Жеңишбек ЭДИГЕЕВ: Адамдын энчиси (1-баян)

«Дайралар артка агышпайт» аттуу китеп «Турар» басмасынан жарык көрөр алдында туру. Китеп куну көздөн учкандар үчүн кулак кагыш бу… Учурда көңүл кайт кылган китептен көп балээ жок. Өзгөчө кыргыз тилинде. Китеп чыккан сайын кагылайын эне тилдин байсалы бөксөрүп, кадыры кетип, тузу кемип, андазасы супсак эмгектер арбыгандай… Оокат үчүн китеп чыгаргандар, эрмек үчүн китеп жазгандар акчаларын шыкылдатып санап эле басмаканалардын улагасында кезметте турганы жакшыбы, жаманбы – ылгаган адис жок. Бизде рухий азыкка камсанаган адабий сынчылар жогунан өрнөк сөз, салттуу адабияттын көчүнө […]

Орозбек МОЛДАЛИЕВ: Алкоголь ичимдиктерин ичүүгө мусулмандык канондор боюнча кескин тыюу салынган

Президент А.Атамбаев Чолпон-Ата шаарында журналисттер менен болгон пресс-конференциясында анын алкоголь туурасында айтканы коомчулукту уу-дуу кылды, бирок диний коомчулуктун аттуу-баштуу өкүлдөрүнөн да, КР муфтиятындагылардан да буга дароо жооп бергендер чыкпады! Демейде «астагфируллахын» ооздорунан түшүрбөгөн ажыларыбыз менен молдолорубуз өз позицияларын дароо билдирбесе да биз бүгүн КР Президентинин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиевдин позициясын чагылдырмакчыбыз… Ислам тарала баштагандан тартып диндин кебелбес, туруктуу принциптерине келгенде олку-солкусуз, катуулук позициясын карманган менен байыркы замандан бери келе жаткан коомдук адаттарга тиешелүү маселелерде кылдаттыкты […]

Кенжаалы САРЫМСАКОВ: Сөз маданияты

Сөз деген эмне, сөз маданияты деген эмне? Төрөлүп, тили чыгып, өмүрүнүн соңуна чейинки тирүүлүк адам баласында сөз менен коштолгондуктун өзүндө сөздүн чексиздик мааниси айтылып туру. Улуу сөз, улама сөз, учкул сөз, накыл сөз, макал-лакап сөз, кеп-кеңеш сөз, жыйындагы сөз. Атай берсек, дагы далайга чейин уланат. Жакшы сөз жанга кубат. Орду менен орундуу айтылган сөз — жаназык. Көңүлдү жабыркаткан сөздөр да чыгат адам оозунан. Сөздүн эң зыяндуусу – бурмаланып айтылган чындык. Сөз кадырына жете билүү, уга билүү, айта билүү – адамдык […]

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин жаңы ырлары

ЭРГҮҮ  Азоо сымал кашып жалын, кулагын, акырындан убакытты жоошутсам – алыстарда ырас ырды чубаарым, ак кагаздын беттеринде тосуп таң.   Эргигенде келем чындап эсиме, эргигенде толукмун да, бүтүнмүн – опурулган океандын бетине орду-түбүң билип жүр деп түкүрдүм!   Түнкү-Асмандын басканын-айт башыман, түмөндөрдөн табылабы арачы? Түндүн баарын мага кошуп азыр ал түркүк кылып тургандыгын карачы…   Ага болбой айтып: “Үлгүр!”, “Бол!”, “Ыкчам!” алды жакка шашыламын – чоңбу орду? Бир билектин беш салаасын чогултсам – бир билекче болобу да, болбойбу?   Жерден […]

Олжобай ШАКИР: Күмүш жалатылган күзгү икаясы

Еврейлердин дин уламачысы (рабби) коңшу айылга жыл сайын каттап, насыят ишин жүргүзчү экен. Бардык сыйдан баш тартып, айылдагы бир гана кембагалдын үйүнө токточу дешет. Кадырлуу дин уламачы улагасын аттаганына кудуңдаган үй ээсинин төбөсү көккө жетчү экен буга. Анткени кадырлуу дегендердин эч биринин үйүнө токтобогон рухий лидер кайдагы бир кембагалдын босогосун аттаганына ким сыймыктанбайт. Рабби жыл сайын кембагалдын үйүнө үзбөй каттап жүрөт. Жылдар өткөн соң баягы кембагал төрөпейил мүнөз күтө баштайт. Ал тургай баягы жепирейген үйү да кансарайга айланып заңкайып, баягы […]

Жандүйнө жаңырыктары Москвада

Дүйнө жүзүндөгү сулуулуктарга эмнени кошо аласыз деген суроо берилсе, Кыргыз жеримди, Ысык-Көлүмдү, Ала-Тоомду жана жан дүйнөнүн чабытын ырга, романдарга салып чагылдырган адамдарды деп жооп берер элем. Мына ушундай сулуулуктун жогорку тепкичиндеги азыркы кыргыз адабиятына салымын кошуп жаткан адамдар жөнүндө кепке өтөлү. Жакында «Москва кайрыктары» адабий клубунун ардактуу мүчөсү Урмат Сатарованын эки китеби удаа жарык көргөндүгүнө байланыштуу Москва шаарындагы адабий жана диаспоралык коомчулуктун, окурмандардын, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин пресс-катчысы Байымбетова Гүлбарчын Сулайманкулованын, Коомдук диаспоралык кеңештин төрагасы Раимкул Аттокуровдун, «Аксы» коомунун […]