Маскарапоз Гонелланын мелдеши

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ Италия эл жомогу “Улуу урматтуу”- деп эл сыйлаган герцог Лоренцо Медичи эч качан дасторконго жалгыз отурчу эмес. — Бир гана ит, — дечү ал,- сөөк оозуна тийгенде өзү жалгыз кемирип, эч кимге бербей ыркырайт. — Ал эми адамга досторун сыйлаган, мейман тоскон жагымдуу болушу керек. Ага жараша  досторуң менен маектешүү кайсы тамак болбосун ага кошулган жагымдуу татымал сыяктуу! — дечү герцог. Ошондуктан Лоренценин үйүндө ар бир кеч сайын акындар, музыканттар, окумуштуулар жана башка белгилүү адамдар чогулуп […]

Ба ЖИН: Менин жүрөгүм

Автор тууралуу  Кытай адабиятынын корифейрлеринин бири, кылым карыта жашап (1904-2005), элине нар көтөргүс адабий мурас калтырган Ба Жиндин 26 томдон турган прозалык чыгармалары: роман, повесть, аңгеме, новеллаларынын ичинде эссе жанрына да татыктуу орун берилген. Тилекке каршы, өз коомундагы саясый жана социалдык маселелерди курч чагылдырган анын эсселеринин котормосу өтө сейрек. Жазуучу мекенчил сезимге сугарылган эсселеринде жеке адам тагдырын ХХ кылымда оор жана татаал окуяларды баштан кечирген улуу Кытай мамлекетиндеги социалдык окуялар фонунда сүрөттөйт. Коомдогу теңсиздикти сындап, карапайым элдин жакшы жашоосун эңсеген […]

Урматтуу окурман, таланттуу жазуучунун жаңы китеби жарык көрдү!

Окурмандардын сүймөнчүгүнө айланган карасөз чебери Топчугүл Шайдуллаеванын «Кызыл өрүк» аттуу керемет китеби «Улуу тоолор» басмасынан басылып чыкты. Учур адабиятынын таланттуу жазуучусу жана «РухЭш» сайтынын туруктуу авторлорунун бири Т.Шайдуллаеванын аталган китебинен анын эң мыкты аңгемелер топтомун жана эссе, повестин окуй аласыздар!  Каалоочулар бул китепти 0772 347 028 жана 0705 347 028 номуруна чалып таап алсаңыздар болот! Автордун өзүнөн сатып алууну каалагандар береги номурга чалсаңыздар болот: 0552 855 710

Кенжаалы САРЫМСАКОВ: Биригүү тилектешиги — улуу күч

Бурмаланбаган, бузукуланбаган чыныгы саясат – өнүгүүнүн өңүтүн таамайлаган акыл, адеп, дил, пейил тазалык, таасын ой, таамай жүйө, таасирдүү сөз, мыйзам ченемдүүлүктүү телегейи тегиз терең маани. Таза саясат негизинде экономика, маданият, коомдук пикир келечекке түздөлөт. Саясаттык жаңылыштык өлкөгө, элге зыян. Саясаттык түркөйлүк чыккынчылыктан ашып түшкөн кыйроолорго дуушар кылат. Саясат бул – илим, талдоо, аныктоо, кандай гана маселе болбосун анын жөн-жайына болгон таамайлык, кыйчалыш карама-каршылыктарды болтурбоо, болуп калса жөнгө сала билген көсөмдүк, даанышмандык, кара кылды как жарган калыстык, көбүрүп-жабырган көчө сөз эмес. […]

Зияш Бектенов: Кезегинде Жусуп Абдырахманов Сталинге да эскертүү бере алган

Менин маектеш агайым Зияш Бектеновдун ысымы окурман журтчулукка кыйла тааныш. Бул маек мындан 26 жыл илгери, замандаш агасы мамлекеттик чоң ишмер Жусуп Абдырахманов жөнүндө болгон эле. Маек менен таанышкан адам Жусуптун да, Зияштын да кандай адамдар болгондугунан кабардар болушат. РухЭш: Бул эскерүү Тенти Орокчиев аксакалыбыздын жеке архивинен алынды. О. Тенти: Кийинки совет доорундагы кыргыз тарыхына көз чаптыра келип, элибиздин адабияты менен маданияты тууралуу кеп кылбай эле бүгүн ошол жылдардын аралыгындагы коомдук, партиялык ишмерлердин берден-бир көрүнүктүүсү Жусуп Абдыракманов болуп жатат. Ал […]

Антон ЧЕХОВ: Чыт курсактар

АҢГЕМЕ Аталар, апалар жана Надя эжеке үйдө жок эле… Алар кичинекей боз ат минген улуг офицерге кетишкен. Алардын кайтып келүүсүн күтүп отурган Гриша, Аня, Алеша, Соня жана ашпозчунун уулу Андрей ашканадагы үстөлдө лото ойноп отурушкан. Чынында алардын уктар маалы келип, бирок баласы кайда болгонун, кечки тамакка эмне берилгенин апасынан билбей туруп уктоого мүмкүнбү? Үстөл үстү асма чырак, жангактын сырты, кагаз жана айнектер менен кооздолгон эле. Ар бир оюнчунун алдында экиден карта жана сандар жазылган шишелер жатат. Үстөлдүн ортосундагы идиште беш […]