Бүгүнкү маектешибиз Искендер Ормон уулу буга чейин «Ыйман» фондун жетектеген ж. о. э. Кыргызстанда диний билим берүү багытындагы мектептердин ачылышы боюнча бир кыйла долбоорлордун авторлорунан. Искендер мырза менен биз бүгүн диний жааттагы проблемалардын тегерегинде маектештик. Мурда ал Кыргызстандагы Жаш ишкерлер ассоциациясынын координатору болуп иштеп келсе, учурда «Кереге» фондунун төрагасы, «Сереп» изилдөө институтунун координатору…

– Бизде исламга жамынган диний агымдардын так саны барбы? Кыргызстанда алардын ичинен кайсы диний агымдардын ишмердигине тыйуу салынган?

– Негизинен кээ бирлери бизде болбосо да маселеге эл аралык өңүттөн маани берилип, Кыргызстанда динге жамынган ондон ашуун радикалдык жана террористик деп табылган топтун ишмердүүлүгүнө расмий түрдө жана соттун чечиминин негизинде тыйуу салынгандыгын билебиз. Алар: «Аль-Каида», “ИГИЛ”, » Жайшуль Махди», “Акромия”, «Джабхат ан-Нусра», “Чыгыш Түркестан боштондук кыймылы” ж.б. ушуга окшогон ондогон уюмдар бар. Булардын көпчүлүгү Жакынкы Чыгышта жардыруулар, жанкечтиликтер менен абыдан үрөй учуруп таанымал болгон уюмдар. Бизде бул уюмдардын баарынын идеясын колдогон тарапташтары же колдоочусу болбошу мүмкүн, бирок бул тыйуу салынган уюмдардын тизмеси эл аралык коомчулук жана шериктеш өлкөлөр тарабынан тыйуу салынып же бизден кээ бир жарандар чет жакта аты аталган кооптуу уюмдарга кириптер болуп жүргөндөрү эске алынып түзүлсө керек. Кандай болгон күндө да тиешелүү органдар кыска жана узун мөөнөттүк чараларды колдонуп, коомдун коопсуздугуна, келечегине карата алдын ала иштердүү тынымсыз жүргүзүүсү керек. Коомдун ырааттуу жашоосун камсыздоо менен бирдиктүү алдын алуучу иш-чараларды аткаруу зарыл. Дегеле бүгүнкү күндө ислам жаатында эле эмес, толгон-токой багыттагы тайыз түшүнүктөр күчөп, радикалдашуулар өтө кеңири жайылууда. Биз чектен чыккан көрүнүштөрдү бир гана тыйуу салуу жолдору менен токтото албайбыз. Андыктан кеңири алкактан карашыбыз керек. Муну алдын алууну күч органдарынын гана милдети деп карабастан, адамзаттын орток оорусу, орток кыяматы катары кабыл алууга тийишпиз.

Жогоруда айтылган кооптуу тизмедеги диний агымдарга адашуу жолу менен кирип кеткендер толтура. Алар өздөрүнүн радикалдык аракеттери менен башкаларга көрсөткөн зордук-зомбулугун ишке ашырууну диний түшүнүктөр менен айкалыштырып алышкан. Динге жамынган күчтөрдүн тукуругуна ишенгендердин кээси уккан-билгенин диндеги буйрук, негизги багыт катары түшүнөрү жашыруун эмес. А бирок баардык эле диндердин эң башкы миссиясы – адамдарды ынтымак-ырашкерликке, бири-бирине сый-урмат жасоо менен бактылуу жашоого жетүүгө үндөйт. Исламдын өзгөчөлүгү деле так ошондо. Анда күнүмдүк ибадат кылуу, зекет берүү, ажыга баруудагы философия өзөгүн изилдеп көрсөк, адамдын адамга болгон сыйлуу мамилеси, кичүүлөрдүн улууларга сый-урматы, бир улут башка улутту кемсинтпөөсү, айтор, адамды теңчил, ыймандуу, мээрман болууга гана үндөйт. Маселен, пайгамбардын насааттарынын биринде: «Кошунасы ач жатканда (байкадыңызбы, мусулман коңшусу деген жок) өзү ток жашаган адам бизден эмес» дейт. Мындайча айтканда, кошунаң христиан же, буддис же, башка динден болобу, эң негизгиси, коңшуңдун жашоосуна кайдыгер болбошуң керек экендигин эскертет. Бул ошол адамдык сапатыбызды жоготпой жашоого чакырган, коомго туура тарбия берүүдөгү насыяттардан.

