Искендер ОРМОН уулу: Чубак ажынын терең билимин ачып берүүдө интеллигенциянын ролу чоң роль ойномок

Бүгүнкү маектешибиз Искендер Ормон уулу буга чейин «Ыйман» фондун жетектеген ж. о. э. Кыргызстанда диний билим берүү багытындагы мектептердин ачылышы боюнча бир кыйла долбоорлордун авторлорунан. Искендер мырза менен биз бүгүн диний жааттагы проблемалардын тегерегинде маектештик. Мурда ал Кыргызстандагы Жаш ишкерлер ассоциациясынын координатору болуп иштеп келсе, учурда «Кереге» фондунун төрагасы, «Сереп» изилдөө институтунун координатору… – Бизде исламга жамынган диний агымдардын так саны барбы? Кыргызстанда алардын ичинен кайсы диний агымдардын ишмердигине тыйуу салынган? – Негизинен кээ бирлери бизде болбосо да маселеге эл […]

Олжобай ШАКИР: Саясый ачыткы

Угуту күчтүү бозо мас кылат. Муну бозо ичкен кыргыз жакшы билет. Азыркы тапта президенттик жарышка аттанган саясатчыларыбыздын да угуту менен үгүтү күч. Бир кездеги демократ атанган кежирлер дүжүргө айланып чыга келери кимдин оюна келиптир-а (кежир менен дүжүр уйкашып калганын караң)! Бир кезде авторитардык бийликке жол жок деп көчө кыйкырыгын салчу кежир демократтардын алдыңкыларынын бири Жыпар Жекшеев бүгүн аксакал курагына келгенде дүжүр болуп тынды: авторитардык режимге бараткан бийликтин тирөөчү болчудан бетер… Карылык күч-кубатты алат дечү эле, карылык бу кишини акылдан, адеп-ахлактан […]

Калык ИБРАИМОВ: Мусулман маданияты жана Жусуп Баласагындын руханий мурасы

Азыркы адамзат маданиятын мусулман маданиятысыз элестете албайбыз. Ал ааламдык цивилизация тарыхында абал өзү жаралгандан баштап айтаарлык роль ойноп келатканы айдан ачык. Бүгүн да мусулман маданияты дүйнөлүк цивилизациялык-маданий өнүгүүнүн маанилүү фактору болуп атканы айныгыс акыйкат. Ошондуктан мусулман дүйнөсү, мусулман цивилизациясы, мусулман маданияты кандай рухий нарк-дөөлөттөрдүн негизинде калыптанган деген маселеге баш бакпай туруп, 1000 жылдык мааракеси белгиленип жаткан Жусуп Баласагын бабабыздын руханий дүйнөсүн да ойдогудай аңдай албайбыз. Анткени, биздин атактуу эки жердешибиз – Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгаринин жашоо жагдайы жана чыгармачылык […]

Лу СИНЬ: Жиндинин күндөлүгү

Кытайчадан которгон Үмүт КУЛТАЕВА Чыгарманын автору жөнүндө кыска сөз Лу Синь (鲁迅, Lǔ Xùn), кытай адабиятынын тарыхында азыркы кытай адабиятынын негиздɵɵчүсү эсептелет. Ал ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарында турат. Лу Синь – котормочу, редактор, сынчы, азыркы кытай адабиятында майда жанрды өнүктүргɵн жазуучу жана акын. 1930-жылдан баштап, Кытайдагы солчул жазуучулардын Шанхайдагы лигасын башкарган. Лу Синь солчул идеяны жактырып, партияга өтпөгөнүнө карабастан, Мао Цзедун өмүрү өткөнчө анын күйөрманы болгон. Лу Синь Шаосин шаарында (провинция Чжэцзян) 1881-жылы 25-сентябрда туулган, ысмын бир нече жолу которгон. […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Чымчык деле уясына кирди

ЭССЕ Үйгө келсем оюнчуктарын тизип алып берилип ойноп отурат. Мен болсо ооруканадагы энемди ойлоп, негедир өзүмчө бук болуп тургам. Алихан менен кошулуп ойноп кеттим. Мен баламын. Себеби менин энем бар. Мен да эркелегим келет. Бирок чоң атамын. Социалисттик мелдешке катышчудай он жетиге толбой жатып үйлөнүп алганымды айт! Балалык доорум мал менен өткөн. Себеби айылда көргөн- бакканыбыз мал. Менин балалыгым… эртең менен эрте туруп, уй сийе электе бастырманын астынан жетелеп чыкмай, “шылк мүйүз” деген меникинен бетер табарсыгы бош, басканда бийлеп баскан […]

Конфуций илим-билим, тарбия тууралуу

Бийик адамдын билими дээринен; андан ылдыйкылар окуп-чокуп билимге жетет; андан соңкулары өз билимсиздигине көзү жетип окуп-чокугандар; а окуп-чокууну каалабагандар – эң пас адамдар. * * * Ой калчабай окуй берген адашып тынат, ой калчап, бирок окууну каалабас жан – осол болуп сынат. * * * Адамдын айныгыс үч жолу бар: биринчи, эң жакшысы – акыл пештөө; экинчиси, эң жеңил – башканы тууроо; өтө азаптуу үчүнчүсү – тажырыйба жыйноо. * * * Ким эч нерсе билбесе, ал маңбаш. Андай адам тобокел […]

Ризван ИСМАИЛОВА: «Шуу үшкүрүп, ыйлагым келет менин…»

Автордон:. Макала 93 жаштагы кайненем Дүйшеева Идаяттын айтуусу боюнча жазылды. Идаяттын таятасы Дайыр менен Салижан Жигитовдун чоң атасы Муса бир тууган болушкан. Кайсы бир теле берүүдө журналист Салижан агайдан минтип сураган: — Сиздин арманыңыз жок болсо керек? — Арманы жок киши болобу? Апам өлдү, атам өлдү, бир тууган агам сууга чөгүп өлдү. Эки бирдей карындашым өлдү, бул арман эмей эмне?… Арманы жок киши болчу беле?… Ырас, бу жалганда арманы жок кишини табалбайсың, бирок Салижан Жигитовдун “Элегия” деген классикалык ырынын бир […]