«Дайралар артка агышпайт» аттуу китеп «Турар» басмасынан жарык көрөр алдында туру. Китеп куну көздөн учкандар үчүн кулак кагыш бу…

Учурда көңүл кайт кылган китептен көп балээ жок. Өзгөчө кыргыз тилинде. Китеп чыккан сайын кагылайын эне тилдин байсалы бөксөрүп, кадыры кетип, тузу кемип, андазасы супсак эмгектер арбыгандай… Оокат үчүн китеп чыгаргандар, эрмек үчүн китеп жазгандар акчаларын шыкылдатып санап эле басмаканалардын улагасында кезметте турганы жакшыбы, жаманбы – ылгаган адис жок. Бизде рухий азыкка камсанаган адабий сынчылар жогунан өрнөк сөз, салттуу адабияттын көчүнө учкашып алгандар толо. Оозеки сынчыга айланган адабиятчылар андан. Сын жазган адис жок.

«Жакшы китеп чыгыптыр» деп жаныбызды жеп пикир айтканга көнүп алдык. Адам көңүлүнө караган сапат албетте, жакшы. Тек, көркөм дөөлөт, көркөм мураска келгенде көңүл улап сүйлөгөн көшөкөрлүгүбүздү калтырсак эле эне тилибизге болгон аздек мамилебиз ошол болор беле, аттиң…

Арабызда көркөм адабият менен көркөм сөзгө ызаат мамиле кылган саналуу калемдештердин кээсинин көзү өтүп кетти жарыктан. Тагдырдын тамашасы – дал ошол сөзгө чебер таланттардын эмгектери басылып чыкпай, адабиятка тийди-качты жазмакерлердин «эмгектери» китеп дүкөндөрдүн текчелерин ныгыра басып жатат бүгүн…

Бирок жакын арада колубузга тийер «Дайралар артка агышпайт» аттуу китеп зирек окурмандар үчүн таберик болорунан эч шегибиз жок. Автору Жеңишбек Эдигеев окурман көңүлүн кайт кылар калемгерлерден эместигин төмөндөгү эссе баянынан баамдап алаарсыздар…

Аны менен те бир кезең «Кыргызстан маданияты» гезитинде иштеп жүрүп ылым санаш мамиле күтүп калган жайым бар. Кийин «Бишкек тайм» гезитин чогуу негиздеп, ийиндеш иштештик. Чыгармачылык үзөңгү кагышта мен анын сезимтал сүрөткерчилигинен улам кыргыз адабиятында Мурза Гапаров сыяктуу жүрөктү дилдиреткен лирикалык чыгармаларды жазар карасөз чебери болуп чыгабы дечүмүн. Гезит бетине анда-санда чыгармачылык куржунунан сууруп чыккан азын-оолак эссе баяндарын жарыяласа, шыпшынып калчубуз…

Жеңишбекке «сенден мыкты жазуучу чыгат, көркөм чыгарма жаз» деп менден көп айткан киши болдубу, жокпу – билбейм. Бирок ал журналистикага баш-оту менен кирип кетти. Бир жагынан колуктусу Чолпон Орозобекова аны дикилдетип алдына салды да, «Бишкек тайм» гезитинин келечеги алыска барбай тургандыгына көздөрү жетти белем, экөө «Dе-факто» гезитин негиздеп, К.Бакиевдин уйкусун бузган гезит чыгара башташты. Мени да азгырышты. Чогу иштештик. Ызы-чуусу көп гезит болду. Бакиевдер сот аркылуу жаап тындырганга чейин жазбаганды жаздык. Бийликтин балтыр этин карыштыра тиштеген короочу иттен бетер, зулум бийликке каршы турабыз дедик. Болбоду. Чолпон менен Жеңиш гезит ээси катары куугунга кабылышты. Экөөнө үйбүлөлүк кооп күчөдү. Акыры кылмыштуу бийликтин колунан баары келерине көздөрү жеткен соң, экөө Женевага көчүп кетип тынгандай болушту.  

