу. Бирок бир нерсени түшүнүүгө мезгил жетти. Кааласа да, каалабаса да адамдар аны моюнга алууга туура келчү күн келет. Дин да, мыйзам да, бул – балдак.

— Ушул образдуу оюңду дагы тереңдете кетсең…

— Анткени экөөнүн тең түпкү негизи уят, абийир эмес, коркунуч. Бири түрмө менен коркутат, бири тозок менен коркутат. Экөөнү тең карасаң баары даяр сыяктуу. Мыйзамдагы беренелер, диндеги сүрөөлөр менен окшошпосо да эптеп окшоштуруп кайсы бир жазуулардын ичинен жооп тапканга аракет кылышат. “Эмнесине башты оорутасың, братан, баланча сүрөөдө мындай деп жазылып турабы, демек ошону кылыш керек, бүттү” дейт. Ал эми адамдын өз абийири, өз уяты, өз намысы, өз руханий таянычы анын өз буту. Тирүү адамдын өз буту оорушу мүмкүн, талышы мүмкүн. Жоорушу мүмкүн. Анткени жашоонун  өзү миң кырдуу, ал диний нормаларга, мыйзамдын беренелерине батпайт. Ошол сыяктуу эле өз уятың, өз абийириң кыйнашы мүмкүн, “тигил жагынан го күнөөм жок, бирок баланчанын бетин кантип карайм, түкүнчөнүн көңүлү сынып калбадыбы, кап бекер кылдым, деги туура кылдымбы” деп түйшөлдүрүшү мүмкүн. Адам ошонусу менен адам. Балдак оорубайт, чарчабайт, бирок ал жансыз. Бир жасалган бойдон өзгөрбөйт, өспөйт. Балдак менен айлаң кеткенде пайдалансаң болот, бирок балдак эч качан өзүңдүн соо бутуңдай болбойт. Азыр болсо коом майып болуп калды. Балдак таянгандар “эмне үчүн башкалар да балдак таянбайт, жакшы эле нерсе го, бүт баары эле таяна бербейби” деп башкаларга акыл үйрөтүп атышат. Балдак таянган адамды жаман көргөн туура эмес. Балким өз буту талыгандыр, балким жанын чыдатпай ооругандыр, балким турмуш жолунда сынып түшкөндүр… Кыргыздын байыркы жашоо ыгы өзгөрүп, отурук заманга өтүп, жакында эле союз тарагандан бери кандай гана адам башын чаташ кылган өзгөрүүлөр болбоду? Анын баарына туруштук бериш, жооп табыш чын эле оңой болгон эмес. Бирок коомду жалаң балдак таянгандар башкарып, башкарганы аз келгенсип башкалардын өз бутун “ашыкча” нерсе катары жаман көргөнү туура эмес. Буга жол бергенге болбойт, бул адам баласы үчүн да, анын ичинде конкреттүү улут үчүн да чындап келсе өмүр-өлүм маселеси.

Адам бир нерседен корккону үчүн гана жамандык жасабай турганы албетте, убактылуу жакшы, бирок түпкүлүгүндө анын айбандан айырмасы жок. Анткени жакшы нерсени жасаганы үчүн түбөлүк тозок күтүп турса да, абийири бар адам ошол жакшы нерсени баары бир жасайт. Жаман нерсе үчүн бейиш күтүп турса деле абийири бар адам ал жаман нерсени жасабайт. Биз “таза коомду” өстүргүбүз келсе (долбоорду айткан жокмун), кайсы бир сүрөөдөн же беренеден корккону үчүн эмес, жамандыктан чын эле жийиркенип, жакшылыкка чын дилинен умтулган адамдарды тарбиялап чыгышыбыз керек (айтмакчы, динге ишенсе-ишенбесе деле жакшылыкка тартылып, жамандыктан арылып жүрүп отурган адамдар Кудайга алда канча жакын деп ойлой берем). Андай адамдарды тарбиялаш болсо албетте, алда канча оор. Бирок чыныгы таза коом ошол болот. Ага чейин антип аталган долбоор деле жөн гана дагы бир техникалык балдак.

— Учурда диний жамааттардын активдешүүсүнөн чочулагандар четтен табылат, бирок аларга сөздүн туурасын айткандан да чочулагандар көп кезигет. Анткени диний багытка үгүттөгөндөрдүн көбү адамды жеберине жеткире тилдеген уу тилдүү болуп алышканын социалдык тармактардан өзүң деле көрүп аткандырсың. Бирдеңке десең эле каргап-шилегенге өтөт же “каапыр”, шайтан”, “теңирчисиң” деген божомол-дөдөмөлдөн бөлөк жүйөөлү кеби жок диний фанаттардын мынчалык өктөмдүгүн кантип жумшартсак болот деп ойлойсуң? Албетте, аларга теңелгиси келбегендин көбү унчукпай кутулгандан бөлөк арга таппаганын түшүнөсүң кээде. Бирок бүгүн диний коопсуздук маселесин жөнгө салууга мамлекеттин атайы кызматтарынын да чама-чаркы жетпей турган абалда коомчулук тарабынан кандай аракеттер керек деп ойлойсуң? 