Айта берсек, исламда адамдарды социалдык ынтымак, биримдикке чакырган осуяттар абыдан көп. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө исламга жамынган террористтик, экстремисттик багыттагы уюмдар өздөрүнүн терс түшүнүктөрүн жайылтууну күчөтүүдө. Андыктан биз бул көйгөйгө ар тараптуу карап, диний радикализм менен күрөшүү бир гана күч органдарынын милдети дебестен, жалпы коом буга сынчыл көзкарашта мамиле кылуубуз керек. Сын көзкараш дегеним – диний агымдардын кайсынысы туура, кайсынысы туура эмес багытта иш-аракет жүргүзгөнүн аңдап-билүүбүзгө жол ачат.

– Мына баятан ислам дининдеги асылдыктарды учкай болсо да эң жөнөкөй тил менен чечмелеп отурасың. Менимче, бизде бүгүн ушундай багыттагы иш жүргүзүү абыдан керек. «РухЭш» сайты мындан ары карай молдокелер, ажыкелер, дегеле башка диндин өкүлдөрү менен болобу, айтор, кимиси менен болсо да диндин асылдуулугун жайылтуу аракетин уланта бермекчи. Азыркы тапта соцтармактарда эки жаатка бөлүнүп алып «сен теңирчисиң», «сен каапырсың», «сен диний фанатсың» деп улутту бөлүп-жарган көрүнүш абыдан күч алууда. Мунун арты жакшылыкка алып бараткан жок. Өзүң айткандай, биз бүгүн динге карата сынчыл көзкараштарды калыптамайын, диний агымдардын жакшы-жаманын ажырата албаган караламан катмар арбып бараткансыйт. Андыктан динге жамынган топтордун түркөйлүгүн, караңгылыгын биз ачык түрдө айыптоо жолу менен да күрөшүүбүз зарыл деп ойлойм. Ооба, бул көйгөйдү бир гана күч органдарынын мойнуна жүктөбөй, коомчулук өзү дагы кандай аракеттерди кылышы керек деп ойлойсуң?

– Бул жоопкерчиликти күч органдары гана эмес, ар бирибиз сезмейин, диний фанатизм уламдан улам тамыр жая берет. Бизде бир гана диний жаатта эмес, коомдогу кайсы тармак туурасында терс пикирлер жаралса, биз ошол тармакка тиешелүү органдарды же мекемелерди эле күнөөлөбөшүбүз керек. Дин боюнча терс көрүнүштөр жайылып баратканына бир гана диний жамааттарды же муфтиятты күнөөлөбөстөн, бул жалпы проблемаларыбыздын натыйжасы деп түшүнүшүбүз керек. Бизде эмне билим берүү же маданият тармагы абыдан алга өнүгүп, диний тармак артта калдыбы? Же диний тармагыбыз эле артта калып, илимий-технологиялык багытта алга озуп кеттикпи? Же диний чөйрөдө гана ыйкы-тыйкылар ырбап, интеллигенция катмары укмуш болуп кеттиби?! Жок. Бүгүн кай тармакты албайлы, баарында проблема толтура. Бир эле коомдо бир жагы абыдан жакшы өнүгүп, бир жагы өксүп артта калган көрүнүш болбойт. Баары бири-бирине туташ. Тек гана адам табиятында диний феномен жана улуттук сезим баарынан таасирдүү күчкө ээ болгондуктан – учурда диний көзкараштагы келишпестиктер көзгө көбүрөк урунууда. Ошондуктан диний темада биз абыдан аяр болуп, анын проблемаларына тереңден үңүлүп анализ кылууга тийишпиз.

