Мирзохид МИРЗАРАХИМОВ: Сагыныч

Өзбекчеден которгон Ризван  ИСМАИЛОВА АҢГЕМЕ Саратандын ысыгы так төбөдөн алоо бүркүйт, талдын көлөкөсүндө токол кара уй менен мала кунаажын ныксырай кепшенет, коонпая этегиндеги дарыя жээгинде бутун сууга салаңдатып, чыт көйнөкчөн кыз отурат. Коонпая ортосундагы жаз алды тартылган огарыкты бойлоп аптапка күйгөн, карайган арык, он беш жашар чамасындагы бала колуна жарты нан кармап келатып, кызды көздөй басты. — Келдиңби Санжар, — деди Анар артына бурулуп, — мынча узак жоголуп кеттиң? -деди. — Сабырлардыкына барсам жок, атасы менен  базарга кетиптир. Ашым болсо гувала […]

Жаңы дүбүрт, жаңы таланттар жана жаңы клип! (видео)

Муз.: Рысбай Абдыкадыров, Сөз.: Омор Султанов, Аткаруучулар: Эльзада Нарынбаева менен Роман Чыныбаев

Толук Бек БАЙЗАК: Акындык бул каргышындай кудайдын

ДЕҢИЗСИҢБИ АЛЫСТАГЫ АЗГЫРГАН… Деңиз окшоп алыстагы азгырган, Толкун окшоп оюнкараак, наз кылган, Кандай жансың ээликтирген, эңсетип, Сүйүүң менен кышты дагы жаз кылган. Кандай жансың кышты дагы жаз кылган, Шарап сымал акылымды мас кылган. Түйшүк салып түнү боюу уктатпай, Түйшөлдүрүп түмөн ырды жаздырган. Алдай албайм тилим начар, келегей, Жандай албайм, акым да жок кенедей. Ансыз деле азап тарттым жашоодо, Жолун таппай, жээкке урунган кемедей. Деңиздейсиң албуут, терең, жан алып, Мен деңизчи ашык болгон карарып. Толкунуңда чабалактайм балыктай, Бирде өлүп, бирде кайра […]

Манфред КИБЕР: Күткөн күндүн бүткөн күнү (конкурска)

№ 24 АҢГЕМЕ Капастагы кичинекей чымчык кусалыкка жык толгон көздөрү менен тийип турган күн нурунан көзүн тартып алалбай тигиле тиктеп отурду. Өзүн маданияттуу жарандардан деп эсептегендердин биринин үйүндөгү капаста кооздук үчүн кармашкан ырчы, сайроочу куштардан эле ал чымчык. Көгүлтүр мейкиндикте көз тайгылткан көгүлтүр тоолор созулуп жатты. “Бул тоолордун аркы бетинде түштүк жатат”, — деп ойлоду ошол жакты телмире тиктеген кичинекей чымчык. “Мен бир гана ирет ал жакка учуп көргөнмүн. Андан кийин бир да жолу эч жакка учпадым.” Ат туягын түлөткөн, […]

Жеңишбек ЭДИГЕЕВ: «Арбагынан айланайын»

«Дайралар артка агышпайт» аттуу китеп жарык көрдү. Китеп куну көздөн учкандар үчүн кулак кагыш бу… Автору Жеңишбек Эдигеев окурман көңүлүн кайт кылар калемгерлерден эместигин төмөндөгү эссе баянынан баамдап алаарсыздар… Каалоочулар береги номурга чалып, китепти автордун өз колунан алсаңыздар да болот: 0700 065516, 0700 065513 6 же 7 жаш курагым. Нарындан ары бараттыкпы же бери айылды беттеп келаттык бекен, айтор, апам экөөбүз Нарын автобекетине келип мени “ушул жерден жылбай тур!” деп апам билет камы менен кассага кеткен. Кыштын күнү ботинкемдин баштары […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Ар кандай диний агымдар айрым курбуларымдан алыстатты

Бүгүнкү маектешибиз «РухЭш» сайтынын туруктуу авторлорунун бири, Жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын жана жазуучу Венера Бөлөкбаева. – Венера, экөөбүз теңтуш өскөн замандашпыз. Алгач 1997-жылы күз айында өткөн жаш акын-жазуучулардын “Ала-Тоо-97” фестивалынын лауреаттары болуп, адабий коомчулукка азын-оолак атыбыз таанылган эле. Андан бери быйыл туура жыйырма жыл болуптур. Жеңиш алып берген “юбилейибизди” белгилешибиз керек экен деп бүгүн сени маекке тартканым ошол. Андан да эң негизги себеби, чыгармачылык куржунуңда абыдан кызыктуу аңгемелер, ой-толгоолор, эсселер, ырлар арбын экенин “РухЭш” сайтына жарыяланган чыгармаларыңдан улам билип олтурам… […]

Ги де МОПАССАН: Перль айым

Французчадан которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы АҢГЕМЕ Ушул кечте мен Перль айымды кайсы шайтан азгырып, ханышалыка көрсөттүм экен десең!!! Ар жылы мен чокунуу майрамын биздин эски досубуз Шанталдардын үй бүлөсү менен өткөрүүнү салт кылгамым. Ал менин атамдын эң жакын досу эле. Бала кезимде эле ээрчитип, алардын үйүнө көп каттачубуз. Андыктан, менин да бул үй бүлөгө тыгыз байланышым бар. Балким өмүрүмдүн акырына дейре көзүмдүн тирүүсүндө Шанталдин үй бүлөсү бул дүйнөдө бар болсо биздин катышыбыз эч үзүлбөс. Айткандай бул Шанталь үй бүлөсү элден өзгөчө […]