Андан бери далай суулар акты. Жеңишбек менен Чолпондун бир кездеги эмчектеги кенже кызы эле бүгүн бойсунуп өсүп, билимди баары Европадан алууда. Экөө бирдей эларалык деңгээлдеги иштерди аткарууга белсенип жүргөнүнө сыймыктанып биз биякта, алар тиякта чыгармачылык түйшүк менен алек…

Ал эми береги сиздер окуй турган өкүттү баян Жеңишбектин жакында колуңуздарга тиер китебинен алынган бир шиңгил…

Олжобай ШАКИР

ЭССЕ

Оболу, кудай кайгы менен азапты мал менен жан-жаныбарга салган дейт. Мал алыс-жакыным дебей, кимиси өлүп, кимисинин каны аккан жерге өкүрө беришип, дүйнө үстү чууга толуп чыккан экен. Ошондо кулагы тунган кудай кайгыны малдан алып адамга салып көрөт. Карап олтурса, адам баласы бирөө өлсө бири күлүп, бири ыйлап, бири колдон жөлөп кайрат айтып сооротуп отурат дейт. Күйсө да ичинен күйүп, өлүмдүн зыйнатына чуркап, эртеңин ойлогон адамды көрөт. “Ээ, адам баласы кайгыны оңой көтөрөт тура” деп аны айбандан алып айры бут жумуру баштарга салган экен. Атаңдын көрү де! Ошондон тарта адамдын энчисинде баары бар: балалык бар, ааламдын ай-сырын жаңы тааныган балакат бар, чоктой жалын жаштык бар, жаңылып-жазуу, каталык бар, өкүт, арман, азап бар, көрө албастык, зулумдук бар. Сүйүү бар, айрылуу бар.

Адам жүрөгү ушунун баарысы аралаш келсе да, айттырбай каптап келсе да көтөрөт. Ошону көтөргүчтүгүн айт, бу жумуру баш пенденин. Анысы кудайга жакканын айт. Эр жеткизип, бирок бирине берсе, бирине бербеген карылыгын айт. Баарысы кудайдын колунда дейбиз. Бирок кудай өзүнө жакканын баары бир жасайт экен. Ошондуктан биз, адамдар — ал-күч, жаштык, өмүр барда бири-бирибизге көбүрөк жакын, сезгич жана кол сунгуч бололу.

Ата менен сүйлөшүү

— Мен балким, бир оорудан деле өлүп калат белем, балам. Эмне болсо да мен жокмун да.

— Сен ооруган болсоң мен тагдырга, айла жок деп кудайга көбүрөк таарынмакмын. Бирок сени жаныңдагылар эле жок кылып койбодубу!

— Эч качан кек кууба, балам. А тигилер, өч алганга да татыктуу эмес…

Сенин күмбөзүңө барганымабы, буулугуп-муунган ыйымабы, окуган куранымабы, көп эстегенимеби… Сен жөнүндө айткандарымабы, сени баракка жазганымабы, апама күйүмдүү болгонумабы, бир туугандар ынтымакта болгонубузгабы, сага окшош экенимеби, ырыңды ырдаганымабы, жакшы эмгек эткенимеби, ууру-кески, кара ниет атанбаганымабы. Тоолорду сүйгөнүмөбү, айылыңды кадырлаганымабы, тууганчыл болуп-боло албаганымабы, кээде кыйналган күндөрүмөбү, жаңылып-жазгандарымабы, атыңды чыгарганымабы, кайсыныма ыраазысың? Эмнеме нааразысың? Кайсынымды сезесиң? Сага эмне кыла алам? Өзүм да ата болдум. Сендей ата боломбу? Молдокем айтты, атаң сени колдобойт деди, ал колдоого муктаж деди. Сени кантип сезем? Сени кантип билем? Апам жок. Эжем Мончок жок. Ушул сага сезилеби? Биригет деген тиги дүйнөдө бар бекен же жомок бекен. Кайгы түгөнөбү? Ал эскиреби, жаңырабы? Баладай эркелеткен энең жок, күйүттөн гана кетти дешкен, аны жуп жаныңа жашырышкан, билесиңби аны. Сен өлбөсөң ал да узак жашамак, сага ушул азаппы же жокпу? Жер жылытып жаз келет, гүлдөр чыгып жай келет, сени алган таш боор күз анан кыш келет. Сезесиңби ошону? Мезгилдер алмашканын сезесиңби? Өлүм чын, бу дүйнө жалган экен. Эмнеге андай?