Ушул жерден Сиздин улут кайда баратат деген маселеге көбүрөк басым коюп келаткан жеке аракетиңизге мен да өз ыраазычылыгымды билдире кетким келет. Радикалдашып кетүүгө жол бербейли деп тынчсызданган мындай аракетиңизди түшүнгөндөр пайда болоруна ишенем. Өзүңүздүн сайтыңыз аркылуу көмүскөдө калган ислам дининдеги ыйык баалуулуктарды, осуяттарды жана притчалар менен накыл кептерди кыргыз тилине которуп жеткирүүгө талыбай аракет кылып жүрөсүз. Ошол эле учурда диний фанатизмди, түркөйлүктү ашкерелеген макалаларыңызды коркпой-үркпөй жарыялап келатканыңыздын өзү – салттуу диндин калыптануусуна чоң өбөлгө. Башкалар да сизге окшоп мына ушундай жоопкерчилик менен мамиле кылса, чечилбей келаткан проблемаларга жол табылат. Биз ачык коом түзүп, өз дартыбызды өзүбүз айыктырууга аракет кылышыбыз керек. Себеби «ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт» деген ата-бабаларыбыздын осуятын унутпасак.

– Мен деле диний чөйрө менен интеллектуалдар ортосунда полемика жанданса дейм. Буюрса, ошол эле Чубак ажы, Абдышүкүр ажы сыяктуу диний аалымдар менен маек куруу планым бар. Айрым учурда бул эки аалымды сынга алганыбызды айрым сабатсыз диний катмар кызуу талкуулап, алардын таламын талашканын деле туура кабыл алсак болот. Себеби дал сен айткан сынчыл багыттагы диалогдорду курууга коомубуз даяр эместигин көрүп атабыз. Ошол эле беш маал намазга жыгылгандын көбү сабырдуулуктан ажырап, дароо каргап-шилеген ачуу сөздөрүн айтып атканы эмнени туюндурат? Демек, исламдын осуят накылдары көкүрөгүнө али сиңбеген үчүн алар сын айткан тараптагыларды динге көлөкө түшүргөн адамдардай кабыл алган үчүн соцтармактардагы жаатташуулар күчөп кетүүдө. Андыктан биз коомду чочулатар бул маселеден качпастан, кайра ушул багыттагы талкууларды күчөтүп, орток пикирлерди издешибиз керек деп ойлойм. Биз кыргыз кыртышына сиңип келген салттуу динди терең калыптандырыш үчүн бири-бирибиздин пикирибизди сабырдуулук менен кабыл алып үйрөнмөйүн, жаат-жаат болуп жаакташуунун кесепети жакшылыкка алып барбастыгын түшүнөр этапка жеттик. Ислам дини албетте, эч бир чала молдонун колдоосуна муктаж эмес, бирок көп учурда исламдын беделине мага окшогондор эмес, дал ошол чала молдокелер шек келтирип атканын турмушубуздан көрүп келатабыз. Андыктан Искендер иним, биз ушул тең салмакты карманар маданий деңгээлдеги баарлашууга канткенде жетебиз деп ойлойсуң?

