Жылкычы ЖАПИЕВ: Короз эмне үчүн кыйкырат?

ЖОМОК Бул илгери-илгери болгон экен. Ал убакта деле күндүзү асмандан Күн нуру чачырап, түндөсү миң-сан жылдыздар жыбырап, Ай каалгып жылчу экен. Анан күн менен түн улам алмаша берип, ай, айлардан жыл, жылдардан кылым куралып, бу жомок да тээ байыртадан биздин күнгө чейин жетип туру. Ошол илгери-илгери канаттуу куштар өздөрүнчө бир хандыкка баш ийип, алардын ханы Жору болуптур. Жору хандыкка карөзгөйлүгү менен жетет. Ал мындайча: Мурда куштар өз алдынча,эркин жашачу экен. Бүркүт бир күнү болот тырмагын чечип коюп күнөстө уктап жатканда […]

СОКРАТ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Б.з.ч. 469-399-жылдары жашаган байыркы грек философу Сократ адамдар менен маектешүү аркылуу акыйкатка жетүү методу менен иштеген. Ал өз окуусун оозеки баяндаган. Сократтын философиясынын негизги максаты болуп чыныгы жыргалга жетүүнүн жолу катары адамдын өзүн өзү таанып билүүсү саналган. Жакшылык дегенди билимдүүлүк же акылмандык деп эсептеген. Ал адамдар менен сүйлөшкөндө даяр билимди таңуулабай, талаштуу суроолорду берип, ойлонууга аргасыз кылып, ошону менен чындыкка келип, суроолорду чечмелөөгө аракеттенген. Байыркы натурфилософияны чанган, ой жүгүртүүнү, аң-сезимди алдыңкы планга койгон. Ал суроо бергенде жакшылык, […]

Калык ИБРАИМОВ: Цивилизация жана табигат эстетикасы

«Табигат» деген философиядагы эң бир түпкү жана ашкан абстрактуу түшүнүктөрдүн бири. Универсум катары Табигат баарынан бийик жана ыйык эстетикалык таберик болуп эсептелет. Адам коому менен табигый реалдуулук дүйнөсүнүн тарыхый өз ара карым-катнаш процессинде Табигат чындыгында ар бир цивилизация менен маданияттын спецификалуу өзгөчөлүгүн онтологиялык негизде аныктайт. Ошондуктан, дүйнөнүн картинасы адатта ар түрлүү жана сан кырлуу. Анткени, ар бир цивилизация жана маданият дүйнөнү өзүнчө элестетип, өзүнчө көрөт,  өзүнчө аңдап түшүнөт. Табигат эстетикасы жаратылыш философиясы менен адам метафизикасынын ашташкан жеринен пайда болот. Ал […]

Антон ЧЕХОВ: Анюта

АҢГЕМЕ “Лиссабондун” жөнөкөй бөлмөлөрүнүн биринде үчүнчү курстун студенти Степан Клочков тигил бурчтан бул бурчка кадам шилтеп, медицина терминдерин тырышып жаттады. Тынымсыз эбирегенден эрди кургап, чекесинен тер чыпылдап акканычы. Аяздан улам чиймелерге толгон терезенин алдында аны менен чогуу жашаган көгүш көз, кара чачтуу, өңү купкуу тарткан жыйырма беш жаштагы Анюта тактайда отурду. Анысы жону бүкүрөйүп, көйнөктүн жакасына кызыл жип менен сайма тепчилеп аткан. Коридордо илинген саат жебеси чыкылдап түш оогонун көрсөткөнү менен бөлмөнүн ичи али жыйнала элек. Чачылган жууркан, туш-тушка ыргытылган […]