Чындык, адам пенде издеген чындык деп, килемге ороп келдиби, кутудан чыгарып бердиби, көргөздүбү, белек кылдыбы сага чындыкты? Же ал да жалган бекен? Жыгылып кооп өскөнүмдү, балалык, балакат, жигит болгонумду көрдүңбү? Бир кездер катуу кыйналдым же кыйналуу эмес жүдөдүм, билип туруп, көрүп туруп оңой жолго кызыгам деп адашкан күндөр болду, өкүнттүбү? Балалык сүйүү келди, сага окшоп ыр курап, дептер жаздым, сүйүндүңбү? Жигит болуп сага окшоп Көлдүн кызын жубай кылдым, сезесиңби? 40 жашка да чыккан жоксуң, 70, 80 жашты ойлоп көрдүң бекен, сага ушул арманбы же эмеспи?

Сүйгөн Бычаныңа бээ байлап чабандар чыгаарын, шаңкайып дале аска-кырлар тураарын, Шар бели, Тепши, Семиз, Бургуйлар… айылыңдын дале бейиш жери экенин муңканып карайсыңбы? Сагынасыңбы? Күн тийип, жамгыр төгүп кар жаарын сезесиңби? Ал сага оорбу, жеңилби, жылуубу же суукпу, Ата? Алдыңа “же” деп тамактын чүйгүнүн жылдыра алган жокмун, үшүйт деп жонуңа чапан жабалганым жок, бул тагдыр, уулуң жана уулдарың, жанда жок боорукер кыздарың… көрүшпөй калуу бул – сагабы же бизге көп арманбы? Жоопту мен динден издегим келбейт, жоопту мен кудайдан издейм. Сен динде эмессиң, сен кудайдасың. Сени бел туткан, сен аларды Эл туткан туугандарың калды, сен деп эки айыл дээрлик 50 жыл бою душмандашты. Сен элиңди, элиң сени сүйгөндөн ошентти. Сен – айылдын, ал эми айыл сенин жүрөгүңдө жашады. Ошол 30-сентябрды жүз адам жүз түрдүүчө сүрөттөп берди. Ошол 30-сентябрдын таңын, түшүн, кеч кирип, түн болгонун жаттадым. Бирок ага жооп таппадым… А өзүң жооп таптыңбы? Караңгынын караңгысында жатып сен таптыңбы, Ата?

Сен канжалап жыгылып аткан жерден 200 кадам жаныңда биз ойноп жүрөт экенбиз, Энең олтурат экен, Мончогуң ооруп атыптыр, кенжең 4 айлык экен, апам суу алып келатыптыр, дал алдынан чыкса да сени жашырып районго алып жөнөшүптүр… Ушул көрүнүштүн өзү арман мага! Ушул көрүнүштүн өзү барып турган арман болду мага, Ата! А сен эмне сезип, эмне ойлорду ойлодуң экен ошондо. Бирөөгө бирдеме дегиң келди бекен? Баетовго 40 чакырым жол эле. Жолдон, булактан суу ичипсиң, балдарымдын убалы деп сүйлөнүпсүң, бири айтты жолдон деп, бири айтты Батовго кирген деп, бири айтты ооруканага сени жеткен деп… муну сенден сурай албаймын! Ушуну айтчы: өкүнүч деген бар бекен же жок бекен? Балдарың ооруганын сезчү белең? Жубайың менен Мончок эжем оорунун эң караңгысы — комага түшүп калганда чын эле сага бир колун сунуп турганбы, ал учур ошондойбу? Кел дедиңби, кет дедиңби аларды?

Сага ким анан качан бараары сага дайынбы же эмеспи? Досторум дээр элең барктап, даңктап, кимдер экен досторуң, ыраазы болдуңбу аларга? Аяш атам Карабай күмбөзүңү тургузуптур, алп сүрөтчү Чокморовдун колунан сүрөтүңү коюптур, ташты оюп ыр жазыптыр, эс тарткандан биз үчүн ардактуу аяш атабыз аталды, сен ага ыраазы бол. Студенттик кан досуң Тургазы, сени жерге берээрде көр боюнан “Кош-Дөбөңдөн” ыр окуп: “Эми сүйгөн айылың менен жаның да, денең да бирге болсун!” деп коштошуу сөз сүйлөптүр. Ошол сени акыркы сапар узатууга келген жакын досторуң: “Арабызда кимде ким биринчи болуп уулдуу болсо атын Кадырбек коёбуз!” деп шерттешиптир. Дал ошол 1973тө Тургазы атанын байбичеси Керимкан аяш эне уул төрөп, ысымын Кадырбек коюшкан экен. ”Аяш атам Букарбай бизге бала кезден кадырлуу ата аталды. Бир жолу эшиктин алдында туруп: “Атаңардан силерге жалгыз белек ушул чоң үй калды. Муну көзүңөрдүн карегиндей жакшы карагыла!” деген. Аз күндөр кулпу турса да биз ал үйдөн түтүн булап турушун унуткан жокпуз, ата. “Кош-Дөбөң” гимн болуп, окуучудан карыга чейин ордунан туруп сыймык менен ырдашат. Эмгиче ырдашат. Үйдөн, көчөдөн, талаа түз, кан жолдон, калаанын тойлорунан ырдашат, угасыңбы ошону? Мен айылда эмес, борбордо да эмес алыс чет жерде туруп калдым, дээрлик 10 жыл өттү, ушуну көрүп турасыңбы?