– Талаштан тактык чыгаарын унутпашыбыз керек. Бирок бул талаш болмоюн тактык чыкпайт дегендик эмес. Көп учурда биз ушул принципти унутпоого тийишпиз. Муну кээде туура эмес түшүнүп алып эле талаш-тартыштан улам чыр күчөп кетет деген кооптонуулар бар. Албетте, коомдун кабыл алуу деңгээли ар кандай, муну айтып жатканда күч колдонгон, сабырсыздыкка алпарган уруш-талаш айтылган жок. Бул жерде “пайдага чечилген чатакта” айтылгандай деңгээлдеги пикир алмашуу маселеси жөнүндө сөз болуп жатат. Ал эми билим, акыл деңгээли туура калыптангандар сиз айткан талаш-тартыштар аркылуу орток түшүнүккө башкаларды үндөп, диний караңгылыкка сүңгүп кеткендерди туура жолго багыттоого чакырып келатканы жакшы көрүнүш. А бирок кээси ачуу сынга теригип, бирин-бири кемсинтүүдөн жогору деңгээлге көтөрүлө албай атканы өтө өкүнүчтүү. Мына бүгүнкү күндө адам баласынын үрөйүн учурган экстремисттик, террористтик коркунучтардын баары дал ошол түркөйлүктөн, караңгылыктан чыгууда. Андыктан исламга жамынган топтордун түркөйлүгүн биз ачык сындап, ачык сөз аркылуу дарылоого үйрөнсөк. Мындан эң оболу мусулмандар пайда алат, ислам дини жаманатты болуудан оолактайт.

Мүмкүн адашып жүргөн кээси ошондой ачык диалогдар аркылуу өз кемчилигин туят, өзүн өзү тыят. Ал эми муну канчалык жашырып-жаап, «кокуй, диний фанаттардын төөбастысына калбайын» деп унчукпай кала берсек, бул проблема акыр аягы чоң коркунучтарга алпарышы ыктымал. Диний сабатсыздык, түркөйлүк күчөгөн жерде диалог эмес, кара күчтөрдүн кагылышуусу пайда болот. Ошондуктан рухий куржуну бар интеллигенция катмары ушул маселеге кайдыгер болуп, четте карап турбастан; диний түркөйлүк жайылып баратканына тынчсызданып, улуттун, мамлекеттин коопсуздугуна эртең залалы тийип калар радикализмдин жолун бөгөөгө тийиш.

Биз эртең диний радикализмди күч менен басууга далбастап калбаш үчүн дал бүгүнкү күндө тунук акыл, сабырдуулук жолу менен диалог издөөгө тийишпиз… Ошондо гана интеллигенция менен диний көсөмдөрдү ээрчиген коомдук катмар пайда болот. Интеллигенция өкүлдөрү менен билимдүү диний катмар коомдуу туура багытка ээрчитиши керек. Бул топ элге өрнөк болгон кезде гана бүгүнкүдөй курч абалдан оңой жол менен чыгабыз. Диний аалымдар менен интеллигенциянын майнаптуу диалогу жүргөндө гана караламан калктын ойлоо мүмкүнчүлүгүнө шарт түзүлөт. Түйүндүү маселелерди диалог формасында жолго койгон коомдо гана алдыга өнүгүү болот. Себеби, эл бүгүн эки жактын прогрессивдүү түрдүү көзкарашына абыдан суусап турган учур.

– Бу жерде жашырып кереги жок; чын-чынында бүгүнкү күндө кыргыз интеллигенциясына караганда Чубак Жалилов менен Абдышүкүр Нарматов кыйла билимдүү экенин баамдоого болот. Ошол эле учурда бул экөө интеллигенцияга карагандай кыйла активдүү иш-чараларды уюштурууда. Алардын коомго болгон таасири ошон үчүн кеңири таркап, ажыкелердин кадыры интеллигенциядан да бийик болуп турганын турмушубуздан көрүп келатпайбызбы. Себеби элге сөзү өткөн кайсы интеллигенция өкүлү бар бүгүн?! Биз ошондуктан коомдун билимдүү катмарынан чыккандардын интеллектуалдык көрөңгөсүн элге туура багыттап, бир багыттуу жол издесек, мындан кыргыз эли көп нерсени утар белек дейм…

– Албетте, сиз айткан ошол бийик деңгээлге жетишсек, коомдун өсүү процесси да кыйла ылдамдамак. Коомдогу карама-каршы пикирлерлер мынчалык курчубайт эле…