— Атайын кызматтардын чама-чаркы жетмек… Мен алардын мүмкүнчүлүктөрүн дурус эле билем. Бирок тилекке каршы, биздеги дөө-шаалардын өздөрү деле көбүнчө тышкы күчтөрдүн жетегинде экенин көрүп келатабыз. Жок жерден саясый элитаны ыдыратып, жок жерден карама-каршылык чыгарып, улам бир жетекчини жаман көрсөтүп, биринин ачуусу чукул экенин билип алгандан кийин ого бетер колтугуна суу бүркүп тантытып, экинчисине чоң акчанын бир учун көрсөтүп опурталдуу чечимдерди кабыл алдырып, үчүнчүсүн авантюралык кадамдарга баргызып келаткан бир ууч адамдардын туруктуу тобу бар. Мамлекеттеги көп түзүмдөр өздөрү билип-билбей ошолордун кызыкчылыгына кызмат кылат. Ал кишилер атайылап эле тышкы күчтөрдүн тапшырмасын аткарып жаткандай таасир калтырат. Анткени жөнөкөй адам да көрүп турган нерсени “байкабай калды” дегидей анчалык деңгээлде дилетант болуу мүмкүн эмес. Ал эми атайылап жасалышы – логикалык жактан толук мүмкүн. Айрыкча алардын байланыштарын эске алганда…

Ал эми кыргыздын өзөгүн сактай турган адамдарга айтарым – диний фундаментализм оңой-олтоң жоо эмес. Андай агымдарга тартуунун, өз идеологиясын сиңирүүнүн толгон-токой ыкмалары иштелип чыккан. Эң жакшысы – аларга жем таштабаш керек. Эч кайсы тарабына эмоция коротпой, көңүл бурбай эле бирден-бир альтернатива катары улуттук баалуулуктардын, улуттук кызыкчылыктын өзүн талкуулап, жайылтып, коомчулуктун көңүлүн ошол жакка бура берсек акыры аны күндө көзү менен көрүп жаткан коомчулук өкүлдөрү өзү эле назар салганга, маани бергенге аргасыз болот. Маани бербесе – эмне кылалы, өз убалы өзүндө. Кыргыз илгертен өзүнө керектүүсүн алып, кереги жогун ыргытып жүрүп отурган. Дин – болгону ошол улутубуз көп кылымдар бою кийип келген, күнүмдүк муктаждыкка жакшы жарап келген эле ич кийимдердин же бут кийимдердин бири. Албетте, он кылым бою улам көбүрөк кийе берип көнүп калды. Этине сиңишип калды. Бирок ал кийимиң тардык кылып, жаныңды оорутуп атса, сөөгүңдү кысып, тарамышыңды тартып атса “өтүгүң тар болсо дүйнөнүн кеңдигинен не пайда” дегендей жаңыраагын эле тигип алып же сатып алып кийиш керек. Эскирген ич кийимди башкасына алмаштырса болот, бирок орой салыштыруу болсо да айтайын, ич кийим үчүн бүт бойдон тулку-боюңду садага чапкан акылсыздык. Биздин адамдар биринчи иретте адам, анын ичинде кыргыз, анын ичинде аял-эркек, улуу-кичүү экенин биринчи орунга коюшуна жетишип алсак — калганын өздөрүнө ылайыкташтырып алышат. Ушул чындыкты моюнга алышса, калгандарын ошол адамдардын өзүнө айтам.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

One Reply to “Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ «Дин – бул балдак» деди”

  1. Кир баскан, жүдөгөн, ишеним өчкөн, коркунуч ээлеген, туңгуюкка кептелген жан-дүйнө сергип эсине келгендей болду. Сиздерге суроолоруңуздарга дагы, жоопторуңуздарга дагы чоң ыраазычылык. Чала-чарпыт, баш аягы жок, өз сүйлөгөнүн өзү түшүнбөй калган кыргыздар окуса кана, түшүнсө кана. Бул улуу кыргыз жүрүшүнүн өзөгүн түзчү урук, түйүлдүк. Баса калып жаттап, андан ары улантып талдап тарата турган иштин башаты. Эми андан ары эмне кылбыз деген суроо өзү жаралууда??? Аманчылык болсун. Таза адамдар, кыргыздар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.