Сен сүйгөн тоого, мен сүйгөн тоого жети жыл баралбай атып анан бардым, ал жактан Арууке деген кыздуу болдум, китепти кыргыз эмес, орус да эмес, чет тилинде окушат. Жашоону сүйөм, жеке турмушумда бактылуумун, өкүтүм жок, бирок уулуң уулдуу боло элек, сени айтып сыймыктангандай мени айтып сыймык кылар, изди улаар уул күтүп жүрөм, аны сенден бөлөк эч кимге айтып бөлүшпөйм. Сага айтчу гана сыр, үмүтүм. Сен берилген өкмөт менен партия жок, замандардын бир заманы келген, бул жашоо кимге опо болот, жакшы жашап, бардар болуштун, башты сайып иштештин, атым, изим калса деп жандалбас кылыштын мааниси канчалык?

Энең ооруп жыгылса, эжең ооруп жыгылса, аларга өмүрдү дарыгердин колунан издеп, көзүнөн издеп жалынганың, дары саткан жайдан издеп чуркаганың, табыпкерден шыпаа издегениң бул – үмүтпү же буйрукпу, бул аракетпи же кудайдын жазганыбы? Же мунун баары ит бекер убарабы? Көз жумса боздогонуң бекерби? Жашынып күмбөзгө келгениң, сүйлөшкөнүң, кеңешкениң бул бекерби? Атыңды айтып, ташка айланган көзүңдү карасам сен көрбөйсүң да, ээчтеме сезбейсиң да же кабырыңа барганымы билип-туясыңбы? Кумурскадай жыбырап тирилик кылганыбыз, жакын деп катышканыбыз, жаман-жакшы көрүшкөнүбүз, чакырышып тойлошконубуз, сыйлашканыбыз — бул убакытпы, өмүрбү, бекерби же топтоголок боштукпу? Акылдуу же акылсыз, эстүү же эссиз чыкканыбыздын эсеби барбы? Сурагы барбы?

Жүз киши келип кайра бири эл менен кайтпаган жай, ошол жерде түбөлүк калган жай ал – эмне? Коркунучпу, тозокпу же эчтемеден айырмасы жок, кыртышы казылган гана кара жерби? Пенделерди карап бири күлгөн же бири ыйлаган “бирөөлөр” болотпу? Деги сенде үмүт менен кыял барбы? Менден күткөн, уул, кыздарыңан, элиңен күткөн? Кезинде сен жакшы көргөн, сени ал жакшы көргөн, азыр жашы 95ти таяган баягы Корчубек аба Акназаров дале тирүү, көп жашасын жарыктык, былтыр жайда ал аганын үйүнө бардым. Жанында төрт саат олтурдум. Эки саатын сени айтты. Өктөм эле, керемет эле, алыска кетет эле деп мактады сени. Өлүмүңө өкүнгөнүн, эми да өкүнөөрүн айтты. Сени китебине жазыптыр. “Апаң да жибектей назик, ак көрпө жайыл жан эле” деди. Мен ал кишиге жүздөн ашык өмүр тиледим. Ата, сен жөнүндө жазып китеп кылдым. Уулдук парз үчүн эмес, сени даңктоо үчүн да эмес, бул менин сага деген өкүрбөй калган өкүрүгүм болсун. Кезинде апам менен кошо тартышпай калган түйшүгүм болсун. Сөз менен курган эстелик болсун.

(Уландысы бар)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.