– Бирок коомдогу карама-каршы пикирлерди көбүрөк курчуткан тарап акыркы учурлардагы Чубак ажынын көп никелүүлүктү таңуулаган идеясы болуп жатпайбы. Албетте, бизде кош никелүүлүк проблемасы бар, бирок бул маселе кандай жол менен чечилиш керектигин башка ракурстан карабай эле элдин баарын 2-3төн катын алууга үгүттөө менен бирге адам тагдырын да аяш керек ко. Ошол токол алууну каалагандар канчалаган көчөт кыздарга напсисин агытпай, эмнеге жашамал курактагы жетим-жесирлердин тагдырын ойлобойт?

– Мен да ушул жерден калыс сөзүмдү билдире кетким келет. Мен да Чубак ажы, Абдышүкүр ажы менен тааныш адаммын, экөөнү тең терең урматтайм. Жогоруда өзүңүз да айткандай ал кишилер Кыргызстанда эле эмес Борбор Азия боюнча аброю да, таасири да бийик алдыңкы аалымдардын арасындагы инсандар. Теледен же соцтармактардан көрүп жатсаңыздар керек, алардын сабактары же лекциялары болгондо миңдеген адамдар катышып таасир аларын. Сизге окшогон калеминин сыясы түгөнбөгөн интеллигенция өкүлдөрү бир жагынан алардын көрөңгөлүү пикир куржунунан коом үчүн актуалдуу болгондорун шыпкап турууга көмөк көрсөтсө да жакшы болмок. Бирок өткөндө сиздин «Баатыр жокто майданга маскарапоз чыгат» аттуу макалаңызда көп нерсени баса белгилептирсиз. Макалаңызда айтылгандай: бизде интеллигенция катмары активдүү болбогон үчүн бүгүнкүдөй акыбалга тушуктук. Чынында Чубак ажыны кээде сынга кабылган сөздөрү аудиториянын дараметине жараша айтылып калгандыктан болуп жатат го деп ойлойм…

– Муну абыдан туура байкаптырсың…

– Чубак ажы ошол аудиториянын деңгээлине түшүп кеткен үчүн айрым билимдүү чөйрөдөгүлөрдүн ага болгон терс пикири туулуп калууда. Болбосо Чубак ажыдай билимдүү диний аалымдар бизде абыдан саналуу. Андыктан Чубак ажынын терең билимин ачып берүүдө интеллигенциянын ролу чоң роль ойномок. Ал киши билимдүү аудитория менен кездешкен болсо, биз аны башкача деңгээлде кабыл алмакпыз. Анын терең билимин, тажрыйбасын коомго кеңири жайылтуу үчүн интеллигенция катмары менен бет маңдай баарлашуусу коомго абыдан зарыл болуп турат. Биз жалпы эле билим берүү ж.б. маселелердин тегерегинде кызуу талкуулар, кызыктуу диалогдорду түзмөйүн кыйын кырдаалдан чыгуунун жолун таппайбыз. Диалог – бул изденүүнүн бирден бир айкын жолу. «Адамдар ортосундагы маселе бири-бири менен сүйлөшүү аркылуу, ал эми жан-жаныбарлар бири-бирин жыттоо жолу менен чечишет» деген накылды унутпасак.

– Учурда бизде кылдан кыйкым издегендер көбөйдү. Маселен Чубак ажы менен Фетхуллах Гүлендин сүрөтү боюнча соцтармактардагы уу-дуу кептердин аркасында кандайдыр бир геосаясый күчтөрдүн тукуругу жаткан жокпу?

– Юридикалык жактан, моралдык жактан караган күндө дагы Чубак ажы Кыргызстандын жараны. Демек, саякатка чыгуу эркиндиги бар, ким менен сүрөткө түшөт, ал да анын жеке укугу. Өз эрки боюнча каалаган адамы менен сүрөткө түшүп же саламдашууга укугу чектелбеши керек. Фетхуллах Гүлен да кайсы бир өлкө үчүн саясый куугунтукка кабылып, өз мекенинен жерилип жүргөнү менен дүйнө жүзү аны улуу ойчул, диний аалым жана философ катары тааныйт. Ал да дүйнө жүзүндө гуманисттик идеяларын жайылтып, адам баласын илим-билимге үндөп жүргөн мусулман аалымдарынын ичинен чыккан кеменгер инсан. Мен билгенден: терроризм жана радикализмди алдын алуу боюнча заманбап мусулман аалымдардын ичинен Гуленден башка алгылыктуу пикир же долбоор да сунуштагандары чыга элек. Анткени исламга жамынган террористерден эң оболу мусулмандар өздөрү көбүрөк зыян тартып жатат, ошондуктан мусулмандар бул маселени чечүүгө белсенген эң алдыңкы катмар болушу шарт эмеспи. Анан аны кайсы бир өлкө өзүнүн ички саясый шарттарына жараша куугунга алып жүргөнү үчүн жаман көрбөшүбүз керек. Албетте, мамлекеттик саясаттын чегинде ал кишиден бийликтегилер чочулашы мүмкүн, ал эми Чубак ажыдай диний аалым менен болгон жеке мамилесин же сүрөткө түшүп койгонунан кандайдыр бир жамандык издегенибиз болбойт. Башка бир өлкөнүн өз ички саясаты үчүн кооптуу деген адамдан биз жөндөн жөн чочулай бергенибиз туура эмес. Биз андай тетири үгүттөргө жем болбошубуз керек.

– Көпчүлүк карапайым эл бу жерде геосаясый оюнчулардын колтукка суу бүрккөн оюну экенин аңдабай жатат да…

–  Ооба, ар бир өлкөнүн өз кызыкчылыгы жана багыты бар. Ошондуктан эл аралык мамиледе “түбөлүктүү достук жок, түбөлүктүү кызыкчылыктар бар” деген принципти көп айтышат. Чынында бул пикирге кошулгубуз келбесе да, практикада эл аралык мамилелер ушундай жүрөт. Мунун айынан чабал мамлекеттер, дөө-шаалардын арасындагы талаштарда зыянга учурап же туңгуюкка кептелип калган учурлар болот. Азыр бул талаш-тартыш илгеркиге окшоп дайым эле курал жарак же ачык согуштар менен эмес, үгүт жана маалыматтык согуш түрүндө уланууда. Муну кеңирирээк мааниде «кансыз согуш» же болбосо “гибриддик согуш” деп да жүрүшөт. Кандай болгон күндө да биз өз кызыкчылыктарыбызды, багыттарыбызды айкын түшүнүп, ошого жараша кадам таштаганыбыз оң. Сырттан эч ким келип ички проблемаларыбызды чечип бербейт. Бул өңүттөн алып караганда, диний маселе коомубузда ишенимдегилер үчүн да, ишенимсиздер үчүн да маанилүү феномен экендиги айкын. Муну коомубузда пайдалуу практикалоо үчүн ийри отуруп түз кеңеш алуу маданияты аябагандай зарыл дейт элем.

– Кызыктуу маек куруп бергениңе терең ыраазычылык билдирем!

Маектешкен Олжобай ШАКИР

P.S. Урматтуу, даярга көнгөн айрым журналисттер! Бул материал «РухЭш» сайтынын уруксатысыз жарыялануусуна жол берилбейт! 

One Reply to “Искендер ОРМОН уулу: Чубак ажынын терең билимин ачып берүүдө интеллигенциянын ролу чоң роль ойномок”

  1. Эн эле туура айтылыптыр, интеллигенция менен аалымдар, мамлекет менен аалымдар чогуу иштешип диний сабатсыздыкты жоюуга аракет жасашы керек

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.